БОЛОТ КУЛНАЗАРОВ – ИЛИМГЕ ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШКА ӨМҮРҮН АРНАГАН ИНСАН

  • 23.05.2025
  • 0

Болот Кулназаровдун өмүр жолу жана илимий ишмердүүлүгү – кесипке берилүүнүн, чыныгы илимге кызмат кылуунун үлгүсү эмес, бул – тарыхта, адамдардын жүрөгүндө, биздин өлкөбүздүн келечегинде өчпөс из калтыруунун символу. Ал биз үчүн жөн гана Ош мамлекеттик университетинин зоология жана экология кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин доктору, профессор эле эмес, ал биз үчүн дем-күч, чыныгы акылмандык менен адамдык асыл сапаттардын өрнөгү үлгүсү болду. Ал бизди адис катары гана эмес, инсан катары, чыныгы жаран катары тарбиялады. Болот Карамырзаевич негиз салган илимий мектеп Кыргызстан үчүн көптөгөн көрүнүктүү адистерди тарбиялады. Биз Ош педагогикалык институтуна биринчи келгенде Болот Карамырзаевич болгону 28 жашта болчу. Анын жаштыгы, кубаттуулугу, спорттук келбети жана ачыктыгы бизди дароо өзүнө тартып алды. Ал бизге жөнөкөй айылдан чыккан адам да, дүйнөлүк деңгээлде өз өлкөсүн татыктуу көрсөтө алаарын далилдеп берди. «Жүрөктөн чыккан иш ийгиликке жетет» — анын ар бир кадамы бул чындыкты тастыктап турчу.

БОЛОТ КУЛНАЗАРОВ – ИЛИМГЕ ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШКА ӨМҮРҮН АРНАГАН ИНСАН

Кара-Суудан башталган жол

Болот Карамырзаевич Кулназаров 1960-жылы Аксы районунун Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти мыкты бүтүрүп, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун биология факультетине тапшырып, 1983-жылы кызыл диплом менен аяктаган. Илимий дүйнөгө болгон кызыгуусу аны аспирантурага чейин жетелеп, Белоруссияда окуп, зоология тармагында изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

1989-жылы Казакстандын зоология институтунда кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Ал эми 1990–1991-жылдары Москва мамлекеттик университетинде “Жаратылышты коргоо жана сарамжал пайдалануу” адистиги боюнча билим алып, Кыргызстандын алгачкы кесипкөй экологдорунун бири болгон.

Кыргызстандагы зоология жана экология илиминин түптөлүшүнө зор салым кошкон, ондогон окумуштууларды тарбиялап өстүргөн профессор Болот Кулназаров – бүт өмүрүн илимге, билимге, табиятты коргоого арнаган чыгаан инсан эле. Анын ысымы бүгүн да замандаштарынын жана шакирттеринин жүрөгүндө терең сый-урмат менен сакталат.

Экологиялык билимдин башатында

Ош мамлекеттик университетинин табигый илимдер факультетинде кафедра башчысы болуп иштеп турган жылдары Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар менен мектептерге экология сабагын киргизүүгө чоң салым кошкон. 1999-жылы кыргыз тилиндеги биринчи “Жалпы экология” окуу китебин Москвадан чыгарып, студенттерди толук кандуу окуу куралы менен камсыз кылган.

Анын илимий ишмердүүлүгү абдан кең жана терең болчу. Агайдын жетекчилиги астында 13 кандидаттык диссертация корголгон, кырктан ашык дипломдук иштер аткарылган, 130дан ашык илимий эмгек, анын ичинде төрт окуу куралы, үч монография, тогуз методикалык колдонмо жарык көргөн. Бул сандык көрсөткүчтөр — жөн гана сандар эмес, бул анын талыкпас эмгегинин жана илимге болгон чексиз сүйүүсүнүн далили.

БОЛОТ КУЛНАЗАРОВ – ИЛИМГЕ ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШКА ӨМҮРҮН АРНАГАН ИНСАН

Изилдөөчү жана уюштуруучу

Болот Карамырзаевичтин жетекчилиги менен ондогон илимий экспедициялар уюштурулуп, Сары-Челек, Кулун-Ата, Падыша-Ата сыяктуу коруктардагы жаныбарлар дүйнөсү изилденген. Ошондой эле “Жаш зоолог, эколог” аттуу илимий ийрим түзүлүп, жаштар илимге тартылган.

1994-жылы “Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү, аларды коргоо жана сарамжал пайдалануу” аттуу алгачкы монографиясы жарык көргөн. Кийинчерээк “Алайдын табигый чумасынын паразитоценоздору” аттуу фундаменталдуу эмгеги илимий коомчулукта жогору бааланган.

Окумуштуу тарбиялаган устат

Болот Кулназаров бир нече илимдин кандидатын даярдап чыгарган. Алардын ичинен кээ бирлери бүгүн илимде жана билим берүүдө жетекчи кызматтарда эмгектенип жатышат. Анын мектеби – териология, орнитология, паразитология, батрахология тармактары боюнча илимге салым кошкон.

Ал бизге дайыма: «Эгер кандайдыр бир бийиктикке жетсеңер, арттан келе жаткандарга жол көрсөтүп бергиле.» — деп, айтып турчу. Өзү ушул принциптин чыгаан үлгүсү болду.

Дүйнөгө таанылган илимпоз

Профессор АКШда, Германияда, Венгрияда, Индияда жана башка мамлекеттерде илимий стажировкалардан өткөн. Эл аралык конференцияларга катышып, Кыргызстанды илимий чөйрөдө татыктуу тааныткан.

Ал БУУнун “LIFE” программасынын Кыргызстандын улуттук координатору болуп да эмгектенген.

Бирок дүйнөлүк деңгээлдеги ийгиликтерине карабай, Болот Карамырзаевич ар дайым өзүн биринчи кезекте жөнөкөй устат катары сезген. Ал студенттери менен ачык мамиледе болуп, алардын ар бир ийгилигине чын жүрөктөн сүйүнгөн.

«Ойлоруңарды ачык айткыла. Биз эркин ой жүгүрткөн адамдарбыз», — деп көп айтчу. Бул сөздөр биздин жашообузда чоң таяныч болду.

Болот Карамырзаевичти биз китептери аркылуу эле эмес, өзүбүздүн ишибизге, билимге жана адамдарга болгон мамилебиз аркылуу эстеп турабыз. Анын принциптери биздин жашообуздун бир бөлүгү болуп калды.

«Илимде чек жок. Идеялар жана билим бүт дүйнө үчүн ачык болушу керек», — деген сөздөрү ар дайым кулагыбызда жаңырып турат.

Унутулгус инсан

Тилекке каршы, илимге, мекенге зор эмгек сиңирген профессор Болот Кулназаров 2013-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Анын артында терең из калтырган илимий мурасы, окуучулары, үй-бүлөсү жана анын ысымын унутпаган эл калды.

Бүгүн анын өмүр жолу – жаш муун үчүн өрнөк. Ал түзгөн илимий мектеп – кыргыз биология илимине болгон чексиз сүйүүнүн символу.

Ошондой эле Болот Карамыразевичтин жубайы Айнура айымдын жана уулдарынын анын ак ниет эмгегин улап, урпактарга татыктуу мурас катары калтыруусуна ишеним артабыз.

Анын ар бир эмгеги «Илим элдин тили менен сүйлөшү керек» деген философияны камтып турчу.

Мына ушундай улуу инсандарды эстеп, алардын өмүр жолун улантуу биздин ыйык милдетибиз. Анткени алар аркылуу, алардын жан аябас кызматы аркылуу билим берүү тармагы гана эмес, өлкөбүздүн келечеги да курулат. Болот Карамырзаевич Кулназаровдун аты унутулбайт, анткени анын жаркын элеси жана таасири ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашайт.

Билимди, илимди мурастап, алар аркылуу өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жана өсүшүнө салым кошууну татыктуу улантуу зарыл. Ошондуктан биз анын мурасын улантып, баалап, келечек муунга жеткирүүгө милдеттүүбүз.

БОЛОТ КУЛНАЗАРОВ – ИЛИМГЕ ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШКА ӨМҮРҮН АРНАГАН ИНСАН

Арзыбек Кожошев,
окуучусу, экономика илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, Евразия экономикалык комиссиясынын Энергетика жана инфраструктура боюнча коллегия мүчөсү (Министр)

Бөлүшүү

Комментарийлер