БИЗДИН БИЛИМ ОРДО – РАЙОНДУК МЕКТЕПТЕРДИН УНИВЕРСИТЕТИ
- 08.07.2026
- 0
Окутуу үч тилде (кыргыз, орус, өзбек) жүргүзүлгөн А. Навои атындагы жалпы билим берүүчү мектеп мекемеси дээрлик 50 жылдан бери келечек муунга билим берүүдө жигердүү жумуш аткарып келет. Бул билим уясынын Лейлек өрөөнүндө “Райондук мектептердин университети” деген наам алганына көп жылдар болду. Бул атка конуу жөндөн-жөн эле болуп калган эмес. Мындай бийик наамга жетүү үчүн көп улуттан турган педагогикалык эмгек жамааты Манас атабыздын жети осуятында айтылгандай, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдикте” иш алып барып, ар тараптуу тынымсыз эмгектенип келет. Мугалимдер мектептин таалим-тарбия иштерин күчөтүп, билим сапатын көтөрүүгө аракет жасап, ар бири өз үстүндө иштеп, көп тажрыйбага ээ болушкан. Ошондон соң алар мыкты натыйжаларга жетишип, ушундай сыймыктуу наамга татыктуу болушкан. Ошону менен чектелип калбай, иш тажрыйбаларын башка мектептердин мугалимдери менен бөлүшүп, райондук, областтык, жада калса, республикалык деңгээлде кенен жайылтышкан…
Буга үстүбүздөгү окуу жылынын аягында дагы бир жолу ынанып отурган кезибиз. Анткени 2025-2026-окуу жылынын башында эле мектеп жамааты өздөрүнүн таалим-тарбия иштерин мыкты даярдык менен баштаган болчу. Алар замандын талаптарына ылайык билим берүүнүн мазмунун жаңылоону көздөп иш алып барган. “Алтын казык” программасын ишке ашырууга аракет жасап, 21-кылым маалыматтык технологиялардын, көп тил билүүнүн заманы экенин көңүл борборуна туюп, билим сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо чоң максаттардын алкагында иштеп, анын мыкты жыйынтыгын көрсөтө алышты десек жаңылышпайбыз.
Окуу жылынын биринчи чейрегинин орто ченинде мектеп жамааты райондук билим берүү бөлүмү тарабынан фронталдык текшерүүдөн жогорку деңгээлде өткөнү, айрыкча алардын ар бир предмет боюнча билим берүүдөгү, санариптик багыттагы, мамлекеттик тилде иш жүргүзүүдөгү жетишкендиктери баса белгиленип, иш тажрыйбаларынын райондук масштабда жайылтылганы негиз болду. Ушул жылы бир эмес, үч педагог: дене тарбия мугалими Илёрбек Косимов, аскерге чейин даярдоо мугалими Улугбек Худойназаров, биология мугалими Малика Тажимуротовалар “Жылдын мыкты мугалими – 2026” сынагында областта 2-орунду багындыра алышканы – ар бир адис жаңыланууну өздөрүнөн баштап, өз үстүндө изденип иштеп жатканын айгинеледи.
Мектеп жамаатынын ишмердүүлүгү эң оболу окуучулардын жетишкендиги, мугалимдердин кесипкөйлүгү, бүтүрүүчүлөрдүн коомдогу орду жана мектептин ички маданияты аркылуу бааланат эмеспи. Бул орошон билим ордосунда ошолордун баары бар десек жаңылышпайбыз. Окуучулардын билими жана жетишкендиктерин жалпы республикалык тестирлөөдө бүтүрүүчүлөр Жуманазар Курчубаев 215, Зуура Турдубекова 211, Азизбек Ахматжонов 208, Азамат Туранов 206 упай алып көрсөтүштү. Алтын сертификатка бир кадам гана жетпей калган Жуманазар Курчубаев өз ийгилиги аркылуу А. Навои атындагы жалпы билим берүүчү мектеп мекемесин Баткен облусундагы эң күчтүү эсептелген топ 20 мектептин катарына кошулушуна себепкер болду.
Ошону менен бирге Жуманазар Курчубаев Орто Азия боюнча “Мыкты окуучу-2026” сынагына катышып, 1-орунду алган жана Азияда топ 15 окуучунун катарына кирүү бактысына жетишкен. Ал гана эмес, Астрономия, физикадан Эл аралык “Кубулуштарды байкоо” деген темадагы рефераттар сынагында 1-орун, математика предметинен Эл аралык олимпиадада 1-орун, Нарын шаарындагы Орто Азия боюнча өткөрүлгөн англис тилиндеги дискуссияда математиканы англис тилинде түшүндүрүүдө 1-орундарды багындырган. Ошону менен бирге быйылкы жылы Улуттук олимпиадада математикадан экинчи, физика, биология предметтеринен 3-туруна чейин жеткен. Мектеп боюнча 9-10-11-класстардын окуучуларынын арасында “Мыкты окуучу-2026” сынагында 1-орунду ээлеген. Булар Ж. Курчубаевдин бир жылдын ичинде жетишкен ийгиликтери.
“Менин жана ЖРТ боюнча 208 упайга ээ болгон классташ досум Азизбек Ахматжанов экөөбүздүн жетишкендиктерибиз өзүнөн-өзү жаралып калган жок, албетте. Бул эң алгач бизге сабак берген, билимге кызыгуубузду арттырган мугалимдерибиздин эбегейсиз эмгегинин, ата-энелерибиздин татыктуу тарбиясынын, өзүбүздүн тынымсыз изденүүбүздүн, аракетибиздин акыбети деп ойлоймун. Алардын колдоосу өзүбүзгө болгон ишенимибизди арттырып, билим алууга баш-отубуз менен киришүүбүзгө, эмгекчил болушубузга, жоопкерчиликти сезүүбүзгө, ар кандай кыйынчылыктарды сабырдуулук менен жеңүүбүзгө чоң өбөлгө жаратат. Айрыкча, башталгыч класста окуткан класс жетекчим Эркайым Максутованы, математикадан сабак берген мугалимим Айзада Саитмуратованы ийгиликтин чокусуна жетелеген насаатчыларым деп билем. Орус тили жана адабияты мугалими Нургазы Умаркулов устатым жаш болсо да, билимдүү, санариптик жактан өтө күчтүү, иштин көзүн билген адис (ал учурда ушул чоң эмгек жамаатын жетектеген мектептин директору). Анын үстүнө, үч устатым тең америкалык ойчул, илимпоз, экономист, публицист жана мамлекеттик ишмер Бенжамин Франклиндин: “Айтып берсең унутам. Көрсөтүп берсең, эстеп калам. Өзүмө жасатсаң, үйрөнүп алам” деген алтынга тете учкул сөзүн өздөрүнүн иш тажрыйбасында биринчи ураан катары туткан сыяктанат. Алар мага жана эки миңден (2046) ашуун окуучуга ушул принципке бекем таянуу менен билим берип келе жатышат. Ал устаттарым дайыма алгач тема жөнүндө терең, кенен маалымат берген соң өздөрү иш жүзүндө аткарып көрсөтүп, анан мага өз алдынча аткарганды үйрөткөнгө чейин жаны жай таппайт эле. Мына ушул сыяктуу талыкпаган эмгектин, талаптын алгачкы түшүмдөрүн мен өз жашоомдо көрөрүм жана мындан ары да бул үйрөнгөндөрүм кадам сайын керек болору бышык. Анткени, “Кыялга жеткирген жол – билим жолу” деп элибизде бекеринен айтылбаган,” – дейт Жуманазар Курчубаев, Бермет Жалилова, Назира Абдиллаева, Инабат Абдалиева, Айгүл Тажибаева, Улугбек Худойназаров, Жазгүл Калыкова, Малика Тажимуротова, Фарход Гадайбаев, Шохиста Гапарова, Мавжуда Кобилова, Зарина Каримова, Катыча Джурабекова, Уланбек Мурзаев (анлис тили боюнча жеке репетитору) сыяктуу мугалимдерине ыраазычылыгын билдирип.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Назира Абдиллаева окуткан бүтүрүүчүлөр Зуура Турдубекова 211, Азамат Туранов 206 упайга ээ болуп тургандары да баарыбызды кубанычка бөлөдү.
Физика-математика мугалими Назира Өсөрованын окуткан окуучусу Батма Турдубекова Улуттук олимпиадада физикадан републикалык деңгээлде байгелүү орунга ээ болгону, топ 25 окуучунун катарына кирүүгө жетишкени, предметтик олимпиадада областтык турга чейин өткөнү, ЖРТ боюнча 173 упайга ээ болуп, физика мугалими болууну эңсеп турган учуру да жамаатыбыз үчүн дагы бир сыймыктануу сезимдерин жаратты.
Н. Өсөрова жетекчилик кылган 9-“Б” классынын окуучусу Эльвира Мукарамова окуучулардын арасында өткөрүлгөн “Кыргызстандын мыкты окуучусу – 2026” сынагына катышып, 100 мыкты окуучунун тобуна кирип, I даражадагы диплом жана “Кыргызстандын мыкты окуучусу” төш белгиси менен сыйланганы да дагы бир жетишкендик.
Мектепте эки жылдан бери башталгыч классты бүткөн окуучулардын билим сапаты боюнча мониторинг алынып, тереңдетип окутулуучу класс ачылганы, классты КРнын билим берүүсүнүн мыктысы, көп жылдык педагогдук тажрыйбага ээ болгон мугалим Айзада Саитмуратова жетектегени эң сонун жетишкендиктерге өбөлгө түздү. Анткени, быйыл 6-класстын окуучулары “Акылман” Президенттик лицейине сынак тапшырып, Лейлек району боюнча 10 окуучу өткөн болсо, алардын үчөө ушул мектептин тереңдетип окутулган 6-“А” классынын окуучулары экенин сыймыктануу менен айта алабыз. Алар: Нурислам Умаркулов, Раяна Аскарбекова, Сумая Келдибекова.
7-класстардын окуучуларынан Асема Джумакулова, Муслимбек Курчубаев өткөн (М.Курчибаев 6-класска чейин ушул мектепте окуган болчу. 7-класста эле “Аалам Раззаков” мектебинде окуган).
Андан сырткары, Америка-Япония менен биргелешкен IКО 2025-2026 – эл аралык олимпиадасында Нурислам Умаркулов математикадан үч турда тең 1-орунга, англис тилинен 2-орунга, Сумая Келдибекова 3-турда математикадан 2-орун, англис тилинен 1-орун, Алихан Самиев математикадан 1-турда 2-орунду камсыз кылган. Н.Умаркулов менен С.Келдибекова математика предметинен Малайзияда боло турган дүйнөлүк олимпиадасына катышууга жолдомо алышкан.
Улуттук олимпиадада математикадан Нурислам Умаркулов 2-орунга, Адеми Тилебердиева 3-орунга ээ болгон. Бул олимпиадага жалпы класс боюнча 25 окуучу катышып, 15 окуучу 2-турга чейин өткөн.
Zeen Education билим берүү борбору тарабынан өткөрүлгөн республикалык олимпиадада кыргыз тилинен Раяна Аскарбекова 1-орунду, математикадан Нурэл Гайбуллаев 2-орунду, орус тилинен Баатырбек Аширов 2-орунду ээлеп, алтын жана күмүш медалдар менен сыйланышкан.
“Инсан скул” окуу борбору тарабынан уюштурулган “SMATRCO” Республикалык олимпиадасында Сумая Келдибекова 1-орунду ээлеп, Алихан Миргиязов 3-турга чейин катышып, сертификатка ээ болду.
“Аалам Раззаков” эл аралык мектебинин негизги предметтерден болгон олимпиадасына класстын жалпы 30 окуучусу катышып, алардан 23 окуучу 1-2-3-орундарды камсыз кылышып, 1 алтын, 7 күмүш, 15 коло медалга ээ болушту.
Бул мектепте спорт жана маданий коомдук иштер да жакшы жолго коюлган. Волейбол боюнча мугалим эжейлердин курама тобу, окуучу балдар-кыздардын баскетбол, волейбол, балдардын футбол топтору түзүлгөн жана машыгуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Үстүбүздөгү жылда “Мен чемпионмун” балдар баскетбол тобу областта 2-орунду, кыздардын волейбол тобу республикада 4-орунду камсыз кылды. Ошондой эле 8-классынын окуучусу Мадина Ашимова алыш күрөшү боюнча Бишкекте өткөрүлгөн республикалык мелдеште жеңүүчү болуп, Ташкентте өткөрүлө турган өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк “Алыш” федерациясынын күрөшүнө жолдомо алды. “Мен чемпионмун” республикалык оюнунда бокс боюнча 11-классынын окуучусу Асилбек Шакиржанов 3-орунду ээлеген.
Элмира Халбаева жетекчилик кылган 7-“А” классынын окуучусу Сумая Орозбекова “Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам!” аттуу аймактар аралык балдардын ыр, бий жана музыкалык аспапта ойноо сынагынын республикалык турунда I орунга ээ болгон.
Мындай ийгиликтерди айта берсек, сөз түгөнчүдөй эмес…
Күбө болгонубуздай орошон билим ордосунун педагогикалык жамаатынын балбан эмгеги көпчүлүктүн алкоосуна алкып, окуу жылын ийгиликтүү аякташты. Мындан ары да ийгиликтерди жарата беришин тилеп бүтүрүүчүлөргө ак жол жана мугалимдер жамаатына көңүлдүү эс алуу каалайбыз.

Г. Холматова,
КР билим берүүсүнүн мыктысы,
КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү,
К. Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты.
Комментарийлер