ЧЕК АРАНЫ КАЙТАРГАН МУГАЛИММИН!

  • 07.12.2022
  • 0

Мен 1994-жылдын 1-сентябрынан бери  агартуу тармагында иштеп келем. Айтор, өмүр бою айылдык мектептен өз ырыскымды таап жүрөмүн.

ЧЕК АРАНЫ КАЙТАРГАН МУГАЛИММИН!

1999-жылдын 13-октябрында Баткен облусу түзүлдү. Ошондогу кубанычыбыздын  чеги жок эле. Ооба, өрүкзарлуу өрөөнүбүздүн өз алдынча облус болгондугу бизди аябай кубандырды. Күчүбүзгө тоодой күркүрөгөн  күч-кубат кошулду.
Лейлек району Кыргызстандын эң четки булуң-бурчунда жайгашкан. Мен жашаган Ак-Суу айыл өкмөтү чек ара тилкесине жакын орун алган. Биздин айыл аймагыбыз коңшулаш Тажикстандын Ганчы, Спитамен жана Расулов райондору менен чектешип турат.
Илгери-кийин боордош тажик туугандарыбыз менен жагымдуу, жайдары мамиледе болчубуз. Эл аралык долбоорлордун негизинде биз Тажикстандын эки миң жылдык тарыхы бар Ноо шаарына барганбыз. Алардын Тагаяк айылындагы орто мектебинде өткөрүлгөн семинарга катышканбыз. Алар деле биздин айылыбызга келишип, маданий жана спорттук иш-чараларды чогуу-чаран өткөрүп турчубуз. Өз ара кызматташып иш жүргүзчүбүз. Дем алыш күндөрү Ходжент шаарына барып келчүбүз.
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков атабыз тээ алыскы балалык чагында Ходженттеги балдар үйүндө тарбияланган экен. Кийинчерээк, арадан бир канча жылдар өткөн соң, Тажикстанды башкарган Бабажан Гафуров менен жакын дос болгон.
Соңку эки жылдан бери тажик туугандарыбыз менен мамилебиз солгундай түштү. Бири-бирибиз менен эмнегедир тил табыша албадык.
Өткөн 2021-жылдын апрель айынын соңку күндөрүндө дүрбөлөңгө туш болдук. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын ортосунда кайгылуу окуянын күбөсү болдук. Дээрлик үч-төрт күн кырдаал курч бойдон турду. Түнкүсүн уйку көрбөдүк. Күнү-түн балдарыбыздын, окуучулардын келечегин ойлодук. Ойлонуп, ойдун түбүнө жетпедик.
Мамлекет башчыбыздын, бир катар жетекчилерибиздин, күжүрмөн жоокерлерибиздин жардамы, бирдиктүү иш-аракети менен тез аранын ичинде абал турукташып, тынчтык орноду. Ушундай оор күндөрдө чек араны кайтарган эр жүрөк жигиттерге дем-демөөр берүү максатында «Жоокерге кат» акциясын өткөрдүк. Иш-чарага  жүздөн ашуун окуучу катышты. Эң мыкты деп табылган сексен катты Ак-Суу айылындагы чек ара заставасынын жоокерлерине алып барып, жылуу сөздүн коштоосунда тапшырдык.
Улуу акын Жолон Мамытов «Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, Айлансын ар бир уулуң чагылганга» деп бекеринен айтпаган өңдөнөт. Чек арачылардын көздөрүнөн Ата Мекен үчүн күйүп турган өчпөс отту көрдүк.
Мекенибиздин сакчылары биздин окуучуларыбыздын ак баракка жазылган каалоо-тилектери үчүн терең ыраазычылыгын билдиришти.
Ошентип, айылыбыздагы чек арачылардын төбөсүн көккө көтөрүп, Ала-Тоодой айбаттуу күч-кубат тартуулап кайттык.
Куш ысымдуу Лейлек району мекенибиздин борборунан миң чакырым алыстыкта жайгашкан. Биз — четки аймакта чек араны бекем кайтарган элдин өкүлүбүз. Президентибиз Садыр Жапаровдун «Кыргызстан Баткенден башталат» деген сөзү биздин  канатыбызды асманга күүлөндүрөт, күчтөндүрөт.
Мен — чек арада жашаган мугалиммин! Жаш муундарга татыктуу таалим-тарбия берүү менин жашоо-турмушумдун мазмунун түзөт. Мен айылдагы ак мектептен кетким келбейт. Биздин, бардык айылдык мугалимдердин үнүн, алтын добушун жети дубанга жеткирген республикалык «Кут Билим» гезитине миң мертебе ыракмат!

Тайир АШИРБАЙ, Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер