БАЙЫРКЫ ТАШ ЖАЗУУНУН ТАРЫХЫЙ ТАРЖЫМАЛЫ
- 13.06.2025
- 0
Улуттук китепканада белгилүү жазуучу Курманалы Сапарбаевдин “Битик. Таш тамга” романынын бетачары болду. Иш-чарага жазуучулар, адабиятчылар, илимпоздор, жазуучунун көптөн берки окурмандары катышты. Курманалы Сапарбаев жаш кезинен комсомолдук, партиялык, чарбачылык жетекчи кызматтарда жүрүп, көркөм чыгармачылыкка кечирээк аралашканына карабастан, жашы өйдөлөгөн сайын жигердүү калемгерлердин катарына кирет. Ал негизинен кара сөз жана поэзиянын эпикалык жанрларында талыкпастан эмгектенип келет. Айрыкча, “айтылуу калмак жапырыгына каршы күрөшүү темасына арналган “Кызыд китеп” үчилтиги, “Желе-Карагайдагы улуу ордо оюну” сындуу чыгармалары окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.
Жазуучу Курманалы Сапарбаевдин “Битик. Таш тамга” романында байыртан Теңир-Тоо койнун конуш кылган кыргыз журтунун башына түшкөн капсалаң, жоо жапырыгынан Алтай тарапка жер оодаруу машакаттары баяндалат. Мына ушундай кыйчалыш кырдаалда береги Таластан жергесинен барган битикчи Билге аттуу каарман кыргыздын битик жазууларын таап чыгып, унутта калбасын деген ниетте жумурай журтту аралап, элге кайрадан үйрөтө баштайт. Мына ошондон окуялар улам чиелене баштайт. Кыргыздын таш жазуусун алгач ирет таап чыккан битикчи Билге адегенде эсин жоготуп, анан араңдан зорго кайра эсине келет. Өткөндө жалаң изденүү менен өткөн даңктуу өмүр өтөлгөсү көз алдынан дагы бир ирет чубурат.
Өзүңүздөр жакшы билесиздер, байыркы кыргыздарга тиешелүү таш жазмалар тээ-э алыскы Оркон-Эне-Сай, ага жанаша жаткан Миң-Суу аймагынан тарта береги кыргыз жергесине чейинки чөлкөмдө кеңири кездешет. Профессор Юлий Худяковдун айтымында, ушунчалык кең жайыктагы жүздөгөн таш жазмалардын ар биринде нечен тарыхый окуялардын купуя сырлары камтылган же кабылган. Алгачкы таш жазмалар биздин доорго чейинки болжол менен 5-4-кылымдарга таандык деген божомол бар. Бул жерде байыркы доордогу канатын жайган бүркүттүн элеси менен адамдын сөлөкөтү, табышмактуу чиймелер менен оймолор таш бетине түшүрүлгөн. Ошондой эле таш бетинен кечээги эле кыргыздын баскан жолун камтыган маалыматтарды табууга болот. Балким, мындай белгилер диний ырым-жырымдардын, үрп-адаттардын, уруулук жөрөлгөлөрдүн шарданы болушу мүмкүн.
Бийиктиги жети метрге жеткен таш коргондор өткөн доордун үн-дымсыз жана ың-жыңсыз катып калган таризи катары туюлат. Таш бетиндеги кыргыз жазууларынын кездешүүсү тарыхчылар үчүн баа жеткис табылга болду. Ошондон улам, тарых илимдеринин доктору
Аблабек Асанканов: «Бул жердеги таш жазмалардын баалуулугу кеминде миң жылга жакын мезгилди камтыгандыгында турат. Канчалык жешилип-жоюлганы менен, таш тамгалардан кыргыз элине тиешелүү бай материалдар табылууда. Балким, мындай алп таштардын бул жерге алынып келиши эле өзүнчө изилдөөнү талап кылар, бирок байыркы кыргыздардын калтырган изи биз үчүн илимий иликтөө табышмагы катары кызмат кыларына шегибиз жок», — дейт ал.
Ал эми белгилүү окумуштуу Олжобай
Каратаев таш жазмалар биздин байыркы ата-бабаларга таандык экенин баса белгилейт. «Таш бетинде кыргыз урууларынын энтамгалары сакталган. Маселен, саруу уруусунун курамына кирген байыркы алакчын уруусунун айтамгасы – азыр саруу уруусунун энтамгасы. Ушул эле айтамга солто уруусунун энтамгасы катары да белгилүү. Бул – ар кандай деңгээлдеги өз ара келишимдерди тастыктоодо колдонула турган башкы белги. Ошол эле учурда, ал аймак кайсы элге таандык экенин да аныктайт», — деп кошумчалайт ал.
Талкуу жүрүшүндө филология илимдеринин доктору, профессор Гүлжамал Жаманкулова кезинде “Кыргыздардын жана кыргыз жазуусунун тарыхы” аттуу илимий китеп чыгарганын, анда камтылган изилдөөлөр
Курманалы Сапарбаевдин “Битик. Таш тамга” романында көркөм чечмеленген сюжеттер менен кандайдыр бир деңгээлде үндөшүп турганын баса белгиледи. “Менимче, бул роман – байыркы кыргыз таш жазуулары жөнүндөгү алгачкы көркөм чыгарма. Андагы окуялар тарыхый фактыларга таянып жазылганы байкалып турат. Битик жазуусу барып-келип эле эн тамгаларга барып такалат. Эн тамга – көчмөндөргө таандык белги”, — дейт ал.
Андан тышкары, иш-чаранын катышуучулары “Битик. Таш тамга” романында ошол кездеги малчылар менен дыйкандардын, темир усталар менен аңчылардын жашоо-турмушу таасын сүрөттөлгөнүн белгилешти. Кезинде хуннулар менен кошо кетип, Талас жергесине отурукташкан кыргыздар өздөрүнүн байыркы тарых-таржымалын унутпай, Миң-Сууга жетет. Алар менен бирге келген битикчи Билге устат шакирттери менен балдарга тамга таанытат, азыркы тил менен айтканда, агартуучулук менен шугулданат.
Кемел Белек,
“Кут Билим”
Комментарийлер