БИЛИМДЕН ПРАКТИКАГА — №34 ЛИЦЕЙДИН ТАЖРЫЙБАСЫ
- 22.10.2026
- 0
Бүгүнкү күндө жаштар үчүн кесип тандоо — келечектеги жашоо жолун аныктоочу эң маанилүү кадам. Эмгек рыногунда суроо-талапка ээ, өз күчү менен киреше табууга жана келечекте жеке ишин баштоого мүмкүнчүлүк берген кесиптердин бири — ширетүүчүлүк. Турак жай, өндүрүш объекттеринин жана чакан цехтердин көбөйүшү бул адистиктин коомдогу ордун барган сайын бекемдөөдө.
Баткен шаарындагы №34 кесиптик лицейде жаштарды эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон жумушчу кесиптерге даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Алардын бири — ширетүүчүлүк. Окуучулар бул кесиптин теориялык негиздерин үйрөнүү менен катар өндүрүштүк сабактарда практикалык көндүмдөрүн калыптандырышат. Лицейдин ширетүүчүлүк багыты боюнча өндүрүштүк окутуу чебери Алимбай Отбасаров менен маектешип, кесиптин бүгүнкү эмгек рыногундагы орду, адистерди даярдоонун өзгөчөлүктөрү жана жаштар үчүн ачкан мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылдык.

«Суроо-талап жогору кесип»
— Бүгүнкү күндө ширетүүчүлүк кесибине болгон суроо-талап абдан жогору, — дейт Алимбай Турдубаевич. — Өлкөбүздө курулуш тармагы жигердүү өнүгүп, завод-фабрикалар менен чакан өндүрүш цехтеринин көбөйүшү бул адистикке болгон муктаждыкты кыйла арттырды.
Бул пикир жумушчу кесиптердин азыркы коомдогу орду менен маанисин айгинелейт. Бирок суроо-талаптын жогору болушу эле жетишсиз. Эмгек рыногунда өз ордун табуу үчүн жаш адис теориялык билимди практикалык чеберчилик менен айкалыштырып, эмгек тартибин сактоого жана сапаттуу иштөөгө үйрөнүшү зарыл.
Ширетүүчүлүк кесибин өздөштүргөн бүтүрүүчү ишканаларга жумушка орношууга гана эмес, жетиштүү тажрыйба топтогондон кийин өз алдынча буйрутмаларды аткарууга, келечекте жеке ишкерлигин баштоого да толук мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн кесиптик чеберчилик менен катар жоопкерчилик, эмгек тартиби жана кардарлардын ишенимин актоо жөндөмү талап кылынат.

Теориядан практикага чейинки жол
Ширетүүчүлүк өнөрүн өздөштүрүү жөн гана аппаратты иштетүү менен чектелбейт. Окуучулар электр ширетүү аппараттарынын түрлөрү менен иштөө принциптерин, металлдарды бириктирүү ыкмаларын, тигиштердин классификациясын, металл четтерин даярдоону жана чиймелердеги шарттуу белгилерди окууну үйрөнүшөт. Ошондой эле электроддордун, металлдар менен эритмелердин өзгөчөлүктөрүн, ширетилген жерлердин сапатын текшерүү жолдорун өздөштүрүшөт.
Мындай билимдердин ар бири келечектеги адистин ишинде чечүүчү мааниге ээ. Анткени ширетүүнүн сапаты буюмдун бекемдигине гана эмес, адамдардын коопсуздугуна да түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан окуучулар жумушту так аткарууну, кемчиликтерди убагында аныктоону жана техникалык коопсуздук эрежелерин тыкыр сактоону башынан адат кылууга тийиш.
Алимбай агайдын айтымында, окуучулардын кесиптик даярдыгында өндүрүштүк-практикалык сабактар өзгөчө орунду ээлейт:
— Окуучулар окуу учурунда теориялык билим алып, аны практикада калыптандырышат. Жума сайын өткөрүлүүчү өндүрүштүк сабактарда ширетүү иштерин өз колдору менен аткарып, чыныгы кесиптик тажрыйба топтошот.
Демек, кесиптик билим берүүнүн натыйжасы окуучунун алган маалыматы менен гана эмес, ошол билимди иш жүзүндө канчалык чебер колдоно билгендиги менен өлчөнөт. Практикалык сабактар канчалык мазмундуу уюштурулса, жаш адистин өзүнө болгон ишеними жана ишке даярдыгы ошончолук бекем болот.

Заманбап жабдуу — сапаттуу билимдин шарты
Кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууда мугалимдин тажрыйбасы жана окуучунун аракети менен бирге материалдык-техникалык база чоң мааниге ээ. Ширетүүчүлүктү толук кандуу үйрөнүү үчүн ишке жарамдуу заманбап аппараттар, керектүү сырьё, коопсуздук талаптарына жооп берген устаканалар жана ар бир окуучуга ылайыкталган жумушчу орундар зарыл.
— Квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн окуу жайда заманбап жабдуулар жана практикалык иш жүргүзүүгө бардык шарттар болушу керек, — деп белгилейт Алимбай Турдубаевич.
Бул — бүгүнкү кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүдөгү негизги талаптардын бири. Технологиялар заматта жаңыланып жаткан доордо окуучулар заманбап жабдуулар менен иштөөгө даяр болушу кажет. Теориялык билим өндүрүштөгү реалдуу талаптар менен айкалышканда гана бүтүрүүчүнүн жумушка көнүгүү процесси жеңилдейт.
Мындан сырткары, кесиптик лицейлердин жергиликтүү ишканалар жана иш берүүчүлөр менен өнөктөштүгүн кеңейтүү зарыл. Бул окуучуларга өндүрүш чөйрөсүн жакындан көрүүгө, эмгек талаптарын түшүнүүгө жана болочок жумуш орундарын эрте баамдоого жардам берет.
Диплом эмес, кесиптик чеберчилик маанилүү
Кесиптик билим берүүнүн негизги максаты — окуучуга диплом тапшыруу менен чектелбестен, аны эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү, өз алдынча иштей алган адис катары даярдоо. Айрыкча ширетүүчүлүк сыяктуу кол өнөрчүлүккө жана чеберчиликке таянган кесиптерде бул принцип өзгөчө мааниге ээ.
— Биздин башкы максатыбыз — лицейди аяктаган ар бир бүтүрүүчүнү өз алдынча иш жүргүзүүгө, жеке ишкерлигин ачууга жана эмгек рыногунда өз ордун табууга жөндөмдүү кесипкөй адис кылып тарбиялоо, — дейт Алимбай агай.
Бул сөздөрдө жаштарга жөн гана өнөр үйрөтүү эмес, аларды келечектеги өз алдынча жашоого даярдоо максаты жатат. Өз кесибин мыкты билген адис жумуш издөөчү гана болбостон, тажрыйба топтогондон кийин өз ишин ачып, башкалар үчүн да жаңы жумуш орундарын түзүүгө жөндөмдүү болот.
Окуучулардын окуп жүргөндө эле буйрутма аткарып, киреше табуусу алардын даярдык деңгээлине жана коопсуздугуна түздөн-түз байланыштуу. №34 кесиптик лицейде азыркы тапта окуучулар өндүрүштүк сабактар аркылуу тажрыйба топтоодо. Келечекте окуу жайлар менен ишканалардын кызматташтыгын бекемдөө жаштарга кесиптик көндүмдөрүн реалдуу өндүрүштүк тапшырмаларда өнүктүрүүгө кеңири жол ачат.
Жумушчу кесипке болгон көз карашты өзгөртүү — мезгил талабы
Жаштарды ширетүүчүлүккө кызыктыруу үчүн бул кесиптин кеңири мүмкүнчүлүктөрүн туура түшүндүрүү керек. Жумушчу кесипти тандоо — экинчи даражадагы жол эмес, тескерисинче, реалдуу көндүмгө ээ болуунун, коомго пайдалуу эмгек кылуунун жана өз алдынча финансылык эркиндикке жетишүүнүн ишенимдүү башаты.
Бул жараянда ата-энелер менен мугалимдердин ролу да чоң. Жаштарга кесиптин кадыр-баркы анын аталышында эмес, аны канчалык жогорку деңгээлде өздөштүргөнүндө, эмгектин сапатында жана коомго тийгизген пайдасында экенин түшүндүрүү зарыл.
Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»