БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ЖАҢЫ КАДАМ:ЭМНЕ ҮЧҮН МЕКТЕПТЕРГЕ ПСИХОЛОГ КИРГИЗИЛДИ?

  • 06.08.2026
  • 0

Психологдун мектепке келиши — жөн гана жаңы штаттык бирдик эмес. Бул билим берүү системасында баланы окуучу катары гана эмес, толук кандуу инсан катары кабыл алууга багытталган жаңы мамиленин башталышы.

Мектеп жөнүндө сөз болгондо көбүнчө билим сапаты, окуучунун жетишкендиги, экзамендер жана баалар биринчи орунга чыгат. Бирок ошол көрсөткүчтөрдүн артында турган баланын ички дүйнөсү, эмоционалдык абалы жана психологиялык коопсуздугу көп учурда экинчи планда калып калат. Азыркы учурдагы балдардын көйгөйлөрү мурдагыдан кескин өзгөрдү. Бүгүнкү күндөгү окуучу сабактагы кыйынчылыктар менен гана эмес, социалдык тармактардын таасири, теңтуштар арасындагы мамиле, үй-бүлөлүк өзгөрүүлөр, келечек тууралуу тынчсыздануу сыяктуу маселелер менен да бетме-бет жашап жатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө 10–19 жаштагы ар бир жетинчи өспүрүм психикалык саламаттыкка байланыштуу көйгөйлөргө туш болот. Өспүрүм куракта пайда болгон тынчсыздануу, депрессия жана жүрүм-турум көйгөйлөрү өз убагында аныкталып, колдоо көрсөтүлсө, алардын терс кесепеттерин кескин азайтууга болот. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү дал ушул себептен мектептеги психологиялык кызматты билим берүү системасынын ажырагыс бөлүгү катары кабыл алып келет. Кыргызстан да бул багытта маанилүү кадам жасады.

Эмне үчүн азыр психолог кызматы зарыл?

Кыргызстандын билим берүү системасында узак убакыт бою негизги көңүл окуучунун билим деңгээлине жана тартибине гана бурулуп келген. Бирок баладагы көйгөйлөрдүн баары эле анын сабагынан же жүрүм-турумунан дароо байкала бербейт. Айрым учурларда окуучу сырткы көрүнүшү боюнча кадимкидей жүргөнү менен, ичинде терең тынчсыздануу, коркуу же өзүнө ишенбөөчүлүк болушу мүмкүн. Мындай абал анын окуусуна, классташтары менен болгон мамилесине жана келечектеги өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.

 Психолог Авазхан Мурзали кызынын айтымында, бүгүнкү окуучулар туш болгон көйгөйлөрдүн мүнөзү толугу менен өзгөрдү.

«Азыркы учурда көп кездешкен көйгөйлөрдүн катарына тынчсыздануу, өзүнө болгон ишенимдин төмөн болушу, стресстин көбөйүшү, үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдүн балага тийгизген таасири, теңтуштар арасындагы зомбулук (буллинг), интернетке көз карандылык жана социалдык тармактардын терс таасири кирет. Ошондой эле кесип тандоо, келечек тууралуу ойлор да окуучулардын психологиялык абалына олуттуу таасир берүүдө», — дейт адис.

Кыргызстандагы жаңы чечим: психолог кызматы кандай киргизилет?

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарына өзгөртүү киргизип, жалпы билим берүү уюмдарына психолог кызматын расмий түрдө киргизди. Жаңы тартипке ылайык, психологдун штаттык бирдиги мектептеги окуучулардын санына жараша дифференцияланган түрдө аныкталат:

  • 100дөн 275ке чейин окуучусу бар мектептерге — 0,25 штаттык бирдик;

  • 276дан 550гө чейин — 0,5 штаттык бирдик;

  • 551 жана андан көп окуучусу бар мектептерге — 1 штаттык бирдик каралган.

Бул чечимдин негизги максаты — окуучулардын психологиялык көйгөйлөрүн эрте аныктоо, алдын алуу иштерин жүргүзүү жана балдарга керектүү учурда кесипкөй жардам көрсөтүү. Бирок дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, штаттык бирдикти киргизүү менен эле система автоматтык түрдө өзгөрүп кетпейт. Негизги маселе — бул кызматтын сапаттуу уюштурулушунда.

Психолог — көйгөйдү чечүүчү эмес, алдын алуучу адис

Коомдо психолог тууралуу дагы эле айрым туура эмес түшүнүктөр сакталып келет. Кээ бир ата-энелер психологго олуттуу көйгөйү бар бала гана кайрылат деп ойлошот. Чындыгында, психологдун иши мындан алда канча кеңири жана көп кырдуу. Ал окуучунун эмоционалдык абалын турукташтырууга жардам берет, стрессти жеңүүгө көмөктөшөт, баланын өзүнө болгон ишенимин бекемдөөгө иштейт, ошондой эле ата-эне жана мугалимдер менен тыгыз байланыш түзөт.

Авазхан Мурзали кызы белгилегендей, психологдун башкы милдети — баланы күч менен өзгөртүүгө аракет кылуу эмес, аны терең түшүнүү.

«Баланын оюн угуу, анын сезимдерине кулак салуу абдан маанилүү. Кээде чоңдор баладагы көйгөйдү майда нерсе катары кабыл алышы мүмкүн. Бирок бала үчүн ал абдан оор эмоционалдык жүк болуп калуусу ыктымал», — дейт психолог.

Эл аралык тажрыйба: Финляндия үлгүсү

Мектептеги психологиялык кызматтын эң ийгиликтүү моделдеринин бири катары Финляндиянын тажрыйбасы көп айтылат. Бул өлкөдө баланын психологиялык жана социалдык абалы окуу процессинин ажырагыс бөлүгү катары каралат. Финляндияда психолог жалгыз өзү гана иштебейт; ал мугалимдер, атайын педагогдор жана социалдык кызматкерлер менен бир команда болуп тыгыз иш алып барат.

Бул системанын башкы өзгөчөлүгү — көйгөй убагынан өтүп, күчөп кеткенден кийин жардам издөө эмес, аны эрте стадияда алдын алуу. Мисалы, окуучу сабакка кызыгуусун жоготсо, классташтары менен мамилеси начарласа же жүрүм-турумунда кескин өзгөрүү байкалса, адистер бул белгилерге дароо көңүл бурушат.

Ата-эне менен мектептин жаңы жоопкерчилиги

Баланын психологиялык саламаттыгы үчүн жоопкерчилик бир гана мектепке же психологго жүктөлбөшү керек. Ата-эне менен мугалим да бул тарбиялоо процессинин тең укуктуу катышуучулары болуп саналат. Кээде чоңдор баланын ички сезимдерин байкабай, анын көйгөйүн убактылуу көрүнүш катары кабыл алышат. Бирок баланын эмоциясын угуу, аны түшүнүүгө аракет кылуу — психологиялык жактан дени сак инсанды тарбиялоонун негизи. Мектеп психологу дал ушул жерде мектеп менен үй-бүлөнүн ортосунда ишмердүү көпүрө боло алат.

Кыргызстанда психолог кызматын киргизүү — билим берүү системасындагы маанилүү стратегиялык кадамдардын бири. Бул реформа баланын академиялык билим алуусун гана эмес, анын эмоционалдык абалын да мамлекеттик деңгээлде маанилүү деп таанууну билдирет.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, баланын психикалык саламаттыгына көңүл буруу — билим берүүнүн кошумча багыты эмес, бул бүтүндөй коомдун келечегине жасалган эң негизги инвестиция. Себеби сапаттуу билим алган гана эмес, өзүн түшүнгөн, эмоциясын башкара алган жана коом менен туура мамиле түзө алган инсан өлкөнүн өнүгүшүнө чечүүчү салым кошо алат. ЮНИСЕФ да балдардын психикалык саламаттыгын коргоону алардын негизги укуктарынын катарына коет. Кыргызстандын калкынын олуттуу бөлүгүн балдар жана өспүрүмдөр түзгөндүктөн, алардын коопсуз чөйрөдө өсүшүн камсыз кылуу — келечектеги күчтүү адамдык капиталдын пайдубалы.

Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер