ДАРИНА УСЕНОВА —  СТАРТАП ЖАНА САНАРИП СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ

  • 24.10.2022
  • 0

5-класстын окуучусу — 10 жаштагы Дарина Усенова  Кыргызстандагы стартаптар жана санарип демилгелер сынагынын эң жаш жеңүүчүсү болду. Ал Кыргызстандын Кызыл китебинин мобилдик тиркемесин иштеп чыгуу үчүн Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «DigiKonush” долбоорунан 4,5 миң евро алат.

 

ДАРИНА УСЕНОВА -  СТАРТАП ЖАНА САНАРИП СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ

Маалыматка ылайык, тандоонун финалы 28-сентябрда Бишкекте Европа Биримдигинин  «Digikonush – Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу” долбоорунун алкагында өттү.  Жыйынтыктоочу питчингге Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын пилоттук муниципалитеттерине багытталган 25 долбоор катышты.

Жалпысынан сынакка алтымышка чукул өтүнмөлөр келип түшкөн. Натыйжада, гранттык каржылоо сертификаттарына 13 команда ээ болуп, алардын катарына Ысык-Көл облусунан он жаштагы Дарина Усенова да кирди.

Жаш жеткинчектин жашоосун аңчылыкта өлтүрүлгөн жаныбар өзгөрткөн

Даринанын долбоору кокустан пайда болгон эмес. Окуучу кыздын айтымында, “Кыргызстандын Кызыл китеби” мобилдүү тиркемесинин жаралышына анын жашоосундагы бир окуя түрткү болгон.

— Бир жолу атам аң-улоодо өлтүрүлгөн жаныбардын этин алып келиптир. Кайсыныкы экенин так айта албайм. Бирок менин ага боорум ооруп, этти жебей койгом. Ошондон тартып жаныбарларды коргоого умтулуум пайда болуп, адамдарга дагы мунун зарылчылыгы жөнүндө айткым келди, — дейт Дарина.

Буга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоо долбоор чынында керектүү экенин ачыктаган, анткени көпчүлүк жергиликтүү жашоочулардын өлкөнүн Кызыл китебине кирген жаныбарлар тууралуу кабары аз болчу.

— Бардыгы көбүнчө ак илбирс же тоо кулжа тууралуу гана билишет экен. Ал эми тиркемеге сейрек кездешүүчү жаныбарлардын сегиз түрү киргизилген: кулжа, кызыл карышкыр, ак илбирс, күрөң аюу жана башкалар. Тиркемени иштеп чыгууга апам жана мугалимдер жардам беришти. Дагы эки курбум – Жаннат менен Бегайым сурамжылоо түзүштү. Алар 13 жашта, — дейт Дарина.

Билим гана эмес, оюн дагы

“Кыргызстандын Кызыл китеби” тиркемеси эки бөлүктөн турат: маалымдоочу жана интерактивдүү. Билим алуудан тышкары, колдонуучу мобилдүү оюнда ак илбирске “айланып”, мергенчиден качат. Бул да болсо балдарда кошумча кызыгуу арттырышы керек. Анткени тиркеменин башкы максаты  – жаш муундун экологиялык аң-сезимдүүлүгүн жогорулатып, айлана-чөйрөгө аяр, боорукер мамилесин өстүрүү. Даринанын азырынча атаандаштары жок – мындай тиркеме өлкөдө алгачкы жолу пайда болууда.

Жеңишке ишенген окуучу

Дарина буга чейин дагы ар кандай сынактарга ийгиликтүү катышканына карабай өз жеңишине жарым-жартылай гана ишенгенин айтат, себеби татыктуу атаандаштар аз эмес эле.

— Мага дагы бир кыздардын долбоору жакты, ал жаныбарлар жөнүндө эмес, бирок адамдарга жардам берүү жөнүндө. Өз жеңишиме 50% га ишенгем, — дейт жаш жеткинчек.

Гранттык комитеттин добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Даринанын долбоору 132 упай топтоп, 13 жеңүүчүнүн тизмесинде 8-орунга илинди. Калыстар тобуна тармактык мамлекеттик органдардын, ошондой эле Кыргызстандын жана Эстониянын көз карандысыз эксперттери кирген.

Мына ошентип, он жашар окуучу стартап сынактардын Кыргызстандагы эң жаш жеңүүчүсү болуп калды.  Ал гана эмес, Даринага бул наам өлкөдөн тышкары дагы берилсе жарашчудай.  Санарип демилгени ишке ашыруу үчүн 4 миң 50 евро суралган. Дарина тарап 1 миң 300 долларга барабар өздүк салымын кошууга даяр. Долбоор эмки жылдын апрель айына чейин ишке ашуусу керек

Бул — башталышы гана

Дарина сынактарга сегиз жашынан тартып активдүү катышып келет. Учурга карата анын наамына “Кыргызстандын мыкты окуучусу” республикалык сынактын 2-даражадагы төш белгиси, “Экология – ар бир адамдын иши” Россиянын Эл аралык жаш жеткинчектер премиясынын атайын байгеси, “Шанхай кызматташтык уюмунун маданиятынын кичинекей элчиси” ардактуу наамы (Бээжин) жана Technovation Girls глобалдык стартаптар сынагынын (АКШ) республикалык тандоосундагы жарым финалисти наамы ыйгарылган.

— Менде дагы башка идеялар көп, бирок алар мээмдин тээ түпкүрүндө… өсүмдүктөр, бактар жөнүндө долбоор жазгым келет…, — дейт Дарина.

«DigiKonush — Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоору  Европа Биримдигинин колдоосу жана Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору менен өнөктөштүктө “Лидер” Атуулдук демилгелер борбору тарабынан ишке ашырылып жатат.

Интернет булактарынан

Бөлүшүү

Комментарийлер