Данахан МАДБАЕВА: “МУГАЛИМДИК — МЕНИН ТАНДООМ ЖАНА ТАГДЫРЫМ”

  • 30.09.2026

Данахан Мадбаева Өзбекстандын Ташкент облусунун Бостандык районундагы №50 мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштейт. Өмүрүнүн 35 жылын мугалимдик кесипке арнаган агартуучу “Устат болуу — бир адамга билим берүү эмес, бүтүндөй бир муундун келечегине жол ачуу” деген түшүнүк менен иштеп келет.

Мадбаева Данахан Мамадалиевна 1968-жылдын 2-декабрында Өзбекстан Республикасынын Андижан облусуна караштуу Жалакудук районунун Абдуллабий айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы кыздарынын баарын жогорку билим алуусуна шарт түзүп, “Адамдын жашоодогу эң чоң мурасы – байлык эмес, билим жана эмгек” — деп тарбиялаган.

— Мен 1975-жылы мектеп босогосун аттадым. 1985-жылы орто мектепти аяктап жатканда эле мугалим болом деген бекем ишенимде элем. Анткени мектепте окуп жүргөн кезимде мугалимдердин эмгегине суктанып, келечекте ушул ардактуу кесиптин ээси болсом деген тилек жүрөгүмдө орноп калган эле.

1986-жылы азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине тапшырып, эңсеп келген окуу жайдын студенти болгондогу кубанычымды азыр да сөз менен жеткире албайм. Билим дүйнөсүнө тереңирээк аралашып, эне тилибиздин байлыгын, адабиятыбыздын көркөм дүйнөсүн үйрөндүм, бир тилектеш өзүм курдуу көптөгөн курбуларды таптым дегендей. 1991-жылы университетти ийгиликтүү аяктап, алган билимимди өз элиме жумшоону максат койдум.

“Убакыт учкан куш” деген ырас тура, андан бери туура 35 жыл өтүптүр. Мен ошол жаш кезден тандаган кесибимде үзгүлтүксүз эмгектенип келе жатам. Мугалимдиктин алгачкы кадамдарынан тартып эле окуучунун жүрөгүнө жол табуу, анын жөндөмүн байкоо жана билимге кызыктырууну негизги максатым деп билем. Балким ошондон болсо керек, менин жашоомдун эң кымбат жылдары мектеп, окуучу жана кесибим менен байланышта, — дейт Данахан Мадбаева.

Данахан МАДБАЕВА: “МУГАЛИМДИК — МЕНИН ТАНДООМ ЖАНА ТАГДЫРЫМ”

Ал 1991-жылы Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн флагманы болуп эсептелген университетти аяктагандан кийин өзү туулуп-өскөн айлына барып, алгачкы эмгек жолун өзү окуган мектепте пионер вожатый болуп эмгектенүүдөн баштаган. Ошол эле жылы коңшу мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп 14 сааттык жүктөм менен ишке кирет. 1993-жылы турмушка чыккандан кийин Охунбабаев айылындагы №29 мектепте 2005-жылга чейин эмгектенди. Ал окуучуларга билим берүүдө, айрыкча, алардын билими менен бирге эле тарбиясына өзгөчө көңүл бурууга аракеттенди. Өзү окуткан балдар предметтик олимпиадаларда жакшы көрсөткүчкө жетише баштаганда, анын көп жылдык эмгеги алгачкы жемишин бере баштаганын сезип, эмгегинен канааттануу алуу деген ушул тура деп маңдайы жарыла кубанды.

— Окуучуларымдын олимпиадалардагы ийгиликтери менин эмгегимдин үзүрү катары бааланып, 2005-жылы “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйландым.

Бул сыйлык мен үчүн эмгек жолумдагы маанилүү белестердин бири болду. Бирок мен мугалим үчүн эң чоң сыйлык — кагазга жазылган наам же төш белги эмес, окуучусунун жетишкендиги жана анын адам катары калыптанышы деп билем.

