БИЛИМГЕ КАРАГАНДА АГАРТУУ ДЕГЕН СӨЗДҮН МААНИСИ КЫЙЛА КЕНЕН
- 13.05.2025
- 0
Ошентип, КР Президентинин Жарлыгына ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрлик: Агартуу министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги түзүлдү.
Биз билгенден, билим берүү жана илим буга чейин Кыргызстандагы эӊ ири тармак болуп келген. Саны жагынан болсун, каржылануу жагынан болсун, азырынча ага теӊдеше турган бир дагы мамлекеттик тармак жок. Ошондуктан, анын маанисине карай экиге бөлүнүшү туура эле болду.
Өзүңүздөр жакшы билесиздер, Кыргызстанда билим берүү тармагы адегенде эле эл агартуу тармагы катары түзүлгөн. “Билим берүү” деген сөзгө караганда “агартуу” деген сөздүн мааниси кыйла кенен. Маселен, ал өзүнө жүрүм-турум, таалим-тарбыя, адеп-актык, акыл-насаат деген сындуу бир катар олуттуу түшүнүктөрдү да камтып турат. Ошондуктан, аларды билим берүү жүрүмүнөн ажырым карай албайбыз.
Ошону менен бирге, билимсиз коомду илимсиз башкаруу же өнүктүрүү да таптакыр мүмкүн эмес. Айрыкча, атаандаштык күч алып, аркы-терки аңкилдек аткан азыркы ааламдашуу доорунда илимий изилдөөлөргө олуттуу мамиле жасаган, жаңы технологияларды жетик өздөштүргөн жана жаңыча мамиле жасаган, дароо эле алгылыктуу натыйжаларды алып келбей турган илимий тармактарга жетиштүү каржылык, маалыматтык, өндүрүштүк, интеллектуалдык жактан колдоо көрсөткөн мамлекеттер гана алдыга озуп чыгып, коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык утушка ээ болору бышык.
Ушу тапта илим тармагынын өнүгүшү менен, коомдун социалдык түзүлүшү да өзгөргөнү, илимий жана интеллектуалдык түшүнүктөрдүн күргүштөп кирип жатканы, дүйнөдө акыл эмгеги менен алпурушкандардын саны барган сайын өсүп жатканы даана байкалат. Демек, илим менен жаңы технологиялар ар бир адам баласына тикелей таасир эте баштады. Муну таптакыр танып коюуга же жадымдан чыгарып салууга болбойт.
Кемел Белек (“Кут Билим”)
Комментарийлер