БИЛИМ САПАТЫ – КЕЛЕЧЕК КЕПИЛИ
- 02.11.2026
- 0
(Калкан Керималиев атындагы орто мектебинин акыркы беш жылдагы (2021–2026-жж. жетишкендиктери жана чоң жеңиштерге жеткен сыры)
Билим берүү тармагындагы акыркы реформаларга шайкеш келип, заманбап жана сапаттуу билим берүү — ар бир мектептин башкы максаты. Бүгүнкү күнү алыскы айылдык мектептер да 12 жылдык билим берүү моделине кайдыгер карабай, бул өзгөрүүлөргө дилгирлик менен киришип жатышат. Биз да Ат-Башы районундагы Калкан Керималиев атындагы орто мектебинин ийгиликтерине көз чаптырууну туура көрдүк. Аталган билим очогу акыркы жылдары окуу процессине санариптик технологияларды жигердүү киргизип, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга жана окуучулардын билим сапатын арттырууга өзгөчө маани берип келет.

Жалпы маалымат жана кадрдык потенциал
Мектептин инфраструктуралык жана кадрдык абалы окуу процессинин сапатын аныктаган негизги факторлордун бири болуп саналат. Мектепте орточо эсеп менен 350–380ден ашык окуучу билим алып, сабактар 2 сменада жүргүзүлөт. Класс комплекттердин саны 17–19дун тегерегинде.


«Жакшы мугалим — мектептин жүрөгү» дегендей, Калкан Керималиев атындагы мектептин педагогикалык жамааты дайыма изденүүнүн үстүндө иштешет. Мугалимдер «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурстарында туруктуу түрдө райондук жана облустук турларда 1-орундарды ээлеп, республикалык этаптарга катышып келишет. Алардын арасында Сингапур методикасы жана заманбап санариптик сабаттуулук курстарын ийгиликтүү аяктап, эл аралык форумдарга (Дубай, Москва) жолдомо алган мугалимдер жок эмес. Мисалы, Ракат Баялиева, Айнура Карыбекова жана Жазира Айдарова сыяктуу алдыңкы мугалимдердин туруктуу ийгиликтери кубандырбай койбойт. Ушундай тажрыйбалуу педагогдордон билим алган окуучулардын республикалык деңгээлде гана эмес, чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында да билим алып жатканы — алыскы айылдык мектептерде да изденип, жогорку деңгээлде иштөөгө болорун айкын далилдейт. Муну менен катар, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүү көрсөткүчү жыл сайын жогорулап жатат. Педагогикалык жамааттын потенциалы жогорку деңгээлде. Мугалимдердин басымдуу бөлүгү (70-80% ашыгы) жогорку билимдүү адистерден турат. Алар ар кандай сынактарда байгелүү орундарды ээлеп жатышы — мектептин методикалык базасы күчтүү экенин далилдейт.

ЖРТ: Туруктуу өсүү жана жогорку упайлар
Мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн ЖРТдагы көрсөткүчтөрү билим берүүнүн натыйжалуулугун баалоодогу негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Төмөнкү маалыматтар акыркы жылдардагы оң динамиканы айкын көрсөтүп турат. Мисалы, 2021–2022-окуу жылында катышкан 21 окуучунун билим сапаты 76% түзүп, эң жогорку упай 208 болгон (1 окуучу 200дөн жогорку упай алган). 2022–2023-окуу жылында билим сапаты 88%ге көтөрүлүп, тарыхый ийгилик — «Алтын сертификат» катталган (эң жогорку упай 226). 2023–2024-окуу жылында катышкан 13 окуучунун билим сапаты 76% түзүп, эң жогорку упай 213 болгон.
2024–2025-окуу жылында билим сапаты 85,7%ти түзсө, 2025–2026-окуу жылында катышкан 21 окуучунун ичинен билим сапаты 90%ке жеткен (3 окуучу 200дөн жогорку упай алып, эң жогорку упай 221 болгон).
ЖРТнын жыйынтыктары мектепте окуучуларды жогорку окуу жайларына даярдоо деңгээли жыл сайын бекемделип жатканын, өзгөчө 2026–2027-окуу жылында сапаттын 90%ке жетүүсү мугалимдердин жана окуучулардын биргелешкен эмгегинин жемиши экенин далилдейт.
ЖРТ жана олимпиадаларда көрсөткүчтөр жогору болгону менен, жалпы чейректик билим сапаты туруктуу түрдө 53–54% деңгээлинде сакталып калууда. Бул жетишпеген же орто окуган окуучулар менен жекече иштөө формаларын күчөтүүнү талап кылат.
«Алтын тамга» артыкчылык аттестаты жана эл аралык ийгиликтер
Мектептин сыймыгы болгон өзгөчө үлгүдөгү аттестаттар жана эл аралык алмашуу программалары да көңүл бурууга татыктуу экен. Алсак, 2022–2023-окуу жылында 2 окуучу «Алтын тамга» аттестатына ээ болушса (Абдырасулова Айжан менен Коногалиева Баян-Сулуу), 2023–2024-окуу жылында 1 окуучу (Жумабекова Айназик) бул ийгиликти кайталаган.

Мындан тышкары, окуучулардын эл аралык деңгээлдеги мобилдүүлүгү өсүп, анын ичинен 2024–2025-окуу жылында бир окуучу (Абдырасулова Баян) FLEX программасы аркылуу АКШнын Нью-Йорк штатында 11-классты окуп келип, учурда ошол эле жакта студент болуп жатышы мектептин глобалдык деңгээлдеги мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт.
Олимпиадалар жана интеллектуалдык таймаштар
Окуучулардын предметтик олимпиадалардагы жана кароо-сынактардагы ийгиликтери жыл сайын арбып баратат. Айрыкча математика, информатика, кыргыз тили жана орус тили багыттарында райондук, облустук турларда байгелүү орундар камсыздалып келет. Мисалы, 2025–2026-окуу жылында АКМО математикалык олимпиадасында жана Zeen олимпиадасында окуучулар «Алтын» жана «Күмүш» медалдарды (планшеттер менен кошо) жеңип алышкан. Ал эми Улуттук олимпиаданын экинчи туруна физика, математика, химия жана биология багыттары боюнча ондогон окуучулар өтүп, мектептин илимий потенциалы жогору экенин тастыктаган. «Манас таануу» интеллектуалдык таймаштарында «Көк Асаба» тобу райондук деңгээлде алдыңкы орундарды ээлеп келе жатат.
Санариптешүү
«Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында электрондук китепкананын уюштурулушу, STEM багытындагы кабинеттердин компьютер, проекторлор менен камсыз болушу жана химия сабагынан виртуалдык лабораториянын колдонулушу окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатууда чоң өбөлгө түзүүдө.
— Жаңы окуу жылынан баштап, түзүлгөн иш пландын негизинде педагогикалык жамаатка тиешелүү тапшырмалар бөлүнүп берилип, окуу жылы ийгиликтүү багыт алды. Кызыл-Туу айылынын каттоосунда турган балдардын санын тактоо иштери жүргүзүлүп, натыйжада мектепке келе турган 6 жаштагы 23 окуучу жана 1-класска кабыл алынуучу 5,5 жаштагы 23 окуучу катталган. Класс жетекчилер тарабынан ата-энелер чогулуштары уюштурулуп, видеослайддардын жардамы менен 12 жылдык билим берүү системасы бүгүнкү күнгө чейин түшүндүрүлүп келүүдө. Эң жакшы жасалган видеослайддар мектептин Фейсбуктагы расмий баракчасына жүктөлгөн, — дейт мектеп жетекчиси.
Методикалык жаңылыктар жана бурчтар
“Алтын Казык” 12 жылдык билим берүү программасы боюнча секция жетекчилери жана китепканачы тарабынан мектептин көрүнүктүү жерине атайын бурч уюштурулган. Биология, химия, физика жана география сабактарынын мугалимдери “Сингапур окутуу методикасы” боюнча 5 күндүк окуу курсун ийгиликтүү окуп келишкен. Курстан өткөн мугалимдер тренердин катышуусунда мониторинг катары ачык көргөзмөлүү сабактарды өтүшүүдө.
— Башталгыч класстарда математика, кыргыз тили, окуп түшүнүү жана табият таануу предметтери боюнча айына 1 жолудан тест алынып турат. 5–9-класстар үчүн кыргыз тили, кыргыз адабияты, математика, табият таануу, биология, химия жана физика предметтери боюнча ар бир айда бирден тест өткөрүлдү. СТЕМ мугалимдери окуучулар менен биргеликте турмуштук көндүмдөргө көнүктүрүү максатында “Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз” деген темада изилдөө сабактарын жана мастер-класстарды көрсөтүп беришти, — дейт мектептин директору Каныкей Обукеева.
Сөз соңу
Калкан Керималиев атындагы орто мектебинин акыркы 5 жылдык көрсөткүчтөрү мектептин билим берүү сапатында сапаттуу секирик жасаганын көрсөттү. ЖРТнын 90%ке чейин көтөрүлүшү, алтын сертификаттардын алынышы, олимпиадаларда республикалык деңгээлге чыгуу жана мугалимдердин республикалык деңгээлдеги жеңиштери мектептин туура жолдо экенин далилдейт. Аталган мектеп изденүүчү, заманбап технологияларды өздөштүргөн, окуучуларын республикалык жана эл аралык деңгээлге чыгара алган алдыңкы билим очогу экенин далилдей алды. Педагогикалык жамааттын кесипкөйлүгү жана алдыга койгон так максаттары келечекте дагы чоң ийгиликтерди камсыздай турганы шексиз. Айтайын дегеним, окуучулардын билим сапатын дагы да жогорку баскычка көтөрүүгө жана заманбап талаптарга толук жооп берүүгө — бул жамааттын потенциалы толук жетет.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Маалымат үчүн:
К. Керималиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин учурдагы имараты 1975-жылы пайдаланууга берилген. Мектеп проект боюнча 192 окуучуга ылайыкталган.
Мектеп типтүү проект менен курулган, бир кабаттуу имарат. Көмүр менен жылытылат. Жалпы аянты 31662 м2, ички аянты 1123.60 м2. Азыркы учурда мектепте 370 окуучу окуйт. Окутуу 2 сменада кыргыз тилинде жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)