Кыргыз тилине күйгөн сөздөн эмнеге курч талкуу дүрт этти?

  • 08.06.2026
  • 0

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда жана медиа айдыңында Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын билдирүүлөрү эң көп талкууланган курч темалардын бирине айланды. Министрдин «Биринчи радиого» берген маегинде мектептерде кыргыз тилин өнүктүрүү, 12 жылдык билим берүү тутумуна өтүү жана окуу китептери менен камсыздоо боюнча айткан пландары коомчулукта чоң резонанс жаратты. Ал тургай, министрдин кызматтан кетишин талап кылган петициялардын пайда болушу жана буга каршы эксперттер менен активисттердин колдоо көрсөтүүсү — өлкөдөгү билим берүү реформасы терең идеологиялык жана социалдык маселелер менен коштолуп жатканын айгинелейт.

Кыргыз тилине күйгөн сөздөн эмнеге курч талкуу дүрт этти?

Окуучулардын 50 пайызы базалык талапка жооп бербейт

Министрдин билдирүүсү жана коомдун буга болгон реакциясы билим берүү системасындагы үч башкы маселени ачыкка чыгарды.

Биринчиси — кыргыз тилинде окуунун сапаты жана улуттук коопсуздук. Министрлик таянган 2023-жылдагы улуттук иликтөөнүн жыйынтыгы коркунучтуу коңгуроо катары кабыл алынды: окуучулардын 50 пайыздан ашыгынын кыргыз тили боюнча окуу жана түшүнүү көндүмдөрү базалык талапка жооп бербейт.

«Эмне үчүн кыргыз тилине өзгөчө көңүл бөлүп, камкордукка алуу керек? Кыргызстандын ар бир жараны кыргыз тилин өздөштүрө албаса, мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана бизнес тармагына ишенимдүү аралашып, ийгиликтүү лидер боло албайт. Анткени, мамлекеттик кызматта да, тейлөө тармагында да кыргыз тилин билүү жана иш кагаздарын кыргызча жүргүзүү — милдеттүү талап. Мен ар бир баланын мамлекеттик тилди билбей, өз мекенинде өксүшүн каалабайм», — деп жазды министр өзүнүн Фейсбук баракчасына.

Министр тил аркылуу биригүүнү, социалдык ынтымакты бекемдөөнү көздөйт. Бул максатта тилди өздөштүрүүнүн ийгиликтүү ыкмасы катары келечекте айрым предметтерди (мисалы, Кыргызстан тарыхын же географияны) кыргыз тилинде өтүү демилгеси каралууда. Учурда ондогон мектептерде бир нече тилди пайдалануу (билингвиалдык программа) ийгиликтүү жана жемиштүү иштеп жатат.

«Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча Конституциялык мыйзамга ылайык, орус тилдүү мектептерде биринчи класстарды кыргыз тилинде окутуу теңме-тең ачылып жатат. Кыргыз тили боюнча былтыр бир саат математикага берилсе, быйыл өз ордуна кайтарылды. Бизди баш коштурган башкы баалуулук — Кыргызстан!» — деп кошумчалады министр айым.

Маалымат катары айтсак, мындан эки жыл мурда Бишкек шаарында окутуу орус тилиндеги мектептерде 308 кыргыз классы ачылган болчу.

Негизи, баланын тили 5 жашка чейин калыптанат. Кыргыз коомчулугу дал ушул курактан уттуруп жатканы жашыруун эмес. Бешиктеги баладан баштап чоңуна чейин көргөн-билгени бүт орус же англис тилдеринде болууда. Андыктан, балдардын тилин өнүктүрүүгө багытталган чөйрө даярдап, мультфильмдерди, балдар үчүн тартылган тасмаларды кыргыз тилине которуу маселеси күн тартибинде курч турат.

«Артка кайтпайбыз»: 12 жылдык билим берүү жана китеп маселеси

Экинчиси — 12 жылдык билим берүү модели. Эл аралык стандарттар боюнча жүрүп жаткан талкууларга министр чекит коюп, «Артка кайтпайбыз» деген кескин позицияны карманууда. Колдоочулардын пикиринде, бул реформа айылдык же шаардык бала болсун — дүйнөлүк алдыңкы ЖОЖдорго (мисалы, IB — Эл аралык бакалавриат программасы аркылуу) түз кирүүсүнө жол ачат. Бул кыргыз жаштарынын чет өлкөлөрдө кара жумушка гана тартылуусун азайтып, интеллектуалдык миграцияга багыт берет.

