“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 29.04.2022
  • 0

Санжарбек Данияровдун коомдук фонду элет мектептериндеги башталгыч класстардын мугалимдери үчүн уюштурган “Биринчи мугалим” сынагы жыйынтыкталды.

Сынактын бул жолку жеңүүчүсү Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Чолпон айылындагы Үтүр Калиев атындагы орто мектептин мугалими Асель Убайдылдаева болду. Асель Уркалыковна сынактын баш байгеси – Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка жолдомо менен сыйланды.

Балдарыбыз — келечекке салган байлыгыбыз

Салт болуп калгандай эле, сынактын финалисттери, катышуучулары жана жалпы эле күйөрмандары Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы КМУнун Айтматов өргөөсүндө чогулушту. Жети дубандан атайын келишкен мугалимдерди КМУнун ректору, профессор Т.Абдрахманов өзү баш болуп жылуу тосуп алышты.

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

— Элет мугалимдери үчүн “Биринчи мугалим” сынагын уюштурган Санжарбек Даниияровдун коомдук фонду агартуу тармагына эбегейсиз зор салым кошуп жатат деп эсептейм. Өкмөт, бийлик көрсөтмө бербесе деле, мугалимдерди колдоп, коштоп, алардын түйшүгүн кошо тартышып, абдан жакшы ишти аткарып келе жатат. Чындыгында бул мамлекет, биздин университет көтөрө турган милдет эле. Анан албетте, ыраазычылыгымды үйүндөгү тиричилигинен, мектептеги жумушунан тышкары убакыт таап, сынакка катышып, көптү үйрөнүп-билүүгө умтулган элет мугалимдерине башымды ийип таазим этип, ректораттын атынан ыраазычылык билдиремин.

Маянаңар көтөрүлүп, аны менен бирге маанайыңар да көтөрүлүп жатканына биз да кубанычтабыз. Бирок маяна менен гана чектелбеген нерсе бар, ал  – мугалимдин статусун көтөрүү. Аны коомчулук, жергиликтүү айыл өкмөт, шаардык бийлик өкүлдөрү колдоп, көтөрүүгө тийиш. Ал эми мугалимдер ушундай сынактарга катышып, билимиңерди өркүндөтүп, келечек муундарды татыктуу тарбиялоого өз салымыңарды кошо аласыңар деп ойлойм. Балдарыбыз — келечекке салган байлыгыбыз. Биз ушундай баалуу аманатыбызды силердин колуңарга тапшырабыз. Ушундай ыйык вазийпаны аткарууда албан-албан ийгиликтерге жетише беришиңерге тилектешпиз! – деди профессор катышуучуларга кайрылып.

Ал сөзүн жыйынтыктап жатып, университеттин окуутучулар кеңешинин кезектеги жыйынында фонддун негиздөөчүсү жана жетекчиси Асель Данияровага “КМУнун ардактуу профессору” наамын ыйгаруу сунушун кийиргени жатканын кошумчалады. Ректор белгилегендей, мугалимдер журтчулугун колдоо багытында нар көтөргүс кызмат өтөп келаткан Асель Даниярованы университеттин профессордук-окутуучулук курамы сөзсүз колдойт деп ишенебиз.

Айылдагы маданият үйү заманбаппы?

“Айылдагы заманбап маданият үйү” темасын камтыган бул жылкы сынакка баардыгы болуп 100 дилбаян келип түшкөн. Плагиатка текшерүү жана башка талаптардын негизинде сынакка 66 дилбаян жарактуу деп табылып, калыстар тобунун калыс баалоосуна түшкөн. Калыстар берген упайлардын жыйынтыгында сегиз мугалим сынактын экинчи туруна жолдомо алган.

 

Сынактын экинчи турунда Тогуз-Торо районунун Атай айылындагы №5 Барктабас атындагы орто мектептин мугалими Гүлайым Жаңыбаева, Кара-Кулжа районунун Токбай-Талаа айылдагы Беделбай Исаев атындагы  мектептин мугалими Жазгүл Ашымова, Түп районунун Тасма айылындагы А.Сопиев атындагы мектептин мугалими Элзат Эсенгелдиева, Ак-Талаа районунун Кадыралы айылындагы С.Атамбеков атындагы орто мектептин мугалими, 2020-жылдын сынагынын катышуучусу Гүлзада Жоробекова, Ак-Суу районунун Чолпон айылындагы Ү.Калиев атындагы орто мектептин мугалими, 2017, 2018, 2020-жылдардагы сынактардын катышуучусу Асель Убайдылдаева, Түп районунун Тасма айылындагы А.Сопиев атындагы мектептин мугалими Эльвира Атагелдиева, Сузак районунун Кызыл-Сенгир айылындагы №31 Ы.Чанаков атындагы мектептин мугалими, 2019-жылдагы сынактын финалисти Нуржан Исакова жана Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айылындагы “Ой-Терскен” орто мектебинин мугалими, 2017, 2018, 2019, 2020-жылдардагы сынактардын катышуучусу Гүлүмкан Турганбаева билим таймашына чыгышты.

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Дилбаян жазган мугалимдер бул тема айылда эң актуалдуу жана ошондой эле эң көйгөйлүү тема экендигин белгилешти. Союз ыдыраганда кошо кыйраган маданият үйлөрүнүн көпчүлүгүн учурда кара кулпу кайтарып турат, кай бир айылдарда түп орду менен жок же такыр эле болгон эмес. Андыктан азыр окуучуларга заманбап маданият үйү тургай, маданият үйү деген эмне дегенди түшүндүрүү кыйын болуп турганда, маданият жөнүндө кандай сөз болушу мүмкүн дешет мугалимдер. Финалга чыккан мугалимдер союз учурундагы айылдык клубдарды, кызыл үйлөрдү сүрөттөп, болочокто боло турган заманбап маданият үйлөрү жөнүндө кыялдары менен бөлүштү.

Мугалимдин турмушундагы музыканын ролу

Чындыгында сынактын экинчи туру өтө жооптуу өтөт. Бир чети: “Кимиси жеңишке жетер экен?” деген суроо кан дүргүтсө, калыстар тобунун жана күйөрмандардын алдына бетме-бет чыгуунун сүрү да оңой эмес. Алардын толкунданганын басып, жан дүйнөсүнө музыкалык ырахат тартуулоо максатында сынактын жүрүшүндө музыкалык тыныгуу жарыяланат. Мында да элет жеринде эмгектенген мугалимдерге классикалык музыка, джаз, театр дайыма эле жеткиликтүү боло бербеси эске алынып, өзгөчө музыкалык белек тартууланат. Бул жолу мугалимдерге музыкалык белекти Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы үйлөмө аспаптар оркестринин солисти Асылбек Жусупжанов тартууласа, театр сырлары менен баш калаабыздагы М.Жангазиев атындагы балдардын куурчак театрынын көркөм жетекчиси, режиссер, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нурлан Асанбеков бөлүштү. Театрдын, айрыкча, куурчак театрынын балдарды тарбиялоодогу орду жана ролу жөнүндө өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышкан мугалимдер ал арада бийлеп, сергип да алышты.

Фонддун “Урмат белгиси” сыйлыгы ыйгарылды

С.Данияровдун фонду жан дүйнөсү өздөрү окуткан балдардай баео, назик жана таза башталгыч класстын мугалимдеринин опол тоодой эмгегин баса белгилөө максатында, быйыл биринчи жолу “Урмат белгиси” сыйлыгын уюштурду. Мындан ары ал агартуу тармагында 15 жылдан кем эмес эмгектенип, урмат-сыйга арзыган мугалимдерге ыйгарылып турмакчы.

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Сыйлык ээсин тапты.

“Урмат белгиси” сыйлыгынын биринчи күбөлүгү 36 жылдан бери Түп районундагы К.Карачев атындагы №21 Сары-Дөбө жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими болуп эмгектенип келаткан, “Окуу керемет” долбоорунун улуттук тренери, “Биринчи мугалим” сынагынын алып баруучусу Таалайбек Мырзабаевдин энчисине буюрду.

Таалайбек Мырзабаевдин агартуучулук менен алып баруучулук өнөрүнө өзү жазган ырлары айкалышып, иш-чаранын көркүн ачып, катышуучуларынын көңүлүн көкөлөттү.

Максатыбыз – майрамдагыдай маанай тартуулоо

Фонддун директору Асель Даниярова өзүнүн сөзүндө долбоорду колдоп дилбаян жазып, убакыт таап иш-чарага катышууга келген мугалимдерге ыраазычылык билдирип төмөндөгүлөргө токтолду.

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

— Санжарбек Данияровдун фонду быйыл 11 жашка толду. Фонд бул жылдар аралыгында билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо тармактарындагы демилгелерге жана долбоорлорго көмөктөшүп келет. “Биринчи мугалим” сынагынын алкагында жыл сайын жеңүүчү үч мугалим өзү окуткан окуучулары менен Бишкекке экскурсияга келет. Баш байге ээлеген мугалим Москва шаарына 10 күнгө саякатка барып, ал жактагы музей-театрларга, опера-балеттерге барып, дүйнө таанымын кеңейтет. Биз сынак аркылуу мугалимдер өз билимин өркүндөтсө, билгенин көбөйтсө, өз билгенин окуучуларга үйрөтсө, коомдогу көрүнүштөргө, айрыкча, маданий иш-чараларга активдүү катыштырып, окуучулардын да активдүүлүгүн арттырсак, сынакка келген мугалимдерге майрамдагыдай маанай тартууласак деген максатты көздөйбүз, — дейт.

 

Ошентип сынактын жыйынтыгы дагы чыгып, эң көп упай топтогон Асель Убайдылдаева “Биринчи мугалим” сынагынын жеңүүчүсү болду. Баш байге ээси катары ага Москвага 10 күнгө саякатка жолдомо ыйгарылды, ал эми бирдей упай алышкан Сузак районунун Кызыл-Сенгир айылындагы №31 Ы.Чанаков атындагы мектептин мугалими, 2019-жылдагы сынактын финалисти Нуржан Исакова жана Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айылындагы “Ой-Терскен” орто мектебинин мугалими, 2017, 2018, 2019, 2020-жылдардагы сынактардын катышуучусу Гүлүмкан Турганбаева классындагы окуучулары менен Бишкек шаарына эки күндүк экскурсияга келүүгө жолдомо алышты.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер