ҮЧ ТИЛ, ҮЧ ҮН МЕНЕН ЖЕҢИШТИ БАГЫНДЫРГАН ЖЕТЕКЧИ

  • 14.10.2022
  • 0

“Казакстандагы сынакта негизги өзгөчөлүк үч тилде өткөндүгүндө болду, анткени мастер-классымдын биринчи бөлүгүн орус тилинде, экинчи бөлүгүн англисче жана кыргызча презентация кылдым. Экинчи өзгөчөлүгү – үч үндө болду, чечмелей кетсем: куурчак театрын ойноп күчүктүн, чоң эненин, автордун үнү менен сүйлөгөнүм калыстарды багындырды. «Запись эмеспи» деп отурган жериме чейин келип карашты”, — дейт Салтанат Кеңешчоро кызы.

5-октябрда Астана шаарында өткөн Эл аралык «Педагогикалык чеберчилик» фестивалында каарманыбыз 1-орунду камсыздап, мыкты даярдык жана өзгөчө чеберчилик менен  алты өлкөдөн келген 51 бала бакча өкүлүн камчы салдырбай артка калтырып, кыргызстандыктарды кубандырды.

“Мугалим окуучудан көп билиши үчүн, тынбай өсүп турушу керек. Кайсы жумушка барба, так иште, атаң экөөбүздү уят кылба. Жетекчи жумушуна таң атпай келип, эң акыркы кетиши керек. Бир орунда турба, эч качан чарчадым деп айтпа!”, — деген апасынын насаатын  жаш адис көкүрөгүнө бекем түйгөн.

ҮЧ ТИЛ, ҮЧ ҮН МЕНЕН ЖЕҢИШТИ БАГЫНДЫРГАН ЖЕТЕКЧИ

Балапан уядан эмнени көрсө, ошону алат эмеспи, андыктан, педагогдордун үй-бүлөсүндө чоңойгон Салтанат, албетте, бул кесипти тандабай коймок эмес. Апасы Акин Токтосунова  45 жыл мектепте тарых мугалими, анын 16 жылын мектептин директорлук кызматында иштеген. Күжүрмөн эмгегинин аркасы менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими болуп, учурда  персоналдык пенсиянын кадырманы. Улуу эжелери – тарых, англис тили мугалими болуп эмгектенишет. Кичинемде Жер жүзүн кыдырсам деп кыялданчумун, — дейт Салтанат айым. Ал кезде кадырлуу кесиптин аркасы менен, санарип мейкиндигинде дүйнө жүзүн кыдыраарын аңдабаса керек. Педагогдордун уюткулуу ордосунда тарбия алган секелек билим берүүнүн ой-чуңкуруна сүңгүп кирип, И.Арабаев атындагы КМУдан жогорку билимге ээ болот.

ҮЧ ТИЛ, ҮЧ ҮН МЕНЕН ЖЕҢИШТИ БАГЫНДЫРГАН ЖЕТЕКЧИ

Салтанат Кеңешчоро кызы 18 жылдан бери Билим берүү жаатында эмгектенип келет. Алгач бала бакчада усулчу болуп иштөөдөн баштап,  кийин КР ББИМ алдындагы педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуу институтунда иштеген. Ошол кездеги иш-аракеттери бүгүнкү күндөгү ишинин ийгиликтерине пайдубал болгон окшобойбу. 2017-жылы Билим берүү министрлиги жана социалдык борбордун жардамы менен “Көп тилдүү билим берүү программасы” түзүлүп, бала бакчада 2-3 тилде педагогикалык процессти өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

ҮЧ ТИЛ, ҮЧ ҮН МЕНЕН ЖЕҢИШТИ БАГЫНДЫРГАН ЖЕТЕКЧИ

Бишкек шаарындагы №3 бала бакча жалпы капиталдык оңдоп- түзөөдөн өткөрүлүп, ачылган күндөн тарта директору болуп дайындалганына үч жыл болгон. Учурда бул бала бакчада 105 бала тарбияланат. Балдарга үч тилди үйрөтүү төрт жаштан кийинки, ортоңку топтогу балдар менен башталат, ага чейин  кыргыз тилинде гана сабак өтүлөт. Баланын тили өз эне тилинде калыптангандан кийин гана көп тилдүү программанын алкагында сабак өтүлөт. Бир адам  — бир тил деген принцип менен, ар бир педагог баштан аяк өзүнүн сабагын эч котормосуз кыргыз, орус, англис тилинде жүргүзөт. Сабагында мимика, жест, оюндардын, куурчак театрдын жардамы менен балага котормосуз маалымат бергенде, оюн аркылуу ошол тилди үйрөнөт. Башка улуттун балдары котормосуз, оюн аркылуу кыргыз, англис тилин өздөштүрүүгө чоң өбөлгө түзөт. Жамаатта ар бир тарбиячы, педагог балага кылдат мамиле жасоо менен чеберчилигин жана чыгармачылыгын арттырып келет. Буга жетекчи өзү үлгү болууда.

ҮЧ ТИЛ, ҮЧ ҮН МЕНЕН ЖЕҢИШТИ БАГЫНДЫРГАН ЖЕТЕКЧИ

Быйыл биринчи бүтүрүү- чүлөрүнүн көбү баш калаабыздын №63 мектеп-гимназиясына кабыл алынган. Бала бакчадан алып келе жаткан үч тилдүүлүк орус тилдүү мектепке барганда толук кандуу уланып кетпегендиги келечекте чече турган маселелердин бири болчудай.

— Мен Эстониянын педа- гогдору менен абдан тыгыз байланыштамын. Вебинарларды өткөрүп турабыз. Эстониянын иш тажрыйбасын көп колдоном, анткени биздин жагдайлар окшош. Алар алгач эне тилинин калыптанышына көп маани берет, андан кийин чет тилин үйрөтөт. Эстониянын ушул методикасынын негизинде “Көп тилдүү билим берүү программасы” ишин баштаган, — деди жетекчи. -Менин эң биринчи максатым – ортоңку топтон баштап, англис тилин кошуп, мамлекеттик стандарттын негизинде балдарга бекер үч тил үйрөтүү.

Албетте, өзгөчө мектепке чейинки билим берүүнүн педагогдору өтө чыгармачыл адамдар болот. Бүгүнкү санарип доорунда бала бакчадан баштап балдар компетенттүү болууга тийиш. Бул маселе дагы Салтанаттын эң көйгөйлүү максаттарынын бири болуп турган учуру. Өзү айткандай, бала бакчаны техникалык каражаттар менен жабдуу — көп жаңыланууга жардам болмок. Ал үчүн көптөгөн долбоорлорду жазып, кат жүзүндө депутаттарга кайрылып келет.

ҮЧ ТИЛ, ҮЧ ҮН МЕНЕН ЖЕҢИШТИ БАГЫНДЫРГАН ЖЕТЕКЧИ

-Коомчулук менен иштөөдөн мурда, алгач ата-энелер менен бардык пландарыбызды, долбоорлорубузду ортого салып кеңешебиз. Алардын ой-пикири биз үчүн абдан баалуу. Бул ата-эненин педагогдорго болгон ишенимин арттырат. Ар бир долбоордун жыйынтыгы балдар аркылуу көрсөтүлөт, ошондуктан ата-энелердин колдоосу күчтүү болот. Ал эми андай колдоосу жок болсо, бир да мамлекеттик бала бакча иш алып бара албайт, — дейт Салтанат Кеңешчоро кызы.

ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ— КЫРГЫЗСТАНДЫК ПЕДАГОГ

Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалынын экинчи этабына кыргызстандык педагог Салтанат Кеңешчоро кызы 2022-жылдын март айынан июнь айына чейин өткөн сырттан окуу этабына жолдомо алган.

 

Эл аралык педагогикалык фестивалдын жеңүүчүсү мастер-класс өткөрүп, Кыргызстандын алдыңкы педагогикалык тажрыйбасын жайылтты. Өлкөбүздүн мектепке чейинки педагогикасынын чеберчилигин  көрсөтүп, эл аралык деңгээлде таламын талашкан Кеңешчоро кызы Салтанат — Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору.

А.АСАНАЛИЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер