«АЙТМАТОВ ТУУРАЛУУ АЛТЫ СӨЗДҮН» САЛМАГЫ
- 21.09.2026
- 0
Кеменгер инсан Омор Сооронов айткандай “ар бир китептин өзүнүн жаралыш тарыхы, өмүр баяны бар”. Биз сөз кыла турган китептин да кыргыз адбиятындагы, айрыкча Айтматов таануу илиминдеги орду өзгөчө. Ч.Айтматовдун көзү өткөндөн кийин анын адабий чыгармаларын талдоо көзү тирүүсүндөгү кээ бир жасакер ойлордон алыстап, чыныгы реалдуу пикирлерге, фактыларга көбүрөөк орун берилип, жазуучунун көркөм чыгармаларынын улам жаңы катмарлары ачылып, чыныгы баасын алып, экинчи өмүрү менен жашай берчү доору башталды. Белгилүү адабиятчы, тажрыйбалуу педагог, филология илимдеринин доктору, профессор Садык АЛАХАНДЫН (Тиллебаев Садык Алахановичтин) 2013-жылы жарык көргөн “Ч. Айтматовдун алгачкы аңгемелери” деген монографиясы жарык көргөн. Мында 24 – 26 жаштагы жаш жазуучу Ч. Айтматовдун 1952 -54 – жылдарда орус тилинде жазган алгачкы “Гезитчи Дзюйо”, “Ашым”, “Биз андан ары барабыз”, “Сыпайчы”, “Кайракта” деген беш аңгемеси алгачкылардан болуп толук, бардык проблемалары системалуу талданып изилденген. Бул монографиялык эмгек айрым толуктоолордон кийин 2023 – жылы “Айтматов тууралуу алты сөз” деген аталышта кайрадан басылып чыккан. Мында автордун жаш жазуучунун Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтунун архивинде сакталып турган өздүк делосундагы тарыхый маалыматтар, айрым чыгармалары (“Кыямат”, “Алтын жана кар”) жөнүндө иликтөөлөрү жана жогоруда саналган аңгемелер боюнча айрым айтматовтануучулардын изилдөөлөрү туурасында жазылган маанилүү маалыматтар камтылган кеңири Кириш сөз орун алган. Монографиялык эмгекте илимий иштин талабына жараша жазуучунун жогоруда аталган беш аңгемесинин изилдениш тарыхы 1960-жылдардан баштап кандай тагдыр кечиргени, дегеле жазуучунун чыгармаларынын кыргыз тилинде жарыяланыш баяны боюнча бир сыдыра иликтенип чыккан.
Табиятынан таланттуу, адабият айдыңында даңазалуу өмүр кечирген залкар жазуучунун жогоруда аталган беш аңгемеси туурасында эмнегедир адабият таануу илиминде көңүл бура турган, талкуу жарата турган системалуу иштелген эмгек болгон эмес экен. Окумуштуу С. А. Тиллебаев ушул маселеге кайрылып, анын негизги себеби катары биринчиден, жаш жазуучунун алгачкы аңгемелери орус тилинде жазылып, ”Гезитчи Дзюйо”, “Биз андан ары барабыз” “Комсомолец Киргизии” газетасына ( 1952-жылы), “Ашым” “Киргизстан” альманахына (1952-жылы), “Сыпайчы” “Киргизстан” адабий-көркөм альманахына 1953-жылы жана “Кайракта” “Советская Киргизия” газетасына 1954-жылы жарык көргөнүн, экинчиден, бул али эч кимге белгисиз мезгилде жазган тырмак алды аңгемелери жөнүндө Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктын лауеаты, Социалисттик эмгектин баатыры, дүйнөгө белгилүү жазуучу Ч.Айтматов өзү 1980- жылы айрым бир сын көз менен караган пикирлерин айтканы да себеп болушу мүмкүн дейт. Ошондой эле илимпоз таланттуу жазуучунун сөз кылып жаткан аңгеме жанрындагы чыгармалары туурасында алгачкылардан болуп изилдөө жүргүзгөн К. Асаналиев, А. Салиев, Г. Д. Гачев, П. Е. Глинкин, Б. Кебекова, К. Бобулов, Л. Үкүбаева, А. Акматалиев, М. А. Рудов, М. Плисецкий, Н. Никипорец, Калык Ибраимов ж.б. лардын эмгегин өтө дыкаттык менен карап, кайсы автор кайсы аңгемесин анализдегени туурасында кеңири изилдөө жүргүзгөн. Алардын эмгектерине, айрым илимий макалаларына, жазуучулар союзунун пленумдарында окуган баяндамаларына кыраакы сын көз менен карап, өзү изилдөөгө алып жаткан алгачкы беш аңгеме туурасында ким эмне дегени боюнча полемикага чыгуу менен анализдеген. Чындыгында бул аңгемелер жөнүндө эч биринде реалдуу сөз да болбоптур, көркөм чындык менен чыныгы чындыктын түпкү маани-маңызы ошол чакан аңгемелерде кандай даржада кызмат өтөгөнү да айтылбаптыр. Сөзүбүз кургак болбош үчүн С. А. Тиллебаевдин биз сөз кылып жаткан эмгегинен мисал келтирип көрөлү. “К.Бобулов минтип жазат: “Мындан он бир жыл мурда “Кыргызстан” альманахында эч кимге белгисиз жаш калем Ч. Айтматовдун “Газетчи Дзюйо” деген чакан аңгемеси жарык көрөт. Айтматовдун талантын урматтаган окуучулар бул аңгемени окуп чыгышса: “Кантип эле ушул Айтматовдун калеминен чыксын” — деп таң калышы ыктымал. Автор да бул аңгемесин эч бир жыйнагына киргизбейт, жөн гана адабий факт катары эскерип жүрөт. Албетте, аңгеме мактоого татыктуу эмес. Анда япондук гезитчи бала жөнүндө сөз болот. Эч качан көрбөгөн чоочун турмушту тайманбай жазышы эле Айтматовдун такшала электигин далилдейт”. ( 1.13-б. С.Тиллебаев. Айтматов тууралуу алты сөз.) К. Бобулов көркөм чыгарманын сырткы формасына гана көңүл буруп, бүгүнкү күндө да өз маанисин, түбөлүктүүлүгүн жоготпогон эркиндик, эгемендик деген бүткүл адамзаттык проблема аңгеменин түпкү маанисин түзүп тургандыгын далилдөө менен Садык АЛАХАН, “Эң алгачкы, тырмак алды чыгарманын эле гениалдуу жазыла калышын талап кылуу туура эмес болуп калат. Бул бир. Экинчиден, Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын баарын сөзсүз түрдө мактоо керек деген ой да бир аз калпыс пикир болуп саналат. Үчүнчүдөн, “эч качан көрбөгөн чоочун турмушту тайманбай жазуу” сөзсүз түрдө эле калемгердин “такшала электигин” далилдебейт. Бул жерде талант менен көркөм фантазиянын тубаса биримдиги, ажырагыс карым-катышы жөнүндөгү маселе да катылып жаткандыгын эстен чыгарбаганыбыз оң. Анткени, жазуучу канчалык таланттуу болсо, андагы көркөм фантазия ошончолук таңкаларлыктай бийик жана учкул канаттуу болот. Жаш жазуучу Ч. Айтматов менен алыскы-алыскы япон баласы жөнүндөгү окуядан биз чыгармачылыктын катылуу сыры болгон дал ушул көрүнүшкө туш болуп жатабыз” – (2.14-б. С.АЛАХАН. Айтматов тууралуу алты сөз.) деп, чыгармачылыктын татаал табиятына анализ берет.