2005-2012-жылдары окуу бөлүмүнүн башчысы, 2013-2015-жылдары мектеп директору кызматын аркаладым. 2015-жылдан 2022-жылга чейин кайрадан окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектендим. Бул жылдарда жетекчилик милдеттин жоопкерчилигин, мугалимдер менен биргеликте иштөөнүн маанисин жана билим сапатын жогорулатуудагы ар бир мугалимдин ордун терең түшүндүм.

Бүгүнкү күндө мен Ташкент облусунун Бостандык районундагы №50 мектепте кыргыз тили адабияты мугалими болуп эмгектенип жатам. Мен кабыл алган бул чечимим Президентибиздин педагогикалык кадрлар жетишпеген алыскы аймактардагы мектептерге барып иштөө жөнүндөгү талабы жана буйругу менен шайкеш келип жатканына сыймыктанамын, — дейт тажрыйбалуу мугалим.

Артта калган 35 жылдык тажрыйбасына карабай өзүн дагы деле изденүүчү мугалимдердин катарына койгон Данахан Мадбаева “Мугалимде эч качан мен баарын билем деген чек болбошу керек. Анткени мугалим үчүн ар бир окуучу жаңы дүйнө, ар бир сабак жаңы тажрыйба” — деп эсептейт.

Данахан МАДБАЕВА: “МУГАЛИМДИК — МЕНИН ТАНДООМ ЖАНА ТАГДЫРЫМ”

Данахан айым өзүн эле эмес, үч баласын тең мугалимдик кесипти сүйүү менен сугарып чоңойтконбу, айтор, үч баласы тең мугалимдик кесипти тандады. Уулу Нурсултан Маматхалилов Ош мамлекеттик университетинин информтика бөлүмүн аяктады. Кызы Айчүрөк Андижан мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетинде билим алды. Ал эми кенже кызы Лалахан учурда өзү билим алган Жусуп Баласагын атындагы КУУнун англис тили факультетинде 3-курста окуйт. Лалахан 5-класста окуп жүргөн мезгилде Ошко алып барып, кыргыздын улуттук сыймыктуу музыкалык аспабы болгон комузду үйрөнсүн деп устаттын колуна тапшырып, кызына комуз чертүүнү үйрөттү. Азыр ал кызы комузда кыргыз күүлөрүн чертип, кыргызча ырларды ырдап жүрөт.

— Мен балдарымды мугалимдик кесипти мажбурлап тандаттырган жокмун. Алар өздөрү эс тарткандан мугалимдиктин түйшүгүн да, сыймыгын да көрүп өсүштү. Ошого карабастан, элине билим берүү жолун тандаганы мен үчүн чоң бакыт. Баарынан да келиним Жарматова Огулай да кыргыз тилчи болгону мени өзгөчө кубантты. Аны башталгыч класстын мугалими кесибине окутуп, колуна экинчи диплом алып бердик. Демек, үй-бүлөбүздө мугалимдик кесип жөн гана кесип эмес, жүрөктөн чыккан сүйүү жана үй-бүлөлүк баалуулукка айланды десем аша чаппас элем. Өмүрүңдү арнаган кесибиңди өзүңдүн балаң тургай, окуткан окуучуларың да аздектеп сүйүп турса, чыныгы бакыт ушул тура. Мен кичүү кызым мен кезегинде билим алган университеттин босогосун аттаганда, өзгөчө толкундандым. Кызым мен баскан жолду басып, менин студенттик бактылуу жылдарым калган имаратта окуп жатканына, менин мугалимдик сапарым уланып келатканына кубанам. Бир кезде атам бизге билимдин эшигин ачкан болсо, бүгүн менин балдарым ошол билимдин жарыгын башкаларга жеткирүү жолунда бара жатышат. Ушуну мен өзүмдүн эң чоң жетишкендигим деп эсептейм, — дейт ал толкунданып.

Данахан МАДБАЕВА: “МУГАЛИМДИК — МЕНИН ТАНДООМ ЖАНА ТАГДЫРЫМ”

Мугалимдик кесипти биз даркан талаада мөмө өстүргөн баба дыйканга теңеп келет эмеспи, а бирок дыйкан жемишин бир жылда алса, мугалим он жылдап күтөт. Мугалим ошончо жыл өзүн эмес, окуткан балдарын биринчи орунга коюп, ал үчүн түмөн түйшүк, түбү жок санаа тартып келет экен. Анын биринчи жемиши – окуучуларынын ийгилиги болсо, экинчиси – өзүнүн эмгегине алган баасы болот тура. Данахан Мамадалиевна 2025-жылдын октябрь айында аттестациядан эң жогорку балл алып, министрдин 70 пайыздык үстөк акысына ээ болгон. Ошол эле жылы “Жыл мугалими” сынагына катышып, республика боюнча экинчи орунду ээледи. Албетте, бул жетишкендиктери ага күтүүсүз келген сыйлык эмес, көп жылдык эмгегинин, тынымсыз изденүүсүнүн жана кесипке берилгендигинин жыйынтыгы болду.

— Мен бул ийгиликтеримди жалгыз өзүмдүн жеңишим деп эсептебейм. Анын артында мени билимге үндөгөн атамдын эмгеги, мага жол көрсөткөн устаттарымдын сабагы, бирге иштеген кесиптештеримдин колдоосу жана мени ар дайым түшүнгөн үй-бүлөм турат.

Менин мугалимдик жолум узак болду. Бул жолдо кубаныч да, түйшүк да, жоопкерчилик да көп кездешти. Бирок бир да жолу тандаган кесибиме өкүнгөн жокмун. Анткени мугалимдин эмгеги — бүгүнкү күн үчүн эмес, эртеңки күн үчүн жасалган эмгек, — дейт тажрыйбалуу мугалим.

Данахан Мамадалиевна Мадбаева — Кыргызстандагы жүздөгөн, миңдеген кыргыз тилчи мугалим эмес. Аны биз башка өлкөдөгү мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеген өзгөчө статусу бар мугалим катары баса белгилеп, өзгөчө сый-урмат көрсөтүшүбүз керек деп эсептейм. Өз эне тилин ардактап сүйүп гана тим болбой, башка улуттар басымдуулук кылган өлкөдө жашаган жарандарга окутуп, үйрөтүп келатканы чыныгы эрдик эмей эмне?!

— Мен үчүн кыргыз тили — жөн гана окутула турган предмет эмес. Ал — улуттун үнү, тарыхтын изи, ата-бабадан кийинки муунга калган ыйык мурас. Ошондуктан кыргыз тилин окутуу менен бирге окуучуларыма эне тилин сүйүүнү, аны урматтоону жана таза сүйлөөнү үйрөтүүнү өзүмдүн ыйык милдетим деп билем.

Азыркы учурда Өзбекстанда 50дөн ашык кыргыз мектептер бар. Алар өз эне тилинде билим алышат, кыргыз тилинде бардыгына окуу китептери жетиштүү. Ошондой эле кыргыздар үчүн Андижан мамлекеттик университетинде 2004-жылы кыргыз тили адабияты факультети, 2021-жылы башталгыч кыргыз класстар үчүн мугалимдерди даярдаган бөлүмдөр ачылды. Жаштарга билим алууда бардык шарттар түзүлгөн.

Өзбекстанда жашаган кыргыздар үчүн атайын билим берүү министрлиги жагынан келишим түзүлүп, ар жылы жогорку окуу жайларга квота берилет. Ал боюнча жаштарыбыз Кыргызстанга барып билим алып келишет. Ушунун баарын сыймыктануу менен белгилеп, терең ыраазычылык билдирип кетким келет, — дейт Данахан Мадбаева.   

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү