ЧЫНЫГЫ МУГАЛИМДИ КАНТИП ТАБАБЫЗ?

  • 22.09.2026

Мугалимдин ишин анын окуучусунан көрүүгө болот.

Кайсы мугалимдин окуучусу мурда кыла албаган ишти бүгүн жасай алат?

Кайсы мугалим алсыз окуучуну алдыга жылдыра алды?

Кайсы мугалим баланы даяр жоопко эмес, өз алдынча ой жүгүртүүгө үйрөттү?

Кайсы мугалимдин ыкмасын башка кесиптеш колдонуп, натыйжа ала алды?

Мына ушул суроолор чыныгы мугалимди аныктоого жардам берет.

Демек, негизги далил — окуучунун өзгөрүүсү жана натыйжасы.

Мугалимди аныктоодо анын социалдык тармактагы активдүүлүгүнө, сертификаттарынын санына же эл алдында канчалык көрүнгөнүнө эмес, реалдуу педагогикалык ишине көңүл буруу керек.

Ар бир мектепте кесиптештердин сунушу менен натыйжалуу иштеген мугалимдер аныкталып, алардын сабактарына байкоо жүргүзүлүшү мүмкүн. Окуучулардын иштерин, жетишкендиктерин жана мугалим колдонгон ыкмаларды карап, натыйжасы далилденген тажрыйбалар тандалышы керек.

Бирок чыныгы мугалимди табуу менен иш бүтпөйт. Анын тажрыйбасын сактоо жана башка мугалимдерге жеткирүү зарыл.

Көп учурда мугалимдин жылдар бою топтогон тажрыйбасы өзүндө гана калат. Натыйжалуу ыкмалары жеке дептеринде, сабак пландарында же эсинде сакталат. Мугалим иштен кеткенде, ошол тажрыйбанын бир бөлүгү да жоголот.

Бул — билим берүү системасынын жоготуусу.

Ошондуктан натыйжалуу мугалимдин ишин системалуу түрдө документтештирүү керек.

Анын сабагын байкоо.

Окуучулардын иштерин изилдөө.

Колдонгон тапшырмаларын чогултуу.

Мугалим тандаган ыкманын себебин аныктоо.

Натыйжасын далилдөө.

Андан кийин бул тажрыйбаны башка мугалим колдоно ала турган методикалык материалга айландыруу зарыл.

Мисалы:

максат ыкма тапшырма окуучунун иши натыйжа далил колдонмо.

Ошондо «бул мугалимдин тажрыйбасы» деген түшүнүк «башка мугалим да колдоно ала турган ыкмага» айланат.

Мисалы, бир мугалим сабакка кызыкпаган окуучуларды активдештирүүнүн натыйжалуу жолун тапты дейли. Анын тажрыйбасын жөн гана баяндап коюу жетишсиз. Кандай ыкма колдонулду? Кандай тапшырмалар берилди? Кандай окуучуларга ылайыктуу? Кандай өзгөрүү болду? Башка мугалим аны кантип колдоно алат?

Ушул суроолорго жооптор чогултулуп, даяр методикалык материал түзүлүшү керек.

Андан кийин ал ыкманы башка мугалимдер колдонуп көрүшү зарыл. Эгер башка шартта, башка класста да натыйжа берсе, анда ал жеке тажрыйбадан жайылтууга жарактуу педагогикалык практикага айланат.

Бул ишти мектептен баштап уюштурууга болот.

Ар бир мектептен натыйжалуу иштеген мугалимдер аныкталат. Алардын тажрыйбасы кесиптештер жана методисттер тарабынан изилденет. Жыйынтыктуу ыкмалар сабактын планы, тапшырмалары, окуучулардын иштери жана натыйжалары менен бирге электрондук базага киргизилет.

Мындай база жөн гана «мыкты мугалимдердин тизмеси» болбошу керек.

Ал — мугалимдердин иштей турган тажрыйбаларынын базасы болушу керек.

Мугалим материалды табат.

Өз сабагына ылайыкташтырат.

Колдонуп көрөт.

Натыйжасын салыштырат.

Керек болсо кайра иштеп чыгат.

Ошентип, бир мугалимдин тажрыйбасы башка мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө кызмат кылат.

Социалдык тармакты да ушул максатта пайдаланууга болот. Мугалимдин өзүн гана көрсөтпөстөн, анын ишин көрсөтүү керек:

«Бул мугалимдин ыкмасы. Бул — окуучунун иши. Бул — алынган натыйжа. Бул ыкманы башка мугалим да колдонсо болот».

Ошондо тажрыйба бир адамдын жеке жетишкендиги болуп калбайт, башкаларга жеткен педагогикалык ресурс болуп калат.

Бизге «мыкты мугалимди» көбүрөөк жарыялоо эмес, мыкты мугалимдин жакшы ишин көбөйтүү керек.

Бир мугалимдин жакшы ыкмасы бир класста калып калбашы керек.

Ал табылышы керек.

Изилдениши керек.

Далилдениши керек.

Сакталууга тийиш.

Жана башка мугалимдерге жеткирилиши керек.

Мугалимди эмес, анын тажрыйбасын көбөйтөлү.

Анткени билим берүүдө эң баалуу нерсе — бир адамдын аты эмес, башка мугалимдер да колдонуп, окуучуларга пайда алып келе турган тажрыйба.

Кошмурзаев Исмаил

Бөлүшүү