Эмгектеги маанилүү маалымат аты дээрлик унутта калган алгачкы айтматовтаануучу илимпоз Бакен Ашымбаев жөнүндө деп айтууга болот. Бакен Ашымбаев Ч. Айтматов менен түздөн-түз тааныш болуп, анын чыгармаларын ичкериден таанып-билип, тынымсыз газета беттерине макала жазып, жалпы журтка кеңири маалымат таратып турган журналист, адабияттын теориясын мыкты түшүнгөн илимпоз болгон экен. Анын адабий-теориялык илимий деңгээлин аныктаган 1965-жылы жарык көргөн “Чынгыз Айтматов” деген, автор өзү жанрын “сынчыл-биографиялык очерк” деп атаган эмгеги болгон. С.Алахан Б.Ашымбаевдин бул эмгегин кеңири изилдеп, ошол мезгилде эле автор адабяттын кунун мыкты түшүнгөн, илимге болгон камылгасы бышып калган изилдөөчү болгонун, автордун ушул эмгектин негизинде кандидаттык диссертация коргосом деген да ниети болгонун жазат. Бакен Ашымбаев: “Айтматовдун чыгармачылык чыйыры 1952—жылы салынды.”Газетчи Дзюйо” ага удаа “Ашым”, “Сыпайчы” жана башка аңгемелери жарык көрдү. Бирок, бул аңгемелер психологиялуу келип, кичине формадагы жанрды өз алдынча табылгалар менен байыткандыгына карабастан, Айтматовду жазуучу катары анча тааныта алган жок” (3.36-б. Б.Ашымбаев. Ч.Айтматов.) деген сыяктуу бир топ туура баа берилген эмгек экенин баса белгилеген. Мындан сырткары Бакен Ашымбаевдин Ч.Айтматов туурасында жазылган алтымышынчы жылдары гезит бетттерине жарыяланган бардык макалалары жана анын өмүр баянына байланыштуу тарыхый маалыматтар, эскерүүлөр менен б үгүнкү окурмандарды тааныштырат. Бакен Ашымбаев жөнүндө алгачкы маалыматты адабиятчы окумуштуулар А. Садыков, С. Жигитов да өз эмгектеринде эскерип өтүшкөнүн айта кеткенибиз оң. Тилекке каршы Б. Ашымбаев өзүнүн аруу тилектерине жетпей, тагдырдын жазмышы менен кайтыш болуп калат. Илимпоз С.Алахандын мына ушундай дилин коюп, зор ынтаа менен жазылган, илимпоздук тажрыйбасынын бай көрөнгөсүнөн жаралган эмгегинин салмагы өзгөчө.
Белгилүү илимпоз, чыгаан айтматовтаануучу Кеңешбек Асаналиев бир кезде “ кыргыз сынчыларынын алдындагы милдет “кичине”, “бир чымчым” болсо да ар ким өзүнүн Чынгыз Айтматовун ачууда турат” деп адилет пикир айткан. Чындыгында эле дилинде көркөм чыгарма уюган, адабият таануу илимине тиешеси бар ар бир инсандын Айтматов жөнүндө жок дегенде бир макала жазбаганын табуу кыйын. Ошол сыяктуу эле өмүрүн адабият тааанууга жана студенттерге филологиялык билим берүүгө арнаган Садык Алахан 1979-жылдан бери (КМУну бүткөн ошол 1979-жылы университеттин ректору Кайып Оторбаев алып калган) адабияттын ар түрдүү проблемалары боюнча 5 монографиясын, 7 илимий макалалар жыйнагын (бирөөсү Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин грифи менен), 8 окуу куралын (бирөөсү Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин грифи менен), 4 типтүү окуу программаларын (бирөөсү Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин грифи менен) атпай журтка тартуулап, 300 дөн ашуун илимий макаларды жарыялаган. Ошону менен катар залкар жазуучунун чыгармалары боюнча да маанилүү проблемага кайрылып, олуттуу илимий эмгек жазган. Адабият таануу илиминдеги ала калган, чала калган, чампалап өткөн жагдайларды чыпкалап отуруп, “өзүнүн айтматовун ачып” айтматовтааануу илимине салмактуу эмгек кошкону анын илимге болгон тактыгын айгинелейт. Жогортон бери сөз болуп келе жаткан жазуучунун калем алды беш аңгемеси боюнча дилин коюп иштеген эмгеги боюнча кыскача маалымат берип көрөлү.
“Газетчи Дзюйодо” бардык аракети кара курсагын гана багуу үчүн болгон япондук 14 жашар Дзюйонун көчөдөгү жашоосу аны өстүргөнүн, табиятынан баамчыл, сергек баланы чоң шаардын бардык оң-терс, жакшы-жаман көрүнүштөрүн аңдап –таанууга үйрөткөнү чыгарманын сюжетинен эле ачык баамга түшөт. Окуя өткөн кылымдын 50-жылдарында болуп жатат. Эл кумурскадай жайнаган шаар жашоосунун турмушу көчөдөгү бардык окуянын күбөсү болуп жүргөн көкүрөгү көрөгөч баланы чоң турмуштун айрым элементери менен тааныштыра баштайт. Демонстрация, согушка каршы жөө жүрүш, эркиндик, көз карандысыздык, тынчтык деген жаңы түшүнүнүктөр дүйнөлүк деңгээлдеги саясий-экономикалык окуялар Дзюйонун аң сезимине бурулуш жасап, жаңыны таануу, өзүн коомдун мүчөсү, эркин адам катары сезип, аң –сезими ойгоно баштайт. Ошол 1952- жылдарда СШАнын Японияга жасаган баскынчылык саясатынын учугу бүгүн деле үзүлбөй, башка майда мамлекеттерге колдонуп келе жатканын көзүбүз менен көрүп жатпайбызбы. Же болбосо, дүйнөлүк согуштан кийин Сталиндин аброю тынчтыкты сактоонун, жеңиштин символу болуп турган учурда буткүл союздук республикаларда мындай пафостогу, керт башына сыйынуучулук таризиндеги чыгармалар байма-бай жазылган. Жаш жазуучу Ч.Айтматов да бул эрежеден, бул салттан четтей алмак эмес. Мисал келтирүүнүн зарылдыгы жок. 24 жаштагы студенттин алгачкы чыгармасында алыскы бир япондук жетим баланын кичинекей тагдыры менен бир чоң мамлекеттин элинин тагдыры өтмө катар жуурулушуп, бир бүтүндүккө айланганын көрөбүз. Ал эми каармандын газета саткан кесиби көркөм чыгармадагы сырткы фон. Каарман менен тааныштыруунун, сюжет түзүүнүн алгачкы чыгармачылык изденүүсү эле.
Албетте, алгачкы аңгемени адабиятты талдоо маселесинин призмасынан караганда кемчил жактары да болору табигый көрүнүш. Алар боюнча илимпоздор адилеттүү да, өтө эле чындыкка жакындабаган да пикирлерин айтканын илимпоз С.Алахан баса белгилептир. Ошондой эле “Арийне, Ч.Айтматов жараткан көөнөрбөс көркөм дүйнөнүн алгачкы булагы, тунгуч башаты болгон бул аңгеменин алгылыктуу жактары катары анда автордун көркөм туюмунун байкалып турушун, сюжет курууда тыкандыкка, логикалык жактан ырааттуулукка умтулуусун, анан, албетте, көркөм фантазиясынын күчтүүлүгүн көрсөтүп кетер элек”- деген жыйынтыктоочу сөзүн айтат. (4. 56-б. Мындан аркы сноскалар С.Алахандын “Айтматов тууралуу алты сөз” деген китебинен алынат).
Окумуштуу андан ары алгач “Ашым” аңгемеси качан, кайсы тилде жазылып, кайда жарыяланганы туурасындагы тарыхый маалыматтар менен окурманды тааныштырат. Мындай тартип беш аңгемеге да бирдей колдонулган. Албетте бул окурмандар, аспиранттар, студенттер, окуучулар үчүн эң сонун тап-так тарыхый маалымат болуп эсептелет.
Окуя баш каарман колхоздун устаканасындагы уста Ашым карыянын айланасында өнүгүп, анын Улуу Ата мекендик согушта набыт болгон уулуна болгон керт башынын орду толгус ички күйүтү, кайгы-касирети, сагынычы жана кыйынчылык мезгилдеги элдин турмушу сүрөттөлөт. Изилдөөчү Ашымдын ошол жан дүйнөсүн эзген санаадан жаралган кыялый дүйнөсүн, ой-чабытын жашоо чындыгын, реалдуу жашоо менен ажырагыстай болгон сүрөттөөнү көркөм сөздүн күчү менен ширелишип “бир бүтүндүккө айланып” калганын ишенимдүү далилдеп берген. “Жазуучу чыгармадагы окуялардын бүтүндөй бир түрмөгүн Ашымдын ой-толгоосунун, учкул кыялынын, көөдөндөгү санаасынын реалдуу турмушка айланышындай кылып сүрөттөп бергендигине күбө болобуз. Баяндоонун мындай формасын табуусун жаш калемгердин ошол учурдагы сюжет куруу ишиндеги ийгилиги, каармандын ички дүйнөсүн ачып берүүгө болгон аракетиндеги чакан табылгасы катары караганыбыз оң” –дейт окумуштуу. (5. 59-б.) Ошондой эле бул изилдөөдө “Ашым” ангемеси жөнүндө сын көз менен жазылган айрым пикирлерге дебатка чыгып, көркөм адабияттын багытын, максатын, сөз искусствосунун күчүн бир-бирден жиктеп анализдеп, аңгеменин баа-баркын көтөрүп салган. Аңгемени жазуучунун келечектеги чыгармаларынын эң мыкты көрөнгөсү, алгачкы туура кадамы катары баалаашы изилдөөчүнүн көркөм адабияттын табиятын таануудагы өзгөчө баамчылдыгын көрсөтөт.
Ал эми “Биз андан ары барабыз” деген аңгеменин ретроспективасында жазуучу окурманды чыгарманын негизги каармандарынын бири Бейшеналы аксакал жана анын уулу курулушчу Самсаалы менен тааныштырат. Бейшеналы аксакал жаш кезинен баштап “Кызыл-Туу” колхозунда мураб болуп иштейт. Жашынан эле белдүү, акылдуу, эмгекчил жигит болгонун, 1915- жылы Бейшеналы 22 жаш курагында ачкадан адамдар да, малдар да өлүп, болуп көрбөгөндөй улуу жут болгону баяндалат. Негизи мындай жуттар илгери байма-бай эле болуп туруучу турмуштук көрүнүш болгон. (Буга окшогон сюжеттерди жазуучулар өздөрүнүн чыгармаларында көп эле колдонушкан.) Андан кутулуунун бир жолу сугат жерлерди көбөйтүп, көбүрөөк жем-чөп камдоо эле. Ошондо Талас өрөөнүнө белгилүү манап Боронбай Көк-Суу дарыясынан баштап Боз-Адырдын капталы менен канал каздырат. Сюжетте али эрксиз, кулчулук сезимдин туткунунда жашаган шордуу карапайым элдин канал казып, ачка иштеп, жалаң кара жарма менен жүгөрү нан жеп араң жаны калган образы, аларды күнү- түнү жанын тындырбай иштеткен Боронбайдын жасоолу Жолбундун карамүртөздүгү, катаал эмгек процесси, турмуш чындыгы реалдуу сүрөттөлгөн. Жазуучу бул эчак өткөн окуя менен кийинки Совет доорунда 22 жаштагы жаш Самсалы Бейшеналиевдин 1952-жылы Волга –Дон каналынын экскваторчу куруучусу болуп ийгиликтүү иштеп жатканын кандайдыр бир деңгээлде параллель коюп баяндаганы ачык байкалат. Мурда эл техника жок, шарт жок мезгилде кол менен иштеп өмүрлөрү, жаштыгы тозок менен өтсө, Самсалынын эгектеги жетишкендиги такыр башкача турмуштук шартта, жаңыча нукта эле. Бул туурасында атасы да, эл да андан келген каттар аркылуу кабардар болуп турушат.
Илимпоз С.Алахан бул аңгеменин да изилдениш тарыхы, жетишкен жана кемчил жактарына тыкыр көңүл буруп, анализдеген. Жазуучунун кандайдыр бир даражада аңгеме жанрынын жүгүн көтөрүп турган, көбүрөөк публицистикага ыктаган бул аңгемеси да майда деталдарына чейин көз жаздымда калбай изилденип, өз дэңгээлине жараша баасын алыптыр.
