ЧҮЙ ЭМНЕ ҮЧҮН ЧАБАЛ БОЛУУДА?

  • 16.08.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри К.Иманалиев Чүй облусундагы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыктары менен таанышууну Кемин жана Панфилов райондорунан баштады.

Анын бир себеби Чүйдөгү билим берүү мекемелеринде билим сапатынын төмөн болуп жатканы болууда. Эске сала кетсек, министр Чүй облусунда өткөн коллегия жыйынында алыскы Баткенге салыштырмалуу борборго канатташ жайгашкан Чүй облусунда көрсөткүчтөр начар экендиги уяла турган көрүнүш экенин белгилеген эле. Айткандай эле ЖРТ жыйынтыгы боюнча Кемин району 43,70% ал эми Панфилов району 44,0% көрсөткүчкө ээ болгон. Ошол эле жыйында министр конкурстан өтүп келген мектеп директорлоруна карата жаңы жобо иштелип жатканын, ага ылайык эми эки жыл катары менен ЖРТдан 110дон төмөн балл алган мектептин директору кызматтан алынарын билдирген.

ЧҮЙ ЭМНЕ ҮЧҮН ЧАБАЛ БОЛУУДА?

Фактыга кайрылсак,  жыл сайын өлкөбүздө 40 миңге чукул мектеп бүтүрүүчүлөрү ЖТРга катышат. Билим берүү жана илим министрлигинин Чүйдө жана Жалал-Абадда өткөн быйылкы көчмө коллегия жыйындарында Чүй жана Жалал-Абад облусундагы айрым мектептер ЖРТга катышпай калган фактылар бар экендиги жөнүндө сөз болгон. Ошондогу көчмө коллегия жыйынынын чечимине ылайык Жалал-Абад жана Чүй облустарынын мектептерине мектеп бүтүрүүчүлөрүн тестирлөөгө катышуусун колго алуу жагы милдеттендирилген эле.

Билим берүү жана илим министрлигинин Чүй облусундагы көчмө жыйынында ЖРТ жыйынтыктары жана PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө даярдыгы жөнүндөгү баяндамасында бүтүрүүчүлөрдүн математика, физика, химия, биология предметтери боюнча балдардын билим сапаты өтө төмөн болуп жаткандыгы баса белгиленген. Анын себебинен жалпы республикалык тестирлөөгө катышууга бүтүрүүчүлөрдү кызыктыруу боюнча жетишсиз иш жүргүзгөндүгү үчүн райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орду, мындан тышкары облустагы 26 мектеп директорунун жоопкерчилиги да каралмак болгон.

Билим берүү сапатын аныктоодо биринчи кезекте билим берүү мекеме жетекчилери жооптуу болору анык. Андыктан жетекчилер абалды оңдоонун жолдорун издеп, канткенде балдардын билим сапатын жогорулатууга болорун эмитен ойлонууга тийиш.

Акыркы 30 жылдан ашык мезгил аралыгында башка тармактардай эле билим берүү тармагы да солгундап, билимдүү кадрлардын катары суюлуп калганын танууга болбойт. Серепчилер анын негизги себебин мектепте билим берүү сапатынын начарлап кеткенинен көрүшүүдө. Ал эми билим берүүнүн сапатына биринчи кезекте мектептен түптөлгөн пайдубалдын боштугу терс таасир берери анык, башкача айтканда, мектептен алган билимдин тайкылыгы, андан кийинки жогорку окуу жайлардагы тийди-качты мамиленин (студенттер контракт акчасын төлөө үчүн күнү-түнү иштеп, семестрлерди акча менен аякташары эч кимге жашыруун эмес) жемиши көпкө күттүргөн жок. Бир эмес, эки муун алмашкан мезгил аралыгында башкасын айтпаганда деле жөнөкөй текстти туура жаза албаган муунду “даярдап” чыгардык. Ушунун баарынын башаты мектептен башталарын, мектептен түптөгөн пайдубал бекем болсо, билим көрсөткүчү күчтүү болорун көрүп билдик жана да билип жатабыз.

Арийне, учурдагы кыйынчылыктар, кадрлардын алсыздыгы, техниканын жетишсиздиги бардык жерде бирдей начар болсо, эмне үчүн анда кээ бир аймактарда ошол эле ЖРТ көрсөткүчүнөн балдар жогору упай топтоп жатат деген жүйөлүү суроо туулат. Мисалы, ошол эле Баткен аймагын алалы. Ал борбор калаадан миңдеген чакырым алыс экенине, ал жерде билим алуу тургай, жашоого туруктуулук олку-солку абалда экенине карабай, билим сапаты боюнча алдыңкы катарда келатат. Мурунку абалды салыштыра келсек, аймактардын алыс-жакынына карабай, эки жактан тең эле эл башкарган мыктылар чыгып келбеди беле. Эгерде эки аймактан чыккан академик-окумуштууларды санай келгенде, тескерисинче, Кеминден көп чыккан десек, аша чапкандык болбойт.

ЧҮЙ ЭМНЕ ҮЧҮН ЧАБАЛ БОЛУУДА?

Ошондон улам бардык жагынан алдыда болууга милдеттүү болгон жакын аймактарда окуу сапаты эмне үчүн начар болуп жатканына саресеп салып көрсөк. Салыштырууга эң эле жөнөкөй мисалды алайын. Мен 10 жылга чукул Санжарбек Данияровдун коомдук фонду башталгыч класстардын мугалимдери үчүн уюштуруп келаткан “Биринчи мугалим” сынагынын калыстар тобунун мүчөсүмүн. Фонддун уюштуруучусу жана жетекчиси Асель Санжарбековнанын демилгеси менен өткөрүлүп келаткан бул сынакка республиканын бардык аймактарынан катышат. Эң кызыгы, (балким өкүнүчтүүсү да болсо керек) сынакка алыскы аймактардын мугалимдери активдүү катышат, ал эми Чүй облусунун мектептеринен дээрлик жок (мен билгенден адегенде Кеминден анча-мынча катышса, акыркы жылдары Сокулук районунун айрым мугалимдери гана катышат). Бул эмнеден кабар берет? Менимче, кызыгуусу, аракети, умтулгучтугу жоктугунан болсо керек. Болбосо ал сынактын катышуучуларына эң сонун сыйлыктар уюштурулган. Биринчи орунду алган мугалим Москва шаарына 10 күнгө саякатка барып, музей-театрларды кыдырып билим куржунун байытып келсе, алдыңкы орунду ээлеген үч мугалим классындагы окуучулары менен Бишкекке саякатка келип кетет. Чындыгында, экскурсияга келген балдардын, аларды коштоп келгендердин айтымында, балдар эле эмес, чоңдор деле борбор калаага келгенде, музей-театрларга барып, көргөзмөлөргө көңүл бурбай эле, кафелерге барып ичип-жеп, базарларды кыдырып эле кете беришет. Мына ушул жерде мугалимдердин да, ата-энелердин да балдарга, алардын билимине, дүйнө таанымына кайдигер мамилесинин өзөгү жатып жүрбөсүн…

 

ЧҮЙ ЭМНЕ ҮЧҮН ЧАБАЛ БОЛУУДА?

Билим берүү, билим сапаты үчүн мугалимдер, жетекчилер менен бирге ата-энелер да жооптуу. Бул биринчи кезекте 11-классты аяктаган балдарын мектепти аяктар заман акча табууга “айдаган”, кол арага жараган балдарын тоо-талаага жумшаган ата-энелердин да “кулагына күмүш сырга” болуп тагылууга тийиш.

Мына кечээ жакында эле Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Мыйзамдын максаты – адамдын сапаттуу билим алуу укугуна кепилдик берүү, жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды тааныган инсанды ар тараптуу өнүктүрүү, ар бир адамга коомдун пайдалуу, кесиптерди эркин тандоо аркылуу эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүн берүү.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жаңы мыйзам долбооруна билим берүүнү каржылоонун ваучердик моделин киргизүү азыркы мектеп реформасынын эң башкы талаптарынан болуп эсептелерин, ваучерлер – ар кандай киреше деңгээли бар адамдардын сапаттуу билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча мамлекеттик саясаттын механизмдеринин бири экенин белгилейт. “Каржылоонун бул ыкмасында мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча биринчи кезекте окуучу балага көрсөтүлгөн кызмат үчүн берилет” — дейт министр.

Жаңы мыйзам билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды багыттоо менен бирге, билим берүүнүн сапаты, инклюзивдүүлүгү, мектепке чейинки билим берүүнү жогорулатуу, системаны башкарууну жакшыртуу, коррупцияны жоюу, ошондой эле билим берүү мамлекеттик каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер