Бишкек-Мюнхен: Кесиптик лицейлер кызматташтыгы

  • 19.11.2025
  • 0

Бишкектеги №5 кесиптик лицейи менен Германиянын Мюнхен шаарындагы “Нойзес” кесиптик мектебинин ортосундагы кызматташтык активдүү фазасына өттү. Бишкек лицейинин директору Элеонора Ишекеева баш болгон делегация жакында атактуу Бавария жергесинде иш сапарда болуп келди.

Бишкек-Мюнхен: Кесиптик лицейлер кызматташтыгы

Адамдын тагдырындагы кээ бир жолугушуулар чечүүчү окуяларга алып келе турганына Иоханнес менен кездешүүдөн кийин абдан ынандым.

Конкурстан өтүп алган күндөн тарта бассам-турсам лицейди кантип өнүктүрсөм, кандай кылып каражат тапсам, сырткы байланышты кантип жөнгө салсам деген ой тынч алдырбай койду…Чын эле эмнени ойлоно берсең келет деген чынбы, айтор Ханнес менен Тина жеке иштери үчүн жай издеп келишип, мага киришкен экен, сүйлөшүп, мекеме мамлекеттик окуу жай, ашыкча орун жок экенин түшүндүрүп атып, коштоп келген Ханнес Баварияда Нойзес кесиптик мектебинде иштей турганын айтып калды. Мага көктөн издегеним жанымда тургандай, кызматташалы десем макул болуп, контакттарды алышып калдык. Тажрыйба алмашсак ж.б., айтор немис калкы тактыгын тастыктап,  «Erasmus+ программасы биздин кызматташууну колдоп жаткандыгын билдирип жазып калды. Ошентип отуруп  үстүбүздөгү жылдын апрель айында алты кишиден турган немец делегациясын ийгиликтүү тосуп узаттык. Эми октябрь айынын 15нен 22сине чейин Германиянын түштүгүнө Бавария федералдык жергесинде болуп кайттык.

Негизги максатыбыз — кесиптик окуу жайлар менен таанышып, тажрыйба топтоо, келечекте биздин окуучулардын  практикага баруу мүмкүнчүлүгүн түзүү жана окутуу жана андан ары ишке орноштуруу.

Бавариянын борбору Мюнхенде, Аугсбург, Дахау шаарларында болдук. Германияда сөздүн чыныгы маанисинде алтын күз экен, айлана таптаза, сары-жашыл жалбырактар бутуңдун астында калса дагы чаң жок, мелүүн климат. Анан эң мыктысы бак-дарактын жыштыгы,керемет! Жолго тигилген бактарга өзгөчө көңүлүм түштү, ушундай да жыш болобу деп,көрсө немис байкелер бийик дарактын арасына кыска бадалдарды тигип жүрүп отурат экен…

Түшкөн эле күнү Нойзес мектебине бардык, бул мектеп экиге бөлүнөт экен: FOSBOS  Neusaz (бул мектепти бүткөндөр жогорку окуу жайга тапшырууга даярданат) жана BSZ  Neusaz (кесиптик билим алат)

Жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн негизги 10 жылдык билимден кийин дагы 3 жыл окууга туура келет, ал эми кесип алуу үчүн 2 жыл окуу керек.

Билим берүү толук бюджет, акысыз.

Жеке менчик жогорку окуу жайлары бар экен, бирок аны бүткөндөн кийин мамлекеттик мектепке иштеш үчүн кайрадан экзамендерди тапшырууга туура келет. Андыктан мамлекеттик окуу жайдын кадыр-баркы жогору дегенге туура келип жаткандай.

Мугалимдин кадыры артык экен, мугалимдин окуусун бүткөндөн кийин 2 жыл практикадан өтүп, экзамендерди тапшыргандан кийин гана окуучуларга сабак бергенге уруксаат аласыз. Ал эми биз болсо диплому болсо эле жанталашып алып, түз эле жүгүртмөгө киргизгенди эстеп, окуучуга да, жаңы бүтүп келген кадрдын үстүнөн эксперимент жасап аткандай туюлуп кетти. Кадрдын таңсыктыгы, айлык маянанын аздыгы бизди кандай сыноолордон өткөрүп жатканын ойлоп, коркуп кетип аттым…

Бишкек-Мюнхен: Кесиптик лицейлер кызматташтыгы

Немис мугалимдери  кыргыз врачтардай эле окушуп, ошого жараша жакшы айлык маяна алышат, жетекчи катары менин айлыгымды угуп, түшүнбөгөндөй бири-бирин таң калып карап калышты.

Кийинки күнү Ландсбергдеги кесиптик мектепке да бардык, так эле биздин кесиптерди окутушат, автомеханика устаканасында жаңы маркадагы “Ауди”, “Мерседес”, “БМВ”машиналарын окутууга беришиптир. Мындай окуу материалдарын мамлекет толук каржылайт.

Анан мамлекеттик чиновниктери менен да жолугушуп, пикир алмаштык, Аугсбург шаардык администрациясынын экономиканы өнүктүрүү бөлүмүндө, Швабия кол өнөрчүлөр палатасынын директору Фолькер Циммерман (бизче соода-өнөр жай палатасы) менен жолугушуп, биздин лицейдин балдарынын билимин андан-ары өркүндөтүп, бүгүнкү конкуренцияга туруштук бере ала тургандай деңгээлге жеткирүү максатын билдирдим.

Байкаганым, Германиянын эмгек рыногун адатта түрктөр ээлеп турчу, азыркы учурда Украинадан жана Жакынкы Чыгыштан барган мигранттардын эсебинен да жабылып аткан экен, бирок  жалпы эле Европага мүнөздүү демографиялык тескери көрсөткүч дагы эле эмгек рыногунун ачык экендигин, талап бар экендигин көрсөтүп турат. Бирок биздин максат балдарды чогултуп Германияга иштөөгө жөнөтүү эмес, мен бул тезисти бардык жолугушууларда айтып аттым.

Биздин максат- билимдүү, кесибин билген, немис тилин болбой калды дегенде А2 же В1 деңгээлинде билген квалификациясы бар жаранды окуусун андан ары улантып жана иштеп келүүсүнө шарт түзүп берсек абдан сонун болоор эле.

Биз бул маселени ишке ашыруу боюнча эки тараптуу иштерди жүргүзүп жатабыз:

Биринчиси, мүмкүнчүлүгү бар балдарга акы төлөп окутуу курстарын “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин немец тилин окутуу борбору менен иштөөдөбүз, экинчиден, биздеги балдар аз камсыз болгон, калктын аялуу катмарынан болгондуктан немис тарап дагы немис тилин бекер окутуп берүү маселесинин үстүндө иштеп жатышат. Бул аракеттер сөзсүз өзүнүн жыйынтыгын бериш керек.

Кандай жыйынтыктарга келдик: Талыкпаган аракет, жумушчу маанай, бирин-бири сүйө билүү, сыйлоо, уга билүү, кайдыгер болбоо, жаратылышты,жан-жаныбарды сүйүү, иштегенге-окуганга шарт түзүү.

Көрсөтмө куралдарды жөнөкөй эле мастерлер жасап ала тургандыгы

Ар бир окуу жылыбызды жыйынтыктап альманах кылып чыгаруу.

Ар бир мугалим-мастер чыгармачылык менен иштеп койсо, сөзсүз жыйынтык болоору жана сабакка берилген убакытты туура пайдалануу.

Материалдык-базасы болуп көрбөгөндөй окуу жайлары бар, билим алуу акысыз ж.б биз каалаган нерселери бар Германиянын дагы көйгөйлөрүн байкадык:

  • Адам ресурсунун аздыгы,бул бир жагынан көйгөй десем, экинчи жагынан группаларды 25 толтуруш керек эмес, 8-10 каалоочу болсо группа ачылып, окутулат.
  • Германияда каннабис чөбүн пайдаланууга уруксат берилгендиги жаштардын арасында жакшы эмес тенденцияга бараткандай дейт мугалимдердин айтуусунда.
  • Тынымсыз телефон колдонуу маселеси.
  • Жасалма интеллектин таасири жана анын келечеги кайда барат…

Бишкек-Мюнхен: Кесиптик лицейлер кызматташтыгы

Жумушчу визиттин жүрүшүндө маданий тажрыйба алмашуу дагы орун алды. Башында сунуштар болсо берсеңиз дегенинен Шенген виза алып аткандан кийин Парижге Эйфель мунарасына анан Берлин дубалдарын көрсөк деген катымды жөнөтсөм, Ханнес досум: “Ар бир кыргыз  аялы Эйфель мунарасынын астында сүрөткө түшкүсү келет, бирок азыркы түзүлүп жаткан саясий кырдаалды эске алып, Бавариядан эле сонун жерлерин көрсөтөбүз”-деген тамашалуу каты келип калды. Макулдаштык, эң сонун болду. Көрсө жылына Баварияны 10млн, Мюнхенди 4 млн, анан дагы кызыгы Уолт Дисней “Күлчү”киносуна үлгү кылып алган Нойшванштайн замогун жылына 2 млн турист дүйнөнүн булуң-бурчунан келип көрөт турбайбы. Нойшванштайнга баратып, кадимки Наполеон, Кутузовдор өткөн Альпыга токтоп, асма аркан жол(канатная дорога) менен, деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашык көтөрүлүп бардык. Керемет, алаканга салгандай Альпынын түзүндөгү шалбаа мемиреп жапжашыл, кызыгы, кишилерге караганда уй көп, ал эми чөптү кадимки товардай таңгактап, ар түстүү клеенкага ороп короонун жанына эле жыйнап коюшат экен. Биздеги бастырманын үстүнө чыгарганды көрө албадым, балким, жердин кенендигинен болсо керек…

Анан дагы тарыхчы катары улам кызыкканымдан Аугсбургдагы Адольф Гитлер 1918-1919 жылдары жаткан  түрмөгө бардык, дүнүйөнү чаң-тополоңго салган  “Менин күрөшүм” аттуу чыгармасын ошол жерден  жазган жана анын жыйынтыгы катары Экинчи Дүйнөлүк согуш, кан төгүлүү, кыйноолор. Айтайын дегеним, андан ары Аугсбургдагы концентрациялык лагерге бардык…Кинодон көргөн короолор, камералар, тар комнаталарды көрүп, ошол мезгил көз алдыга тартылып ичиркенип турдук. Жер-энебизде дайыма тынчтык болсунчу…

Айтор, Erasmus+ программасы Кыргызстан менен Швабиянын ортосундагы профессионалдык окутуу боюнча  жана маданий тажрыйба алмашууга чоң көпүрө түзүлдү.

 

Ишекеева Элеонора, Бишкектеги №5 кесиптик лицейинин директору       

 Мюнхен-Бишкек 15-22 октябрь 2025 жыл

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер