ЧЕМПИОНДОРДУН МАЙРАМЫ: БИРИНЧИ ОРУНГА 10 МИҢ ДОЛЛАР

  • 19.09.2025
  • 0

Бишкекте эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү сыйланды. Өткөн окуу жылында кыргызстандык окуучулар так жана табигый илимдер боюнча эл аралык олимпиадалардан жалпы 13 байгелүү орунду камсыздашкан болчу. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов катышты.

ЧЕМПИОНДОРДУН МАЙРАМЫ: БИРИНЧИ ОРУНГА 10 МИҢ ДОЛЛАР

Зирек жана таланттуу окуучуларга Жогорку технологиялар паркы тарабынан акчалай сыйлыктар ыйгарылды:  1-орун үчүн — 10 000 доллар,   2-орун үчүн — 5 000 доллар,  3-орун үчүн — 1 000 доллар. Ошондой эле, салтанаттуу аземде интеллектуал  балдардын мугалимдери дагы өзгөчө белгиленип, алардын эмгеги бааланды.

Салтанатка келген Эдиль Байсалов Өкмөттүн атынан окуучуларга, алардын ата-энелерине жана мугалимдерге ыраазычылык билдирип, мындай жеңиштер жалпы элдин сыймыгы жана өлкөнүн келечегине чоң салым экенин белгиледи.

— Биздин өлкө инженерлерге, так илимдер, IT, биология жана химия тармактарындагы адистерге өтө муктаж, – деди ал жана мамлекеттен берилүүчү гранттарда артыкчылык STEM илимдерине бериле турганын баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал мурункудай мектептер бир эле мыкты бүтүрүүчүнүн атак-даңкы менен көп жыл жашаган система жокко чыгарын айтты. Эми окуу жайлардын ишинин натыйжалуулугу бардык окуучулардын жетишкендиги менен бааланат.

— Артта калган окуучуларды алдыга сүрөө керек, – деди Эдиль Байсалов.

Жогорку технологиялар паркын жетектеген Азис Абакиров жаштарды куттуктап жатып, мындай жеңиштердин өлкө үчүн стратегиялык маанисине токтолду.

— Биздин келечек адамдык капиталга, анын ичинде IT-тармагына көз каранды. Ошондуктан мындай балдарды колдоого өзгөчө көңүл бурабыз. Ушундай таланттуу жана мотивациясы жогору окуучулардын жаштар арасында болушу — өлкө үчүн өзгөчө баалуу. Алардын эл аралык олимпиадалардагы ийгиликтери Кыргызстанда олуттуу интеллектуалдык потенциал бар экенин көрсөтөт. Биз бул муундун Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтө алаарына ишенебиз. Жаштарга эл аралык олимпиадада жеңишке жетүү мүмкүн экенин далилдегибиз келет, — деди Абакиров.

Ошондой эле, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл аралык олимпиадада жеңүүчү болгон кыз бала — Айбике Базарбаева — биология боюнча олимпиадада үчүнчү орунду ээлегенин өзгөчө белгилешти. Анын жетишкендигин Азис Абакиров тарыхый окуя деп атады.

Окуучулардын өздөрү билдиришкендей, мындай көңүл буруу жана колдоо алар үчүн абдан маанилүү. Көбү мектептеринин өз өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилешти.

Мисалы, Эржан Жапаров келечекте химия тармагында адис болууну кааларын айтты, бирок бул предметке болгон кызыгуусу кокусунан пайда болгон.

— Агай мектепти олимпиадада көрсөтүү керек деди. Макул болдум. Ошентип даярдык башталды. Кийин эл аралык олимпиада болду. Мага мектеп абдан жардам берди (Эржан Токмоктогу лицейде окуган), эгер мектептин колдоосу болбогондо, химия боюнча сыйлык алмак эмесмин, — деп билдирди ал.

Абдуллахан Абдирасулов  информатика боюнча олимпиадада коло медаль алган, бул багытта окуусун сөзсүз улантаарын билдирди: «Бул тармакка кызыгуум агамдын аркасы менен башталды. Ал университетте программалоону үйрөнүп, мени да үйрөттү. MITке тапшырууну кыялданам», — деди ал.

Алихан Айдарбековдун чоң атасы болсо, небереси Нарындагы кадимки мектепте окуп жүрүп, кийин жеке мектепке өткөнүн, бирок эч кандай кошумча сабактарга барбаганын айтып өттү.

Жеңүүчүлөр кимдер?

Математика (IMO):

Назар Киргизбаев (II орун) — $5 000;

Ян Бобрус (II орун) — $5 000;

Арлан Саят (III орун) $1 000;

Нурдоолот Капаров (III орун) — $1 000;

Нурсултан Эшперов (III орун) — $1 000.

Машыктыруучулар:

Махамадхан Ишматов — $12 000;

Бекжол Жолдубай уулу — $1 000.

Информатика (IOI):

Алихан Айдарбеков (III орун) — $1 000;

Абдуллахан Абдирасулов (III орун) — $1 000.

Машыктыруучулар:

Кылычбек Урайымов — $2 000.

Химия (IChO):

Максатбек Кахраманов (III орун) — $1 000;

Эржан Жапаров (III орун) — $1 000.

Машыктыруучулар:

Чынгыз Тилебалдиев, Иван Решетников, Азамат Исламбеков, Тынчтык Аматов, Мадина Самакбаева, Нурсултан Соодонбеков, Нурхан Турдубаев — $2 000.

Биология (IBO):

Дмитрий Рубан (III орун) — $1 000;

Айбике Базарбаева (III орун) — $1 000.

Машыктыруучулар:

Эльбрус Тажибаев — $2 000.

Физика (IPhO):

Аскар Абдиев (III орун) — $1 000;

Анаралы уулу Эмир (III орун) — $1 000.

Машыктыруучулар:

Чынтемир Сабыров — $1 000;

Улукбек Ажыбаев — $1 000.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер