БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖАҢЫ ДООР: 12 ЖЫЛДЫК РЕФОРМАНЫН КЕЛЕЧЕГИ
- 14.07.2026
- 0
Кыргызстандын 12 жылдык мектеп моделине өтүшү — эгемендик жылдарындагы эң ири жана эң маанилүү реформалардын бири. Анын өзөгүндө билим берүүнүн мазмунун жаңылоо, окутуунун заманбап усулдарын киргизүү жана мугалимдин кесиптик ролун жаңы деңгээлге көтөрүү максаты жатат. Эң башкысы — ар бир окуучунун жөндөмүн эрте аныктап, кызыгуусуна жараша өнүгүүсүнө жана келечектеги кесибин аң-сезимдүү тандоосуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүү.

Олуттуу кадамдар
Мындай чоң өзгөрүүлөрдүн коомдо кызуу талкуу жаратышы — мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени билим берүү миллиондогон балдардын, ата-энелердин, мугалимдердин жана жалпы өлкөнүн келечегине түздөн-түз таасир этет. Коомдо реформаны колдогондордун да, ага күмөн санагандардын да болушу — бул маселеге болгон жоопкерчиликтүү мамиленин белгиси. Эң башкысы, мындай талкуулар куру эмоцияга эмес, далилдерге, изилдөөлөргө жана өз ара түшүнүшүүгө негизделиши керек.
Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү маселеси жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери айтылып келди. Акыркы жылдары бул багытта олуттуу кадамдар жасалды: жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттар иштелип чыгып, заманбап окуу программалары даярдалды. Жаңы муундагы окуу китептерин жазуу башталып, миңдеген мугалимдер квалификациясын жогорулатты. Ошону менен катар, мектептердин шартын жакшыртуу жана дүйнөнүн алдыңкы тажрыйбаларын биздин өлкөгө ылайыкташтыруу иштери жүрүүдө. Бул реформанын негизги максаты билим берүүнүн түзүмүн дүйнөлүк талапка шайкеш келтирүү жана окутуунун сапатын жаңы заманбап деңгээлге көтөрүү.
Билим алууга тең мүмкүнчүлүктөр
Коомдук талкууларда көп учурда «Эмне үчүн дагы бир жыл керек?» деген суроо коюлат. Чындыгында, буга чейин мектепке чейинки өтө маанилүү болгон «Наристе» программасына негизинен ата-энесинин мүмкүнчүлүгү бар балдар гана алты жашынан тартылып келген. Башкача айтканда, мектепке чейинки сапаттуу даярдык бардык балдар үчүн бирдей жеткиликтүү эмес болчу. Ал эми 12 жылдык системага өтүү менен алты жаштагы ар бир бала үчүн билим алуу милдеттүү жана акысыз баскычка айланды. Бул бардык балдардын мектепке бирдей деңгээлде даярданышына, билим алууда тең мүмкүнчүлүктөрдүн камсыз болушуна өбөлгө түзөт. Эл аралык жана ата мекендик изилдөөлөр көрсөткөндөй, баланы эрте жашынан сапаттуу өнүктүрүү анын акылынын, социалдык жана эмоционалдык жактан калыптанышына, ошондой эле келечектеги ийгиликтерине түздөн-түз таасир этет.
12 жылдык билим берүүнүн философиясы
XXI кылым мурда болуп көрбөгөндөй ылдам өзгөрүүдө. Санариптик технологиялар, жасалма интеллект, глобалдашуу жана экономиканын өзгөрүшү эмгек рыногуна жаңы талаптарды коюуда. Айрым кесиптер тарыхта калып, алардын ордуна жаңы адистиктер пайда болууда. Демек, мектеп окуучуларды бүгүнкү күндүн эле эмес, келечектеги белгисиз дүйнөнүн чакырыктарына да даярдоосу зарыл. Бүгүнкү күндө окуучудан маалыматты жөн гана жаттап алуу эмес, аны талдоо, сынчыл ой жүгүртүү, көйгөйлөрдү чыгармачылык менен чечүү, кызматташуу жана өмүр бою билим алууга даяр болуу талап кылынууда. Дал ушул сапаттар дүйнөнүн алдыңкы билим берүү тутумдарында негизги орунду ээлейт. Ошондуктан, 12 жылдыкка өтүүнүн максаты — мектепти бүтүрүү курагын узартуу эмес, билим берүүнүн маңызын өзгөртүү болуп саналат. Бул убакыт окуу программаларын жеңилдетүүгө, балдардын турмушка керектүү сабаттуулугун өнүктүрүүгө жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кызмат кылышы керек.
Дүйнөлүк тажрыйба
Акыркы 15–20 жылда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү билим берүү тутумун реформалоого аракет кылышты. Айрымдары туруктуу ийгиликтерге жетишсе, башкалары күтүлгөн натыйжаны ала алган жок. Бул тажрыйба бир маанилүү сабакты көрсөтөт: эң сонун иштелип чыккан саясаттын өзү жетишсиз, анын ийгилиги кандайча ишке ашырылганынан көз каранды. Белгилүү билим берүү реформатору Майкл Фуллан: «Өзгөрүү – бул окуя эмес, процесс», — деп таасын айткан. Бул ой билим берүү реформаларынын маңызын так чагылдырат. Жаңы мыйзамдарды кабыл алуу же окуу программаларын өзгөртүү — реформанын башталышы гана. Чыныгы өзгөрүү класстагы окутуу тажрыйбасы жаңыланганда, мугалимдер жаңы ыкмаларды ишенимдүү колдонгондо жана окуучулардын жетишкендиктери сезилерлик жакшырганда гана ишке ашат.
Ушул эле идеяны Ричард Элмор дагы колдойт. Анын пикиринде, билим берүү саясаты мектептеги күнүмдүк окутуу ишине таасир этпесе, реформа формалдуу бойдон кала берет. Ал эми Финляндиянын билим берүү кереметин изилдеген Паси Сальберг туруктуу ийгиликтин негизи — ишеним, кызматташтык жана сапаттуу мугалим экенин белгилейт. Анын эмгектери билим берүүдө тез арада натыйжа күтүү эмес, узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясы эң маанилүү экенин көрсөтөт. Ошондуктан, Кыргызстан үчүн дагы эң негизги маселе — реформаны сапаттуу жана туруктуу ишке ашыруу.
Реформанын ийгилигин эмне аныктайт?
Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, билим берүү реформаларынын ийгилиги кабыл алынган документтердин саны менен эмес, алардын мектептерде канчалык деңгээлде сапаттуу ишке ашырылганы менен аныкталат. Ошол эле учурда, дүйнөлүк тажрыйбада реформалар эмне себептен кээде көздөгөн натыйжага жетпей каларын да эске алуу зарыл. Алар төмөнкүдөй шарттарда болот:
1. Максаттын түшүнүксүздүгү: Эгер мектеп жетекчилери, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар өзгөрүүлөрдүн эмне үчүн жүргүзүлүп жатканын так түшүнүшпөсө, эң мыкты саясат дагы каршылыкка туш болот. Ошондуктан, ачык коммуникация жана түшүндүрүү иштери өзгөчө маанилүү.
2. Формализмге айлануу: Айрым учурларда реформанын мазмунуна эмес, анын сырткы формасына (жаңы терминдерге, отчетторго) көбүрөөк көңүл бурулуп кетет. Чыныгы өзгөрүү мугалимдин иши жана окуучунун билим алуу тажрыйбасы жаңырганда гана башталат.
3.Убакыттын керектиги: Билим берүү — татаал система. Жаңы программаларды өздөштүрүү үчүн мугалимдерге да, окуучуларга да убакыт керек. Ошондуктан туруктуу өзгөрүү акырындык менен калыптанат.
4. Саясий туруктуулук: Реформалар кыска мөөнөттүү долбоор катары эмес, улуттук узак мөөнөттүү саясат катары жүргүзүлүшү зарыл. Эгер ар бир жетекчилик алмашкан сайын багыт өзгөрө берсе, туруктуулук калыптанбайт.
Мугалим – реформанын жүрөгү
Эл аралык изилдөөлөр бир чындыкты тастыктоодо: билим берүү тутумунун сапаты анда иштеген мугалимдердин сапатынан эч качан жогору боло албайт. Ошондуктан, ар кандай реформа, эң оболу, мугалимдердин кесиптик өсүшүнө таянышы керек. Мугалимди жаңы программаларды жөн гана аткаруучу эмес, реформанын негизги өнөктөшү катары кароо зарыл. Анткени мугалим күн сайын окуучулар менен иштегендиктен, жаңы саясаттын кандай иштеп жатканын эң жакшы байкап, туура түшүнө алат. Ошондуктан анын тажрыйбасы жана сунуштары реформаны өркүндөтүүнүн эң баалуу булагы болуп эсептелет.
Акыркы жылдары бул тармакта «мугалимдин агенттиги» (teacher agency) деген түшүнүккө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул — мугалимдин өзгөрүүлөрдү жөн гана сокур түрдө аткарбай, өзүнүн кесиптик тажрыйбасын колдонуп, окуучулардын муктаждыктарына ылайык чыгармачылык менен ишке ашыра билүү жөндөмү. Бул багытта мугалимдердин кесиптик автономиясы (эркиндиги) дагы чоң мааниге ээ. Автономия — жоопкерчиликсиз эркиндик эмес, бул мамлекеттик стандарттарды сактоо менен бирге, мугалимге окутууну конкреттүү класстын өзгөчөлүктөрүнө ылайык ийкемдүү уюштурууга мүмкүнчүлүк берүү дегенди билдирет. Реформанын ийгилиги көбүнчө дал ушундай кесиптик демилгеге көз каранды.
Энди Харгривс менен Майкл Фуллан бул көрүнүштү «кесиптик капитал» түшүнүгү аркылуу түшүндүрүшөт. Бул капитал үч негизги элементтен турат: жогорку деңгээлдеги кесиптик билим, мугалимдердин өз ара кызматташуусу жана тажрыйбага негизделген туура чечим кабыл алуу жөндөмү. Ошондуктан, мугалимдерди окутуу бир жолку семинарлар менен чектелбеши керек. Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү, насаатчылык жана кесиптик коомдоштуктар реформанын ажырагыс бөлүгү болушу зарыл.
Коомдук диалог жана ишеним
Жаңы реформалар сөзсүз түрдө коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратат. Бул табигый көрүнүш жана аны реформага каршы чыгуу катары кабыл албоо керек. Көп учурда сын-пикирлердин артында негиздүү тынчсыздануулар жана суроолор турат. Айрым мугалимдер жаңы программаларды толук түшүнбөй жаткан болушу ыктымал, мектептерде ресурстар жетишсиз болушу мүмкүн, андыктан ата-энелер балдарынын келечегине кооптонушу боло турган көрүнүш. Мындай маселелерди жашыруунун ордуна, аларды ачык талкуулоо реформаны гана күчтөндүрөт. Мугалимдердин, ата-энелердин, илимпоздордун жана жарандык коомдун үнү угулушу керек. Кеңири консультациялар реформага болгон ишенимди арттырып, кабыл алынган чечимдердин сапатын жакшыртат. Майкл Фуллан белгилегендей, адамдарды өзгөрүүгө мажбурлоо аркылуу эмес, аларды өзгөрүүнүн өнөктөшүнө айлантуу аркылуу гана туруктуу натыйжага жетүүгө болот.
Реформанын кийинки баскычы: негизги артыкчылыктар
Алдыдагы жылдар 12 жылдык билим берүү реформасы үчүн чечүүчү мезгил болот. Бул этапта төрт стратегиялык багытка өзгөчө көңүл буруу зарыл:
Биринчиси — мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү. Мектептерде биргелешип сабактарды пландаштыруу, тажрыйба алмашуу жана кызматташтык маданиятын калыптандыруу реформанын узак мөөнөттүү туруктуулугунун кепилдиги болуп саналат.
Экинчиси — далилдерге негизделген билим берүү саясаты. Ар бир ири реформа үзгүлтүксүз изилденип, анын жыйынтыктары көз карандысыз талданып турушу керек. Окуучулардын жетишкендиктери, жаңы окуу китептерин колдонуу динамикасы тутумдуу түрдө изилденгенде гана каталарды өз убагында оңдоого болот. Бул багытта Кыргызстандын илимий потенциалын чыңдоо жана университеттер менен мектептердин өнөктөштүгүн кеңейтүү зарыл.
Үчүнчүсү — билим берүүдөгү теңчилик. Реформанын ийгилиги борбор шаардагы мыкты мектептер менен эмес, өлкөнүн эң алыскы айылдарындагы мектептердин абалы менен бааланат. Ар бир бала жашаган жерине жана үй-бүлөсүнүн социалдык абалына карабастан, сапаттуу билим алууга, заманбап китептерге жана санариптик ресурстарга бирдей мүмкүнчүлүк алышы керек.
Төртүнчүсү — өнөктөштүктү бекемдөө. Билим берүү реформасы бир гана министрликтин эмес, жалпы коомдун орток иши катары калыптанышы шарт. Мугалимдер, мектеп жетекчилери, ата-энелер, окуучулар, жергиликтүү жамааттар, илимий чөйрө жана жарандык коом реформанын активдүү өнөктөштөрүнө айланганда гана өзгөрүүлөр туруктуу болот.
Башкы миссия
12 жылдык билим берүү реформасы — өлкөнүн келечек жолун аныктаган, билимдүү, жоопкерчиликтүү, чыгармачыл жана атаандаштыкка жөндөмдүү жаратман жаңы муунду өстүрүүнү көздөгөн улуттук өнүгүү долбоору. Анын ийгилиги мыйзамдардын же жаңы стандарттардын саны менен эмес, ар бир мектепте, ар бир класста жана ар бир окуучунун жетишкендигинде көрүнөт. Эгер бул өзгөрүү балдардын терең билим алышына, сынчыл ой жүгүртүүгө, чыгармачыл жана турмуштук көндүмдөрдүн өнүгүшүнө кызмат кылса, анда реформа өзүнүн башкы максатына жетет. Анткени өлкөнүн келечеги бүгүнкү мектептен, ал эми мектептин келечеги ишенимдүү мугалимден башталат.
Дүйшөн ШАМАТОВ,
Назарбаев университетинин профессору,
«Билим берүүнүн мыктысы»,
Казакстан Республикасынын Алтынсарин жана Байтурсынов атындагы төш белгилеринин ээси,
Торонто университетинин PhD даражасынын ээси
Комментарийлер