КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮНҮН КЕЛЕЧЕГИ — БААРЫБЫЗДЫН ЖАЛПЫ ЖООПКЕРЧИЛИГИБИЗ

  • 03.06.2026
  • 0

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын билим берүү секторундагы башкы көйгөйлөрдүн бири — шаар менен айыл мектептеринин ортосундагы сапаттык теңсиздик. Бул маселени чечүү бир гана мамлекеттин эмес, коомдун жана социалдык жоопкерчиликтүү бизнестин биргелешкен милдетине айланды. Заманбап экономикалык шартта билим берүүгө жумшалган каражат жөн гана кайрымдуулук эмес, өлкөнүн адамдык капиталына жасалган узак мөөнөттүү стратегиялык инвестиция болуп саналат.

КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮНҮН КЕЛЕЧЕГИ - БААРЫБЫЗДЫН ЖАЛПЫ ЖООПКЕРЧИЛИГИБИЗ

“Заманбап Мугалим” программасы: максаты жана масштабы

“Teach for Kyrgyzstan – Заманбап Мугалим” коомдук кайрымдуулук фонду — дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө билим берүүдөгү теңсиздикти азайтуу багытында иш алып барган глобалдык Teach For All тармагынын бир бөлүгү. Кыргызстанда бул программа 2024-жылдан бери КР Агартуу министрлиги менен биргеликте ийгиликтүү ишке ашырылып келет. Негизги максаты — ар кандай кесиптик чөйрөдөн келген мотивациялуу адистерди айылдык мектептерге тартуу, жаңы муундагы лидер-мугалимдерди даярдоо жана мугалимдик кесиптин баркын көтөрүү. Программа “баланын келечеги анын туулган жеринен же үй-бүлөсүнүн каржылык абалынан көз каранды болбошу керек” деген принципке негизделет.

Бүгүн Кыргызстандагы ар бир бешинчи адам — мектеп окуучусу. Дал ушул тапта мектеп парталарында өлкөнүн келечектеги ишкерлери, окумуштуулары, инженерлери жана лидерлери отурушат. Жасалма интеллект, жаңы технологиялар жана жаңы кесиптер жаштардан мурда болуп көрбөгөндөй көндүмдөрдү талап кылууда. Ошондуктан билим берүүнүн сапаты бүгүн өлкөнүн келечектеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн аныктаган негизги факторлордун бири болуп калды.

Талапкерлер (“жаратмандар”) көп баскычтуу тандоодон өтүп, Жайкы институтта интенсивдүү даярдык көрүшөт. Андан соң, эки жылдык мөөнөткө мугалим жетишсиз болгон айылдарга жөнөтүлөт. Ошол эле учурда алар Борбор Азиядагы Эл аралык университетинин “Өзгөрүү шартындагы педагогика” магистрдик программасында билим алышат. Бүгүнкү күндө программанын алкагында Чүй облусунун 12 мектебинде 46 жаратман эмгектенип, жалпысынан 8 733 окуучуга билим берүүдө.

Эки жыл ичинде жаратмандар сабак берүү менен гана чектелбей, окуучулар менен биргеликте экологиялык долбоорлорду ишке ашырып, медиа-клубдарды жана чыгармачылык ийримдерди ачышты, мектеп фестивалдарын уюштуруп, кыска метраждуу тасмаларды жана мультфильмдерди тартышты. Бул демилгелер окуучулардын чыгармачылыгын, лидерлик сапаттарын жана коомдук активдүүлүгүн өнүктүрүүгө жардам берүүдө.

Алгачкы бүтүрүүчүлөр жана инновациялар

2026-жыл программа үчүн өзгөчө маанилүү тарыхый мезгил болуп калды. “Заманбап Мугалимдин” биринчи агымынын 25 катышуучусу эки жылдык мөөнөтүн жана магистратурасын ийгиликтүү аяктап, дипломдук изилдөөлөрүн жакташты.

КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮНҮН КЕЛЕЧЕГИ - БААРЫБЫЗДЫН ЖАЛПЫ ЖООПКЕРЧИЛИГИБИЗ

Жаратмандардын илимий иштери төмөнкүдөй эң актуалдуу үч темага багытталган: Биринчиси — билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу; экинчиси — чыгармачыл окуучуларды колдоо жана сабактагы активдүүлүктү күчөтүү жана окуучулардын мотивациясын жогорулатуу.

Программанын негиздөөчүсү Асел Бектенованын айтымында алардын максаты — билим берүү тармагында өзгөрүүлөрдү алып келе турган жаңы лидерлердин муунун калыптандыруу.

— Биздин максат эки жылга гана мугалим даярдоо эмес. Биз билим берүү тармагындагы жаңы лидерлердин муунун калыптандырууну көздөйбүз. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, катышуучулардын көпчүлүгү программа аяктагандан кийин дагы билим берүү тармагында калышат. Айрымдары өзүнүн билим берүү долбоорлорун түзөт, башкалары билим берүү программаларын иштеп чыгат же башкаруу системасына өтүп, билим берүү саясатын өнүктүрүүгө салым кошот, — дейт.

Иш жүзүндөгү натыйжа: А.Казакбаев атындагы мектептин тажрыйбасы

Мектеп директору Айнура Масылованын айтымында, программа мектептеги кадр тартыштыгын чечүү менен бирге, окуу процессине өзгөчө дем жана жаңылыктарды алып келди. Учурда ал мектепте төрт жаратман иштейт. Быйыл эки мугалимдин мөөнөтү аяктоо алдында турат. Алар биология мугалими Айденек Садыбакасова: Кесиби боюнча медик жана психолог. Айденек мектепте “Мейкин” деп аталган медиа-клуб ачып, социалдык тармактар аркылуу балдарга мотивация берген роликтерди тартат. Ошондой эле, “жашыл көндүмдөр” боюнча конкурстарга катышып келет. Экинчиси технология мугалими Данагүл Байкүчүкова көп жылдык тажрыйбасы бар адис. Учурда окуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, мектепке электрондук күндөлүктү жана санариптештирүүнү киргизүүгө чоң жардам берүүдө. Ал эми география мугалими Жанара Баялиева туризм багыты боюнча адис, окуучуларга жаңы көз караш тартуулоодо. Дене тарбия жана АЧД мугалими Сыргак Медеркул уулу өзүнүн негизги кесибинен тышкары поэзия ышкыбозу болгондуктан, китеп окуу боюнча сынактарды уюштуруп, балдарды адабиятка кызыктырууда.

КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮНҮН КЕЛЕЧЕГИ - БААРЫБЫЗДЫН ЖАЛПЫ ЖООПКЕРЧИЛИГИБИЗ

Программанын өнүгүшүндө бизнестин колдоосу чоң роль ойнойт. Чүй облусунун Кемин районундагы Чым-Коргон айылындагы А. Казакбаев атындагы орто мектепте иштеген жаратмандардын ишмердүүлүгүнө KCБ Коммерциялык банкы Petram Foundation эл аралык фонду менен биргеликте каржылык колдоо көрсөтүүдө. Бул кадам тараптардын туруктуу өнүгүү принциптерине жана корпоративдик социалдык жоопкерчиликке болгон бирдиктүү көз карашын айгинелейт.

Бүгүнкү күндө “Заманбап Мугалимдин” айланасында билим берүүнүн келечегине кайдыгер карабаган өнөктөштөрдүн күчтүү жамааты калыптанды. Программаны “Тойбосс”, “Лекарь”, “Umai Group” компаниялары, КСБ жана KICB банктары, “ololo” креативдүү хабдары жана жеке жактар колдоп келишет.

Бул процесс бүгүн да уланууда. Программанын тажрыйбасы көрсөткөндөй, билим берүүнү колдоого даяр болгон компаниялардын жана жеке адамдардын саны жылдан жылга өсүүдө. Алар үчүн бул жөн гана кайрымдуулук эмес, өлкөнүн келечегине кошулган салым. Анткени бүгүн мектепте билим алып жаткан балдар эртең экономиканы өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүп, коомдун өнүгүшүнө таасир эткен жарандарга айланышат. Ошондуктан билим берүүгө инвестиция салуу — Кыргызстандын келечегине инвестиция салуу болуп саналат.

“КСБ Коммерциялык Банкы” ЖАКтын башкармалыгынын төрайымы Кристина Червонова алар үчүн бул программага колдоо көрсөтүү — өлкөнүн келечегине жана адамдык капиталдын өнүгүшүнө кошулган салым деп эсептейт. Ал: “Ар бир бала жашаган жерине карабастан сапаттуу билим алууга тийиш. Бүгүн жаштардын билимине инвестиция салуу менен эртең күчтүү, туруктуу жана ийгиликтүү коомду курууга көмөктөшөбүз” – деп белгилейт.

“Заманбап Мугалим” программасынын тажрыйбасы көрсөткөндөй, сапаттуу билим берүүнү мектеп же мамлекет жалгыз өзү камсыздай албайт. Чыныгы өзгөрүүлөр балдардын келечеги үчүн жоопкерчилик жалпы ишке айланганда гана пайда болот. Мамлекеттин, бизнестин жана жарандык коомдун мындай стратегиялык өнөктөштүгү узак мөөнөттүү келечекте Кыргызстандын экономикалык жана социалдык туруктуулугун камсыздоочу негизги фактор бойдон калмакчы.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер