ЧОҢ ЭНЕ ЖАНА НЕБЕРЕ
- 30.05.2025
- 0
Неберем Марьям 1-классты Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районундагы №72 мектепте окуду. Мектепке чейин жана 1-класста окуган кезинде Тунгучтагы балдардын бий ансамблине катышты. Башынан эле жеңил, ийкемдүү, кооз бийлегендиги менен айырмалана алды. Ансамблдин курамында шаардык жана эл аралык сынактарга катышып, нечен ирет байгелүү орундарга ээ болуп келди. Бийчи достору менен Кыргызстандын биринчи телеканалында өткөн жана жалпыга көрсөтүлгөн телеберүүгө катышып, жакшы бийлегендиги менен баарыбызды кубанычка бөлөдү.
Азыр Москва шаарындагы мектепте 4-класста окуйт. Өз учурунда мындагы “Звонкие голоса” хор ансамблине тандап алуу сыноосунда өзүн көрсөтүп, хордо ырдап калды. 2023-2024-жылдары таланттуу жана дилгир окуучулардан түзүлгөн бул ансамбль Подмосковьедеги “Зелёный городок” балдар лагеринде өткөн “Волшебники” эл аралык конкурста, Яузедеги маданият сарайындагы мастер-класста, жалпы шаардык жана онлайн-концерттерде, балдар конкурсунда айырмалана алды. Ал эми “Рождественская песень” эл аралык конкурсунда экинчи, шаардык “Величальная Россия” музыкалык чыгармачылык конкурсунда жана “Поколение созидателей” шаардык ачык фестивалда биринчи баскычтагы дипломдор, “Поющая Москва” шаардык конкурс-фестивалында экинчи баскычтагы диплом менен сыйланды.
Окуудагы жакшы аракети менен өз ишин эң мыкты билген эжейи Екатерина Вячеславнаны, ырдаган жагынан таланттуу музыкант-педагог, хордун жетекчиси Александр Дамировичти жана ата-энесин, бизди сүйүнткөн Марьям катышкан окуучулар хору 2025-жылы да чоң-чоң конкурстарга, фестивалдарга катышып, жеңүүчү, лауреат болду. Ошондой эле алар Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн концерттерде да айырмалана алышты.
Марьямдын кичине кезинде Москвада дарылануусуна зарылдык болду. Ошондо москвалык врачтардын өз ишин өтө жогорку деңгээлде билерине жана адамдын саламаттыгын сактоого өзгөчө мамиле жасаарына күбө болуп, абдан ыраазы болгон элек. Биз аларды касиеттүү Кудайдан кийинки өзгөчө адамдар катары баалайбыз. Марьямдын жакшы болуп кетишине бүт күчүн арнаган апасы Гүлнуранын да эмгеги өтө чоң. Мына эми Марьям ата-энесин да, жакындарын да жакшы сапаттары жана таланты менен сүйүнтүп жатат.
Жараткан колдоп, таланты себеп болуп, эстүү өскөн Марьямдын окуу, бий, ырдоо жагынан өзүн көрсөтө алганы бизди абдан кубантат. Ага дайыма кааларыбыз: аракетиң жемиштүү, ден соолугуң чың болсун! Алтыным, кичине кезиңде колумда өскөн сүйүктүү неберем болдуң, эмгек-мээнетиң, талантың менен мындан ары да кубаныч, ийгиликтерге жетише бер! Төмөндө неберемдин жазган дил баянын сунуш кылам.
Нургүл ЖЫЛДЫЗОВА, журналист-ардагер,
Бишкек шаары
СЛОВО О ПОДВИГЕ ПРАДЕДА
(Из сочинения школьного и
городского конкурсов
о Великой Отечественной войне)
9 мая – День Победы. В этом году он является особенным – отмечается 80-летие Победы в Великой Отечественной войне
1941-1945 годов.
В то время, когда 22 июня 1941 года войска гитлеровской Германии вероломно напали на Совет-ский Союз, мой прадед Абдыкайым Доскеев жил в селе Кызыл-Суу Чуйской области Кыргызстана и учился в сельской школе. Был отличником учебы, активно участвовал в общественной жизни школы и села. В связи с этим, он был избран секретарем комсомольской организации школы, и стал лучшим комсомольским работником. Писал стихи, свои материалы о жизни села регулярно отправлял в редакцию молодежной газеты «Ленинчил жаш». Поэтому на страницах молодежной газеты часто печатались его статьи и новости.
С ноября 1941 года он был на фронте. Командир взвода 626-полка 151-стрелковой дивизии Абдыкайым Доскеев участвовал в обороне Москвы, в освобождении захваченных врагом земель России, Украины и Польши.
За боевые заслуги отважный артиллерист-командир, лейтенант Доскеев был награжден боевым орденом Красной Звезды и медалями.
Мой прадед Абдыкайым Доскеев героически погиб в бою за освобождение Польши. Похоронен в польской земле, в селе Чеховице. Да, очень грустно, до Дня Победы оставалось всего 3 месяца или 92 дней.
Они – защитники Родины, наши славные воины своей храбростью и кровью отстояли наши земли от гитлеровских захватчиков. Народы нашей страны внесли огромный вклад для победы над фашизмом. Поэтому Победа – одна на всех!
На войне самые большие потери понесла наша страна, которая называлась тогда Союз Советских Социалистических Республик (СССР).
Мои родители и родные считают, что в честь 80-летия Победы все погибшие на войне должны быть удостоены награды, а их имена написаны в Книгах памяти Кыргызстана, областей и районов.
Я горжусь прадедом, храбрым артиллеристом-командиром Доскеевым, отдавшего жизнь за мир и свободу нашей Родины.
Слава воинам-победителям!
Марьям РАМАТОВА,
ученица 4Б класса №167 средней школы им. маршала Говорова города Москвы, исполнительница хора «Звонкие голоса»
Комментарийлер