ЧЕК АРАЧЫ МУГАЛИММИН
- 15.04.2025
- 0
Менин атым – Тайир Аширбай. Айылдаштарым, жердештерим мени «Тайир агай» деп айтышат. Куш ысымдуу Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенем.
Мен жашаган Ак-Суу айыл аймагы Кыргызстандын эң четки булуң-бурчунда
жайгашкан. Айылымдын четинен «Ак-Суу» чек ара заставасы орун алган. Чек арачылар менен тыгыз кызматташып иш жүргүзөбүз. Ошондуктан, мен өзүмдү «Чек арачы мугалим» деп айткым келет.
Өрүкзарлуу, айгүл гүлдүү Баткен облусунда жашагандыгым үчүн, мен өмүр бою сыймыктанам. Президентибиз С.Н. Жапаров айткандай: «Кыргызстан Баткенден башталат!»
Жаш, жаңы Баткен облусу коңшулаш Өзбекстандын Фергана, канатташ
Тажикстандын Согду облустары менен чектешет.
Жергиликтүү калк жүздөгөн жылдардан бери коңшу-колоңдор менен ынтымакта
жашап келет. Өзбек, тажик улуттары менен өмүрлүк дос, жакын тууган, таяке-жээн, куда-сөөк болуп келебиз. Тээ илгертен бери карай бир дасторкондун четинде, той-топурда, маараке, майрамдарда чогуу-чаран олтурабыз. Бири-бирибиз менен котормочусу жок, тилдеги жана дилдеги сөздөрдү айттырбай-дедирбей түшүнөбүз. Көздөгөн тилегибиз, согуп турган жүрөгүбүз, таянган тирегибиз бир. Дилибиз, динибиз – бир. Баарыбыз – мусулманбыз, Мухаммед пайгамбардын үммөтүбүз. Андан да терең ой жүгүртсөк, биз баарыбыз – Адам Ата менен Обо Эненин урпактарыбыз. Тарыхыбыз, тагдырыбыз, жашоо-турмушубуз киндиктеш.
Өткөн жылы кыргыз-өзбек чек арасы, ал эми быйыл кыргыз-тажик чек арасы толук бойдон такталды.
Биздин ортобузду мамлекеттик чек ара сызыктары гана бөлүп турат. Чек ара демекчи, бул маселени журт башчыларыбыз сүйлөшүүлөрдүн, элдик дипломатиянын, өз ара орток тил табышуунун негизинде чечишти.
Бул жараян эки-үч жылга созулса
да, академик Б.Мурзубраимов туура белгилегендей, («Чечилген чек ара, маанайды көтөргөн майрам», «Кут Билим», 2025-ж. 4-апрель) камырдан кыл сууругандай оңой чечилди. Бул маселеде эки тарап үчүн бирдей, калыс чечим кабыл алынды.
Кээ бир карапайым айылдык адамдар «Кайсы тарап утту?» деген суроону беришет. Мен бул суроого мына минтип жооп бергим келет: бул жерде тынчтык утту, коңшулаш элдердин достугу жеңишке ээ болду. Ынтымак жеңди!
Чек ара тынчтыгынын баасын, баркын, кадырын чек арада жашаган калк
билет. Жамандыкты амандык жеңет. 2021–2022-жылдардагы кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн чыр-чатак мындан ары кайталанбайт деп ишенимдүү айта алабыз. Себеби, талаш-тартыштарга чекит коюлду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдер өздөрүнүн саясий көрөгөчтүгү, чечкиндүүлүгү менен чоң тарыхый эрдикти жасашты.
Түбөлүк достук кайрадан орноду. Үзүлгөн жип уланды. Чек ара келишимдерине кол коюлду. Чек аралардагы «Кызыл-Бел»,
«Кайрагач» өткөрмө бекеттери ачылды.
Эми Тажикстандагы жакын туугандарыбыздын, досторубуздун үйүнө беймарал барсак болот. Тажик боордошторузду биз кучак жайып, жадырап-жайнап тосуп алабыз.
Мындан ары соода-экономикалык жана маданий байланыштарыбызды чыңдайбыз. Биз эми Исхак Раззаков жана Бабажан Гафуров аталарыбыздын достугун кайра баштан татыктуу улантышыбыз керек.
И.Раззаков 1950-1961-жылдарда Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Ал эми Б.Гафуров 1946–1956-жылдарда Тажикстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. Алар өтө жакын, санаалаш дос болушкан.
Сөзүмдүн аягында төкмөлүк өнөр жолундагы ыр саптарымды сиздерге гүлдесте иретинде сунмакчымын.
Кыргыздар менен тажиктер
Эзелтен ынак дос болгон.
Ыр-күүлөр тынбай жаңырып,
Майрамга тойлор коштолгон.
Тажигим менен кыргызым,
Кармашкан колуң кут болсун!
Жаркырап жанып жылдызың,
Башыңа бакыт куш консун.
Тилибиз башка болсо да,
Түбөлүк бирге дилибиз.
Ыйманга бизди чакырат
Ынтымак, ислам динибиз.
Бабалар салтын улантып,
Алгалап бара жатабыз.
Ак жолду бизге көрсөтөт
Бабажан, Исхак атабыз.
Тайир АШИРБАЙ,
Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы
жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими,
«КМШнын мыкты мугалими» наамынын ээси
Комментарийлер