Кыргыз тилине күйгөн сөздөн эмнеге курч талкуу дүрт этти?

Үчүнчүсү — окуу китептеринин тартыштыгын чечүү. 2017-2024-жылдар аралыгында өлкөдө болгону 3 миллиондой гана китеп басылып чыкса, 2024-2025-окуу жылында эле 4.6 миллионго жакын жаңы муундагы окуу китеби жарык көрдү. Бул китеп тартыштыгын чечүүдөгү чоң секирик болуп саналат.

Кыргыз тилине күйгөн сөздөн эмнеге курч талкуу дүрт этти?

Карама-каршы көз караштар

Министрдин реформаларына карата коомдо эки башка карама-каршы көз караш калыптанды: сынчылар жана аны колдогон эксперттер менен мекенчилдер.

Айрым топтор петиция уюштуруп, министрдин кызматтан кетишин талап кылышса, кээ бирлери айрым предметтерди кыргызчалоо демилгесин башка улуттардын же орус тилдүүлөрдүн укугун чектөө катары кабыл алышууда. Ошондой эле, мектептердеги инфраструктуралык кемчиликтерди (оңдоо, тазалык, кадр тартыштыгы) шылтоолоп, реформага азырынча эрте деп эсептегендер да бар. Бирок коргоочулар министрди улуттук кызыкчылыкты коргогон, чечкиндүү жетекчи катары баалашат.

Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Рыскүл Акимжанова 35 жылдан бери «капустадай катмарланып» чогулган көйгөйлөрдү чечүү үчүн ушундай чечкиндүү кадамдар керектигин белгилейт. Ал ийгиликтин формуласы катары: үч тилде (кыргыз, орус, англис) эркин сүйлөгөн, бирок мамлекеттик тилде «түшүн жоруган» муунду калыптандыруу зарыл экенин айтат.

Коомдук пикирдеги дагы бир маанилүү жагдай — министрге болгон чабуулдарды коомчулуктун бир бөлүгү сырттан багытталган бут тосуулар же реформаларга жол бербөө максатын көздөгөн саясий кысым катары баалап жатышат. Сын-пикирлердин жана петициялардын айынан реформалар аягына чыкпай, мурдагы министрлердин тушундагыдай жарым жолдо токтоп калуу коркунучу бар экенин айтышууда. Экинчи жагынан, тил маселесинен улам коомдун орус жана кыргыз тилдүү болуп бөлүнүп, социалдык чыңалуунун өсүшү да тобокелчиликтердин бири.

Реформа ийгиликтүү болушу үчүн эмне кылуу керек?

Агартуу министрлигинин азыркы багыты — өлкөнүн улуттук коопсуздугу жана келечеги үчүн стратегиялык мааниге ээ. Тилди жоготуу — мамлекеттүүлүктү жоготууга барабар экенин эске алганда, Догдуркүл Кендирбаеванын позициясы туура. Бирок реформалардын ийгиликтүү болушу үчүн кандай кадамдарга барышы зарыл?

Ириде маалыматтык кампанияны күчөтүү менен коомдогу «мектептер кыргызчаланса эле орус же англис тили жоголот» деген кооптонууну жоюу керек. Саясаттын маңызы — башка тилдерди чектөө эмес, кыргыз тилин кошо өнүктүрүү экенин элге жалпак тил менен түшүндүрүү зарыл.

Экинчиден, элдик демилгелерге аянтча берүү.  Активисттер жана илимпоздор сунуштаган (мисалы, химия, физика предметтерин кыргызча түшүндүргөн кошумча куралдар) усулдарды министрлик эксперттик комиссиядан тез арада өткөрүп, практикада колдонууга шарт түзүшү керек.

Директорлорду тандоону реформалоодо  — бир гана тесттин жыйынтыгы эмес, жетекчилердин менеджерлик, уюштуруучулук жана чарбалык (мектепти гүлдөтүү, тазалык сактоо) жөндөмдөрүн баалоо тутумун киргизүү.

Эн башкысы коомдук колдоону мобилизациялоо зарыл. Чечкиндүү реформатор министрдин саясий чабуулдардан коргоп калуу үчүн коомдун интеллектуалдык катмары, мугалимдер жана мекенчил күчтөр конструктивдүү колдоо көрсөтүп, бул өзгөрүүлөрдүн аягына чыгышына көмөктөшүүсү кажет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер