«БИРГЕЛЕШКЕН ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ 10 КАДАМ»: БАЛА МЕНЕН АТА-ЭНЕНИН ОРТОСУНДАГЫ ИШЕНИМДҮҮ КӨПҮРӨ
- 10.09.2026
- 0
Баланын окуудагы жетишкендигин баалоодо көбүнчө анын алган баасына, сабакка катышуусуна же күндөлүк көрсөткүчтөрүнө көңүл бурабыз. Бирок ошол ийгиликтин артында эң башкы фактор — ата-эненин колдоосу турат. Бала өзүнүн максатын так түшүнүп, ага жетүүгө умтулушу үчүн үй-бүлө менен билим берүү мекемесинин ортосунда бекем, ишенимдүү байланыш болушу зарыл.
Дал ушул маселеге өзгөчө маани берген «Биргелешкен ийгиликке карай 10 кадам» аталышындагы ата-энелер декадасы №98 кесиптик лицейде башталды. Декаданын алгачкы күнү «Жаңы окуу жылына биргеликте даярданабыз» аттуу актуалдуу темага арналды.

Бул башталгыч демилгенин негизги өзгөчөлүгү — ата-энелерди жөн гана маалымат менен камсыз кылуу эмес, аларды окуучунун билим алуу процессине түздөн-түз тартуу. Ар бир тайпада ата-энелер жана педагогдор өткөн окуу жылындагы жетишкендиктерди таразалап, жаңы окуу жылына коюлган максаттарды жана жаштарга көрсөтүлүүчү колдоонун жолдорун биргелешип талкуулашууда.
Бул жараянда лицей менен үй-бүлөнүн байланышы зор мааниге ээ. Себеби баланын ийгилиги жалгыз гана мугалимдин аракетинен көз каранды эмес. Үйдөгү көңүл буруу, түшүнүү жана моралдык колдоо да өспүрүмдүн окууга болгон мамилесине түздөн-түз таасир этет.

№98 кесиптик лицейдин директору Чинара Мелисбековна Сагынбекова билим берүүдө бир тараптын гана аракети жетишсиз экенин баса белгилейт: «Биздин негизги максатыбыз — окуучуга жөн гана диплом берүү эмес, өз алдынча иштөөгө жана заманбап эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүгө жөндөмдүү кесипкөй адис даярдоо», — дейт лицей жетекчиси.
Анткен менен кесипкөй адис болууга даярдык теориялык билим менен гана чектелбейт. Окуучу жоопкерчиликти, эмгек тартибин жана өз алдынча чечим кабыл алууну да терең өздөштүрүшү кажет. Декаданын жүрүшүндө дал ушул маселелерге — өндүрүштүк практикага, эмгек тартибине, жоопкерчиликке жана коопсуздук эрежелерин сактоого өзгөчө көңүл бурулууда.
«Ата-эне баласына кантип жардам бере алат?» Декаданын практикалык бөлүгү дал ушул суроого жооп издөөгө багытталган. Ата-энелер балдарынын жаңы окуу жылындагы максаттарын тактап, ага жетүүдө кандай колдоо көрсөтө аларын ортого салышууда. Мындай ачык пикир алышуу ата-эне менен баланын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү күчөтөт. Кээде балага чоң акыл-насааттан да анын оюн угуп коюу, көйгөйүн түшүнүү жана аракетине ишенүү алда канча маанилүүрөөк келет.

Директор Чинара Мелисбековна жаштардын келечегин аныктоодо алардын өз алдынчалыгын калыптандыруу маанилүү экенин дагы бир жолу эскертет. Анын айтымында, окуучуну даяр чечимдерге гана көндүрбөстөн, өз жөндөмүн өстүрүүгө жана келечегин өзү курууга үйрөтүү зарыл.

Ошондуктан ата-энелер декадасын бир жолку жыйын катары кароого болбойт. Анын түпкү мааниси — ата-эне менен педагогдун ортосунда үзгүлтүксүз байланыш түзүү. Ата-эне баласынын окуусуна кайдыгер эместигин көрсөтсө, педагог анын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алып иш алып барса, ал эми окуучу өз жоопкерчилигин терең түшүнсө, натыйжасы да күткөнгө татыктуу болот.
№98 лицейдеги бул иш-чаранын башкы идеясы да ушуга барып такалат: лицей, ата-эне жана окуучу — өзүнчө бөлүнкөн тараптар эмес, бир максатты көздөгөн бирдиктүү команда.
«Биргелешкен ийгиликке карай 10 кадам» деген аталыштын өзү да жөн жерден тандалган эмес. Бул жерде кеп он гана иш-чара же он гана кадам жөнүндө эмес. Кеп баланын билим алуусуна, тарбиясына жана келечегине карата жоопкерчиликти биргелешип бөлүшүү тууралуу жүрүп жатат.
Анткени баланын ийгилигин жалгыз ата-эне да, жалгыз мугалим да жарата албайт. Жол көрсөткөн үй-бүлө, колдоо көрсөткөн педагог жана аракет кылган окуучу бири-бирин толуктаганда гана ийгиликке апарар жол чындап натыйжалуу жана жемиштүү болот.
Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»

