БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КЕЛЕЧЕГИ: БЕШ ӨЛКӨНҮН ТАЖРЫЙБАСЫ ЖАНА ОРТОК МАКСАТТАР
- 14.11.2026
- 0
Билим берүү системасын жаңылоо, мугалимдин кесиптик дараметин жогорулатуу жана окуучуну турмушка даярдоо – бүгүнкү күндө көпчүлүк мамлекеттердин орток максаты.
13-ноябрда Бишкек шаарында «Алтын Казык» программасынын алкагында билим берүү системасын өзгөртүү жана баалуулуктар маселелерине арналган эл аралык симпозиум өттү. Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту уюштурган иш-чарага Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркиянын өкүлдөрү катышты. 
Бул иш-чаранын уюштурулушунда институттун директору Алмазбек Токтомаметов башында турган жамааттын эмгегин өзгөчө белгилеп кетүү керек. Өлкөдө билим берүү системасын жаңылоо, «Алтын Казык» программасын ишке ашыруу шартында мугалимдерди, усулчуларды жана мектеп психологдорун кайра даярдоо, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу багытында институттун жамааты олуттуу иштерди жүргүзүп келет. Заман талабына жараша жаңы ыкмаларды өздөштүрүп, дүйнөлүк жана коңшу мамлекеттердин тажрыйбасынан артта калбай иш алып баруу – бул жамааттын ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири.
Бүгүнкү эл аралык симпозиум да ошол аракеттердин уландысы болду. Мындай аянтчаны уюштуруу оңой иш эмес. Ар кайсы өлкөлөрдүн билим берүү тармагындагы өкүлдөрүн бир аянчага чогултуу, алардын тажрыйбасын угуп, пикир алмашууга шарт түзүү жана келечектеги кызматташтыктын багыттарын аныктоо чоң уюштуруучулук эмгекти талап кылат. Институт бул иш-чара аркылуу Кыргызстандагы билим берүү реформаларынын жүрүшүн эл аралык деңгээлде талкуулоого жана чет өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбаларын өздөштүрүүгө да мүмкүнчүлүк түздү.
Симпозиумда өлкөлөрдүн билим берүү реформалары, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу, жаңы окутуу усулдары, билим берүүнүн сапатын баалоо жана эл аралык кызматташтык маселелери талкууланды. Баарлашуулардан бир нерсе айкын болду: ар бир мамлекет билим берүүдө өз жолун тандаганы менен, алдыга койгон максаттары көп жагынан окшош. Алардын баары сапаттуу билим берүүгө, күчтүү мугалимдерди даярдоого жана өз өлкөсүнүнүн баалуулуктарын сиңирген мектеп бүтүрүүчүлөрүн даярдоого умтулууда. 
Беш өлкө, бир максат: билимди турмуш менен байланыштыруу
Бүгүнкү күндө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркиянын билим берүү системаларында олуттуу өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Алардын айрымдары мектептин түзүмүн өзгөртүүгө, башкалары окуу мазмунун жаңылоого, дагы бири мугалимдерди даярдоо жана баалоо системасын жакшыртууга басым жасоодо.
Кыргызстан: «Алтын Казык» жана 12 жылдык билим берүү. Өлкөдө билим берүүнү жаңылоого багытталган «Алтын Казык» программасы ишке ашырылууда. 12 жылдык билим берүү моделине өтүү, окуу китептерин жаңылоо, табигый илимдерди, математиканы жана англис тилин окутууну күчөтүү – реформанын негизги багыттары. Мында баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык билим берүү менен катар өз алдынча изденүүсүнө, ой жүгүртүүсүнө жана алган билимин турмушта колдоно алышына шарт түзүү максаты коюлган.
Казакстан: заманбап мектеп жана санариптик мүмкүнчүлүктөр. Казакстанда «Жайлуу мектеп» улуттук долбоору аркылуу жаңы мектептер курулуп, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө көңүл бурулууда. Ошондой эле окуу жүгүн жеңилдетүү, функционалдык сабаттуулукту жогорулатуу жана жасалма интеллектти билим берүү процессине киргизүү багытында иштер жүрүүдө. «Адал азамат» программасы аркылуу окуучуларды мекенчилдикке, жоопкерчиликке жана мыйзамды сыйлоого тарбиялоо да маанилүү орунда турат.
Өзбекстан: эл аралык стандарттарга жакындашуу. Өзбекстанда мектепке даярдоо баскычын жалпы билим берүү системасы менен байланыштыруунун негизинде 12 жылдык билим берүүгө өтүү аракеттери көрүлүүдө. Информатика жана англис тили боюнча Кембридж басмасынын окуу китептери жергиликтүү шартка ылайыкташтырылып колдонулууда. Бул өлкөнүн билим берүү мазмунун эл аралык талаптарга жакындатуу аракетин көрсөтөт.
Тажикстан: мектептердин жеткиликтүүлүгү жана санариптештирүү. Тажикстанда мектеп жетишсиздигин жоюу үчүн жаңы окуу жайларын курууга, мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүүгө жана окуу процессине санариптик технологияларды киргизүүгө басым жасалууда. Ошондой эле 12 жылдык билим берүү системасына этап-этабы менен өтүү маселеси каралууда.
Түркия: «Түркия кылымынын Маариф модели». Түркияда жаңы окуу программасы билимди түшүнүүгө, талдоого жана күнүмдүк турмушта колдонууга багытталган. Программада санариптик жана каржылык сабаттуулук, сынчыл ой жүгүртүү, улуттук баалуулуктарды сактоо сыяктуу багыттар камтылган. Анын өзгөчөлүгү – окуучунун билим алуусу менен катар инсандык өнүгүүсүнө да көңүл бурулушу.
Демек, беш өлкөнүн реформаларында бир нече орток багыт бар. Биринчиден, билим берүүнүн мазмуну жаңыланууда. Экинчиден, жаттап алуудан практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өтүү күч алууда. Үчүнчүдөн, санариптик технологиялар окуу процессине кеңири кирүүдө. Төртүнчүдөн, заманбап билим менен улуттук тарбияны айкалыштыруу аракеттери көрүлүүдө. 
«Кош мугалим»: айылдык мектеп үчүн жаңы мүмкүнчүлүк
Симпозиумда Казакстандын билим берүү тармагындагы кызыктуу тажрыйбаларынын бири катары «Кош мугалим» модели өзгөчө белгиленди.
Бул ыкма боюнча сабак гибриддик форматта уюштурулат. Астанадагы «Өрлеу» улуттук борборунун атайын студиясынан тажрыйбалуу, мыкты педагогдор сабакты түз эфирде онлайн өтүшөт. Ал эми айылдык мектептин классында жергиликтүү мугалим окуучулардын жанында болуп, сабактын жүрүшүнө көмөктөшөт, теманы түшүнбөй калган балдарга кошумча түшүндүрөт.
Мындай ыкманын артыкчылыгы – айылдагы окуучуларга да тажрыйбалуу педагогдордун сабагын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүндө. Башкача айтканда, мыкты мугалимдин билими алыскы аймактарга да жетет.
Бул модель мугалимди технология менен алмаштыруу эмес, тескерисинче, эки педагогдун мүмкүнчүлүгүн бириктирүү болуп саналат. Онлайн сабакты өткөргөн адис предметтик билимди терең берсе, класстагы мугалим окуучунун жеке өзгөчөлүгүн эске алып, анын окуу процессине катышуусун камсыздайт. 
Өзбекстандын тажрыйбасы: өзгөрүү мугалимден башталат
Симпозиумдун катышуучуларынын өзгөчө кызыгуусун Өзбекстандын PISA–2025 эл аралык изилдөөсүндөгү табигый илимдер боюнча жетишкендиги жаратты. Өлкө бул багытта 2022-жылдагы 354,9 баллдан 2025-жылы 437,6 баллга чейин көтөрүлүп, 82,7 баллдык өсүшкө жетишкен.
Өзбекстандык спикер билим берүү системасындагы бардык трансформация мугалимден башталарын белгилеп, өткөн жылы өлкөдө 536 990 педагогикалык кызматкер окутуудан өткөнүн маалымдады. Анын айтымында, мугалимдердин кесиптик өсүшүндө менторлордун ролу өзгөчө маанилүү. Анткени ментор —кесиптештери ишеним арткан, тажрыйбасына таянган жана кеңешин угууга даяр болгон адам. Демек, мугалимди өнүктүрүүдө окутуунун мазмуну менен катар ишенимге негизделген кесиптик байланыш да чоң мааниге ээ. 
Инклюзивдүү билим берүү: бир бала үчүн бүтүндөй мектептин жоопкерчилиги
Тажикстандын өкүлдөрү билим берүүдөгү дагы бир маанилүү багыт – инклюзивдүү билим берүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Алардын айтымында, эгер мектепте өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар бир эле бала болсо, ага колдоо көрсөтүү бир гана мугалимдин милдети болуп калбашы керек. Бул ишке мектеп администрациясы, мугалимдер, чарба кызматкерлери жана жалпы коомчулук биргелешип катышууга тийиш.
Мисалы, мектептин администрациясы уюштуруучулук иштерди колго алса, мугалим сабакты баланын муктаждыгына ылайыкташтырат. Чарба кызматкерлери имараттын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого көмөктөшөт. Ал эми ата-энелер жана коомчулук баланы түшүнүүгө, кабыл алууга жана колдоого багытталган чөйрөнү түзүүгө салым кошот.
Демек, инклюзия – бул бир гана педагогикалык маселе эмес, жалпы мектеп жамаатынын жана коомдун жоопкерчилиги. Тажикстандык өкүлдөрдүн бул ою билим берүүдө ар бир баланын укугун жана мүмкүнчүлүгүн эске алуу канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу көрсөттү. 
Мугалимдик – диплом менен эле чектелбеген кесип
Симпозиумда өзгөчө көңүл бурулган маселелердин бири – мугалимдерди даярдоо жана кесипке тандоо болду. Анткени билим берүүнүн сапаты түздөн-түз мугалимдин даярдыгына, кесиптик жоопкерчилигине байланыштуу.
Бул багытта Түркиянын тажрыйбасы кызыгууну жаратты. Түркияда педагогикалык жогорку окуу жайды бүтүрүп, диплом алуу мамлекеттик мектепке дароо мугалим болуп орношууга жетиштүү эмес.
Мамлекеттик мектепте иштөөнү каалаган бүтүрүүчүлөр алгач MEB-AGS мамлекеттик тандоо сынагынан өтүшөт. Белгиленген квотага ылайык жогорку балл алган талапкерлер Улуттук билим берүү академиясында теориялык жана практикалык даярдыктан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Академиядагы окуусун жана баалоо баскычтарын ийгиликтүү аяктагандар гана мамлекеттик мектептерге мугалим болуп дайындалат.
Мындай системанын негизги максаты – педагогикалык кесипке талапты күчөтүү, мугалимдикке даяр адистерди тандоо жана жаш кадрлардын мектепке келгенге чейин практикалык тажрыйба топтоосуна шарт түзүү. Анткени мугалим болуу үчүн предметти билүү жетишсиз, балдар менен иштөө, сабакты уюштуруу жана ар бир окуучунун өзгөчөлүгүн түшүнүү зарыл.
Казакстанда болсо мугалимдин кесиптик өсүшүнө жана эмгегине жараша баалоо системасы калыптанган. Педагогдордун квалификациясына жараша «педагог-стажер», «педагог», «педагог-модератор», «педагог-эксперт», «педагог-изилдөөчү» жана «педагог-чебер» деген категориялар берилет.
Мисалы, педагог-модератор мектеп деңгээлинде заманбап окутуу ыкмаларын колдонуп, сабактын сапатын жогорулатууга салым кошот. Педагог-эксперт өз тажрыйбасын райондук же шаардык деңгээлде кесиптештери менен бөлүшөт. Педагог-изилдөөчү илимий-методикалык иштерди жүргүзүп, облустук жана республикалык деңгээлде тажрыйбасын жайылтат. Ал эми педагог-чебер автордук программаларды түзүп, кесиптик чеберчилиги менен айырмаланат.
Бул категориялар мугалимдин иш тажрыйбасына, жетишкендигине жана кесиптик өнүгүүсүнө жараша ыйгарылат. Аларга жараша айлык акысына 30 пайыздан 50 пайызга чейин кошумча төлөм каралган. Мындай механизм мугалимдин өзүн өнүктүрүүсүнө, жаңы ыкмаларды үйрөнүүсүнө жана тажрыйбасын башкалар менен бөлүшүүсүнө материалдык да, моралдык да түрткү берет.
Окшош реформалар, бирок ар бир өлкөнүн өз жолу бар
Беш өлкөнүн билим берүү системаларын салыштырып караганда, алардын реформаларынын багыты окшош болгону менен, чечүү жолдору ар башка экенин байкоого болот.
Башка өлкөнүн тажрыйбасын ошол бойдон көчүрүп алуу туура эмес. Ар бир мамлекет өзүнүн тилин, маданиятын, улуттук баалуулуктарын, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана коомдук өзгөчөлүктөрүн эске алышы зарыл. Башкалардын ийгиликтүү ыкмаларын үйрөнүп, аны жергиликтүү шартка ылайыкташтыруу гана туруктуу натыйжа берет.
Кызматташтык – билим берүүнүн сапатын көтөрүүнүн жолу
Симпозиумда коңшу өлкөлөр менен тажрыйба алмашуунун зарылдыгы дагы бир жолу белгиленгенди. Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун башкы адиси Асылбек Жоодонбеков белгилегендей, «бүгүн билим берүү бир мамлекеттин гана ички маселеси болбой калды. Технологиялардын өнүгүшү, эмгек рыногунун өзгөрүшү жана дүйнөлүк атаандаштык өлкөлөрдү бири-биринин тажрыйбасын үйрөнүү зарылдыгын жаратууда».
Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркиянын ортосундагы достук жана боордоштук мамилелер билим берүү, илим жана маданият жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүүдө. Мындай байланыштар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, педагогдордун тажрыйба алмашуусуна, жаңы окутуу усулдарын өздөштүрүүгө жана билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чогуу чечүүгө өбөлгө болот.
Бүгүнкү симпозиумду уюштурган Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун ишмердүүлүгү да дал ушул багыттагы аракеттердин маанилүү бөлүгү. Алмазбек Токтомаметов башында турган жамааттын мугалимдерди окутуу, кесиптик жактан колдоо жана эл аралык тажрыйбаларды өлкөбүздүн билим берүү чөйрөсүнө жеткирүү боюнча иштери өзгөчө белгилөөгө арзыйт. Заман менен жарышып, өзгөрүүлөргө ыкчам жооп берүү, коңшу мамлекеттердин тажрыйбасын үйрөнүү жана аны жергиликтүү мугалимдерге жеткирүү иштерин жоопкерчилик менен аткарып келатышат.
Асел КЕНЖЕБЕК КЫЗЫ, «Кут Билим»
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)