БЕРЛИНГЕ ЧЕЙИН БАРГАН ЖООКЕР
- 11.04.2025
- 0
Мектепте окуп жүргөнүбүздө, Улуу ата мекендик согуштун катышуучусу Сатар
Осмоналиев агай экинчи дүйнөлүк согуштун башталышын, адегенде айылдан 18 жашка толгон жаштарды Советтик армиянын катарына чакыра баштаганын, кийин 19 жаштан 40 жашка чейинки эр жигиттерди Ата мекенди коргоого аскерге чакыруу иштери райондук аскер комиссариаты тарабынан жүргүзүлгөнүн бизге шашпай отуруп айтып берчү. “Мен анда 20 жаштагы жаш жигитмин. Караколдон мугалимдин эки жылдык окуусун бүтүп келип, Тору-Айгырдагы башталгыч мектепте мугалим болуп иштеп жаткам. Мени менен Калыгул, Султан, Сабырлар да мектепте мугалим болчу.
Эң жашыбыз Сабыр жаңы эле 18ге чыккан. 1941-жылдын август айынын аягы болуп калган. Бир күнү эртең менен Калыгул баарыбызды чогултуп: “Жигиттер, Балыкчы шаарындагы аскер комиссариатынан бир адам келиптир. Айылда эл алдында жыйын өткөзөт экен, жүргүлө кечикпей баралы” деп буйрук бере сүйлөдү. Биз келсек айылдагы аксакалдар чогулуп калган экен. Эл көп. Балыкчыдагы аскер комиссариатынан келген орто жаштан өтүп калган, ак чач, мурутчан, токтоо адам отурган элге кайрылып: “Жолдоштор! Тынч жаткан элге бүлүк салып, Европанын кээ бир мамлекеттерин басып алган Фашисттик Германия капыстан СССРдин аймагына согуш жарыялады. Ата мекенибиз, социалисттик курулушубуз, асыл тилектерибиз коркунучта калды. Ошондуктан элибизди, жерибизди коргогон эр жүрөк жигиттерге муктажбыз. Кыргыздын чыгаан акыны Жоомарт Бөкөнбаевдин ыр менен элге кайрылуусун мен сиздерге окуп
берейин:
“Дүйнө жүзүн өрт алып,
Кара жалын каптады.
Кыяндай жүрөт шаркырап,
Кызыл кандын акканы.
Ушундай апаат күндөрдө
Уяттан уят эмеспи,
Уулуңдун үйдө жатканы”
Урматтуу жолдоштор! Коммунистер! Жаштар! Көрдүңүздөрбү, биздин мекенчил, тайманбас акыныбыз жаштарды Мекенди коргоого үндөп жатат. Ошондуктан биз дагы силердин эр-жүрөк уулдарыңарды үйдө отурбастан, элди-жерди коргоого өз каалоолору менен аскер комиссариатына келүүгө чакырат элем” — деп сөздү бүтүрүп, тунжурап турган элге карады. Эл бир топко унчукпай дымып калды. Ар ким өз ичинде өзүнүн эр жеткен уулунун эртеңки оор тагдырын, согуш талаасындагы кызыл кыргынга катышарын ойлоп отурушту. Ошол тынчтыкты айылда башкарма, бригадир болуп жүргөн Райымбек балбан бузду. Ал ордунан жай туруп. “Кагылайын Бокотай Барак, Үсөн аталарыбыздын урпактары! Биз качан душмандан коркуп, уулдарыбызды үйдө жашырчу элек. Биз Шыкмамат атанын тукумдарыбыз, мына мен өзүм канча жолу Кутман-Мерген, Бектемиштин намысын коргоп, найзасын сайып, эр күрөшкө түшүп, улак тартышта эч кимди астыга чыгарбай келгем. Мен барат элем ошол кан күйгөн жерге, фашисттердин сазайын берет элем, бирок жашым келип калды. Жалгыз уулум Абдылданы эртең, аскер комиссариатына жиберем. Сиздер дагы бул маселени туура түшүнүп, туура чечим чыгаргыла” — деп бакылдап элге кайрылды.
Бир кезде мектептин мугалими Калыгул эл алдына чыгып: “Айланайын ата-апалар, биз айылдагы мектептин эркек мугалимдери элди, жерди фашисттик канкорлордон коргоо үчүн каны-жаныбызды аябастан, аскерге өз каалообуз менен барууга даярбыз” Отурган эл уу-дуу болуп: “Айланайын бул мектепте мугалим болуп иштеп жаткан жаш жигиттер элдин башына оор алаамат түшкөнүн түшүнүп жатат.Туура айтат, силерди кудайым колдосун!” деп бир добуштан ыраазычылыгын билдирип, баталарын беришти.
Ошентип, биз 1941-жылы, кеч күздө, Тору-Айгыр айылынан мен (Сатар Осмоналиев), Калыгул Эшенкулов, Жунус Султанов анан Сабыр Токтомамбетовдор согушка аттанганбыз” — деп бакылдап калаар эле.
Өзгөчө мугалимдердин арасынан “Ата мекендик согуш” ордени менен сыйланган Сабыр агайдын согуш мезгилинде ата-энесине ыр менен жазган каты райондук гезитке жарыяланган.
“Канча болсо тосомун,
Күйүп турган жалынды.
Аябаймын эч качан,
Эл үчүн кашык канымды” – деген ырын мектептин окуучулары ата-энесине окуп беришкен. Ырды уккан апалар: “Кагылайын Сабыр уулубуз жексүр немистер менен кашык каным калганча кармашам, күйүп турган душмандын өрттөнгөн жалынын көкүрөгү менен тосом” деген турбайбы. Биз ушундай эр жүрөк уулдарыбыз менен сыймыктанабыз. Сабырыбызга кудай кубат берсин” — деп ак баталарын беришкен эле.
Айылдан кеткен төрт мугалим тең согуштан аман-эсен келишип, мектептеги иштерин улантышкан. Айрыкча жаш мугалим Калыгул Эшенкулов Сталинград шаарын коргоодо бир колунан ажырап келгенине карабай, 1943-жылы айылдагы кары-картаңдардын, мектептеги окуучулардын күчү менен ашар ыкмасын колдонуп, эки бөлмөлүү (класс) кире бериши менен мектеп курдурган. Ал мектеп кийин эл оозунда “Калыгулдун мектеби” аталып калган.
Кийин тору-айгырлык жаштардын көбү өз каалоосу менен аскердик өнөрдү үйрөнүү курстарына жазылышкан. Ошолордун бири – 19 жаштагы
Бейшебек Ногойбаев,
1941-жылдын 13-декабрында Балыкчы шаарындагы аскер комиссариатына барып, пулемет аткыч курсуна жазылган. Аны менен чогуу Эстебес Өзүбеков, Дүйшө Турдукеев, Жамгырчы Узаков, Абды Мусуралиев, Жанузак Малдыбаев,
Усупбек Шакебай, Шабидин Бейшембиев, Тыныбек Ибраев, Бакир Давлетов, Эшен Жусуев, Касым Садыков, Дүйшөбай Сагаалиевдер бирге согушка катышкан.
Ошол согуштагы оор алаамат күндөрдү Бейшебек ата төрт сап ыр менен берүүгө аракеттенген:
“Ата Журт! Касиеттиңден
кагылайын,
Алыста сага далай жалындым го
Курчоодо, сыз окопто тоңгон кезде,
Сен мага Арча болуп жыгылдың го”.
Чынында эле ал бир нече жолу өлүмдөн калып, жасаган эрдиктери үчүн М.В.Сталиндин өзүнөн алкыш кат алып, “Кызыл Жылдыз” ордени, “Эрдиги үчүн” медалы менен сыйланган. Бейшебек Ногойбаев 1946-жылдын аягына чейин Кенигсбергде (азыркы Калининград шаары) Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Анын эрдигине бүт айыл сыймыктанат.
Колхоздо эмгектенип жүрүп дүйнөлүк согушка катышып, көптөгөн эрдиктерди көрсөтүп ордендердин, медалдардын ээси болушкан: Давлетов Бакир (“Кызыл Жылдыз” ордени); аткыч-снайпер Намазов Турдалы,
Малдыбаев Жанузак (“Кызыл Жылдыз», «Ата мекендик согуш” ордендери); Мамбетов Абылкасым (“Данк”, “Ата мекендик согуш” ордени); Жусуев Эшен (Ата мекендик согуш” ордени). Булардын арасынан айылда көзгө атар мерген болуп жүргөн Намазов Турдалы менен Мамбетов Абылкасым “снайперлерди” даярдоочу атайын курста үч ай окушуп, анан согушка жөнөшкөн. Айрыкча Намазов Турдалы Чыгыш фронтуна караштуу 308-аткычтар двизиясында снайперлер тобунун жетекчиси болуп, командирлердин “Жашыруун” буйруктарын аткарып, көптөгөн немистердин аскер жетекчилерин жок кылууга катышкан. Бирок 1943-жылы согуш талаасында өзү да душмандын огунан каза болгон.
Ал эми экинчи торуайгырлык көзгө атар мерген (снайпер) Мамбетов Абдыкасым согушту 1945-жылы 9-майда Берлинден тоскон. Ал тирүү кезинде ошол 9-майдагы согуш учурун мындайча эскерер эле: “Биз Берлинге киргенде командирибиз снайперлик топту чогултуп, Рейхстагга СССРдин туусун орнотууга жардам берүүгө тапшырма берди. Бирок немистер ал тууну жөн эле басып барып орнотууга жол бербейт. Советтик аскерлердин ар бир кадамы үчүн катуу кармаш болот. Согушка даярдангыла, өзүңөргө сак болгула. Силер снайперлер, ошол тууну орнотууга аттанган он чакты советтик аскерлерди коргоп, аларга каршы ок аткан немистерди жок кылууңар керек” — деп буйрук берген. Таң эртең менен эки тараптан тең башталган ок атуулар токтогон жок. Эки жактан тең көптөгөн аскерлер курман болду. СССРдин туусун көтөрүп бара жаткандар улам алмашып, бири-бирине жардам берип, улам өйдөлөп чыгууга аракет жасашат. Немистердин снайперлери дагы алардын өйдө чыгуусуна мүмкүндүк бербей ок атып жатты. Биз ошол снайперлерди таап, аларды жок кылуунун аракетинде болдук. Катуу кармаш болду. СССРдин туусун Рейхстагдын чатырына орнотуу оңойго турган жок Ошентип, мен Берлинге СССРдин туусун орнотууга барган жоокерлерге жардам бергем. Мен ошол зор Жеңиште аз да болсо үлүшүм бар экенине сыймыктанып жүрөм” — деп көзүнө жаш алаар эле Тору-Айгырдан Берлинге чейин барган снайпер жоокер Мамбетов Абылкасым, 1986-жылы 76 жашында өзү туулуп-өскөн айылда каза болгон. Анын эрдигин мектепте дайыма “Биздин Абдыкасым атабыз Берлинге чейин барган” — деп сыймык менен эскерер элек.
1418 күнгө уланган кандуу согуш Жеңиш менен аяктады. Айылдан Ата мекенди коргоого 160 эр жигит жөнөсө, анын 81и аман-эсен айылга келишти, ал эми 79 жигит согушта баатырларча курман болушту. Мындан сырткары, 24 адам эмгек армиясында, 22 адам тылда ар кайсыл аймакта эмгектенишкен.
Каргыш тийген согуш ошол алакандай Тору-Айгыр айылындагы канчалаган ата-энени жапжаш эр жүрөк уулдарынан ажыратты, канчалаган ата-эне үй-бүлөдөгү бүт эркек балдарын шейит кылды, канчалаган жаш келиндер сүйгөн жарынан айрылды, көптөгөн жаш бөбөктөр атасын көрбөй жетим калышты.
Ошол экинчи дүйнөлүк согушта баатырларча курман болгондорго айылдын ортосунда “Болот Миңжылкиев” атындагы маданият үйүнүн жанында “Улуу ата мекендик согушта баатырларча курман болгондорго” делип эстелик тургузулган. Жыл сайын 9-майда баатыр аталарыбызды эскерүү кечелери болуп турат. Быйыл дагы Улуу ата мекендик согуштун 80 жылдыгы чоң салтанат менен өтүшү күтүлүп жатат.
Асан ОРМУШЕВ,
тарых илимдеринин доктору, профессор. “Тору-Айгыр” коомунун төрагасы
Комментарийлер