БИШКЕК ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

  • 02.08.2023
  • 0

Рахат Мусаева 19-июлда Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын директору болуп дайындалды.

БИШКЕК ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

Рахат Мусаева 27-декабрь 1979-жылы Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында туулган. 2001-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун филология факультетин аяктаган. Адистиги боюнча кыргыз тили жана адабияты мугалими.

Эмгек ишмердүүлүгү:

2001-2007-жж. Бишкек шаарындагы №39 орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими;

2007-2008-жж. Биринчи май райондук билим берүү борбору, Мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адис;

25.03.2008 – 23.09.2008-жж. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы, мамлекеттик тил боюнча башкы адис;

2008-2011-жж. Биринчи май райондук билим берүү борбору, Мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адис;

2011-2019-жж. Биринчи май райондук билим берүү борбору, окуу-тарбия иштери боюнча башкы адис;

2019-17.04.2023-жж. Биринчи май райондук билим берүү борборунун директору;

29.05.2023-19.07.2023-жж. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрация башчысынын Биринчи май администрациялык району боюнча орун басары;

19.07.2023-жж. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору.

Сыйлыктары: Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын, Биринчи май райондук билим берүү борборунун Ардак грамоталары.

2021-жылы «муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси» класстык чини ыйгарылып, «КР билим берүүнүн отличниги», «Муниципалдык кызматтын отличниги» наамдары бар.

Үй-бүлөлүү, 2 кыздын апасы.

Бөлүшүү

Комментарийлер