УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДА
- 10.06.2025
- 0
2025/2026-окуу жылынан тарта 2019-жылы төрөлгөн 6 жаштагы балдар 1-класска барат, ал эми мектепке чейинки даярдыктан өткөн балдар — 2-класста окуй баштайт. Ошондой эле 5- жана 7-класстардын окуучулары жаңыланган программалар жана окуу китептери менен окушат.
“Алтын Казык” – маанилүү этап
— «Алтын Казык» программасынын алкагында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуу программаларын жаңыртуу, заманбап билим берүү технологияларын киргизүү жана мектеп инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча даярдыктар көрүлүп, бул багытта тиешелүү кадамдар жасалды, — деди министрдин орун басары Н.Жусупбекова маалымат жыйынында.
Министрлик билим берүү системасын жаңыртуу аркылуу окуучулардын билим сапатын жогорулатууну жана аларды дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоону максат кылууда.
Агартуу министрлиги эң негизгиси 12 жылдык мектеп билим берүү системасына этап-этабы менен өтүүгө өзгөчө көңүл бурду. Бул — Кыргызстандын билим берүү системасын жаңылоо боюнча кеңири реформанын өзөгү десек ашыкча болбостур. Өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй, бул модель балдардын билимди терең өздөштүрүүсүнө, көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана жашоого, окууга, кесипке даярдануусуна көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет.
Жыл ичинде бир катар маанилүү укуктук-нормативдик документтер бекитилди. Алар: 12 жылдык билим берүүгө өтүү концепциясы; жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты жана сабактар боюнча жаңыланган стандарттар жана окуу программалары.
Заманбап мугалимди даярдоо
Мугалимдерди жаңы ыкмаларга даярдоо үчүн масштабдуу окутуулар уюштурулду, т.а. STEM багыттары боюнча 80 мастер-тренер 16 миңге жакын мугалимди окутса, калган сабактар боюнча 37 миңден ашуун мугалим квалификациясын жогорулатты.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-2025-окуу жылында мектептерде жалпы 93696 мугалим иштесе, анын ичинен мамлекеттик мектептерде — 87385 мугалим эмгектенди.
Билим берүү тармагын санариптештирүү
Өткөн жылы 1000ге жакын компьютердик техника сатылып алынса, 2025-2026-окуу жылында мугалимдер үчүн 27 миңден ашуун ноутбук сатып алуу пландалган. «Санарип Кампа», «Балалык», мектепке электрондук каттоо, электрондук күндөлүк жана билим берүү жөнүндө санарип документтер сыяктуу электрондук кызматтар ишке киргизилди. Ошондой эле мектептердин инфраструктурасына өзгөчө көңүл бурулду. Алсак, «Мектеп» системасы аркылуу интеграцияланган инвентаризация жүргүзүлүп, 1534 мектепте дээрлик 489 миң бош орун аныкталды, бирок, ошол эле кезде 577 мектепте 163 миңден ашуун орун жетишпейт. 2025-жылы өлкө боюнча 500гө жакын билим берүү объектисин куруу, оңдоо жана долбоорлоо пландаштырылууда.
2025-жылы мамлекет билим берүү тармагына 68,8 миллиард сом бөлүп, бул ИДПнын 4,2%ын түздү. Бул билим берүүгө болгон инвестициялар приоритет болгонун көрсөтөт.
1- жана 2-класска электрондук каттоо
12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүгө байланыштуу 2025-жыл өзгөчө болуп калды: биринчи жолу балдар мектепке дароо эки класска (1- жана 2-класстарга) кабыл алынат. Бул 12 жылдык билим берүү моделине өтүү менен байланышкан.
«Мектепке электрондук каттоо» системасы модернизацияланып, ар бир мектеп ар бир класс жана окутуу тили боюнча квоталарды киргизди. Баштапкы этапта өлкө боюнча 1-класстар үчүн 151 000, ал эми 2-класстар үчүн 164 000 орун жеткиликтүү болгон. 1-этаптын жыйынтыгында 1-класска – 47 592 бала, 2-класска – 66 404 бала кабыл алынды, анын ичинен 20 632си Бишкекте катталгандар.
2025-жылдын 2-июнунда башталган 2-этапта ата-энелер баланы каттоо дарегине карабастан бош орундар бар мектептерди тандай алышат. Каттоо «Түндүк» платформасы, https://1mektep.edu.gov.kg/ сайты жана банктык мобилдик тиркемелер аркылуу жүргүзүлөт. 2025-жылдын 9-июнуна карата республика боюнча 148 000 бош орун калган, анын ичинен 4 699 Бишкек шаарында.
Айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында жогорку ички миграция байкалууда. Бишкек мэриясы менен биргеликте министрлик микроучасткалардын чегинде альтернативалуу варианттарды алдын ала караштырып, ата-энелерге 2-3 мектептин ичинен тандоо мүмкүнчүлүгү берилди.
Жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы 2025-жылдын 30-майында кошумча квоталарды бөлдү. Бирок жогорку суроо-талап “Мектепке электрондук каттоо” системасынын ишине күч келтирди. Бир убакта 9 миңден ашуун колдонуучу онлайн болуп, 2-июндун алгачкы сааттарында мүнөтүнө 90 бала кабыл алынды, бул былтыркы көрсөткүчтөн эки эсе көп болду. Ошол эле күнү 2000ге жакын ата-эне мурда тандаган мектептен баш тартты, бул да системага жүк болду. Жалпысынан өлкө боюнча ошол күнү 162 миң бош орун катталды, бирок сандар тез өзгөрүп турду.
Документ тапшыруу учурунда эрежелердин бузулушу да катталды: айрым учурда ата-энелер чындыкка туура келбеген маалыматтарды жана туура эмес документтерди колдонушкан. Мындай бардык учурлар атайын комиссия тарабынан каралып, орундар жокко чыгарылды. Мисалы, Бишкек шаарынын №29 мектебинде 86 мыйзамсыз каттоо жокко чыгарылды.
Ачыктык жана адилеттүүлүк үчүн процесс мониторинги күчөтүлүп, ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бардык күчтөр ар бир бала билим алуусуна жеткиликтүү болушу жана система үзгүлтүксүз, ачык иштеши үчүн багытталды.
Өтө зарыл болгондо альтернатива катары — кээ бир райондордо орун жетишпесе, бала бакчаларда класстарды ачуу планы каралды. Бирок негизги максат – мектептерде окутууну камсыз кылуу.
Мындай кырдаалдын алдын алуу үчүн электрондук системанын техникалык базасын модернизациялоо; сервердик кубаттуулукту кеңейтүү; 2026-жылкы кабыл алууда бир гана класска кабыл алуу жүктөмүнө даярдыкты жогорулатуу иштери пландаштырылууда.
Кагаз жумушу азаят
Билим сапатын жогорулатуу, мугалимдердин жүктөмүн оптималдаштыруу жана окуу процессине көбүрөөк убакыт бөлүү максатында Агартуу министрлиги жалпы билим берүү уюмдарындагы отчеттук документтерди кыскартуу жана санариптештирүү боюнча иш-чараларды жүргүздү.
2025-жылдын 22-апрелиндеги буйругуна ылайык, отчет формаларын анализдөө милдети менен жумушчу топ түзүлдү. Топ отчетторду маанилүүлүгүнө жана зарылдыгына карап классификациялап, көпчүлүк формаларды «Е-Kyzmat» бирдиктүү платформада санарипке өткөрүү боюнча сунуштарды иштеп чыкты.
Санариптик чечимдердин жардамы менен мугалимдердин кагаз отчеттуулугу 80% кыскартылды. Ошондой эле акыркы 25 жылдагы аттестаттар менен дипломдорду санариптештирүү башталды — жакында аларды онлайн түрдө алууга мүмкүнчүлүк пайда болот.
Кыйынчылыктарды чечүү жолдору
Ийгиликтерге карабастан, билим берүү системасында көйгөйлөр жок эмес. Бишкекти кошкондо бир катар аймактарда балдар бакчаларга камтылуу аз. Кээ бир мектептер, айрыкча, шаарларда, ашыкча толгон. 12 жылдык окууга өтүү мугалимдердин олуттуу даярдыгын талап кылат. Айыл мектептерде заманбап технологиялар жетишсиз, ошол эле кезде аймактардагы билим сапатынын айырмасы сезилип турат.
Эмне кылабыз?
— 2025-жылдын аягына чейинки пландарды айта кетейин. Ириде мектепке чейинки билим берүүнү 60%га кеңейтүү, жаңы стандарттар менен окуу китептерин толук ишке киргизүү; санариптештирүүнү тереңдетүү – электрондук окуу китептеринен тартып онлайн-кызмат көрсөтүүлөргө чейин; биринчи мамлекеттик «Тунгуч» онлайн-мектебин ишке киргизүү; эл аралык олимпиадаларга катышкан окуучуларды колдоо; иш берүүчүлөрдүн колдоосунда мектептер менен кесиптик окуу жайларды байланыштыруу; Mugalim системасында мугалимдердин жекече санариптик портфолиосун киргизүү; педагогдорду жылына кеминде 100 сааттык милдеттүү программаны камтыган онлайн окутуу, — деди министрдин орун басары.
“Алтын Казык” программасы – ар бир баланын, мугалимдин жана бүткүл өлкөнүн келечеги!
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер