БИШКЕКТЕ №62 МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ СПОРТ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

  • 13.10.2025
  • 0

Борбор калаада №62 мектеп-гимназиясынын заманбап спорт аянтчасынын салтанаттуу ачылышында шаар мэри Айбек Джунушалиев  мектеп жамаатын жана окуучуларды жаңы спорт аянтчасы менен  куттуктады.

БИШКЕКТЕ №62 МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ СПОРТ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

БИШКЕКТЕ №62 МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ СПОРТ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

— Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы 119 мектепте 260 миңден ашуун окуучу билим алат. Акыркы эки жылда 26 мектеп, кошумча имараттар, бала бакчалар курулду. Биздин максат — ар бир окуучунун өз мектебинде спорт менен машыгуусуна шарт түзүү. Спорт аянтчаларын жакшыртуу жана куруу боюнча иштер мындан ары да улантылат, — деп баса белгиледи мэр.

БИШКЕКТЕ №62 МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ СПОРТ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

Объекттин жалпы аянты 1,45 гектарды түзөт. Курулуш жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган. Долбоорду Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы ишке ашырып, подрядчы «Омар Групп» ЖЧКсы болгон.

БИШКЕКТЕ №62 МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ СПОРТ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

Мектеп окуучулары үчүн жалпы аянты 750 чарчы метрди түзгөн эки кичи футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары, воркаут  жана балдар аянтчасы, ошондой эле 1600 чарчы метр платц жана башка спорт аянтчалары курулган.

БИШКЕКТЕ №62 МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ СПОРТ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

Айланасы жашылдандырылып, автоматташтырылган гибриддик сугат системасы орнотулуп, 6200 чарчы метр жерге  газон себилди.

БИШКЕКТЕ №62 МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ СПОРТ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

БИШКЕКТЕ №62 МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ СПОРТ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

Коопсуздук үчүн аянтчалар тосулуп, кечки жарыктандыруу жана видеокөзөмөл системалары орнотулган. Жыл бою спорттук иш-чаралар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз резина капталган чуркоо жолу  түзүлгөн.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер