БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫ КАДРЛАРДЫ ДАЯРДООНУН ДЕҢГЭЭЛИ МЕНЕН АНЫКТАЛАТ
- 14.04.2025
- 0
Кыргызстандын 12 жылдык окутуунун моделине өтүүсү – бул билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жолундагы маанилүү кадам, эмгек рыногундагы конкуренцияга жаш муундардын туруштук берүүсүнө жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн, жөндөмдүүлүктөрүн, көндүмдөрүн өнүктүрүүсүнө өбөлгө түзөт.
12 жылдык билим берүү системасынын максаты – билим берүүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу; сапаттуу билим берүүнү өнүктүрүү; бир катар атаандаштыкка жөндөмдүү, алдыңкы мамлекеттердин катарына кошулуу; креативдүү, мобилдүү, ийгиликтүү, физикалык жана руханий жактан өнүккөн инсанды калыптандыруу; окуучунун ден соолугун камсыздаган билим берүү чөйрөсүн түзүү; жаңы улуттук билим берүү системасын түзүү; жаңы улуттук билим берүү системасын өнүктүрүү багыты жана мүнөзү боюнча интеграциялоо; билим берүү системасын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине киргизүү; тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө ийгиликти камсыз кылуучу билим алууга калктын керектөөлөрүн канааттандыруу; келечек муундун активдүү жарандык позициясын калыптандыруу; патриоттук сезимди, жогорку моралдык жана лидерлик сапаттарды өнүктүрүү.
Билим берүүнү реформалоонун максатына ылайык, төмөндөгү милдеттерди ишке ашыруу зарыл. Алсак, жаңы билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу, эл аралык практикага негизделген окуу пландарын жана программаларын ишке киргизүү жана адаптациялоо. Коомдун социалдык-маданий муктаждыктарына негизделген улуттук компонентти киргизүү; 12 жылдык билим берүүнү киргизүүгө жана эл аралык билим берүү стандарттарына өтүүгө ылайык педагогикалык кадрларды окутуу жана кайрадан даярдоо; тармактык билим берүүгө өтүүнү эске алуу менен билим берүү уюмдарынын инфраструктуралык өзгөрүүлөрү жана материалдык-техникалык жабдылышы; 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү жана жаңы стандарттарды киргизүүнү мониторингдөө жана баалоо системасын карап чыгуу. Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында мыкты тажрыйбаларды жана көйгөйлөрдү системалуу түрдө аныктоо; 12 жылдык билим берүүнү ишке киргизүүдө окуучуларга, ата-энелерге жана мугалимдерге жаңы билим берүү тутумуна ийгиликтүү көнүүгө жардам бере турган маалыматтык ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.
12 жылдык окутууга өтүү боюнча коюлган максаттарга жана милдеттерге ылайык окутуунун натыйжалары аныкталды:
1) Окуучулардын окуу предметтери боюнча фундаменталдык билимдери, негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрү, бүтүрүүчүлөрдүн коомдун жана мамлекеттин экономикалык, социалдык, жарандык турмушуна кирүүсүн камсыз кылуучу көндүмдөрү калыптанат;
2) сынчыл ой жүгүртүү, маалыматты талдоо жана синтездөө жөндөмү, көйгөйлүү ой жүгүртүүнү жана маселелерди чечүү өнүгөт;
3) чыгармачылыкты өнүктүрүү жана стартаптарды түзүү жана үйрөнүү жөндөмдүүлүгү өнүгөт;
4) маалыматтык-компьютердик технологиялардын санариптик ченемдерин жана эрежелерин билим берүүдө жана турмуштук милдеттерди чечүүдө колдоно алат;
5) окууда жана эмгек рыногунда чоң мүмкүнчүлүктөрдү алуу үчүн үч же андан көп тилди билүүгө жетишет;
6) коомчулуктун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу, азыркы учурдун керектөөлөрүн канааттандырууга мүмкүндүк берүүчү, келечек муундардын өздөрүнүн керектөөлөрүн канааттандыруу жөндөмдүүлүгү жогорулайт;
7) баарлашуу жана кызматташуу көндүмдөрү: топто иштөө, өз ойлорун жана идеяларын билдирүү, башкалардын көз карашын угуу жана урматтоо калыптанат;
8) өзүн-өзү сыйлоо, өзүн-өзү уюштуруу, жоопкерчилик, толеранттуулук жана эмоционалдык интеллект сыяктуу инсандык сапаттары өнүгөт;
9) профилдик багыт алуу, кесиптик көндүмдөрдү жана академиялык билимдерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу аркылуу инсандык өнүгүүнүн андан аркы траекториясын так түшүнөт;
10) 12 жылдык окууга өтүү заманбап талаптарга жооп берген жаңы максаттарды коюуга жана билим берүү системасын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоого жол ачат;
11) дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кирүү менен 12 жылдык окутуу системасында инсандын компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө негизделген билим берүүнүн мазмуну модернизацияланат;
12) өзгөрүп жаткан социалдык жана экономикалык шарттарда атаандаштыкка жөндөмдүү, креативдүү, чыгармачыл, мобилдүү, ийгиликтүү, руханий жактан өнүккөн инсан тарбияланат ;
13) окуучулардын өздөштүргөн билим, билгичтик көндүмдөрүн турмуштук кырдаалда колдонуу зарылдыгы билим берүү системасынын мазмунуна инновацияларды киргизүү менен ишке ашырылат;
14) 12 жылдык окутуунун окуу программасында жалпы окуу жүгү азаят, бул мектеп окуучуларына ар кандай курстарга, спорттук секцияларга, кошумча окуу курстарына барууга мүмкүндүк берет, мектеп окуучуларын кесипке даярдайт;
15) чет өлкөлөрдө дүйнөлүк стандарттарга ылайык 12 жылдык орто билим жөнүндө аттестаты таанылат;
16) 12 жылдык мектеп окуучулардын социалдашуусуна жана социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
17) окутууну индивидуалдаштырууга жана дифференцирлөөгө, окуучулардын муктаждыктарына, кызыкчылыктарына ылайык аларды социалдаштырууга багытталган жана алардын инсандык, жашоо-турмушту өз алдынча аныктоого өбөлгө түзгөн профилдик окутууну ишке ашыруу үчүн шарттар түзүлөт;
18) жаңы окуу пландарын, окуу программасын иштеп чыгуу, мугалимдер үчүн окуу китептерин жана методикалык көрсөтмөлөрдү даярдоо, педагогикалык кадрларды кайра даярдоо боюнча маселелери чечилет;
19) 12 жылдык окутуу системасына өтүү жогорку педагогикалык окуу жайлардын студенттеринин окуу программаларын жаңыртууну, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүүнү көздөйт, себеби келечектеги мугалимдин билимдүүлүгү, кесипкөйлүгү, компетенттүүлүгү, мобилдүүлүгү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, креативдүүлүгү зор мааниге ээ.
Ошентип, жогорудагы талдоо 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө билим берүүнүн бардык деңгээлдеринин (мектепке чейинки, жалпы орто, жогорку кесиптик билим берүү) ортосундагы өз ара байланыш сакталганын көрсөтүп турат. Ошол эле учурда, бул системанын негизги идеясы ишке ашат: ар бир окуучуну инсан катары өнүктүрүү жагы каралат.
Билим берүүнүн советтик моделиндеги бир тектүүлүктөн чыгуу мугалимдерден Кыргызстандын улуттук мектебинин өнүгүү перспективаларын, билим берүүнүн мазмунун жаңылоонун жолдорун издөөнү талап кылат.
12 жылдык билим берүү системасына өтүү жогорку педагогикалык окуу жайлардын студенттеринин окуу пландарын жаңыртууну, ошондой эле билим берүү тармагынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүүнү камтыйт. Бул тажрыйба көптөгөн чет мамлекеттерде сыналган жана колдонулган.
Заманбап билим берүү системасына окутуунун инновациялык формаларын жана ыкмаларын киргизүү мугалимдердин жеке жана кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгына туш болууда. Болочок мугалимдин билими, кесипкөйлүгү, компетенттүүлүгү, мобилдүүлүгү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, чыгармачылыгы чоң мааниге ээ. Ошондой эле ал окутулуп жаткан предметтин программалык талаптарын терең сактоого, мектеп окуучуларынын психологиялык жана жаш өзгөчөлүгүн билүүгө, алар менен нормалдуу мамиле түзүүгө, сабактарды уюштуруунун жана тарбия иштерин жүргүзүүнүн методдорун жана ыкмаларын үйрөнүүгө, физикалык жана акыл эмгегине даяр болууга тийиш. Ошону менен катар мугалимдин уюштуруучулук жөндөмдүүлүктөрү, адеп-ахлактык сапаттары жогору болуп – эбегейсиз интеллектуалдык жана чыгармачылык потенциалы болуусу зарыл.
Билим берүүнүн сапаты кадрларды даярдоонун деңгээли менен аныкталат. Мугалимдин квалификациялык деңгээли окутуунун сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет. Заманбап талаптарга жооп берген сапаттуу билим берүү системасын түзүүнүн маанилүү шарттарынын бири — билим берүү мекемелерин бардык деңгээлдеги квалификациялуу адистер менен камсыз кылуу болуп саналат. Таланттуу, билимдүү мугалим гана татыктуу келечек муунду тарбиялай алат.
12 жылдык билим берүүгө өтүү бизге заманбап талаптарга жооп берген жаңы максаттарды коюуга жана Кыргызстандын билим берүү системасын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоого мүмкүндүк берет.
Жыйынтыктап айтканда, билим берүүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, сапаттуу билим берүүнү өнүктүрүү 12 жылдык билим берүү реформасын жүргүзүү менен ишке ашырылмакчы.
Жыргалбек ШАРШЕМБИЕВ, Талас мамлекеттик университетинин ректору, техн.и.д., профессор
Комментарийлер