ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИНИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

  • 18.08.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева башында турган министрликтин кызматкерлери август айынын башында республикадагы билим берүү уюмдарын түрө кыдырып, алардын жаңы окуу жылына даярдыгын текшерип келишти. Бул жолу биз 2025-2026-окуу жылына Чүй облусундагы жалпы билим берүүчү мектептердин даярдыгы боюнча берели деп чечтик. Чүй облусунда 316 жалпы билим берүү мектептери иш алып барат.

Сокулук районундагы  авариялык абалдагы мектептер

Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын адиси Аман Ыкановдун берген маалыматына таянсак, жалпы Чүй облусунун мектептери жаңы окуу жылына даяр.

— Бирок кадр жетишсиздигин чечүү боюнча иш жүрүп жатат. Биз ар бир мектептеги көйгөйлөрдү жана сунуштарды уктук. Бул материалдык-техникалык база (китеп, спорт зал ж.б), кадр маселеси жана инфраструктура (интернет, жылуулук) боюнча, — дейт министрликтин  адиси.

 ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИНИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

Сокулук районунда 46 билим берүү уюму, 3 жеке менчик мектеп, 3 интернат бар. Жалпы окуучулардын саны – 42039 түзөт. Жангарач айылында жайгашкан  Н.Жетикашкаева атындагы  мектеп имараты, окуу кабинеттер, китепкана жана  спортзалы авариялык абалда. Учурда окуучулар  2-корпуста окуп жатышат. Мектеп жаңы имаратка муктаж экени айтылды. Ал эми Сокулуктагы сүйлөөдө оор бузуулары бар балдары үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинде 296 окуучу билим алат.  Мектеп имаратынын  башталгыч класстар окуган имараты авариялык абалда, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин 2023-жылдын 21 июндагы корутундусу бар. Учурда башталгыч класстар окуган имарат үч жылдан бери жараксыздыгына байланыштуу жабылган.

 ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИНИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИНИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

— Күнтуу айылындагы Г.Капарова ат.орто мектебинде 347 бала окуйт. Мектептин имараты 1988-жылы салынган. Типтүү эмес, СССР учурунда айыл чарба иштерине иштеген студенттер үчүн курулган жатакана болуп эсептелет, 10 окуу кабинети гана бар, дубалдар жыгачтан турат. Учурда кабинет жетишпейт, ашканасы жок болгондуктан кабинет ылайыктап жасалган, жыйындар залы, спортзалы жок. Комиссия мектептин абалын карап көрүп, жаңы комплекстүү имаратка муктаж экенин белгиледи (жыйындар залы, спортзал, ашканасы менен), — дейт А.Ыканов.

Чүй-Токмок

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүнө караштуу 41 мектеп, 4 жеке менчик мектеп,  25  муниципалдык, 9 жеке менчик, 2 үй тибиндеги бала бакча,  2  балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борбору бар.

 ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИНИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

— Шамшы айылынын Рысменде уулу Акмат атындагы орто мектебине 2025-2026-окуу жылына карата Онбир-Жылга айыл өкмөтү аркылуу 6 млн долбоор менен мектептин сырткы бетин (фасад) жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Чүй айылынын В.Ф.Марков атындагы №1 орто мектебинде Чүй айыл өкмөтү тарабынан 1.000.057 млн сомдук долбоор аркылуу мектептин 1-кабатынын полдору толугу менен алмаштырылууда. Ал эми дүйнөнүн чемпиону Д.Биволдун демөөрчүлүк жардамы менен мектептин сырткы фасады, жыйындар залы, спорт зал анын ичиндеги кыздар, балдар кийим алмаштыра турган жерлери жана мектептин негизги көчөсүнө карай жол ачылып ал жер толугу менен жасалып жатат. Садовое айылынын И.Укуев атындагы орто мектебине демөөрчүлөр тарабынан  мектеп ичине танапис берүүчү “Акылдуу коңгуроо” орнотулса, Чапай айылынын А.Жаманбаев атындагы толук эмес орто мектебинде С.Ибраимов айыл өкмөтү “Стим фонд” аркылуу мектептин эски имаратынын эшик, терезелери алмаштырылып баштады. Ошондой эле бул мектептин жаңы корпусуна демөөрчүлөр аркылуу 4 автордук класска краска жана 2 класска жалюзи коюп беришти.  Ошондой эле Сайлык айылынын Сооронбай уулу Дүр атындагы орто мектебине демөөрчүлөр тарабынан мектепке жаңы доска, негизги эшиктерин, мугалим олтурган стол  жана класстарга жалюзилер орнотулган, — дейт башкы адис.

Чүй районундагы БӨЧБ (ЦДЮТ) Чүй айыл өкмөтүнүн имаратынын артындагы жайгашкан тигүүчүлөр ийрими өтө турган имаратты капиталдык ондоп-түзөө үчүн Чүй райондук өнүктүрүү фондунан 1 млн. каражат каралып, тендер өткөрүлүүдө. Дөн-Арык айылынын Калча атындагы орто мектебине демөөрчүлөр аркылуу мектептин сырткы фронтондору жаңыртылып берилди.

 ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИНИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

 ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИНИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

 ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИНИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

— Ал эми Арал орто мектебине Чүй айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жардамы менен 1.346.000 млн мектептин жаңы жана эски имараттарынын эшик терезелерин алмаштырууга тендер жарыяланды. Андан тышкары дааратканага 800.000 с., ашканага меш (плита) 119.000 с. жардам көрсөтүлүүдө. Токмок шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары боюнча кезектеги ондоп-түзөө иштери аткарылды. №3 “Аленушка” МЧББУсунун ашканасы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаны эмеректер орнотулду. №2 жалпы орто билим берүү уюмунун канализациясы жана ички дааратканалары оңдолууда. №3  жалпы орто билим берүү уюмунун, Ч.Айтматов атындагы №9  жалпы орто билим берүү уюмунун 1-2-кабаттарынын терезе, эшиктери которулууда. Ю. М. Дунларов атындагы  №10 жалпы орто билим берүү уюмунун жер төлөсүндөгү даараткана, канализация жана спорт залдары капиталдык ремонттон өткөрүлүп жатат. Калган билим берүү уюмдарында кезектеги оңдоп-түзөө иштери аткарылып бүттү, — дейт Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманалиев.

 Кемин

Кемин районунда 55 билим берүү уюмдар, 1 жеке менчик мектеп, 1 жеке менчик интернат бар. Жалпы окуучулардын саны – 13517 түзөт.

 ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИНИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

Ш.Конурбаев атындагы 940 орундуу мектепте 383 окуучу билим алат. Бул мектеп 2000-жылдан бери авариялык абалда. 1966-жылы курулган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Дүйнөлүк банк тарабынан макулдашылган критерийлерге ылайык, ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан коопсуз мектептер тизмесине кирип, аныкталган. Дүйнөлүк банк тарабынан аныкталган “Кыргызстанда табигый кырсыктардын коркунучуна туруктуулукту жогорулатуу (ERIK)” долбоорунун “Мектеп инфраструктурасынын иштешин жана коопсуздугун жакшыртуу” компоненттеринин  алкагында Боролдой айыл өкмөтү менен “ERIK” долбоорунун ортосунда 2022-жылы кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөн.

 ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИНИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

“ERIK” долбоорунун 2-компонентинин алкагында реконструкциялоо жана куруу үчүн алгач сейсмикалык кооптуу аймактарда жайгашкан, 10 мамлекеттик мектеп тандалып алынган. Дүйнөлүк банктын чечими менен мектеп заманбап илимий ыкмалардын изилдөөсү менен тандалып алынды. Бул тизмеге Кемин районунун Боролдой айылындагы Шарафидин Конурбаев атындагы Боролдой  жалпы билим берүү орто мектеби да кирген жана жогоруда аталган изилдөө иштери жүргүзүлүп жаны имаратка муктаж  деген чечим кабыл алынган.

— А.Бакаев атындагы мектепте 226 окуучу билим алууда. Мектеп 1959-жылы курулган,  сыйымдуулугу — 500, 2 кабат, типтүү, мектептин имараты эски, чатырынан суу агып, имараттын ички стеналарын оңдоого  мүмкүнчүлүк жок, жылытуу системалары эскирип, от казандары, насос, батарейлери жараксыз абалда, колдонууга жарабайт экен. Имараттын санитардык-гигиеналык абалы дагы начар, фундаменти чөгүп, имарттын ичи ным жыттанып, полдору чирип, окуучуларга коопсуздук жаратып келет. Жаны  кошумча  имаратка муктаж, — дейт А.Ыканов.

Жайыл району

Ак-Башат айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Новониколаевка айылында 10 миңден ашуун адам жашайт, алардын ичинен 3 267 бала мектеп жашында. Новониколаевка орто мектебинде 2 593 окуучу билим алат.

Мектеп эки корпустан турат: 1-корпус 1960-жылы курулган, долбоордук кубаттуулугу — 350 орун. Азыр бул корпуста 1 217 окуучу окуйт. Ал эми 2-корпус 1983-жылы курулган, долбоордук кубаттуулугу — 624 орун. Бул жерде 1 376 окуучу билим алууда.

 ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИНИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

— Мектепте жогорку квалификациялуу мугалимдер иштешет. Ар бир кабинетте дээрлик компьютер же интернетке кошулган телевизор бар. Физика, химия, география, информатика жана математика кабинеттери заманбап жабдылган. Электрондук китепкана, ашкана, эки спорт залы жана спорт комплекси иштейт. 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жалпы 89 класс-комплект бар. 2025-2026-окуу жылында 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу класстар 95ке чейин көбөйөт. 6 биринчи класс жана 15 экинчи класс ачылат, алар үчүн атайын кабинеттери даярдалган. Бардык окуучуларды жайгаштыруу үчүн эки сменалык ийкемдүү график иштелип чыгат. 2025-жылы мектептин эки корпусунда жогорку сапаттагы оңдоо иштери жүргүзүлдү. Интерьердин түсү көз жоосун алган, сапаттуу материалдар колдонулган. Мектеп аймагы көрктөндүрүлгөн, гүлзарлар жана бактар скважина аркылуу өз убагында сугарылат. Материалдык-техникалык база айыл өкмөтүнүн, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен байма-бай толукталууда: Спонсорлор жана бүтүрүүчүлөрдүн тарабынан музыкалык жабдуулар алынган, 3-кабаттагы фойелерде пардалар алмаштырылган. Ак-Башат айыл өкмөт тарабынан 300 000 сом бөлүнүп, 13 видео байкоо камерасы орнотула турган жана чатырына коргоо иштери жүргүзүлөт. Учурда тендер өтүүдө, — дейт министрликтин өкүлү.

Баса, айыл өкмөтү мугалимдерди стимулдаштыруу багытында туруктуу иштерди жүргүзүүдө. 2025-жылы 9 мугалимге жана 5 жаш адиске сыйлык катары жалпы 100 000 сом бөлүнгөн.

Мектептеги эң негизги маселе — окуучулардын өтө көптүгү. Мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын саны жылдан жылга көбөйүп жаткандыктан, 650 орундуу кошумча корпус куруу зарылчылыгы жаралууда.

Москва району

Москва районунда 33 жалпы билим берүү уюмдар, 4 жеке менчик мектеп,1 интернат бар. Жалпы окуучулардын саны – 23173.

 ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИНИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ  ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИНИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

800 орундук №4 Ак-Суу жалпы билим берүү орто мектебинде 2004 окуучу окуйт. Окуучулардын саны көп болгондуктан, Нарзан айыл өкмөтү мурдагы бир кабаттуу имаратын убактылуу пайдаланууга берген. Комиссия бул имаратты көрүп, 4 окуу кабинет уюштурууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгилешти. Имарат негизги мектептен 5-10 мүнөттүк аралыкта жайгашкан. Кошумча имаратка муктаж. Ал эми 536 орундуу Спартак жалпы билим берүү орто мектабеинде 440 окуучу билим алат. Мектеп типтүү. 1967-жылы курулган. Спартак жалпы билим берүү орто мектеби дагы 12 жылдык билим берүүгө даяр экендиги аныкталды. Жаңы окуу жылында мектепте 440 окуучу билим алат. Мектеп айланасына брусчатка төшөлүп, биринчи кабаттагы коридорлор жана класстар жарык түстөгү кафель менен жабдылган.

— Төлөк айыл өкмөтү тарабынан 5 даана тигүүчү машина жана атайын үстөлдөр алынып, жогорку класстын окуучуларына тигүүчүлүккө үйрөтүү уюштурулууда. Ошондой эле, окуучулар слесардык ишке да тартыла баштайт. Келечекте чач тарач, ашпозчу жана механизатор адистиктери боюнча да окутуу башталат. Мындан сырткары №1 Ак-Суу жалпы билим берүү орто мектебинде 1755 бала окуйт.  Мектеп 1965-жылы курулган. Жаңы окуу жылында бул мектепте 1755 окуучу билим алат. Комиссия окуу кааналарын, компьютердик класстарды жана жүргүзүлгөн оңдоо-түзөө иштерин көрүп чыгышты.  Кошумча окуу корпус керектелет, — дейт мектептик билим берүү башкармалыгынын адиси Аман Ыканов.

Аламүдүн району

12 жылдыкка кам көргөн бул райондо 1-2-класстардын класс комплекти – 170, толук камтый алат.

12-жылдыкка даярдыкка карата башка келип чыгуучу көйгөйлөр, жетишпеген предметтик мугалимдер менен камсыздоо маселеси жана аны чечүү жолдору каралган.   34 башталгыч класстын мугалимдери жетишпейт.

Чечүү жолдору:

— ЖОЖдор менен түз байланыш түзүү;

— Мугалимдерди  билимин жогорулатуу курстарына жөнөтүү.

— Мектеп китепканалардын материалдык абалы орто. Эмеректер, компьютерлер, көчүрмө техникалар менен камсыз болгон. Абалы канаатандыралык. Физика, химия, биология предметтери боюнча лабораториялык кабинет бар. Бирок жабдуулары талапка жооп бербейт жана жетишсиз. Муниципалдык мектептерде химия жана физика боюнча тажрыйба жүргүзүү үчүн реагенттер жана аспаптар эски, жаӊы заманбап талаптарга туура келбейт.

Район боюнча муктаждык: 768 даана — окуучулар үчүн парта, 1536 даана — стул, 36 даана — доска, 78 даана шкафтар, мугалимдер үчүн — 36 стол, 40 стул. Райондо 29 мектеп бар, 1 сырттан окуу жалпы орто билим берүү уюму, 3 жеке менчик, 1 Чүй облустук мектеп-гимназиясы.  Ысык тамакты уюштурууда муниципалдык 24 мектептин 1-4-класстын окуучулары ысык тамак менен камсыздалган. 1 мектепте шашке тамак уюштурулат (чай, печенье). “Биримдик” башталгыч мектеби, бул мектеп ысык тамак долбооруна кирүүсү 2026-жылга пландаштырылган, азыркы шарттарына байланыштуу чай, печенье берилет. Ашканалардын абалы жакшы. Эмеректери канааттандыраарлык, — дейт Аман Ыканов.

 Медициналык кабинеттердин абалы

24 жалпы  билим берүү уюму,  1 сырттан окуу жалпы   билим берүү уюму, 1 жатак мектеп-интернаты бар, 3 жеке менчик мектеби, бардыгы  29. Анын ичинен медициналык кабинет 17 жалпы билим берүү уюмдарында  бар, 17 мектепте жок. Медкабинет мектептерде бар, бирок толук кандуу иш алып барууга керектүү жабдуулары (массаж столу, стерилизатор, дарылар) жетишпейт. Айрым мектептерде медициналык бөлмөдө  кушетка жана аптечка бар, бөлмөнүн абалы канааттандырарлык.

Аламүдүн  районунда 29 мектептин ичинен  мектепте ички-сырткы ажатканалардын абалы жакшы, канааттандырарлык. Ал эми айрым  мектептерде ажаатканалар боюнча көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш-аркеттер жүргүзүлүүдө.

Мектептин өрт коопсуздугу

— Учурда мектептерде өрт коопсуздугу боюнча жалпы абал канааттандырарлык. Өрт коопсуздугу боюнча коюлган негизги талаптар аткарылып, мекемелер тиешелүү инвентарлар менен камсыздалган. Атап айтканда, бардык мектептерде өрт өчүргүч шаймандар бар жана алардын жарактуулук мөөнөттөрү көзөмөлгө алынып, убагында толукталып турат. Бул иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.Мындан тышкары, имараттардын чатырлары өрттөн сактоо каражаттары менен өз убагында майланып, алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бирок, бир катар маселелер дагы бар. Мисалы, көпчүлүк мектептерде өрт коопсуздугу боюнча сигнализация системасы орнотулбаган. Бул багытта ЖӨБО өкүлдөрү жана мектеп жетекчилери тыгыз кызматташып, тийиштүү органдарга расмий кайрылуулар жүргүзүлүүдө, — дейт министрликтин адиси.

Ошондой эле, негизги мектеп имараттарында өрт коопсуздугу боюнча талаптарды толук аткарууда кыйынчылыктар бар. Айрым билим берүү мекемелеринде электр зымдары эскирип, жаңылоого муктаж. Муну менен катар, ар жылы кызматкерлерге өрт коопсуздугу боюнча инструктаж өткөрүлүп, эвакуация пландары жаңыланып илинүүдө. Окуучулар жана кызматкерлер үчүн кооптуу кырдаалда имараттан чыгуу жолдору так көрсөтүлүп, маалымат такталары жаңыртылып турат.

Видеокөзөмөл  жана жол белгилери

26 мектепте — 448 даана видеобайкоо камералары бар, 2 мектепте  Достук айыл аймагына караштуу Бирдик башталгыч мектебинде, Васильевка  айылында “Биримдик” башталгыч мектебинде видеобайкоо жок, бирок видеобайкоо орнотуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

“Абайлагыла мектеп”, жолдо ылдамдыкты азайт деген белги коюлган. Мектепке жакын жерде жөө өтмөк бар,  Достук айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу В.Ленин жана Чүй ЖББОМде жѳѳ жүргүнчүлѳр үчүн светофор коюлган.

Билим берүү мекемелеринин аймактарында дене тарбия жана спорт ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн. Айрым мектептердин территорияларында ачык спорт аянтчалары жайгашкан, ошондой эле көпчүлүк мектеп имараттарынын ичинде спорт залдары бар. Ошол эле учурда, айрым билим берүү уюмдарында спорттук инфраструктуранын жетишсиздиги байкалат. Тактап айтканда, Чүй жалпы билим берүү орто мектебинде (Чүй ЖББОМ), Бирдик башталгыч мектебинде (Бирдик БМ), жана Биримдик башталгыч мектебинде (Биримдик БМ) спорт залдары каралган эмес. Бул мекемелерде дене тарбия сабактарын толук кандуу өткөрүү үчүн шарттар жетишсиз. Мектептер спорттук инвентарь менен жабдылган. Учурдагы спорт жабдууларынын техникалык абалы канааттандырарлык деңгээлде деп бааланууда. Бирок алардын сандык жана сапаттык курамын өркүндөтүү муктаждыгы да орун алат.

Билим берүү тармагына таандык аймакты жашылдандыруу

Аламүдүн районундагы жалпы билим берүү орто мектептеринин  айлана-чѳйрѳнү жашылдандырууда: 866 бак-дарактын (сакура,терек, кайыӊ ж.б.у.с.), 321 ийне жалбырактуу (арча,сосна,балаты), 593 жемиш бактары (алма,алча,алмурут), гүлдѳрдүн 1073 роза, 370 астра, 115 пион 381 хрезантема, 711 ар түрдү сорту олтургузулган.

Жалпы: 4430 даана.

Жалпы аянты 245,72 сотка.

Жергиликтүү бюджеттен 651935 сом

Демѳѳрчүлѳр тарабынан 792000 сом

Жалпы: 1443935 сом.

 Көмөкчү чарбанын уюштурулушу

А.Суюмбаев атындагы Орто-Алыш орто мектебинде 48 сотка , Т.Актанов атындагы Кашка-Суу орто мектебинде 5 сотка  жана Гроздь жалпы билим берүү орто мектебинде 5 сотка атайын алма бак аянтчалары уюштурулган. Жалпы аянты: 58сотка Бул иш-чаралар окуучуларды эмгекке тарбиялоо, айлана-чөйрөгө болгон мамилени жакшыртуу жана мектеп аймагын жашылдандыруу максатында жүргүзүлүүдө.

Ошентип, жаңы окуу жылына карата Чүй облусунда ах-ахывал жаман эмес экендигин комиссия мүчөлөрү белгилешкен. Ошол эле кезде мектептердин муктаждыгы да ачык-айкын көрсөтүлгөн. Жалпы жонунан алганда бул облус жаңы окуу жылына даяр.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер