БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРЛОРУ — МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ ЖАҢЫ КАДАМ ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК ТИРЕК

  • 17.11.2026

Акыркы эки жылдан бери билим берүү тармагында чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Педагогикалык кызматкерлердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Облустук билим берүү институттарынын жана билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун Типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынып, ага ылайык,  облустук билим берүү институттары жана райондук, шаардык деңгээлдеги Билим берүүнү өнүктүрүү борборлору (БӨБ) түзүлүп, Типтүү штаттары бекитилди. Биздин маектешибиз Нарын облусундагы Ат-Башы жана Нарын райондору боюнча Өнүктүрүү борборунун башчысы Айзада САЛИЕВА.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРЛОРУ — МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ ЖАҢЫ КАДАМ ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК ТИРЕК

— Айзада айым, бул реформанын негизги максаты эмнеде жана ал мугалимдердин ишине кандай өзгөрүүлөрдү алып келет?

— Чындыгында, бул токтом педагогикалык кызматкерлердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү системасын түп-тамырынан бери өркүндөтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Негизги максат — жер-жерлердеги мугалимдерге, тарбиячыларга жана окутуучуларга заманбап талаптарга жооп берген ыкчам, сапаттуу методикалык жардам көрсөтүү. Мурунку райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн алдындагы окуу-методикалык кабинеттер жаңы деңгээлге көтөрүлүп, аймактагы мектептердин, бала бакчалардын жана кошумча билим берүү мекемелеринин ишин координациялоочу Билим берүүнү өнүктүрүү борборлору болуп кайра түзүлдү. Бул борборлор Агартуу министрлигинин аймактагы негизги методикалык тиреги катары кызмат кылат.

— Эми ушул Билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун структурасына жана штатына токтолсок. Борбордун ишин жүргүзүүдө кайсы негизги багыттар жана канча методист каралган?

— Ар бир Билим берүүнү өнүктүрүү борборунун штаттык бирдиги абдан так бөлүштүрүлгөн. Башында бир жетекчи (башчы) турат. Андан тышкары, окуу процессин ар тараптан координациялоо жана колдоо үчүн 7 штаттык бирдиктеги методист бекитилген. Алар төмөнкү маанилүү багыттарды камтыйт: Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана балдарга кошумча билим берүү; Башталгыч мектеп; Табигый илимдер жана математика (STEM-багыттар); Филологиялык багыт (тилдер); Социалдык багыт жана тарбиялык иштер; Искусство, технология, ден соолук маданияты; МКТ жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү. Бул структура ар бир предметтик багыт боюнча мугалимдердин муктаждыктарына жараша даректелүү иш алып барууга толук шарт түзөт.

Билим берүүнү өнүктүрүү борборлору аймактык тиешелүүлүгүнө жараша облустук билим берүү институтунун бухгалтериясы тарабынан тейленет.

— Бул борборлордун функционалдык милдеттери абдан кенен экен. Алар мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда жана сапатты көзөмөлдөөдө кандай функцияларды аткарышат?

— Билим берүүнү өнүктүрүү борборунун негизги милдеттери — жалпы билим берүү уюмдарында мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашырууга көмөктөшүү; педагогдордун жана жетектөөчү кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсүндөгү суроо-талаптарды жана муктаждыктарды аныктоо жана эсепке алуу; методикалык иштердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, мектептик методикалык бирикмелеринин, аймактык методикалык бирикмелердин жана чыгармачыл группалардын ишин пландаштыруу жана координациялоо; методикалык иш-чараларды (семинарларды, практикумдарды, мастер-класстарды, консультацияларды ж. б.) уюштуруу жана өткөрүү; жаңы технологияларды жана ыкмаларды өздөштүргөн жаш адистер жана педагогикалык кызматкерлер үчүн насаатчылык системасын ишке ашыруу; ийгиликтүү педагогикалык тажрыйбаны аныктоо, жалпылоо жана көбөйтүү;  тажрыйба алмашуу, биргелешкен билим берүү, изилдөө жана социалдык долбоорлорду жана окутуу программаларын ишке ашыруу, билим берүү ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында билим берүү уюмдарынын тармактык өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРЛОРУ — МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ ЖАҢЫ КАДАМ ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК ТИРЕК

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРЛОРУ — МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ ЖАҢЫ КАДАМ ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК ТИРЕК

Борбордун иши негизинен үч чоң функцияга бөлүнөт. Биринчиден, аналитикалык-диагностикалык функция. Бул жерде мугалимдердин сабактарына байкоо жүргүзүү, сурамжылоолорду өткөрүү аркылуу алардын кесиптик муктаждыктары аныкталат. Ошондой эле квалификацияны жогорулатуу курстарынан кийинки мониторинг жүргүзүлүп, «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасындагы (АМС) маалыматтар актуалдаштырылып турат. Экинчиси — уюштуруу-методикалык функция. Бул кыска мөөнөттүү семинарлар, мастер-класстар, консультациялар уюштурулуп, аймактык кесиптик методикалык бирикмелер (АКМБ) жана чыгармачыл топтор түзүлөт. Ошондой эле жаш адистер үчүн насаатчылык системасы күчөтүлөт. Үчүнчүсү — маалыматтык-коммуникациялык функция. Педагогдорго мамлекеттик саясаттын маселелери, ченемдик-укуктук документтер жеткирилип, ustat.edu.gov.kg сыяктуу санариптик платформаларды колдонуу боюнча көндүмдөр өнүктүрүлөт.

— Билим берүүнү өнүктүрүү борборунун укуктары менен милдеттерине кайрылсак.

— Өнүктүрүү борборунун укуктарына токтолсок, алар: методикалык ишти пландаштыруу жана аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, аналитикалык жана статистикалык материалдарды, отчетторду билим берүү уюмдарынан белгиленген тартипте суроого жана алууга; экспертизаларды, консультацияларды, семинарларды, тренингдерди, вебинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн келишимдик негизде адистерди, окумуштууларды, педагогикалык кызматкерлерди, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн тартууга; облустук билим берүү институтуна методикалык иштин жана квалификацияны жогорулатуунун аймактык системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;  методикалык материалдарды, сунуштамаларды, маалыматтык бюллетендерди, анын ичинде санариптик ресурстарды жана байланыш каналдарын пайдалануу менен иштеп чыгууга жана жайылтууга; методикалык иштин конкреттүү маселелерин чечүү үчүн эксперттик жана жумушчу топторду түзүүгө; педагогикалык кызматкерлерди методикалык ишке активдүү катышкандыгы үчүн сыйлоо жөнүндө билим берүү уюмдарынын жетекчилигине өтүнүч кат берүүгө укуктуу. Ал эми милдетине келсек, анда билим берүү, жеке маалыматтарды коргоо, эмгек укугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого; жыл сайын облустук билим берүү институтуна (Институттун кеңешине) методикалык иштин планын жана жылдык отчетту бекитүүгө; бекитилген пландарга жана коюлган милдеттерге ылайык методикалык иштерди сапаттуу жүргүзүүгө; квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн педагогикалык кызматкерлердин жана жетекчи кызматкерлердин эсебин жүргүзүүгө жана «Мугалим» АМСга интеграциялоо үчүн маалыматтарды өз убагында берүүгө;  ресурстардын максаттуу пайдаланылышын жана мүлктүн сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРЛОРУ — МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ ЖАҢЫ КАДАМ ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК ТИРЕК

— Кайсы иштерге борбор мониторинг жүргүзөт?

— Эң туура суроо. Ириде биз педагогикалык кызматкерлерди методикалык иштер жана квалификацияны жогорулатуунун билим берүү программалары менен камтуу; билим берүү уюмдары тарабынан методикалык иштердин пландарынын аткарылышы; кесиптик компетенцияларды диагностикалоо жана санариптик портфолиолорду талдоо аркылуу педагогикалык кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсүнүн динамикасы; насаатчылыктын жана курстардан кийинки методикалык коштоонун натыйжалуулугу; билим берүү тажрыйбасына инновациялык билим берүү методикаларын жана санариптик инструменттерди киргизүү боюнча мониторинг жүргүзөбүз. Ошондой эле Билим берүүнү өнүктүрүү борбору отчеттуулукту жүргүзүүнү жана берүүнү камсыз кылат. Анын ичинде — отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-январына чейин облустук билим берүү институтуна берилүүчү иштин натыйжалары жөнүндө жылдык отчет; квартал сайын берилүүчү облустук билим берүү институту бекиткен формалар боюнча оперативдүү отчеттуулукту; иштин негизги көрсөткүчтөрүн жана методикалык ресурстарды расмий сайт жана башка маалыматтык платформалар аркылуу ачык жеткиликтүүлүккө жайгаштыруу. Билим берүүнү өнүктүрүү борборунун отчеттуулук формасы облустук билим берүү институту тарабынан бекитилет.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРЛОРУ — МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ ЖАҢЫ КАДАМ ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК ТИРЕК

— Борбордун алдында иш алып баруучу бөлүмдөр жана аймактык кесиптик методикалык бирикмелер (АКМБ) тууралуу айтып өтсөңүз. Алар кандай принциптер менен иштейт?

— АКМБнин курамына мектептик методикалык бирикмелердин жетекчилери, инновациялык жана таяныч билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, кесиптик конкурстардын жеңүүчүлөрү, педагог-насаатчылар жана методикалык иште кесиптик жетишкендиктери жана тажрыйбасы бар башка педагогикалык кызматкерлер кирет. Анын курамы Билим берүүнү өнүктүрүү борборунун башчысынын буйругу менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилет. Бир эле адам АКМБнин курамына чексиз жолу кире алат. Ошондой эле анын ишин уюштуруучулук-методикалык жактан коштоону жүзөгө ашыруучу Билим берүүнү өнүктүрүү борборунун методисти бекитилет. Жыл сайын Билим берүүнү өнүктүрүү борборунун башчысы бекиткен окуу жылына иш планын иштеп чыгат. Иш планы жыйындардын, практикалык семинарлардын, тренингдердин, мастер-класстардын, маалыматтык сессиялардын, ачык сабактардын жана тиешелүү багыттагы педагогикалык кызматкерлер үчүн башка иш-чаралардын графигин камтыйт.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРЛОРУ — МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ ЖАҢЫ КАДАМ ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК ТИРЕК

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРЛОРУ — МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮСҮНДӨГҮ ЖАҢЫ КАДАМ ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК ТИРЕК

АКМБнин иши кластердик принцип боюнча бири-бирине аймактык жакын жайгашкан билим берүү уюмдарын таяныч билим берүү уюмдарынын базасында бириктирүү аркылуу уюштурулат. Кластерлердин саны жана курамы аймактык жеткиликтүүлүктү жана билим берүү уюмдарынын керектөөлөрүн эске алуу менен Билим берүүнү өнүктүрүү борбору тарабынан өз алдынча аныкталат. Чыгармачыл (тематикалык) группалар билим берүү методикаларын апробациялоону, методикалык материалдарды иштеп чыгууну, изилдөөлөрдү жана башка долбоорлорду жүргүзүүнү кошкондо, конкреттүү методикалык, изилдөөчүлүк, апробациялык же инновациялык маселелерди чечүү үчүн Билим берүүнү өнүктүрүү борбору тарабынан түзүлөт.  Чыгармачыл группалар түзүү үчүн негиз болуп педагогикалык кызматкерлердин демилгелери, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун же облустук билим берүү институттарынын сунуштары эсептелет. Бул группанын курамы кызыкдар болуучу педагогикалык кызматкерлердин ичинен педагогдордун негизги иштеген жери боюнча билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен макулдашуу боюнча түзүлөт. Ошондой эле аталган группанын курамы Билим берүүнү өнүктүрүү борборунун башчысынын буйругу менен бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө бекитилет. Кыскасы, борбордун алдында туруктуу жана убактылуу иштөөчү бир нече түзүмдөр бар экенин айтып өттүм. Кыскартып айтканда, багыттар боюнча аймактык кесиптик методикалык бирикмелер (АКМБ). Бул туруктуу иштөөчү бирикмелерге мектептердеги методикалык бирикмелердин жетекчилери, тажрыйбалуу педагогдор (15 адамга чейин) кирип, чейрек сайын кеминде 1 жолку жыйындарды өткөрүп турушат. Алар кластердик принцип боюнча аймактык жакын жайгашкан билим берүү уюмдарын бириктирет. Кийинки түзүм — аймактык чыгармачыл топтор (группалар).  Белгилүү бир инновациялык же методикалык маселени чечүү үчүн 1-2 жылга түзүлгөн убактылуу топтор (11 адамга чейин). Алар айына кеминде 2 жолу чогулуп, жаңы усулдарды апробациялашат. Үчүнчү түзүм — устаттар кеңеши. Бул тажрыйбалуу педагог-насаатчыларды бириктирген туруктуу орган.

— Түшүнүктүү. Демек, бул борборлор мугалим үчүн кадимкидей колдоо борборуна айланат экен да. Маалымат берип, кеңири түшүндүрүп бергениңиз үчүн чоң рахмат!

— Сизге да рахмат! Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу — баарыбыздын орток максатыбыз. Жакшы жаңылыктар коштосун!

 Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)

Бөлүшүү