БЕЙШЕН АГАЙДЫН БАЯНЫ

  • 17.11.2026

Нур ташыган агай, эжейлер

 

Мен, Жекшенов Бейшен, өзүм жөнүндө кыскача баян куруп берейин.

1970-жылы СССРдин 50 жылдыгы ат. Кыргыз мамлекеттик университетин жубайым Султаналиева Керез экөөбүз чогуу аяктадык. Ал учурда эки жыл Агартуу министрлиги жиберген жакка барып, иштеп келгенден кийин гана диплом берилчү. Бизди Тажикстандын Жерге-Тал районунун Жайылган айылындагы А. Дехоти ат. орто мектепке жөнөтүштү. Ошентип, эмгек жолубузду Жайылган айылынан баштадык.

Жергиликтүү элге тез эле аралашып кеттик. Жайылгандыктар өтө меймандос, жөнөкөй жана абдан эмгекчил эл экен. Бизге бардык жактан колдоо көрсөтүп турушту. Тогуз жыл аралыгында эч кимден жаман сөз уккан жокмун. Бир дагы адам менен “сен” дешпедик – баардыгы менен сый мамиледе болдук. БЕЙШЕН АГАЙДЫН БАЯНЫ

Керез эжей, Бейшен агай, колунда Гүлзар, алдыда кызы Раушан жана карындашы Бегимжан

Керез экөөбүз тең өз кесибибиз боюнча кыргыз тил жана адабияттан сабак берип жүрдүк. Бир жылдан кийин эле мени мектептин окуу иштерин жетектеп берүүнү сунушташып, завуч болуп дайындалдым. (Университетте группанын старостасы, сабактан да алдыңкы сапта элем. Анын натыйжасы ишимден тез эле көрүндү.)

Дехотиде бардык билимибизди, күчүбүздү, билгенибизди колдонуп, жан үрөп иштедик. Эки жыл деп бардык эле, ошол жердин тузу тартып, элдин пейили жаккан үчүн тогуз жыл иштеп калдык.

Биз барган алгачкы жылдары окуучу кыздар жоолук салынып, буттарына маасы кийишчү. Көбү тартынчаак эле. Ошондуктан ата-энелер менен көп баарлашып, балдардын эртеңи үчүн билим алуу канчалык маанилүү экенин бүт мугалимдер жамааты менен бирге түшүндүрүп жүрдүк. Натыйжада 1976-1977-жылдардан тарта эркек балдар гана эмес, кыздар да окууга кызыгып, жогорку билим алуу үчүн Кыргызстанга келгендер көбөйдү. Чынында, жаштар билимге аябагандай дилгир эле. Бирок үй-бүлөлүк шартына байланыштуу айылдан алыска чыга албай калгандар да көп болду. БЕЙШЕН АГАЙДЫН БАЯНЫ

Бейшен агайдын карындашы Майрам (аркада), алдында Раушан. Керез эжейдин колунда Гүлүстан

Эстегенде көңүл жылыта турган окуялар өтө көп.

Кыштын кычыраган мезгилинде үшүп-шишигенге кайыл болуп улакка барчубуз.

Майдан-Тал деген ажайып жайлоо бар эле, окуучуларды экскурсияга алып чыгып, чүкүрү терип, алар менен кошо өзүбүз да жыргап эс алып келер элек. Кээде курдаш жигиттер чогулуп, балыкка чыгып кетчүбүз.

Жерге-Талдын жери да абдан түшүмдүү экен. Алма, алмуруттар чоң-чоң жана ширелүү эле. Картөшкөсү жылмакай, чоң-чоң жана даамдуу болчу. Окуучуларды совхоздун талаасына жардамга алып чыкчубуз. Бир жолу бригадир:

– Бейшен агай, келсеңиз, – деп чакырды. – Бул жөөккө туруңузчу.

Картөшкө айдалган жөөктү басып көрсөм, жер кычырагансыйт.

– Бул эмнеси?!

– Картөшкөнүн сабагынан тартыңызчы.

Силерге калп, мага чын, бир түптөн бир чакадай картөшкө чыкты.

Ушундай эли сонун, жери сонун эле Жайылгандын.

Азыр деле Кыргызстанга көчүп келип жашап калган окуучуларым, көптөгөн тааныштарым келип, абалымды, ден соолугумду сурап жүрүшөт. Мен аларга чын жүрөктөн ыраазылыгымды билдирем!

Кыргызстанга кайра 1979-жылы жайында көчүп келдик. Чүй районуна караштуу Мичурин орто мектебине кирип, ишибизди уланттык. Ал жактан да окуу иштерин жетектей баштадым.

Мугалимдик кесипте жарым кылымга жакын эмгектендим. Райондук, облустук бөлүмдөрдөн грамота, алкыш каттарын алдым, Агартуу министрлигинин сыйлыктарына да ээ болдум. 1997-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги” төш белгиси менен сыйландым. Азыркы учурда ардактуу эс алуудамын. БЕЙШЕН АГАЙДЫН БАЯНЫ

Керез эжей окуучулары менен

Жубайым Керез Султаналиева куюлуштуруп сүйлөгөн сөзмөр, ачык-айрым, тамашакөй эле. Кандай гана чөйрөдө же майрамдарда болбосун, ошол жердеги шартка жараша куюлуштура ыр чыгарып, шаңга бөлөп жиберчү. Өзү да жакшы ырдачу.

Колу иштүү, уздугу да бар эле: туш кийиздерди сайып, түрлөп тор да токучу. Саймалары азыркы күнгө чейин сынын жоготпой сакталып келет.

Мыкты мугалим эле. Сабакты абдан берилип өтчү. Мектепте өздүк көркөм ийримин уюштуруп, жетектеп жүрдү. Ал убакта мектепте окуп жаткан кыздарды деле кудалашып күйөөгө берип койгон эски адат жоюла элек болчу. Ушул темада Калык Акиевдин «Күлүсүн» поэмасын өзү сахнага ылайыктап иштеп чыгып, окуучулары менен оюн койгондо, көрүүчүлөрдү бүт ыйлаткан.

1979-жылы кайрылып келген соң азыркы Чүй районундагы Мичурин орто мектебинин окуу иштерин жетектей баштадым. Бардыгы жакшы болду. Тилекке каршы, бир жылдан кийин оор кайгыга кабылдым – жубайым менен беш жаштагы кызым автокырсыктан каза болуп калышты…

Жашоо улана берет экен. Тагдырдын буйругу менен 1981-жылы чогуу иштеген башталгыч класстын мугалими Жамашева Салтанат менен баш коштук. Керезден калган бир уул, эки кызыма энелик мээримин салып, жакшы асырады. Биз дагы эки уул, бир кыздуу болдук. 45 жылдан бери чогуу өмүр сүрүп келатабыз.

Уул-кыздарыбыздын баары эбак үйлөнүп-жайланып, өз оокаттары менен алек. Төртөө жогорку, экөө атайын кесиптик орто билимдүү. БЕЙШЕН АГАЙДЫН БАЯНЫ

Бейшен агай (солдон экинчи) жергиликтүү кесиптештери менен:

Мамазоют Боронов (солдон биринчи), Рахматилла Аширов (ортодо, кулакчыны түшүрүлгөн тебетейчен),

Хожо Гайырбеков (алдыда отурган) жана Иса Сайназаров (оңдон биринчи).

 

КЕРЕЗ ЭЖЕЙ КИМ ЭЛЕ?

 

Абдуллаев Малик, окуучусу (кийин Ош пединститутунун филология факультетин сырттан аяктап, Жайылганда, анан Кара-Шоро айылындагы мектепте мугалим болуп иштеди):

– Бейшен агайдын биринчи аялы Керез Султаналиева эжей кыргыз тил жана адабиятты абдан жакшы окуткан бизге. Чынчыл, ачык-айрым, ак жуумалынан келген сулуу аял эле. Адабият сабагында көркөм дүйнөгө баш оту менен кирип кеткендей көрүнчү. Анын уккулуктуу үнүнө кулак төшөп, биз дагы каармандардын маанайын жакындан сезгендей абалга жетчүбүз.

“Метафора”, “аллитерация” сыяктуу терминдерди абдан жакшы түшүндүргөн. Лириканы жан дили менен берилип окуткан. Жоомарт Бөкөнбаевди “кыргыздын Пушкини” деп, “Жайдын кечи” ырын толкундана окуп бергени эсимде:

– Карагылачы – чачынын тармалы да окшош. Ырлары ажайып, айрыкча табияттын кооздугун кандай сонун сүрөттөгөн!

Өздүк көркөм чыгармачылык боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү конкурска Керез эжей бизди даярдап, Жоомарт Бөкөнбаевдин “Алтын кыз” драмасын койгонбуз. Мен Жапардын ролун аткарган элем.

Муратова Салима, кийин мугалимдик кесипти тандаган окуучусу:

– Керез эжей сабакта талапты катуу коёр эле. “Уйкудан ойготуп сураса да эч такалбай айтып бергидей даяр болгула!” дечү. Ошол жылдары адабий китептерди элдин баары – сугатчылар менен чабандар да окучу.

Мугалимдердин кадырын кийин билдик – жогорку окуу жайга өтүп, кийин өзүбүз да мектепте иштеп калдык. Бейшен агай менен Керез эжей сабактан тышкары театралдык өнөргө да кызыктырган. “Ак мөөрдү” спектакль кылып аткарганбыз. “Алтын кыз” драмасын абдан таасирдүү коюуга жетиштик – конкурста экинчи орунду ээлеп, райондук элге билим берүү бөлүмүнөн ардак грамоталарды алдык.

Мугалимдерди ата-энебиздей сыйлачубуз, анткени ак-караны таанытышкан. Керез эжей бизге таалим сабак өткөрүп, кыз балага таандык жакшы сапаттарды кантип калыптандыруу керектигин айтып, өзүн-өзү тарбиялоо жолдорун үйрөтчү.

БЕЙШЕН АГАЙДЫН БАЯНЫ

Керез эжей кыздары Раушан жана Гүлзар менен

САЛТАНАТ ЭЖЕЙДИН САНАТЫ

Бейшен агайдын азыркы жубайы Салтанат Жамашева жөнүндө айылдаш эжебиз Гүлбара Камчиева айтып берди:

– Биздин курсташ, тайпалаш (группалаш) кызыбыз, комсорг (комсомолдук уюмдун башчысы), чачы жерге тийген сулуу, акылдуу, мүнөзү да абдан жакшы эле. Бардык конкурстарга катышчу. Студенттик кезден бери мамилебиз жакын – дайым кат алышып турдук. Бейшен агайлар иштеген мектепке адегенде практикант болуп барган. Агайдын апасыз калган балдарына Салтанат имерилип, мээримин салганын мугалимдер байкап, баары жактырышкан экен. Ал окуусун бүткөндө да ошол жакка жолдомо алган.

Ай жаркын кызга айылдын көп жигиттери сөз айтышат. Айрымдары ала качууга да камданып калат. Алардан кутулуу үчүн “күйөөм бар, жөн гана кичине таарынышып калганбыз” деп коёт.

Салтанатка үйүнөн бир бөлмө берген аял “бул абдан жакшы кыз экен, Бейшенге татыктуу” дейт. Бир күнү мугалимдер агайдын үйүнө ээрчитип барышат:

– Качанга чейин жалгыз жүрөсүң? Балдарыңды жанындай көрөт, ушул кызга эле үйлөнүп алсаңчы?

Агай Салтанатка мындай дейт:

– Мен сени ыйлатып алгым келбейт. Эгер күйөөң менен жараша турган оюң болсо, бара бер.

– Күйөөм жок, мен өзүмдү коргош үчүн эле калп айтып койгом.

Агай катуу өкүнөт:

– Анда бул сөздү эч ким укпасын. Сен өз теңиңди табасың. Иштеп жүрө бер.

Арадан дагы кыйла мезгил өтөт. Биз менен кат жазышканда айткан, “маңдайыма жазылганы ушул окшойт – үч балалуу болсом жаманбы” деп. Балдары Салтанатты өз апасындай жакшы көрүп калганын Бейшен агай да байкайт. Акыры кесиптештери экөөнү үйлөнтүп коюшат. Агайдын балдарын багып өстүрдү, уулун үйлөп, кызын турмушка узатты. (Бир баласы чоң энесинин колунда болду окшойт.)

Курсташым ушунчалык кең пейил, адамгерчиликтүү – раматылык Керез эжей жөнүндө дайыма эң жакшы ойлорун айтып жүрөт.

Тагдыр буйругу менен баш кошкон Бейшен агай менен Салтанат дагы үч балалуу болушту. Баары жакшы өсүп чоңоюшту, өз кесибин туура тандашты. Турмушта дагы ар бири бактылуу экенин билем, ошого мен да кубанам. БЕЙШЕН АГАЙДЫН БАЯНЫ

Бейшен агай жана азыркы байбичеси Салтанат эжей, небереси менен

 

СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА

(Салтанат эжейдин айтканы)

– Тун уулубуз Эркинбек 1968-жылы туулган. Фрунзедеги айыл чарба техникумунун Канттагы филиалында ветеринария бөлүмүн бүтүргөн. Эки уулу, беш небереси бар.

Кызыбыз Раушан 1970-жылы туулган. Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы пединституттун башталгыч класстар факультетин бүтүргөн. Азыр Бишкектеги №184 бала бакчаны жетектейт. Төрт кызы, алты небереси бар.

Үчүнчү кызыбыз Гүлүстан 1972-жылы төрөлгөн. Ал Бишкектеги Соода техникумун бүтүргөн, азыр Түп районундагы Кудургу айылында жашайт. Эки уул, бир кызы, төрт небереси бар.

Агайың экөөбүздүн ортобуздагы биринчи уулубуз Санжарбек 1982-жылы төрөлгөн. Кесиби боюнча юрист, азыркы учурда “Оптима банктын” Караколдогу филиалын жетектейт. Үч уул, бир кызы бар.

Андан кийинки кызыбыз ­– Гүлзар (Керез эже менен кошо көз жумган көчөт кызынын атын коюп алды эле да агайыңар). Ал Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин бүтүрүп, атасынын кесибин улады. Азыр Он Бир Жылга айылындагы Абдыралы Керимбаев ат. мектептин кыргыз тилчи мугалими. Төрт уул, эки кызы бар.

Кенжебиз Жайнарбек 1985-жылы төрөлгөн. Бишкекте Дене тарбия институтун бүткөн, бирок мугалимдик кесипте иштебей, фермер болду. Эки уул, төрт кызы бар. Бизди кадырлап багып турган ушул балабыз менен Чүй районуна караштуу Маданият айылында турабыз.

Агайың экөөбүз кудайыма чексиз шүгүр деп отурабыз.

Текстти басууга даярдаган

Жолдош Турдубаев

Бөлүшүү