Андан ары сөз “Сыпайчы” аңгемеси туурасында жүрүп, аңгеменин башындагы чакан уламыш жазуучунун дээрлик көптөгөн чыгармаларындагы элдик легенда, уламыш, тарыхый баяндарга терең философиялык ойлор сиңирилип бир бүтүндүккө айланышы, көчмөн элдин дүйнө таанымындагы уңгу жолунун түбөлүктүүлүгү жөнүндөгү этнофилософиялык категориялар көркөм чыгармаларынын башатында эле, чыгармачылыгынын алгачкы кадамдарында эле орун алганын белгилейт. Андан ары аңгеменин негизги мазмунун аныктай турган окуясы, каармандардын сюжет түзүүдөгү ролу каралат. Чыгармадагы негизги каармандар өмүр бою ата-бабасынан бери сыпайчы деген кесипти аркалап, кургак жерлерге суу жеткирип, айдоо жерге айлантып, элдин жашоосуна кам көрүп келе жаткан Бекназар – али жаңыны өздөштүрө элек, өз билгенин бербей, өз чындыгы менен жашаган эски адам. Алымбек – анын уулу. Атасынын түшүнүгү боюнча ата-бабадан бери келаткан сыпайчы кесибин улантууга милдеттүү. Бирок, ал мектепте окуп, физика мугалиминен гидротехника илими боюнча маалымат алып, Талас дарыясына улам койсо улам дарыя агызып кеткен сыпайлардын ордуна шлюзаларды койсо болорун билген, жаңыны тааныган жаш адам. Үчүнчүсү капчыгайдын койнунан түбөлук орун алып, бирде тиги өйүзгө, бирде бул өйүзгө урунуп, эч кимге, эч нерсеге ээ-жаа бербей буркан шаркан түшүп аккан албуут Талас дарыясынын жандуу образы. Бекназар менен уулунун ортосундагы кичинекей конфликт ата-баланын эмес, жаңы менен эскинин ортосундагы конфликт. Жаш жазуучунун айтайын дегени жашоонун жаңыланышы, доордун өгөрүшү. Бул проблема чыгармада өзүнчө маанилүү көркөм жүктү аткарып турат.
Илимпоз “Жыйынтыктап айтканда, Ч.Айтматовдун “Сыпайчы” деп аталган бул аңгемеси сюжеттик-композициялык курулушунун тыкан иштелиши, каармандардын жан дүйнөсүнүн бир топ чебер ачылып берилиши, баяндоонун ар кандай ыкмаларынын иштиктүү пайдаланышы боюнча андагы жаш калемгердин чыгармачылыгынын алгачкы этабындагы ийгилиги деп айтсак болот ”- ( 6. 96-б.) деп жазган.
Илимий эмгекте анализге алынып жаткан аңгемелердин бешинчиси “Кайракта жана ал жөнүндө” деп аталып, ( сөз кылып келе жаткан беш аңгеме боюнча изилдөөсүн да изилдөөчү ушундай тартипте атайт) сюжет тракторчулар бригадасынын бригадири Чормонов, МТСтин жаңы башкы агроному Кожомкулов жана тракторчулар бригадасынын мурдагы тракторчусу Эралынын айланасында түзүлгөн. Мында көрүнүп тургандай каармандардын ар биринин конкреттүү аткарган иши, өз кесиби бар. Биринчи эле кезекте терс каарман Чормонов көзгө түшөт. Социалисттик түзүлүштүн мезгилинде калп айтуу, кошуп жазуу, жүз койдон эки жүз козу алдык дегендей көз боемочулуктар эмгекчил элдин жана жаңыдан бутка туруп келе жаткан жаңы коомдук түзүлүштүн кендирин кескени баарыбызга маалым. Кыргыз адабиятындагы эң көп жазылган сюжет. Чыгарманын негизги максаты мына ушундай терс көрүнүштөрдүн бетин Чормонов сыяктуулардын образы менен ашкерелөө болгон. Чормонов кайрак жерлерди да агротехникалык эрежелерди колдонуп айдатып, жакшылап караса мол түшүм берерин жашырып, тескерисинче туура эмес маалымат берип, күйүүчү майды, үрөндү өзү пайдаланып жүргөнүн жаңы агроном Кожомкулов менен тракторчу Эралы ачыктап чыгат. Мында сюжеттин композициялык түзүлүшү, каармандардын чыгармада аткарган кызматы ийгиликтүү иштелген.
Баарыбызга белгилүү болгондой Ч.Айтматов ошол тырмак алды алгачкы аңгемелеринде эле эч кимге окшобогон ыкма, өзүнчө чоң философиялык ойлорду сиңирген чеберчилик, трагедиялуулук (балалыгы адам чыдагыс оор шартта жашаган, тагдыры таш боор турмуштун туткунунда калган Дзюйонун трагедиясы, жалгыз баласынан ажыраган Ашымдын трагедиясы) проблемасы тариздүү башкача көркөм каражаттарды мобилизациялап, чоң адабий камылга менен жазган улуу ойчул жазуучу экени ачык көзгө түшөт. Дүйнөгө белгилүү залкар ойчул жазуучубуздун жазуучулук тагдырынын ошол жылдызы жанган өткөн кылымдын элүүнчү жылдарында жараткан алгачкы аңгемелеринде сюжет куруу, образ жаратуу, чоң-кичине окуяларды каармандардын иш-аракети аркылуу мотивациялоону ошол мезгилде эле дурус колдонгон экен. Аңгемелердин бардыгында адам баласын ыйманга, жан дүйнөнүн тазалыгына, адамдык аруу сапаттарга чакырат. Чындыгында да элдик оозеки сөз өнөрүнүн мурастары да, индивидуалдык чыгармачылыктан жаралган көркөм чыгармалар да улам жөнөкөйдөн татаалга карай өнүгүп, нарк-насили жогорулап, дүйнө таанымдык философиялык категориялар сиңирилип, адамдын метофизикалык, этика-эстетикалык ой жүгүртүүсү жөнүндөгү чыгармалар мисалы, Ч. Айтматовдун, К. Акматовдун, С. Раевдин романдары сыяктуу көркөм туундулар жарала берет.
Анын чыгармаларын изилдөө да ошончолук адабий, илимий-теориялык камылганы талап кылат. Ар бир илимпоздун теманы тандоонун, проблеманы изилдөөнүн өздүк илимий методу, акырындап калыптанган тажрыйбанын натыйжасында топтолгон илимий- методологиялык ыкмалары бар. Садык Алахан да кыргыз адабиятынын теориялык аспектилерин мыкты түшүнгөн илимпоз катары залкар жазуучунун ааламды багынткан даңктуу жолунун алгачкы кадамы болгон беш аңгемесин илимилй иштин талабына жараша изилдеп, салыштырма аналитикалык талдоодон өткөргөн.
Садык Алахандын бул эмгегинен жаңыча ой, жаңыча талкуу, бүгүнкү күн менен салыштырып кароо, тап-так дал келүүчүлүктөрдү таап чыгуу сыяктуу терең чечмеленген, салыштырылган, окшоштурулган табылгаларды көрдүк.
Дагы кыска айта кете турган маалымат: бул китепте монографиялык эмгектен сырткары Ч. Айтматовдун өмүр жолунун башталышы тууралуу “Адабият институтуна апарган жол”, “Акыр заман” (“Кыямат”) романы жөнүндө “Ар бир адам – бир заман”, жазуучунун жазылып бүтпөй калган, айрым бир үзүндүлөрү гана жарыяланган “Алтын жана кар” деген сыяктуу адабий мурасы туурасында “Алтындын алааматын айткан алтын мурас”, белгилүү адабиятчы окумуштуу Лайли Үкүбаеванын “Чынгыз Айтматов: эстетика жана улуттук негиз” деген илимий эмгегине жазылган “Олуттуу эмгек”, адабиятчы Б. Тагаевдин Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы трагедиялуулук проблемасына арналган эмгеги жайында айтылган “Трагедиялуулуктун жайынча изилдениши” деген рецензиялары, дегеле улуу жазуучубуздун көркөм жаратмандыгы боюнча жазылган, бир топ терең изилденген материалдар да орун алган. Анын баарын кеңири жазуунун зарылчылыгы жок. Кызыккан окурман китептен окуп алат го деп ойлойбуз.
Орозова Гүлбара Жалаловна,
филология илимдеринин доктору,
КРнын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты,
КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер.