БИЛИМ БЕРҮҮ ПАРАДИГМАСЫН ӨЗГӨРТҮҮ — ПЕДАГОГИКАЛЫК   ТАЛАПТАРДЫ ЖАҢЫРТАТ

  • 23.12.2024
  • 0

Жыл жыйынтыгы

Жыл жыйынтыкталып жатканда ар бир мекеме, ишкана артын кылчайып карап эмнеге жетиштик, эмнеден аксадык, келээрки жылы эмнеге көңүл бурушубуз керек деп саресеп салат эмеспи. Өтүп бараткан жылга карасак, Кыргызстанда билим берүү тармагында бир нече  олуттуу маселелер, т.а. “Алтын Казык” программасын ишке ашыруу, 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана  “PISA-2025” эл аралык баалоосуна катышуу күн тартибинде турду жана турат.

БИЛИМ БЕРҮҮ ПАРАДИГМАСЫН ӨЗГӨРТҮҮ - ПЕДАГОГИКАЛЫК   ТАЛАПТАРДЫ ЖАҢЫРТАТ

“Алтын казык”: аткарылган иштер жана келечектеги пландар

Окурмандардын эсине сала кетели, «Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагын трансформациялоодо «Алтын казык» Программасы иштелип чыгып, ал КР Президенти С.Жапаровго жана Министрлер Кабинетинин экс-Төрагасы А.Жапаровго сунушталып, андан соң 2024-жылдын март айында Билим берүү жана илим министрлигинин кеңейтилген коллегиясында каралып бекитилген.

2024-жылы «Алтын казык» Программасын ишке ашыруунун алкагында мектептик билим берүү системасын 12 жылдык форматка которуу боюнча бир катар абдан маанилүү чечимдер кабыл алынган. Ал: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 12 жылдык окуу мөөнөтүнө өтүү жана мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча тескемеси  кабыл алынган. 2024-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында 12 жылдык окуу мөөнөтүн мектептик билим берүү тутумуна этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер Планы жана Концепциясы жактырылган эле. 12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруу үчүн “6+3+3” модели тандалган.

БИЛИМ БЕРҮҮ ПАРАДИГМАСЫН ӨЗГӨРТҮҮ - ПЕДАГОГИКАЛЫК   ТАЛАПТАРДЫ ЖАҢЫРТАТ

— Трансформацияны каржылык жактан колдоо үчүн бюджеттик каражаттардан тышкары, атайын мыйзам менен Азия Өнүктүрүү Банкы менен, келечектеги мугалимдерди даярдоо үчүн мектеп жана жогорку окуу жайларында илим, технология, инженерия жана математикага өзгөчө басым жасоо менен, Гранттык макулдашуу ратификацияланды, — деген кезегинде журналисттерге отчет берип жатып министр Д.Кендирбаева.

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметовдун айтымында,  “Алтын Казык” программасына ылайык, бир жыл ичинде бала бакча менен камсыз кылууну 40%га жеткирүү пландалган. Бул кошумча 113 миң баланы бала бакчага тартуу дегенди билдирет. Жыл жыйынтыгы боюнча отчетко карасак, учурда бул көрсөткүч 26%дан 35%га жетип калыптыр. Биз PISA эл аралык баалоосуна 2006-, 2009-жылдары катышып, биринчисинде 57 мамлекеттен, экинчисинде 65 мамлекеттен эң акыркы орундарды ээлеп калганбыз.

— Ошол изилдөөдө эки факт болгон: бала бакчага барган балдар 15 жашында да салыштырмалуу жакшы көрсөткүчтөрдү берген. Апасы билимдүү балдар да жакшы жетишкендиктерге ээ болгон. Ал эми 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө эмнелер өзгөрөт же эмнелерге өзгөчө маани беришибиз керек? Биринчиден,  инфраструктура менен камсыздоо (кошумча мектептер, класстар, аларды жабдуу); экинчиден, мазмунду, билим берүү стандарттарын, окуу китептерди, окуу материалдарын даярдоо; үчүнчүдөн, мугалимдерди жана мектеп жетекчилерин окутуу жана, төртүнчүдөн,  окуу методикасын өзгөртүү, — дейт А.Токтомамбетов.

БИЛИМ БЕРҮҮ ПАРАДИГМАСЫН ӨЗГӨРТҮҮ - ПЕДАГОГИКАЛЫК   ТАЛАПТАРДЫ ЖАҢЫРТАТ

Акыркы жылдары курулуп жаткан мектептердин, билим берүү мекемелеринин саны кескин өстү. Аны көзү бар адам көрүп, кубанып жатса, айрымдары сын айткандан өйдө көтөрүлө албай жатканы өкүндүрөт. Статистикага таянсак, билим берүү мекемелеринин курулуштары боюнча үч жылда 268 мектеп, 52 бала бакча салынды. Быйыл 190 мектепте жана 110 бала бакчада курулуштар кызуу жүрүүдө. Билим берүүнүн 100 жылдыгына карата жалпы 113 мектеп, бала бакча, социалдык объект бүткөрүлгөн.

Жакында эле министр Д.Кендирбаева журналисттер менен жолукканда “Алтын казык” билим берүүнү трансформациялоо программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берип жатып, республика боюнча 2377 мектепте 1 491 000 окуучу билим алып жатканына, бул 2023-жылга салыштырмалуу 43 миң балага көп экенине,  2377 мектептин ичинен 2173 – мамлекеттик, ал эми 204 – жеке менчик мектеп экенине токтолду.

— Республикалык бюджеттен каржыланган объекттердин тизмесине 513 билим берүү объекти киргизилди. Аларды каржылоонун көлөмү 7,5 млрд. сомду түздү.

2023-2024-окуу жылында мектептердин окуу чыгымдарына 974 млн. сом жумшалды. Анын ичинен 338 млн. сом – мектептердин окуу чыгымдарына, 134,4 млн. сом – окуу эмеректерине, 501,5 млн. сом – мектептердин учурдагы ремонтуна сарпталды. 2140 мектепте окуучуларга ысык тамак уюштурулду. Бул кызматты көрсөтүү республика боюнча 98% чыкты, — деди министр.

Мугалимдер трансформациянын борборунда

А.Токтомамбетовдун айтымында, учурда мектепке чейинки жана мектептик билим берүү мамлекеттик стандарттарынын долбоорлору иштелип чыкты.

БИЛИМ БЕРҮҮ ПАРАДИГМАСЫН ӨЗГӨРТҮҮ - ПЕДАГОГИКАЛЫК   ТАЛАПТАРДЫ ЖАҢЫРТАТ

— Буга чейин бул эки стандарттын ортосунда байланыш болбой, ырааттуулук маселеси аксап келсе, биринчи жолу жумушчу топтор биримдикте иштеди. Бул стандарттардын негизги өзгөчөлүгү баланы инсан катары кабыл алып, негизги басым баалуулуктарга, Мекенди сүйүүгө, баланын өзүн таануусуна (“Кыргыз жараны”), мүнөзүнө, эмоциясына жасалганын баса белгилөөгө туура келет, — дейт жетекчи.

Коомчулукка жакшы маалым, STEM багытындагы (математика, физика, химия, биология) окуу китептери Сингапурдан сатылып алынды.

— Учурда STEM багытындагы республикадагы бардык мугалимдер (15 885 мугалим) математика жана илим багытында Сингапур методикасы менен окуудан өтүп жатат. Бул мугалимдер окуу китептер даяр болгондон кийин 2025-жылы конкреттүү китептер менен кайрадан да окушат. Бул долбоорду Азия Өнүктүрүү Банкынын долбоору колдоодо. Кийинки кезде мугалимдерди окутууга өзгөчө көңүл бурулуп келет. Республикалык институт облустук билим берүү институттары, методикалык борборлор, өнөктөштөр менен бирге жана Евро кошуундун индикаторлорун аткаруунун алкагында өткөн окуу жылында 56 445 мугалимди окутту. Анын ичинде Кыргызстандагы ЮНИСЕФ уюмунан кошумча каражат тартып, республикалык институт 460 мектептен 10 000 мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу курстарынан өткөрдү. Дүйнөлүк Банктын долбоорунун алкагында 58 миңден ашык, ЮСАИДдин “Окуу керемет!” долбоору боюнча 27 миңден ашык мугалим заман талабына ылайык курстардан өтүштү. Окуу методикасында функционалдык сабаттуулукка, ошондой эле креативдүүлүк, сынчыл ойлом, командада иштей алуу, башкалар менен байланыша алуу сыяктуу XXI кылымдын көндүмдөрүн калыптандырууга басым жасалууда. 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында бардык мугалимдер кайрадан да чеберчилигин жогорулатуу курстарынан өтүшөт, — дейт институттун жетекчиси.

Бүгүнкү күндө курстар бетме-бет (офлайн), аралыктан (онлайн) жана аралаш форматтарда өтүүдө.

— Мугалимдин квалификациясын жогорулатуу менен жаңы компетенцияларды өнүктүрүү зарыл. Ошондуктан биз үчүн дүйнөлүк алдыңкы билим берүү тажрыйбалары жана технологиялары абдан маанилүү. iMugalim платформасы ишке кирип, анда мугалимдер өздөрүнүн порфтолиолорун онлайн толтуруп, бош орундарга, онлайн тандоолорго алыстан катыша алат. Санариптик портфолионун негизинде ачык рейтинг түзүлүп, сыйлык алуучулардын ачык рейтинги сайтта жайгаштырылат. Жасалма интеллект педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү жана баа берүүнү камсыз кылат. Бул мотивациянын жана натыйжалардын негизинде эмгек акыны адилеттүү кылууга мүмкүндүк берет. Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга 678 млн. сом бөлүндү, — дейт миистр айым.

12 жылдык моделге көчүрүүдөгү башкы багыттар

Он эки жылдык мектепте билим берүүнүн максаты — алты (6) жаштагы балдарды жүз пайыз (100%) билим менен камсыз кылуу болуп саналат (учурда мектепке чейинки камтуу элүү алты пайызды (56%) түзөт).

—  Жаңы билим берүү стандарттары, заманбап окуу программалары; илимге, технологияга, инженерияга жана математикага өзгөчө басым жасоо менен дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташкан заманбап окуу китептери; PISA жана TIMSS изилдөөлөрүндө биринчи орунду алган өлкөлөрдөн алынган STEM окуу китептерин улуттук контекстке ылайыкташтырып басып чыгаруу – башкы багыттардын бири.  2024-жылы мектептерде табигый-илимий цикл боюнча STEM лабораторияларын түзүүгө багытталган долбоор бекитилди, долбоордун сметасы 40 млн. АКШ долларын түзөт. Математика, табигый илимдер жана англис тили боюнча окуу китептеринин дүйнөдөгү эң мыкты үлгүлөрү Кыргызстандын окуучуларына ылайыкташтырылып чыгарылат, лицензиялар 83 млн. сомго сатылып алынды. Улуттук контексттеги гуманитардык циклдин башка предметтери боюнча «Окуу китеби» басма үйү жергиликтүү басмалар жана авторлор менен иш алып барууда. 2023-жылы мектептерди окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджеттен 152 млн. сом бөлүнсө, ал эми 2024-жылы 242 млн. сом бөлүндү. Бул каражаттардын эсебинен 2023-жылы “Учкун” Ачык акционердик коомунун басмаканасында 738 670 нуска окуу китептери басылып чыкса, 2024-жылы 714 590 нуска окуу китептери басылып чыкты. Андан тышкары Брайль ариби менен 270 комплект же 1650 том окуу китептери даярдалды. Билим берүү парадигмасын өзгөртүү предметтик, педагогикалык стандарттарды жана талаптарды толук жаңыртууга да алып келет, — дейт министр.

12 жылдык билим берүүнүн форматында адистик (физика, математика, лингвистика, программалоо), ошондой эле кесиптик билим – терең изилдөө (минималдуу – тигүүчү, ашпозчу, жыгач уста, мейманкана кызматы) болот. Бул функционалдык сабаттуулукту жакшыраак өнүктүрүүгө, башкача айтканда, окуу программасынан тышкаркы турмуштук кырдаалдарды чечүүгө мүмкүндүк берет.

Жыл башынан бери кыргызстандык окуучулар математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча эл аралык I категориядагы олимпиадаларда 1 алтын, 5 күмүш, 6 коло медаль жана 6 ардак грамота жеңип келишти. Биринчи жолу математика боюнча Дүйнөлүк мелдеште Назар Кыргызбаев алтын медаль жеңип, эл аралык рейтингде Кыргызстан командалык эсепте 29-позицияга жайгашты.

Мындан сырткары, соңку эки жылда 1200 мектепке 25 000 компьютер берилип,  эки жыл ичинде мектептерге компьютер сатып алууга 100 млн. сом бөлүндү. Республиканын мамлекеттик жана муниципалдык мектептеринин 97,5% интернетке туташтырылды.

2024-жылы мектеп аттестаттары санариптештирилип, Түндүк мобилдик колдонмосунда жеткиликтүү болду. “Түндүк” аркылуу документтин аныктыгын 2018-жылдан тартып билүүгө болот. Андан ары, документтерди санариптештирүүгө жараша, 2024-жылдан баштап, бүтүрүүчүлөр санариптик аттестаттарды колдоно башташты — (https://attestat.edu.gov.kg/kuboluk/). Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп 11-класстын 76 миң 244 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 127 миң 176 бүтүрүүчүсү мамлекеттик үлгүдөгү документтерин электрондук жана кагаз түрүндө алышты. Бул системанын негизги өзгөчөлүгү бүтүрүүчүлөрдүн документтери Түндүк сервисинин базасында сакталат.

Учурда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси негиздеген “Күбөлүк” https://attestat.edu.gov.kg/kuboluk/login платформасы иштеп жатат. Бул платформада бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнү Түндүк сервисинен алынат. Башкача айтканда, бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин тергенде, автоматтык түрдө бүтүрүүчүнүн паспортундагы аты-жөнү системага түшөт. Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын алуу үчүн убара болбойт. Порталдан аттестат/күбөлүктүн дубликатын чыгарып алса болот.

Э-Күндөлүк мектептерге тест-режиминде киргизилди. Ошентип, бааларды онлайн режимде коюп, 2025-жылы кагаз журналдарды толугу менен жоюуга жол ачылды.

“Санарип кампа” платформасында миңге жакын окуу материалдары кыргыз тилинде жайгаштырылды. Алардын негизинде окуу пландарын, тесттерди, үй тапшырмаларын жасалма интеллекттин жардамы менен даярдоого платформа түзүлдү.

Келечектеги пландар

12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү Концепциясын жана мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча тийиштүү иш-аракеттер Планын ишке ашыруу, зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, мектептик билим берүүнүн Мамлекеттик стандартын, ошондой эле ар бир предмет боюнча стандарттарды жаңылоо жана иштеп чыгуу пландары ишке аша баштады. Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү Департаментин түзүлдү.

— 6 жаштагы балдарга ар тараптуу билим берүүнү уюштуруу. Билим берүү чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөргө жана коомдун муктаждыктарына ылайык аймактык билим берүү округдарынын Концепциясын ишке ашыруу каралган, — дейт Д.Шаршеевна.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер