БАТКЕНДИК БАЛДАРДЫН «ӨЗГӨРҮҮ ЖЕЛАРГЫСЫ»

  • 10.06.2021
  • 0

Келечекте электрик болууну каалаган баткендик өспүрүм Нурпазыл Набиев кечээги кыргыз-тажик чек ара коогалаңында өрттөлгөн «Максат» мектебинен болот. Ал коогалаңда жан дүйнөсү жабыркаган башка балдар-кыздар менен биргеликте Ысык-Көлдө он күн эс алды.

БАТКЕНДИК БАЛДАРДЫН "ӨЗГӨРҮҮ ЖЕЛАРГЫСЫ"

Нурпазылдын атасы да «Максат» мектебинде эмгектенет. Айылдагы бир топ үйлөрдүн катарында алардын да үйү жараксыз абалда калды. Мектеби менен үйүнөн бирдей ажыраган өспүрүм көл жээгиндеги унутулгус күндөр ал үчүн пайдалуу болгонун айтат.

— Мурда дебатка кызыкчу эмесмин.  Ушул жерден билдим. Максат коюп жашаш керектигин түшүндүм, — дейт Нурпазыл.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана «Жетиген» эл аралык лагери, ошондой эле «БУУ айымдары» коомдук бирикмеси биргелешип уюштурган «Өзгөрүү желаргысы» эксклюзивдик сменасында Нурпазыл Набиев «Максат» мектебинен жалгыз эмес.

Өздөрүн Гүлнур, Гүлшода, Кайрат деп тааныштырган окуучулар кыргыз керемети Ысык-Көл аларга өзүнүн айтып бүткүс кооздугу, суусунун тунуктугу, абасынын тазалыгы менен эстен чыккыс таасир калтырганын, ал эми лагердеги ар бир күн мындагы тарбиячылардын аракетинен улам унутулгус көз ирмемге айланганын баса белгилешти.

— Байыркы петроглифтер бар аймакты кыдырдык, тарых музейине бардык, «Рух Ордону» көрдүк, белгилүү ырчылар ырдаган гала концертке катыштык, — дешти чек ара коогалаңында эң көп жабыр тарткан «Максат» мектебинин окуучулары.

Бул күндөрү баткендик балдардын кубанычына кубаныч, талантына талант кошкон «Жетиген» эл аралык лагеринде окуучулардын ар тараптан өнүгүүсү үчүн түрдүү ийримдер тынымсыз иштеди. Мына ошондой ийримдердин бирине, көл жээгинде тарбиячысы менен кумдан ар кайсы жаныбарды окшоштуруп жасап жатышкан балдардын биргелешкен, ынтымактуу эмгегине күбө болдук.

БАТКЕНДИК БАЛДАРДЫН "ӨЗГӨРҮҮ ЖЕЛАРГЫСЫ"

— Буга чейин балдар пластилин, чоподон балык, чымчыктарды жасашса, бүгүн деңиз таш бакасын кумдан окшоштурдук, — дейт ийлеп жасоо ийриминин жетекчиси Мирланбек Осмоналиев.

БАТКЕНДИК БАЛДАРДЫН "ӨЗГӨРҮҮ ЖЕЛАРГЫСЫ"

Топтогу балдардын улуусун кепке тарттым. Он үч жаштагы Озадбек Баткен районундагы өзбек тилдүү Хамза атындагы мектептен келиптир.

— Ысык-Көлдүн кооздугу мени таң калтырды. Кыргызстанда жашаганыма сыймыктанам. Ата-энеме, бир туугандарыма, досторума телефонума тарткан сүрөттөрдү жөнөтүп жатам. Алардын да кубанычы чексиз, — дейт Озадбек.

БАТКЕНДИК БАЛДАРДЫН "ӨЗГӨРҮҮ ЖЕЛАРГЫСЫ"

Ушул эле жерден кичинекей сүрөтчү кыздарга кезиктим.
Тогуз жаштагы Раяна менен он жаштагы Аселя «Достук» мектебинде, алардын курдашы Мээрим райондогу Тайир Жолдошов атындагы мектепте билим аларын кабарлай кетейин.

— Көлдүн, тоолордун, табияттын сүрөтүн тартканды үйрөнүп калдым, — дейт Раяна.

Бул кыздардын шыгына шык кошуп, табият берген талантын ачууга жардамдашкан саяпкер мугалимдин эмгегин да айтпай кетпесек болбойт.

— Сүрөт ийриминде он үч окуучу бар. Азыр тогузунчу күн сүрөт тартып жатабыз. Аракеттери жакшы. Булардын ийгилигин көрүп улуу Пикассо «Ар бир бала — сүрөтчү!» деп бекер айтпаптыр деген ойдо калдым, — дейт бул жаш сүрөтчү кыздардын агайы, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, С.Чуйков атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты, Билим берүүнүн отличниги Дүйшөбек Искаков.

Дүйшөбек агайдын аракети бекер кетпептир. Ийримдеги Айгерим, Атыргүл аттуу өспүрүм кыздар сүрөтчүлүк кесипти тандаганы мен үчүн жагымдуу жаңылык болду.

— Сүрөтчүлүк адамга рухий азык тартуулаган кесип экен! Быйыл Бишкектеги сүрөтчүлүк жатак-мектебинен билим алууну чечтик, — дейт Айгерим.

БАТКЕНДИК БАЛДАРДЫН "ӨЗГӨРҮҮ ЖЕЛАРГЫСЫ"

«Жетиген» лагеринде балдардын чопо, пластилин менен иштөөсүнүн, акварель, гуашь менен сүрөт тартышынын башка да жүйөөлүү себептери бар экенин «Өзгөрүү желаргысы» сменасынын психологу, психиатору Ламира Руслановадан билдим.

— Балдардын колдору ийилчээк чопого тийгенде, алардын ичтеги эмоциясы сыртка чыгат. Лагерде балдар эмоциясын, капасын, айталбаган нерселерин чопо, пластилин, сүрөт аркылуу чыгарышты, — дейт Ламира.

БАТКЕНДИК БАЛДАРДЫН "ӨЗГӨРҮҮ ЖЕЛАРГЫСЫ"

Бул күнү кулинария ийриминин иши менен да тааныштык. Балдар-кыздар ашканада кекс жасоону үйрөнүп жатышыптыр.

— Мирбек агайга чоң рахмат!
Биз эмитен пицца, булочка жасаганды билебиз. Бүгүн болсо, кекс жасаганды үйрөндүк, — дейт Баткендин Ак-Сай айылынан Максат аттуу окуучу.

БАТКЕНДИК БАЛДАРДЫН "ӨЗГӨРҮҮ ЖЕЛАРГЫСЫ"

Ашканага улай жайгашкан сахнада кыргыз эстрада жылдызы Нургазы Азыкбаев вокал ийриминин кыздарына «Энекем» аттуу ырды ырдатып жатты.

БАТКЕНДИК БАЛДАРДЫН "ӨЗГӨРҮҮ ЖЕЛАРГЫСЫ"
Ушул эле жерден биз тарбиячы Түнгатарова Нуркыз жетектеген кино ийрими даярдаган фильмдин бет ачарына назар салдык.

— Фильмди балдар эки күндө тартышты. Монтажын да өздөрү жасашты, — дейт тарбиячы.

Достук, ынтымак тууралуу таасирдүү фильмдин башкы каарманы Альбина, каармандары Эркебай, Муктарали, башка кейипкерлерди ойногон окуучулардын баары өз ролдорун так аткарышкан. Мында албетте, фильмде режиссёрлук милдетти өз мойнуна алган эки окуучу кыздын эмгеги мактоого татырлык.
Фильмдин бет ачары кол чабуулар менен коштолду.

БАТКЕНДИК БАЛДАРДЫН "ӨЗГӨРҮҮ ЖЕЛАРГЫСЫ"

Түштөн кийин футбол талаасында баткендик окуучулар менен жылдыздар командасы беттешти.
Оюн болгон соң, бирөөсү жеңет, бирөөсү жеңилет эмеспи. Бул жолу деле ошондой болду. Айтайын дегеним, футбол оюнунда күйөрмандардын колдоосу да маанилүү!

БАТКЕНДИК БАЛДАРДЫН "ӨЗГӨРҮҮ ЖЕЛАРГЫСЫ"
Анткени алардын ураалаган сүрөөнү, колдоосу кайсыл мелдешке болбосун, өзүнчө өң, түс, боёк берип турат.
Биз, пресс турга келген журналисттер, Хамза мектебинин 6-классынын окуучусу Диловардын тапкычтыгына жогору баа бердик. Ал өз командасынын аты жазылган көзгө толумдуу плакатты баштан-аяк кармап турду.

БАТКЕНДИК БАЛДАРДЫН "ӨЗГӨРҮҮ ЖЕЛАРГЫСЫ"

Баса, ушул эле лагерде бул күндөрү чек арага чукул мектептердин 20 мугалим эжейлери да эс алышып, ден соолуктарын бекемдешти.

— Мугалимдер бул жердеги тренингден дыкат билим алышты. Эми алар жер-жерлерде башкаларга стресстен жеңил чыгуу жолдорун үйрөтө алышат, — дейт  «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун координатору Асел Жакыпбекова.

Биз, журналисттер, он күндүк эс алууда жүргөн айрым мугалим эжейлердин да ой-пикирин угууга үлгүрдүк. Менин жаңы таанышым Джумагулова Гүлсайра лейлектик атактуу мугалим Гапыр Мадаминовдун эксперименталдык гимназиясында эмгектенет экен. Ал мында чек ара коогалаңында жабыркаган мугалимдерге стресстен чыгуунун эң мыкты терапиясы колдонулганын айтты.

— Башында негедир түнт болдук. Анан бара-бара йога сабактарында ачылдык. Бийледик. Сүрөт тарттык. Жомок терапиясы таасир этти. Өзүбүзгө келдик, — дейт Гүлсайра эжей.

Лейлек районундагы Кыргызстандын 60 жылдыгы атындагы мектептин мугалими Шахноза Суюнова да кепке аралашты.

— Алгач келгенде кулагыбызга октун үнү угулуп турчу. Ламиранын аракети менен баары жакшы жагына өзгөрдү. Ушундай эс алууну уюштурган уюштуруучуларга чексиз ыраазыбыз, — дейт Шахноза эжей.

Маалымат үчүн айтып койсок: 2021-жылдын 27-майынан 6-июнуна чейин Ысык-Көлдө «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду жана «Жетиген» эл аралык лагери ушул жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган 70 бала жана 20 мугалим эжейлер үчүн 10 күндүк эс алууну уюштурду.
«Өзгөрүү желаргысы» деп аталган эксклюзивдүү сменада окуучу балдарга жана мугалим эжейлерге кесипкөй психологиялык жана психотерапевтикалык жардам берилди.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер