БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАНА АЛУУНУН УҢГУ ЖОЛУНА КАРАЙ

  • 21.04.2025
  • 0

Адамзаттын жашоосунда билим, таалим-тарбиянын мааниси өтө жогору. Ал келечектин башаты. Бирок убакыт өткөн сайын анын өнүгүп, өзгөрүп турушу законченемдүү  көрүнүш. Мисалы, өзүмдүн өмүрүмдө эле канчалаган реформаларга күбө болдум. Өткөн кылымдын 50-60-жылдарында мектептер башталгыч, жети жылдык, он жылдык болуп бөлүнүүчү. Мен он жылдык мектепти бүттүм.  Ал эми 1965-жылы университетти бүтүп айылдык мектепке барсам мектеп сегиз жылдык, он бир жылдык болуп калыптыр. 1966-жылы окуучулар он биринчи классты март айында, сегизинчи класс менен онунчу классты июнь айында бүтүрүштү. Бир эле окуу жылында үч бүтүрүүчү класс болгон. Нөлүнчү класс да ошол жетимишинчи жылдары пайда болгон. 1987-88-окуу жылында мектеп кайра 11-жылдыкка өткөн. 8-класстын балдары, 10-класстын, 9-класстын балдары, 11-класстын окуу китептерин окушкан.

Алдыга умтулуунун жаңы жолдору

Кыргыз эли мамлекеттик эгемендикке ээ болгондон бери мектеп башталгыч, тогуз жылдык, он бир жылдык болуп келе жатат. Азыр он эки жылдыкка өтүү маселеси  курч коюлуп турган кези. Аны жактагандар да, каршы ойдогулар да бар. Бул да законченемдүү көрүнүш. Эскини өзгөртүү, жаңыны куруу оңой эмес. Бирок, “карышкырдан корксоң, токойго барба” дегендей, карама-каршылыктан коркуп камырабай отура берсек болбойт.

Азыр жаштарга коюлган замандын талабы өзгөрдү. Жаштарга эле эмес, адистерге, улгайгандарга да талап башка. Маалымат алуу, маалымат берүү, аларды иштетүү жана колдонуу өтө татаал. Бирок алар билгендерге оңой эле. Ошол эле учурда биздин өлкөбүздө алдыга умтулуунун жаңы жолдорунун табылып жатканы кубандырат.  Ал жакшы жосундарды улап кетүү азыр биз тарбиялап жаткан жаштардын колунда. Аларды кечикпестен туура жолго салбаса, кеч болуп калары бышык.

Кыргыз Республикасынын Президентинин бири-бири менен логикалык тыгыз байланышта болгон үч жарлыгы (Кыргыз жараны, Инсандын руханий өнүгүүсү, Нарктуулук жөнүндө) мени, педагог катары өтө кубандырды. Алардын жалпылоочу бөлүгү катары алынган төртүнчү жарлыгы (Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик уңгужолу) бир бүтүн системаны түзүп койду. Аны мен мындайча түшүнүп турам: ата-эне, мектеп, коомчулук бир тилекте болуп, руханий-адеп- ахлактык жактан өнүккөн, ден соолугу таза, жан дүйнөсүнө нарктуулукту сиңирген, улуттун деми менен дүйнөлүк бийиктикке жетүүнүн уңгужолун өздөштүргөн  жана колдоно алган кыргыз жаранын тарбиялашыбыз керек. Албетте, бул жерде балага таасир берүүчү үчилтиктин эч кимисине артыкчылык берип, калганын көмүскүдө калтырууга болбойт. Баары бирдей жооптуу, баары бирдей милдеттүү.

Мектептик билим берүүнү он эки жылдыкка өткөрүү анча деле трагедиялуу эмес. Биздин балдар мурдатан эле он эки жыл окуп келишкен. Болгону бири бала бакчада, калганы мектепте. Нөлүнчү классты биринчи деп атап, аны мектепте уюштурса эле бардыгы ордуна келет. Мындагы орчундуу маселе балдарды кайда жана эмнени окутабыз? Биринчи маселе  — мамлекеттик деңгээлде чечилиш керек. Экинчиси боюнча, өз оюмду ортого салайын.

Мен 1992-жылдан, башкача айтканда эгемендиктин биринчи жылынан баштап мектептик билим берүүнүн мазмунун жаңылоонун концепциясын,  мамлекеттик жана предметтик стандарттарды түзүүгө түздө-түз катышкам, ал эмес Кыргыз билим берүү институтунун директорунун илимий иштери боюнча орун басары кызматында иштеген учурда (1992-1997-жылдар) жетекчилик кылгам. Табигый илимдер, анын ичинде табият таануу, физика, астрономия предметтери боюнча окуу программаларын, окуу китептерин, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолорду, окуучулар үчүн дидактикалык материалдарды түзүүгө активдүү катышкам. Алар азыр мектептерде колдонулуп жатат.

Интеграциялоо

Азыр табигый предметтердин мазмунун интеграциялап “Илим” деген предмет киргизилет деп угуп жатам. Албетте, мектептик билим берүүнүн, анын ичинде  табият жөнүндөгү билимдердин мазмунун өзгөртүү замандын талабы. Окуучулар жаттап алган эрежелерди айтып берип, жакшы баа алып, аны колдоно албай жүргөнү өкүнүчтүү. Илимий билимди күндөлүк турмуш менен байланыштыра албаса, окуган окуусуна, жашаган жашоосуна кереги тийбесе, окуучулар андай билимге кызыкпайт дагы, окугусу да келбейт. Мектептин мугалимдерин жек көрө башташат. Анын баары жашоодогу кайдыгерчиликке алып келип, ар кандай терс жосундарга барышат. Андай терс жорукка баруу балдарга оңой эле көрүнөт. Бирок акыры өкүнүчкө алып келери бышык.

Мейли, табигый илимдерди интеграциялайлы. Бирок ал предметтин аты жөн эле «Илим» болбошу керек. Адамзаттын тарыхында алгач билимдер интеграцияланган формада болгон. Мисалы, табигый илимдер натуралдык философия деп аталган. Кийин алар дифференцирленип физика, биология, химия, астрономия, геодезия илимдери пайда болгон. Азыркы учурда илимдин өзүндө интеграция процесси жүрүп жатат. Мисалы, биофизика, физикалык химия, наноматериалдар, наноэлектроника, биоинженерия ж.б. Демек, табигый билим берүүдө да мындай процесс жүрүүгө тийиш. Анын зарылдыгы STEM деген терминдин пайда болгонунан көрүнөт. Ал термин биздин мугалимдердин аң-сезимине жаңылык катары киргизилип жатат. Ал табигый илимдер, технология, инженерия, математика терминдеринин англисче аталыштарынын баш тамгаларынын кошундусу. Муну мындай деп түшүнсө болот: табият жөнүндөгү билимдерди практикада колдонуунун технологиясын инженериянын принциптерине таянып, математикалык жол менен иштеп чыгуу. Бул туура эле ой. Балдарды ушул жолго салуу керек. Бул оңой маселе эмес. Мында аң-сезимге сиңген өзөктү билбеген жаңычылдык, жаңыны кабыл албаган эскичилик пайда бербейт. Жаңы идеяларды тажрыйбага таянып ишке ашырса ийгилик өзү келет.

Бул маселени ишке ашыруу үчүн бизде илимий-методикалык жактан потенциалдуу мүмкүнчүлүктөр, башкача айтканда теориялык жактан сугарылган, практикалык иш тажрыйбасы мол адистер барбы деген суроо туулат. Мен эч тартынбастан эле бар деп айта алам. Анткени аларды билем. Мындай ишке система-структуралык жана мазмундук-аракеттик мамиле жасоонун жолдору да иштелип чыккан. Методист окмуштуулар, алдыңкы мугалимдер муну билишет.

Тектеш билимдерди интеграциялоонун алгачкы этабы предметтерди байланыштыруу болуп эсептелет. Ал да эки жол менен ишке ашат. Биринчиси — предметтердин мазмунун окуу китептеринде байланыштырып берүү. Экинчиси — тектеш предметтерди бири-бири менен байланыштырып окутуу жана окуучуларды ошого үйрөтүү. Мында да бизде жетишкен ийгиликтер бар. Мисалы, окуучулардын табигый илимий түшүнүктөрүн калыптандыруудагы  предметтерди байланыштырып окутуунун дидактикалык функциялары аныкталып, аны практикада колдонуунун ыкмасы, каражаты, формалары иштелип чыккан. Алар азыркы окуу китептерде, методикалык колдонмолордо, балдардын жумушчу дептерлеринде чагылдырылган. Аны баардыгы колдонуп жүрүшөт.

Эми предметтин аты-жөнүндө. 1-4-класстарда «Мен жана курчап турган дүйнө». Мында социалдык дүйнө менен табигый дүйнөнү сүрөттөгөн окуу материалдары тең салмакта болгону оң. 5-6-класстарда «Табият таануу», 7-9-класстарда «Табият жана технология» предметтери, ал эми 10-12-класстарда  физика, биология, химия, астрономия болсо деген ойдомун.

Эми ушул предметтерди кайсы программа жана кандай китептер менен окутабыз? Бул абдан орчундуу маселе. Предметтик стандарттын талаптары кандай болот? Уюштуруучулардын айтуусу боюнча окуу китептерин «Окуу китеп» басма үйү мамлекеттик мекемеси даярдап берет экен. Анын мазмуну Маршалл Кавендиш басмасынын (Сингапур) окуу-методикалык комплекстерине жараша аныкталат дейт (“Кут билим”, 2025-жыл, 14-март). Буга да макул дейли. Бирок сапаты кандай болор экен? Кой терисин жамынган бөрү сыяктуу болгон терс идеялар кийин бир жерден булт этип чыга калбаса эле болду.

Окуучуларга табигый илимдер боюнча билимдердин мазмунун жана окутуу методикасын аныктоодо эки нерсеге өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Биринчиси, табияттын материалдуулугу, анын кубулуштарынын объективдүүлүгү, универсалдуулугу, таанып-билүүгө мүмкүндүгү жана адамзаттын жашоосундагы ченеми жок зарылдыгын чагылдыруу. Экинчиси, ушул күнгө чейин иштелип чыккан, практикада сыналган, билим берүүчүлөр менен алуучулардын кан-жанына сиңирилген салттуу технологиялар менен дүйнөлүк инновациялык ыкмаларды айкалыштырып, санариптик технологияларды колдонуунун ыңгайлуу психодидактикалык жолдорун иштеп чыгуу жана таалим-тарбия чөйрөсүнө киргизүүнү уюштуруу.

«Улгайгандардын акылы менен жашаган жаштар…»

Улуу акылман Цицерондун «Улгайгандардын акылы менен жашаган жаштарды жакшы көрөм. Жаштардын деми менен жашаган карыларды сыйлайм» деген сөзү бар. Кыргыз элинде жашап келген мындай нарк кайда кетти? Мени ушул абдан өкүндүрөт. Башкаруучулар ойлонгула. Али да кеч эмес.

Андан кийинки маселе — бул предметтерди ким окутат? Албетте, табигый циклдеги предметтердин  мугалимдери окутушат. Бирок ушул күнгө чейин даярдалган мугалимдер башталгыч мектеп, математика, физика, биология, химия боюнча квалификациялуу адистер. Ошолор табигый предметтердин интеграцияланган чет элдик мазмунду кабыл алып,түшүнүп, өздөрүнүн жан-дүйнөсүнөн өткөрүп, аларды окуучуларга жеткирүүнүн уңгужолун таба алар бекен. Кыска мөөнөттүү курстар бул талапты толук кандуу аткара албайт. Ошондуктан мугалимдерди даярдоочу жогорку окуу жайлары бул процессти ишке ашырууга  ыкчам киришиши керек. Мында да мугалимдерди кайсы мамлекеттик жана предметтик стандарттардын негизинде  окутабыз деген суроо туулат. Бул багытта айрым жогорку окуу жайларда тийиштүү иштер жүрүп жатат. Аны башка университеттерге да таратуубуз абзел.

Азыркы учурдагы педагогдорду даярдоочу жогорку окуу жайлардын окуу планындагы  дисциплиналардын 80 пайыздан ашыгы теориялык мүнөздө, практикага болгону 14 жума бөлүнгөн. Бул өтө эле аз. Медициналык окуу жайларда практиканын төмөнкүдөй түрлөрү бар: волонтёрдук, санитардык, кенже медкызматкердик, медкызматкердик, фельдшердик, врачтык жана башка. Педагогикалык окуу жайларда болсо үч гана түрү бар: таанышуучу практика, педагогикалык жана квалификациялык ишти аткаруу алдындагы практикалар. Биздин оюбузч, практиканы биринчи курстун экинчи семестринен баштоо керек. Жуманын бир күнү мектеп күнү деп аталып, ал күнү студенттер мектепте болушу керек. Ал үчүн жогорку окуу жайдын алдында тажырыйбалык мектептин болушу зарыл. Анткени студенттер менен иштеген мугалимдер да эмгек акысын алышы керек да. Андай болбосо бул практикадан эч майнап чыкпайт. Кийинки практикалар класс жетекчинин жардамчысы, предметтик мугалимдердин жардамчысы, социалдык педагогдун же психологдун жардамчысы, мугалим-тарбиячы болуп уланат да, төрт жыл ичинде мугалимге тиешелүү болгон адистик-методикалык компетентүүлүктөрдү өздөштүрүп чыгат. Студент мектеп мугалимдери менен окуучуларга чоочун болбостон, алар менен аралашып кетүүгө шарт түзүлөт.

Кийинки дагы бир орчундуу маселе педагогдук кесипке абитуриенттерди тандап алуу жолдору. Быйыл жалпы республикалык тесттен 130 балл алгандар педагогикалык адистикке кабыл алынат деп айтылууда. Эгер мындай болсо кабыл алуу планы аткарылбайт. Абитуриентти баллдын саны менен эмес, педагогикалык ишке болгон кызыгуусу, жөндөмү, дилгирлиги боюнча тандоо керек. Аны аныктоонун толгон токой жолдору бар. Тийиштүү методиканы түзүп берүүчү адистер да табылат. Болгону жетекчилердин эрки жана финансылык колдоосу керек.

Жыйынтыктап айтканда, орто билим берүүнү модернизациялоо зарыл. Билим берүү аймактарында кайсы предметтерди, анда эмнени жана кантип окутууну дүйнөлүк бийиктиктин деңгээлине жеткирүүнү биргелешип изденели. Анткени биз баарыбыз биздин эле балдардын келечеги деп аракеттенип жүрбөйбүзбү. Ак жол силерге, менин кесиптештерим! Сиздерден пикир күтөм!!!

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН  ЖАНА АЛУУНУН  УҢГУ ЖОЛУНА КАРАЙ

Эсенбек МАМБЕТАКУНОВ, профессор

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер