БАТКЕНИМ — БАЙЛЫК ТЕҢЕЛГИС, БАТКЕНИМ — СЕНИ МЕНЕНБИЗ!

  • 04.05.2021
  • 0

Социалдык тармактарда «Үй бар, жардам беребиз!” деп жазып алып жол боюнда турган жигиттин сүрөтү коомчулукта жагымдуу талкуу жаратууда.

БАТКЕНИМ - БАЙЛЫК ТЕҢЕЛГИС, БАТКЕНИМ - СЕНИ МЕНЕНБИЗ!

“Ушул сүрөттө кыргызымдын баардык сонун касиеттери камтылган! Элден айланса болот, достор! Өз айылдарынан, үйлөрүн таштап, тажик наадандардан качып чыгып жаткан биздин атуулдарды кошуна райондун тургундары ушинтип жолго чыгып, жардамга кол сунуп атышат! Мындай элдин сөзсүз мыкты келечеги бар! Биз мыкты элбиз! Эми, ушундай ынтымакты, ырашкерликти, биримдикти башыбызга  иш түшпөгөндө да көрсөткөндү үйрөнсөк, анда биз бакубат Кыргызстанды сөзсүз курабыз!” – деп жазды, Фейсбук баракчасына Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев.

Ыйык Рамазан айында тургай, демейде эле үй эмес, чымчыктын да уясын бузууга дити барбаган адамзаттын каргышына калышып, үй-жайларды өрттөп, адам өмүрүн алгандарга миң наалат да, ушундай апаат күндөргө кабылышкан жердештерибизге колдон келген жардамдарын сунушуп, убактылуу болсо да баш паанектей турган үй-жай беришип, азык-түлүк, кийим-кече жөнөтүшүп, балдарга керектүү буюмдар менен камсыздап жатышкан боорукер жарандарыбызга миң алкыш!

Баткендеги бир боорлорубузга кандай жардам бере алабыз?

Алгачкы жардам: азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек, жууркан-төшөк, анан акча каражаты болууга тийиш. Алыскы жолду эске алып, көбү акчалай колдоо көрсөтүп жатышат. Бизнесмендер, мекеме-уюмдардын кызматкерлеринен тарта, пенсионерлерге чейин бир күндүк акчасын которушууда. Андан тышкары, кан борборуна жарадар болгондорго Айтматов көчөсү, 60 дареги боюнча кан тапшырсаңар болот.

Анан эң негизгиси, зарыл болгон маалыматтарды алымча-кошумчасыз, негатив комментарийи жок так жеткиргенге аракет кылалы. Жакындарыбызды ынтымакка, биримдикке үндөп, бейкут жашоону эртерээк орнотуунун камын көрөлү, достор! Баарыбызга жакшы маалым болгондой, бери жагы Россия, Казакстан, ары жагы Америка, Италия, Түркия ж.б. жактарда эмгектенип жүрүшкөн боордошторубуздун жүрөгүн оорутпай турган маалыматтарды жазышып, көңүл сурашып туралы.

Ыктыярчы окуучулардын жардамы

Социалдык тармактарда окуучулар тамак-аш жасап, муктаждарга таратып жатышканын чагылдырган видеону көрүүгө болот. Ыйман орногон боорукер жүрөгүңөрдөн ылайым ынтымактын үрөнү үзүлбөсүн, ананайындар! Мында ушундай кичинекей колдору менен чоң жардам берүүнү каалаган Бишкек шаарындагы театрлаштырылган, үлгүлүү “Ак шоола” балдар хорунун жаш таланттары “Балдардан – балдарга” акциясынын алкагында Баткен облусундагы –кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жапа чеккен айылдардын балдарына таттууларды, керектүү азык-түлүктөрдү жиберишти.

— Бүгүн, 4-майда “Ак-Шооланын” балдары Баткен облусуна жардам көрсөтүү максатын көздөгөн атайын акция өткөрүп, ар кандай таттуулар салынган 40 коробка даярдадык. Биз ал жардамыбыз даректүү болсо дейбиз, андыктан жардамды ала турган үй-бүлөлөрдүн аты-жөнүн тактап, өз колдоруна берүүгө аракеттенип жатабыз, — дейт, “Ак-Шоола” балдар хорунун жетекчиси Гүлмира Эсенгулова.

Сары-Өзөн-Чүйдөн Баткенге

 

БАТКЕНИМ - БАЙЛЫК ТЕҢЕЛГИС, БАТКЕНИМ - СЕНИ МЕНЕНБИЗ!

КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү Эркин Тентишев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Чүй облусунун элине кайрылып, сабырдуулукту сактоону өтүндү. Ал өз сөзүндө: “Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуунун натыйжасында көз жумган жана жабыр тарткан жердештерибизге терең кайгыруу менен көңүл айтамын. Ыйык Рамазан айында өлкөбүздүн элин, жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрүн сабырдуулукка, тынчтыкты сактоого, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козгобоого чакырамын” — деди.

Эркин Тентишев баткендиктерге жардам берүү үчүн уюшулган ыкчам штабдын отурумун өткөрүү учурунда, Чүй облусундагы баардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, баардык айыл аймактарынын бир күндүк эмгек акысын которуу чечимин кабыл алышканын билдирди. Жакындан жардам берүү акциясынын алкагында облустун баардык райондорунда, айыл-кыштактарында жана шаарларында гуманитардык жардам чогултуу боюнча пункттар, эсептер ачылды.

Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү өзүнүн үй-бүлөсүнүн атынан 10 тонна ун жана эң зарыл азык-түлүк топтомдорун Баткен облусуна жиберди.

Кайрымдуулук акциясына кеминдиктер да жигердүү катышып, Баткендеги  мекендештерге жардам топтоо иштерин активдүү  жүргүзүп жатышат. Райондо штаб түзүлүп, ага бардык тиешелүү мекеме-уюмдар, коомчулуктун өкүлдөрү киргенин билдиришти.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер