БИЛИМ УЯЛАГАН “МАНАС” ЛИЦЕЙИНИН МЫКТЫСЫ

  • 22.05.2024
  • 0

Ийгиликке жетүүгө билим, талыкпаган эмгек, күчтүү дөөлөт жана ынтымактагы бекем команда керек. Талас облусундагы “Манас” жатак-лицей  өзүнүн 33 жылдык тарыхында ондогон лицеймандарды “Алтын тамга” артыкчылык аттестат берүү менен уядан учуруп келет.

БИЛИМ УЯЛАГАН “МАНАС” ЛИЦЕЙИНИН МЫКТЫСЫ

Акыркы үч жылды алсак,  2021-2022-окуу жылында  Жапаров Айдар, 2022-2023-окуу жылында  Нурхан кызы Сезим “Алтын тамга” артыкчылык аттестатка ээ болсо, быйылкы окуу жылында Эсенов Аскат сынактан ийгиликтүү өтүп, ал артыкчылык аттестатка ээ болду.  Миң күндүк сапар бир кадамдан башталган сыңары,  чоң ийгиликтер лицейдин такшалган, окуучуларга системалуу билим берген, тажрыйбалуу мугалимдерден турган командасынын: кесиптик чеберчилиги жогору болгон кыргыз тили жана адабияты мугалими Максуда Колпочбаева, математика мугалими Сагын Боруева, химия мугалими Күлсада Дүйшеналиева жана тарых мугалими Насыйкат Акылбековалардын талыкпаган эмгегинин жана Аскаттын системалуу окуусунун натыйжасы. Ынтымагы бекем педагогикалык жамаатты жетектеген кесипкөй жетекчи Айгүл Орозалиеванын иши да ийгиликтин башаты.

“Манас” жатак-лицейинин ийгиликтүү бүтүрүүчүсү Аскат Эсенов Талас облусунун Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында   2006-жылдын 6-октябрында жарык дүйнөгө келген. 2013-жылы Көпүрө-Базар айылындагы Рысбек Айдаралиев атындагы орто мектебине 1-класска окууга кирип, анда 8-класска чейин “эң жакшы” деген баада билим алган. 6-классында АКМО – алтынчы класстын окуучуларынын математика боюнча олимпиадасына катышып, райондук жана облустук турларында 1-орунга ээ болгон.

Аскаттын  математикага болгон өзгөчө жөндөмдүүлүгүн байкаган ата-энеси                 7-классында  математика-физика багытындагы “Манас” жатак-лицейине кабыл алуу экзаменине алып келет. Зээндүү, сергек, дилгир бала 8-класстан баштап “Манас” жатак-лицейинде билим алат. Лицей босогосун аттаган алгачкы күндөн баштап сабакка болгон өзгөчө аракетин көрсөтө баштаган. Лицейге келген жылы IMEC эл аралык математикалык олимпиадага катышып, 2-даражадагы диплом менен сыйланаган. 9-классынан баштап лицейдин математика мугалими С.Боруеванын жетекчилиги астында математика предметинен олимпиадага тынымсыз даярданып, 2021-2022-окуу жылында олимпиаданын райондук этабында 1-орун, облустук этабында 3-орун, 2022-2023-окуу жылында олимпиаданын райондук этабында 1-орун, облустук этабында 3-орунга ээ болду.

Аскат “Алтын тамга” стандартташтырылган  тестин Талас шаарына барып   математика, тарых, химия, кыргыз тили жана адабияты сабактарынан тапшырды. Бардык тапшырмалар үчүн окуучуларга  3,5 саат убакыт берилген. Сынактын ортосунда 20 минуталык тыныгуу болду. Сынак жогорку денгээлде өттү, суроолору Аскат үчүн системалуу түрдө 8-класстан баштап лицейден мугалимдер менен бирге Улуттук тестирлөө борбору тарабынан чыгарылган тест китептери менен даярдангандыктан, көпчүлүк суроолор кыйынчылык жаратпаптыр.  Бул тестке даярданууга кошумча билими,  башкача айтканда, Талас шаарындагы Салымбеков бизнес мектебинен алган курстары дагы жардам берди. Тестти алган калыстар да баарын дыкаттык менен карашты. Сынактан чыккан сон өтөмбү, өтпөймүнбү деген толкундоолор болду. Аскат келечекте, буюрса “Алтын сертификат” алып, жакшы окуу жайга тапшырып, Кыргызстандын керегине жараган атуулдардан болсом деп тилек кылат.

Ишеничти актаган Каныкей

БИЛИМ УЯЛАГАН “МАНАС” ЛИЦЕЙИНИН МЫКТЫСЫ

Талас облусундагы Манас районунун Көк-Дөбө айылындагы жалпы билим берүүчү Сагынбек Дүйшенбиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Каныкей Ыкышова дагы “Алтын тамга” тестирлөөсүнө катышып, артыкчылык аттестатына ээ болду. Сынак  боюнча ал мындай дейт: “Бул тестке катышууга мектеп администрациясынын сунушу жана ишеничи түрткү болду. Мен чоң жоопкерчилик менен даярданып, натыйжада ийгиликке жетише алдым. Тестке даярданууда предметтердин кайсы бөлүмүнөн артта экенимди билип, аларды жакшы өздөштүргөнчө окуп даярдандым. Сынак баары ойдогудай өттү, байкоочулар тесттин эрежелерин, бланкаларды толтуруунун жолдорун так жана түшүнүктүү айтып беришти. Тапшырмалар мен үчүн жеңил болду, себеби баары мектеп программасынын чегинен чыккан эмес. Эң негизгиси суроолорду туура түшүнүп, шашылбай жооп берүү менен жакшы жыйынтык көргөзсө болот. Бул тестирлөө калыстар тобу тарабынан эч кандай коррупциялык механизмдерге алдырбай, абдан адилеттүү текшерилгенине толук ишендим”.

Салтанат БЕЙШЕНОВА, Талас облустук усулдук борборунун жетекчиси

Бөлүшүү

Комментарийлер