ДЕМӨӨРЧҮЛӨР КОЛДОГОН МЕКТЕП ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА
- 03.09.2025
- 0
2025-2026-окуу жылында 12 жылдык «Алтын Казык» программасы боюнча Ак-Суу районундагы Аман Айтпаев атындагы мектептин STEAM билим берүү багытында окуткан жети мугалимге ноутбук тапшырылды.

Мугалимди өзгөрткөн доор
— «Алтын Казык» программасы агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева белгилегендей, баланын жаш курагын жогорулатууну, инфраструктуралык өзгөртүүнү гана көздөбөйт. Ал толугу менен билим берүүнүн мазмунун, методикасын өзгөртүүгө багытталган. Бул модель мектеп жашына чейинки балдардын 80%га жакынын камтыган мектепке чейинки даярдоону трансформациялоо аркылуу («Наристе» программасы, 480 саат) ишке ашырылат. Бул деген 1-класста балдардын билим деӊгээлин теӊдөө маселесин чечет. Ошондой эле балдарды 6 жаштан мектепке кабыл алуу бала бакчаларды жеӊилдетип, 4-5 жаштагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен кеӊири камтууга шарт түзөт, бул алардын таанып-билүү, социалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн жаштайынан өнүктүрүүгө шарт түзөт. Биздин мектепке 1-класска 30 окуучу кабыл алынды, — дейт мектеп директору С.Шорукова.

Ушул эле мектептин башталгыч классынын мугалими Эльзат Жантемированын айтуусу боюнча, 12 жылдыктын айырмачылыгы окуучулардын мугалим менен бирге жасаган экспериментти баамдап, кармап көрүп, өздөрү жыйынтык чыгарат. Окуучулардын ой-жүгүртүүсү кыйла алдыга жылып, аӊ-сезимин өстүрүүгө чоӊ түрткү болот.


Баса, Ак-Суу райондук билим берүү тарабынан жай айында мугалимдерди жаӊы программага даярдоо үчүн окутулду. Эми мугалимдердин окуучулар менен иштөөсү өзгөчөлөнөт дешет жетекчилер.

— Дүйнө тынымсыз жаӊылануунун заманында өнүгүп жаткан мезгилинде Кыргызстаныбыздын келечеги болгон жаш муундар, дүйнөнүн алдыӊкы өлкөлөрүнүн балдары сыяктуу татыктуу билим алып, өлкөбүздүн мындан ары гүлдөп өнүгүп-өсүшүнө салым кошушуна ишенебиз, ошондой эле мектептин жамааты билим берүүгө салымыбызды кошобуз жана реформаны колдойбуз, — дейт директор.
Ата изин өчүрбөгөн уул-кыздар
1998-жылы Островский атындагы мектептин ысымы Аман Айтпаев атындагы ысымга алмашылган. Мектеп өзү 1971-жылы курулган. Мектептин атын алып жүргөн Аман Айтпаев 11 жыл Каракол совхозунда директор болуп иштеп турган кезинде, мектептин курулушуна чоӊ салым кошкон.


Улуу кызы “Айгине” МИБнун директору, филология илимдеринин доктору, профессор Гүлнара Айтпаева жыл сайын 25-майда олимпиадада, ар кандай сынактарда байгелүү орун алган, окуудагы «эӊ мыкты» жетишкендиктери үчүн окуучуларга Аман Айтпаев атындагы стипендияны, т.а. 1000 сом өлчөмүндө ыйгарып келатат. Олимпиадага даярдаган мугалимдерге дагы педкеӊештин чечими менен 5000 сом өлчөмүндөгү стипендия берип келет.


— А.Айтпаевдин уул-кыздары 2021-жылы мектептин алдына атабыздын айкелин тургузушкан. 2025-жылы мектептин 110 кв.м ашканасынын тамак ичүү залын жаӊыртып, жасап беришти. Андан тышкары балдардын тамак ичүүчү 24 отургуч, 10 стол жана 8 жумшак диван менен камсыздашты. Аман Айтпаевдин жубайы Акиза энебиз жана уул-кыздарынын мектеп менен тыгыз байланышта болуусу, ошондой эле билим сапатын көтөрүүдөгү шыктандыруусу, материалдык базаны чыӊдоодо кошкон зор салымына мектеп админстрациясы, педагогикалык жамааты жана ата-энелер тереӊ ыраазычылык билдиришет, — дейт жетекчи.
Ата изин өчүрбөгөн уул-кыздары жөн эле демөөрчүлүк кылбастан, ар кандай кызыктуу сынактарды өткөрүп, окуучулардын билим сапатын жогорулатууга да салым кошуп келгени белгилүү.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер