БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНДА КОРРУПЦИЯНЫ АЛДЫН АЛУУ
- 01.10.2026
- 0
Билим берүү системасында коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу бир гана көзөмөлдү күчөтүү менен чектелбейт. Бул үчүн билим берүү кызматтарын санариптештирүү, адам факторун азайтуу, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана ата-энелер менен билим берүү кызматкерлеринин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу зарыл.
Санариптештирүү — коррупциялык тобокелдиктерди азайтуунун куралы
Билим берүү системасындагы коррупциянын алдын алуунун негизги багыттарынын бири катары санариптештирүү каралууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация багыты боюнча башкы адиси Гулиза Кочорбаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө билим берүү процессинин бир катар этаптары электрондук форматка өткөрүлүүдө. Мектепке чейинки билим берүүдө балдарды каттоо, электрондук кезекти жүргүзүү жана бала бакчалар тууралуу маалыматтарды системалаштыруу үчүн «Балалык» маалыматтык системасы колдонулууда.
Мектепке кабыл алуу процесси да санариптик форматка өткөрүлүп, ата-энелерге баласын мектепке аралыктан каттоо мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.
Коррупциялык тобокелдиктер көбүнчө чечим кабыл алууда адам фактору жогору болгон учурда пайда болот. Ошондуктан кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу жана аларды электрондук форматка өткөрүү кызмат алуучу менен кызмат көрсөтүүчүнүн ортосундагы түз байланыштарды чектөөгө шарт түзөт.
«Күндөлүк» жана баалоонун ачыктыгы
Коррупциялык тобокелдиктерди азайтууда окуу процессинин өзү да маанилүү орунда турат. Мектептерде электрондук журналдарды колдонуу аркылуу окуучулардын жетишкендиктери жана баалары санариптик системада сакталууда.
«Күндөлүк» системасынын иштеши окуучунун окуу процессине байланыштуу маалыматтарды электрондук форматта каттоого мүмкүнчүлүк берет. Мында ата-эне баласынын сабактагы жетишкендиги жана катышуусу тууралуу маалыматты туруктуу көзөмөлдөй алат.
Санариптик системанын дагы бир маанилүү артыкчылыгы — маалыматтардын өзгөртүлүшүнө бөгөт коюу. Коюлган бааларды уруксатсыз өзгөртүүгө мүмкүнчүлүктү чектеген техникалык механизмдер колдонулат.Мурда кагаз документтерге же оозеки маалыматтарга көбүрөөк көз каранды болгон процесстер эми электрондук из калтырган системага өтүүдө. Бул өз кезегинде маалыматтын тактыгын жана көзөмөлдөнүшүн күчөтүүгө багытталган.
«Мугалим» маалыматтык системасы
Коррупциялык тобокелдиктер билим берүү кызматтарын көрсөтүү менен гана чектелбейт. Кадрларды тандоо жана дайындоо процесстери да толук ачык болушу керек.
Гулиза Кочорбаеванын айтымында, педагогикалык кадрлар тууралуу маалыматтарды системалаштыруу үчүн «Мугалим» маалыматтык системасы колдонулат. Анда мугалимдердин реестри, документтери жана кесиптик ишмердигине байланыштуу маалыматтар камтылган.
Мындан тышкары, мектеп директорлорунун кызмат орундарына конкурстук тандоодо санариптик механизмдер пайдаланылууда. Катышуучулардын жыйынтыктары системада катталып, тандоо белгиленген талаптар жана топтолгон баллдардын негизинде жүргүзүлөт.
Сыйлык берүүдөгү автоматташтыруу
Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу педагогдорду сыйлоо процессине да түздөн-түз тиешелүү.Мурда мугалимди сыйлыкка көрсөтүү үчүн мектептен баштап райондук деңгээлге, андан кийин министрликке чейин көп сандаган документтер даярдалып жөнөтүлчү. Мындай көп баскычтуу процесс убакытты талап кылуу менен бирге субъективдүү факторлордун пайда болушуна шарт түзүп келген.Учурда бул процесстин бир бөлүгү автоматташтырылууда. Педагогдун жетишкендиктери жана белгиленген критерийлер эске алынып, система тиешелүү жыйынтыктарды чыгарууга жардам берет. Мында негизги маселе — сыйлык берүүнүн критерийлеринин так жана бардык талапкерлер үчүн бирдей болушунда. Санариптик система ушул принциптерди сактоого техникалык шарт түзөт.
Электрондук кызматтар жаран үчүн эмне берет?
Билим берүү системасын санариптештирүүнүн натыйжасы мамлекеттик органдардын ички ишине гана тиешелүү эмес. Анын түздөн-түз пайдалануучулары — окуучулар, ата-энелер, мугалимдер жана мектеп жетекчилери.
Тармакта электрондук күндөлүк, окуучулардын сабакка катышуусу жана жетишкендиктери тууралуу маалымат алуу, онлайн билдирүүлөрдү жөнөтүү, электрондук кызматтарды алуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө. Министрликтин маалыматтык системаларын интеграциялоо жана бирдиктүү эсептик жазуу аркылуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча да жигердүү иштер жүргүзүлүүдө.
Мунун баары жарандардын мамлекеттик кызматтарды алуу процессин жеңилдетүүгө багытталган. Ошол эле учурда санариптик кызматтардын иштеши үчүн жарандардын маалыматка жетүүсү, системалардын туруктуулугу жана жеке маалыматтарды коргоо маселелери да дайыма көңүл борборунда болушу тийиш.
Коррупцияны алдын алууда ата-эненин ролу
Коррупцияны алдын алуу техникалык же административдик чаралар менен гана чечилбейт.Бул процессте ата-энелердин укуктук жана маалыматтык сабаттуулугу чечүүчү мааниге ээ.

Билим берүү жана илим министрлигинин Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Дүйшөн Акимжанов ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин күчөтүүнүн зарылдыгына токтолду.
Анын айтымында, балага байланыштуу билим берүү процессинде ата-энелердин жоопкерчилиги чоң. Бирок айрым учурларда маалыматтын жетишсиздиги түшүнбөстүктөргө алып келет. Маанилүү маселе — ата-эне өз укугун жана милдетин, мектептин мүмкүнчүлүктөрүн, билим берүү тармагындагы талаптарды жана мыйзамдарды так билиши керек. Маалыматтын жетишсиздиги кызмат адамы менен жарандардын ортосунда түшүнбөстүк жаратып, айрым учурда мыйзамсыз талаптарды өз убагында айырмалоону кыйындатат.
Мыйзамсыз талаптар болсо кайда кайрылуу керек?
Коррупцияга каршы күрөштүн дагы бир маанилүү элементи — мыйзам бузуу фактылары тууралуу кабарлоо мүмкүнчүлүгүнүн болушу.
Эгерде ата-энелерге же билим берүү процессинин башка катышуучуларына карата мажбурлоо, мыйзамсыз талап коюу же башка укук бузуулар орун алса, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу зарылдыгы эскертилди. Бул механизм иштеши үчүн жарандар кайда, кандай тартипте жана кандай документтер менен кайрыла аларын так билиши керек. Ошондой эле арыз-даттанууларды кароонун ачыктыгы жана кайра байланыш берүү чечүүчү мааниге ээ.
Башкача айтканда, коррупциянын алдын алуу — мыйзам бузулган учурду жазалоо менен гана чектелбестен, мыйзам бузууга алып келиши мүмкүн болгон шарттарды алдын ала азайтуу болуп саналат.
Санариптештирүү жана тарбиялык иштин айкалышы
Тарбия жана кошумча билим берүү маселелерине да көңүл буруу абзел. Бул тууралуу Тарбия жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн начальниги Алтынбек Эркимбеков айтып берди.

Анын айтуусунда окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге маалыматтарды жеткирүү, мамлекеттик жана патриоттук багыттагы иш-чараларды өткөрүү, окуу-методикалык материалдарды жана видеороликтерди даярдоо маселелери камтылды.
Бул багыт коррупциянын алдын алуу темасы менен түздөн-түз байланышпагандай көрүнгөнү менен, билим берүү чөйрөсүндөгү укуктук маданиятты калыптандырууда маанилүү орунду ээлейт. Окуучу өз укугун, милдетин жана коомдогу жоопкерчилигин билсе, ал маалыматты сын көз менен кабыл алууга жана мыйзамсыз аракеттерди айырмалоого мүмкүнчүлүк алат.
Мадина Курбанова,»Кут Билим»