БИЛИМДҮҮ МУУН ЖАНА АТА МЕКЕНДИ КОРГОО ЖООПКЕРЧИЛИГИ

  • 24.08.2026
  • 0

Кыргыз Республикасында жаштарды аскерге чейинки даярдоо системасын жаңылоо маселеси мамлекеттик деңгээлде талкууланып жатат. Учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында жаштарды аскерге чейинки даярдоо системасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын жана Кыргыз Республикасында жаштарды аскерге чейинки даярдоо системасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу планын бекитүү, ошондой эле жаштарды аскерге чейинки даярдоо системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө» токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Бул документти коомдук талкууга чыгаруу жөн гана дагы бир ченемдик-укуктук актыны кабыл алуу процесси эмес. Ал өлкөнүн келечектеги коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, жаш муундун жарандык тарбиясына, алардын физикалык жана моралдык-психологиялык даярдыгына түздөн-түз байланышкан маанилүү маселе. Анткени бүгүн мектепте билим алып жаткан жаштар эртең мамлекеттин ар кандай тармактарында эмгектенип, анын коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга катышат.

Токтом долбоорунун негизги максаты – Кыргыз Республикасындагы жаштарды аскерге чейинки даярдоонун учурдагы системасын заманбап шарттарга ылайыкташтыруу жана анын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу. Ошондой эле чакыруу жана мобилизациялык ресурстарды даярдоонун сапатын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кадрдык потенциалын бекемдөө аркылуу өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо каралууда.

Бул жагдайда коомдук талкуунун өзү да өзгөчө мааниге ээ. Анткени жаштарды аскерге чейинки даярдоо – бир гана күч түзүмдөрүнүн же билим берүү системасынын маселеси эмес. Бул ата-энелерди, педагогдорду, коомчулукту, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарын кызыктырган жалпы мамлекеттик маселе. Ошондуктан концепциянын мазмуну жана аны ишке ашыруу механизмдери коомдук пикирди эске алуу менен калыптандырылышы зарыл. БИЛИМДҮҮ МУУН ЖАНА АТА МЕКЕНДИ КОРГОО ЖООПКЕРЧИЛИГИ

ПИЛОТТУК ДОЛБООР: ЖАҢЫ СИСТЕМАНЫ ПРАКТИКАЛЫК ЖАКТАН СЫНОО

Токтом долбоорунда 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып 2028-жылдын 31-декабрына чейин жаштарды аскерге чейинки даярдоо системасын өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу каралган.

Пилоттук долбоордун өзгөчөлүгү – жаңы мамилелерди жана механизмдерди дароо бардык билим берүү уюмдарына жайылтпастан, алгач белгиленген мектептерде практикалык жактан сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн түзүүдө. Бул өз кезегинде системанын күчтүү жана алсыз жактарын аныктоого, материалдык-техникалык жана кадрдык мүмкүнчүлүктөрдү баалоого шарт түзөт.

Кандай гана концепция болбосун, анын натыйжалуулугу кагаз жүзүндө эмес, практикалык турмушта көрүнөт. Ошондуктан пилоттук долбоорду өткөрүү – сунушталып жаткан өзгөрүүлөрдүн реалдуу мүмкүнчүлүгүн жана натыйжалуулугун текшерүүнүн маанилүү этабы.

Бул багытта Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине пилоттук долбоорго катышкан жалпы билим берүү уюмдарындагы жетишпеген материалдык-техникалык мүлккө жана окуу-методикалык базага кеңири талдоо жүргүзүү милдетинин жүктөлүшү да негиздүү.

Анткени билим берүүнүн сапаты программалардын мазмунуна гана эмес, аны ишке ашыруучу шарттарга да байланыштуу. Эгер мектептерде тиешелүү окуу жабдуулары, усулдук материалдар жана даярдалган адистер жетишсиз болсо, эң жакшы иштелип чыккан концепциянын да толук кандуу ишке ашуусу кыйын болот.

ЗАМАНБАП ТАЛАПТАР ЖАҢЫ МАМИЛЕНИ ТАЛАП КЫЛАТ

Бүгүнкү дүйнөдөгү коопсуздук түшүнүгү мурдагыдан кыйла кеңири. Ошондуктан жаштарды аскерге чейинки даярдоонун мазмуну да заман талабына ылайык болушу керек.

Албетте, физикалык даярдык, баштапкы аскердик билимдер, тартип жана уюшкандык маанилүү бойдон калат. Бирок азыркы шартта маалыматтык коопсуздук, санариптик сабаттуулук, өзгөчө кырдаалдарда туура аракеттенүү, биринчи жардам көрсөтүүнүн негиздери, психологиялык туруктуулук жана командада иштөө жөндөмдөрү да чоң мааниге ээ.

Демек, аскерге чейинки даярдык жаш адамды белгилүү бир кызматка гана эмес, турмуштагы ар кандай жооптуу кырдаалдарда туура аракеттенүүгө үйрөтүүгө багытталышы керек. Бул анын практикалык маанисин дагы жогорулатат.

Ошол эле учурда жаңы системаны киргизүүдө жаштардын психологиялык өзгөчөлүктөрү, алардын кызыгуулары жана заманбап маалыматтык чөйрө да эске алынышы зарыл. Формалдуу сабактар жана маалыматтарды жаттатуу менен чектелген окутуу күтүлгөн натыйжаны бербейт. Жаштардын активдүү катышуусуна негизделген практикалык машыгуулар, командалык иштер, интерактивдүү ыкмалар жана тарыхый-агартуучулук долбоорлор бул багыттагы иштердин натыйжалуулугун арттыра алат. БИЛИМДҮҮ МУУН ЖАНА АТА МЕКЕНДИ КОРГОО ЖООПКЕРЧИЛИГИ

КОНЦЕПЦИЯНЫН ИЙГИЛИГИ ЭМНЕДЕН КӨЗ КАРАНДЫ?

Коомдук талкууга коюлган концепция жана аны ишке ашыруу планы алдыга коюлган максаттарга жетиши үчүн бир катар маселелерге өзгөчө көңүл буруу зарыл. Коомдук талкууга катышкан жарандар дагы бир канча сунуштарды ортого салууда. Мисалы [email protected] аттуу аккаунттан жазылган сунушка көңүл бурсак: Концепция боюнча. Аны ишке ашыруунун баштапкы этабында, анын ичинде пилоттук режимде, сунушталып жаткан эмгек акыга запастагы офицерлердин ичинен окутуучуларды табуу дээрлик мүмкүн болбой калышы ыктымал. Ушуга байланыштуу өлкөнүн бардык райондорунда кызмат өтөп жаткан Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик чек ара кызматынын учурдагы офицерлерин (прапорщиктерин) мектептерде сабак берүүгө тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга болот. Албетте, мындай жол менен бардык калктуу конуштарды толук камтуу мүмкүн болбойт. Бирок бул вариант кадр маселесин кандайдыр бир деңгээлде чечүүгө шарт түзмөк. Мында офицерлер тарабынан өткөрүлгөн жана иштелген сааттар үчүн тиешелүү төлөм жүргүзүлөт. Мыйзамдар учурдагы аскер кызматкерлерине мындай ишмердик менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берет”.

Бул дагы концепцияны ишке ашыруу үчүн эң сонун сунуш. Себеби азыр квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу эң чоң көйгөйлүү маселелердин бири. Мындай ыкманын артыкчылыгы – практикалык тажрыйбасы бар адистерди билим берүү процессине тартууга шарт түзүлөрүндө.

Албетте, бул ыкма өлкөнүн бардык калктуу конуштарын толук камтый албайт. Бирок пилоттук долбоордун алкагында кадр тартыштыгын белгилүү деңгээлде чечүүгө жана жаңы системанын мүмкүнчүлүктөрүн практикалык жактан сыноого шарт түзүшү мүмкүн. Бирок бул тажрыйбаны киргизүүдө бир гана аскердик тажрыйбанын болушу жетишсиз экенин да эске алуу керек. Жаштар менен иштөө үчүн предметтик билимден тышкары педагогикалык жана психологиялык компетенттүүлүк да талап кылынат. Ошондуктан сабак берүүгө тартылган кызматкерлер үчүн кыска мөөнөттүү усулдук-педагогикалык даярдыкты уюштуруу маселесин да кароо максатка ылайыктуу.

Дагы бир чоң маселе — шаардык жана айылдык мектептердин материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүндөгү айырмачылыктарды эске алуу маанилүү. Анан да пилоттук долбоордун жыйынтыктары формалдуу түрдө гана эмес, терең талдоого алынышы керек. Кандай көйгөйлөр жаралды, кайсы ыкмалар өзүн актады, окуучулардын кызыгуусу кандай болду, педагогдорго кандай кыйынчылыктар кездешти деген суроолорго так жооп берилгенде гана кийинки этаптарды туура пландаштырууга болот.

Мындан тышкары, концепциянын ишке ашырылышын баалоодо өткөрүлгөн иш-чаралардын саны менен гана чектелбөө зарыл. Негизги көрсөткүч жаштардын жарандык аң-сезиминде, жоопкерчилик сезиминде, физикалык жана моралдык-психологиялык даярдыгында кандай өзгөрүүлөр болуп жатканы менен аныкталышы керек. Бул азыркы 12 жылдык билим берүүнүн жаңы талаптарына туура келет.

КООМДУК ТАЛКУУ – САПАТТУУ ЧЕЧИМГЕ КАРАЙ МҮМКҮНЧҮЛҮК

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаштарды аскерге чейинки даярдоо системасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүгө багытталган концепцияны бекитүү жана аны ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тууралуу токтомунун долбоорунун коомдук талкууга коюлушу – өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо жана мамлекеттин келечектеги коопсуздугун камсыз кылуу маселесиндеги маанилүү кадам.

Эгер сунушталып жаткан концепция заманбап билим берүү талаптарын, жаштардын кызыкчылыктарын жана өлкөнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен ишке ашырылса, ал жаштарды даярдоо системасынын сапатын жогорулатууга олуттуу салым кошо алат.

Анткени өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү Куралдуу Күчтөрдүн мүмкүнчүлүгү менен гана өлчөнбөйт. Анын бекемдиги билимдүү, аң-сезимдүү, мекенчил жана жоопкерчиликтүү жарандардан турган коомго да көз каранды. Ошондуктан өсүп келе жаткан муунду сапаттуу окутуу жана аны Ата мекенди коргоого даярдоо – бүгүнкү күндүн гана эмес, Кыргызстандын келечегин аныктай турган стратегиялык милдет.

А.Б.Сатаев,

КББАнын ага илимий кызматкери, запастагы полковник

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер