БИШКЕК МЕНЕН КЕНГНАМ: БИЛИМ ЖАНА ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ ЧЫҢДАЛУУДА
- 14.05.2026
- 0
Бишкек шаарынын мектептери менен Корея Республикасынын Кенгнам провинциясынын ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлдү. 2017-жылдан бери уланып келе жаткан бул салттуу долбоордун алкагында, борбор калаабызга кореялык делегация келди.

Жылуу тосуп алуу жана меймандостук
Жакында эле Бишкектеги №69, №31 жана №70 мектептердин өкүлдөрү Түштүк Кореяда конок болуп кайтса, эми кезек кыргыз тарапка келди. Кенгнам провинциясынан келген 12 окуучу жана 5 жетекчини №69 Т.Сатылганов атындагы мектеп-гимназиясы чоң салтанат менен тосуп алды. Делегацияны Кенгнам билим берүү департаментинин бөлүм башчысы Ким Джонг Хи айым баштап келди.

№69 мектептин директору Сайрагүл Атаеванын айтымында, бул сапар окуучулар үчүн Чыгыштын бай маданиятына жана инновация дүйнөсү ачылган өзгөчө терезе болуп саналат.

— Кенгнам провинциясынан келген кадырлуу делегациянын келиши — биз үчүн чоң сыймык. Биздин окуучулар үчүн корей тили жөн гана чет тили эмес, бул — Чыгыштын бай маданиятына, инновацияга жана бийик тартипке ачылган терезе. Биздин балдар өздөрүнүн тилге болгон шыгын жана ошол элдин маданиятына болгон сый-урматын тартуулашты. Кенгнам билим берүү департаментинин мектеп саясаты бөлүмүнүн башчысы Ким Джонг Хи айым, департаменттин башкы адистери Ким Шин Сон айым, Пэ Хе Ри айым, Ким Гиль Су мырза жана Кимхэ чет тилдер жогорку мектебинин окутуучусу Им Чэ Джонг мырзалар 12 окуучуну алып келишти, — дейт №69 мектептин директору Сайрагүл Атаева.
Иш-чарага келген Бишкек шаарынын вице-мэри В.А.Мозгачева Бишкек шаарынын бардык мектептери эл аралык программаларга активдүү катышып келатканын баса белгиледи.

— Биз башка мамлекеттер менен тыгыз байланышта иштеп, натыйжада ар кандай меморандумдарды жана келишимдерди түзүп жатабыз. Мектептер аралык түз байланыштар да жолго коюлган. Мисалы, №70 мектеп Кытайдагы мектептердин бири менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койгон. Биздин окуучулар чет тилдерин тереңдетип үйрөнүүгө өзгөчө маани беришет. Бул багытта Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан эл аралык борборлор жана институттар менен кызматташуу, ийримдерди уюштуруу жана боордоштук мамилелерди түзүү иштери жүрүүдө. Балдарыбыз эл аралык сынактарда эң жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келишет. Бүгүн бизге Түштүк Кореядан коноктор келди. Атайын тесттерден ийгиликтүү өткөн окуучуларыбыз Кореяга конокко чакырылат. Алар ал жакта Кыргызстандын атынан сынакка катышып, өлкөбүздү таанытышат. Ал эми кийинки этапта биз да конокторду кабыл алабыз, — деди вице-мэр.



«Үй-бүлөлүк алмашуу» — маданиятты таануунун мыкты жолу
Бул долбоордун эң негизги өзгөчөлүгү — окуучулардын жашоо шартында. Кореялык балдар мейманканада эмес, кыргызстандык курдаштарынын үйлөрүндө жашашат. Коноктор кыргыз үй-бүлөлөрүнүн каада-салты, баалуулуктары жана күнүмдүк турмушу менен жакындан таанышат. Ата-энелер конокторду Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлгө жана башка тарыхый-маданий жайларга алып барышат. Мындай карым-катнаш балдардын тил үйрөнүүсүнө жана достук мамилелерин бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт. Бул тажрыйба маданий жана социалдык өз ара аракеттенүүнүн мыкты үлгүсү болуп саналат. Жыл сайын бул кызматташтыктын багыттарын кеңейтүүгө жергиликтүү бийлик аракет кылып жаткандарын айтышты.
Келечекке багыт: Дүйнөлүк аренага жол
Бишкек шаарынын вице-мэри В.А. Мозгачева жана Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева белгилегендей, мындай программалар муниципалдык бюджеттин жана өнөктөш уюмдардын колдоосу менен ишке ашууда.
Негизги максаттар — окуучулардын билим деңгээлин эл аралык стандартка жеткирүү, дүйнөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларына тапшыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу таанытуу.
Бишкек шаардык Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаеванын айтымында, буга чейин биздин мектептин окуучулары жана мектеп жетекчилери Түштүк Корея мамлекетине барып, алардын билим берүү тармагы менен таанышып, жогорку окуу жайлардагы, мектептеги билим сапаты, окуучуларга түзүлгөн шарттары боюнча таанышып келишкен.

— Биздин корей тилин окуган окуучулар мектептерге барып, үй-бүлөлөрдө жашап, алардын баалуулуктары, балдардын үй-бүлөдөгү орду тууралуу маалымат алып, таанышып келишкен. Эми кызматташуунун алкагында бизге келген коноктор да кыргыз үй-бүлөлөрдө жашап, улуттук маданият, тил, каада-салт, үрп-адат, үй-бүлөдөгү баалуулуктар, балдардын үйдөгү орду, аларга бөлүнүп жаткан көңүл тууралуу маалымат алышат. Ал эми мектептердеги окуучуларга түзүлгөн шарттар боюнча быйылкы Кореяга барган үч мектептин базасында кыскача маалымат алышат. Кызматташуу мындан ары да уланат, — деди жетекчи.
Ошентип, көп жылдан бери келаткан долбоорго жылда үч мектептин жетекчилери менен окуучулары конок катары барып, тажрыйба алмашып келишет.
Сахнада — эки элдин духу
Бишкек шаарындагы Корея Республикасынын билим берүү борборунун директору Джо Чану, Кенгнам билим берүү департаментинин бөлүм башчысы Ким Джонг Хи айым кыргыз тарапка ыраазычылыктарын билдирип, символикалуу белектерин жергиликтүү бийлик жетекчилерине, мектеп директорлоруна тапшырышты.

«Миң уккандан бир көргөн артык» дегендей, №69 мектептин жетишкендиктери, билим берүүдөгү өзгөчөлүктөрү жана күнүмдүк жашоосу тууралуу даярдалган атайын тасма көрсөтүлдү.



Салтанаттуу иш-чарада №69 мектептин окуучулары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Сахнада кыргыздын гана эмес, корей жана кытай маданиятынын шедеврлери чагылдырылды. Алсак, «Устатшакирт» фольклордук ансамбли «Мустанг» чыгармасы менен кыргыздын демин сездирсе, «Корей бийи» жана «Хан династиясы» бийлери конокторду суктандырды, ал эми 6-класстын окуучусу Алинур Майрамбеков «Кыргызстан» ырын аткарганда, бүтүндөй зал ордунан туруп, бирге ырдашты.

Ошентип, салтанаттуу иш-чарада билим жана маданият аркылуу бир тилде сүйлөшүү болду десек болот. Окуучулардын корей тилине жана маданиятына болгон кызыгуусу келечекте эки өлкөнүн кызматташтыгын дагы да бекемдейт деген ишеним чоң.
Бул долбоор — эки өлкөнүн келечек муундарынын ортосундагы бекем достуктун жана интеллектуалдык өсүштүн пайдубалы. Кызматташуу мындан ары дагы кеңейип, жаңы мектептерди камтымакчы.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер