ЧҮЙ ЖАТАК МЕКТЕБИНИН ДИРЕКТОРУ НАЗГҮЛ МУСАЕВА: «ПРЕЗИДЕНТТИН БЕЛЕГИ БИЗДИН КЕЛЕЧЕККЕ ИШЕНИМДИ БЕКЕМДЕДИ»

  • 13.01.2022
  • 0

Сары-Өзөн-Чүйдүн боорунда жайгашкан Чүй жатак мектебинде жетим жана ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар тарбияланышат. 1956-жылы түптөлгөн бул жатак мектеп ошол күндөн ушул күнгө канчалаган татаал тагдырларга күбө болуп, үйүнөн мээрим таба албаган канча балдардын чекесинен сылап, энелик камкордукка бөлөп, үй-бүлө очогунун жылуулугун тартуулап келет. Ушул жерден билим-тарбия алган балдардын алды өздөрү ата-эне, чоң ата, чоң эне болуп, бала жыттап, турмуштун ачуу-таттуусун далай татышкандыр, а бирок ушул үй, ушул жерде иштеген тарбиячылар алардын өмүрүндөгү эң жакын адамы болуп түбөлүк кала берери да чын.

Буга чейин далай тарбиячылар иштеп, нечен жетекчилер алмашып, алар өз аракетине, дараметине жараша балдарды турмуш жолуна аттандырып келишкен. Азыркы директору Назгүл Мусаева иштегенден бери, жаштык жигериненби, же өзүнүн кесибин берилип сүйгөн, балдар менен иштөөнүн сырын үйрөнгөн артыкчылыгыбы, айтор балдардын тилин таап, эне ордуна эне болуп мээрим төгүп, эже ордуна эже болуп сыр бөлүшүп дегендей, балдардын жүрөгүнөн түнөк тапкан аз гана адамдардын бири болуп калды.

ЧҮЙ ЖАТАК МЕКТЕБИНИН ДИРЕКТОРУ НАЗГҮЛ МУСАЕВА: «ПРЕЗИДЕНТТИН БЕЛЕГИ БИЗДИН КЕЛЕЧЕККЕ ИШЕНИМДИ БЕКЕМДЕДИ»

Нечендеген сырдуу тагдырларды ичине катып сумсайган имарат канчалаган окуяларды башынан өткөрсө дагы, ушул мезгил аралыгында бир да президент көз кырын салып барган эмес экен.

Өлкө башчыбыз Садыр Жапаров жаңы жыл алдында атайын белек-бечкегин камдап алып, балалыктын бал күндөрүн ата-эне мээримин көрбөй өткөрүүгө мажбур болгон, тагдырдын оор сыноосуна эрте кабылган ушул жатак мектептин тарбиялануучуларына барып жолукканы маалым. Ал кубанычтуу күндү Назгүл Мукашевна мындайча эстеди:

— 25-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров келип, биздин балдарыбыз, мектептин кызматкерлери, жумушчулары менен баарлашып, өз ой-пикирлер менен бөлүшүп, жылуу маектешти. Мындан сырткары Футбол күнүндө, президент өзү футбол ойноп, футболдон уткан 1 млн сом байгени, ошондой эле биздин балдарга микроавтобустун ачкычын тапшырып кетти. Бул биздин балдарыбыздын келечекке болгон үмүтүн жандырып, алдыга койгон максаттарын дагы бир кадамга алдыга жылдырып кетти деп эсептейбиз. Биздин президентибиздин камкордугуна, жатакананын табиялануучулары, жалпы кызматкерлерибиз чексиз ыраазы болушту. Ушул күнү үмүт оту жанып, биз дагы көп, чоң нерселерге жетише алаарыбызга ишенип, алдыга коюлган көптөгөн максаттарыбызга жетүүгө канат байлап, боорукерликтин сыйкырлуу күчүнө ынандык, — деди.

Назгүл Мукашевнанын айтымында, бул жатак-мектептин имараты курулганына кыйла жыл болсо да, бир да жолу капиталдык ремонт болгон эмес. Материалдык-техникалык базасы эскиргендиктен, материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, балдардын жашоо, окуу шарттарын оңдоо, жакшыртуу максатында демөөрчүлөрдү издеп, көп жакшы натыйжаларга жетишти. Аларга жардам колун сунган ошондой демөөрчүлөрдүн бири — Эл аралык илим жана бизнес университети болду. Бул университет жатак үйдүн эмгек жамааты менен жолугушуп, кандай жардам берүүгө болоорун чогуу чаран талкуулашып, өздөрүнүн сунуштарын киргизди.

— Биздин жатак үйдүн көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө кол кабыш кыла турган инетин билдирген Эл аралык илим жана бизнес университетинин сунуштарынын негизинде Билим берүү жана илим министрлиги жана Эл аралык университет менен биргеликте үч тарап 2021-жылдын 5-декабрында меморандумга кол койгонбуз. Ошонун негизинде биздин мектепте көп жакшы иштер аткарылып келе жатат. Ошондой иштердин бири — балдарга салына турган 18 батирлүү социалдык үй болуп эсептелет. Бул социалдык үйдүн эң негизги максаты — балдар жатакана тибинде эмес, ата-энеси бар, өз үйүндө жашаган, туура тарбия алган, коомдук көндүмдөрдү үйрөнө алган, үй-бүлө баалуулуктарды сезе билген, үйдөгү бардык жакшы нерселерге тарбияланып, жашоого туура багыт алган, коомго аралашууда жеңилдиктер болсун деген ниетте деп салынып жатат. Бул 18 батирлүү үй ушул университет тарабынан каржыланып салынып башталды. Бул үйдун капсуласын салуу, биздин мектептеги балдардын жашоо шарты менен таанышуу максатында келген өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевич да чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектерин билдирди.

ЧҮЙ ЖАТАК МЕКТЕБИНИН ДИРЕКТОРУ НАЗГҮЛ МУСАЕВА: «ПРЕЗИДЕНТТИН БЕЛЕГИ БИЗДИН КЕЛЕЧЕККЕ ИШЕНИМДИ БЕКЕМДЕДИ»

Бул каалоо-тилектер бизди дагы-дагы натыйжалуу иш аракеттерди жасаганга, изденип иштөөгө, демөөрчүлөр менен алака түзүүгө жакшы түрткү болуп берди. Натыйжада жалгыз эле материалдык техникалык базаны эле эмес, башка тармактарыбызга да жаңылыктарды киргизүүгө, аларды иш жүзүнө ашырууга жана алдыга койгон максаттарга жетишүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз, — дейт Назгүл Мукашевна.

Жатак үйдөгү жагымдуу жаңылыктын дагы бири – Эл аралык илим жана бизнес университетинин жардамы менен 5 млн сомго ашкананы толук жабдып, капиталдык ремонттон өткөрүп алышканы болду. Азыркы убакыттын талабына ылайык, заманбап ашкана пайда болду дешкен балдардын кубанычында чек жок.

Алар айрыкча ушундай аракеттерди жасап, чоң соопчулук жолунда иш кылган, негизги демөөрчүсү, Илим жана бизнес университетинин түптөөчүсү, негиздөөчүсү Нургалый Асаналиевге чексиз алкыштарын айтышууда. 2022-жылдын январь айынан баштап президент С.Жапаров аларга окшогон балдар үйлөрүнүн тамак-ашына бөлүнгөн акчаны 220 сомго көтөргөнү белгилүү. Бул 220 сом биздин балдардын толук камдуу беш маал тамак ичүүсүнө эле эмес, ден соолугун чыңдоосуна, өсүп-өнүгүшүнө да айтаарлык салым кошуп жатканы шексиз. Анткени жатак үйдүн балдары беш маал ичкен тамак-ашка бардык керектүү витаминдер камтылган. Ушулардын баары дени сак, адеп-ахлактуу келечек жаштарын тарбиялоого көрүлгөн камкордук экени анык.

Айнагүл Кашыбаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер