БАТКЕНДЕН ОШ ШААРЫНА КЕЛГЕН БАЛДАРДЫН ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫ ТУРУКТАШУУДА

  • 03.05.2021
  • 0

Баткендеги  кыргыз-тажик чек арасына чектеш кыргыз айылдарына куралдуу кол салуудан улам Ош шаарына качып келген үй-бүлөлөрдүн балдарынын психологиялык абалы турукташып келе жатат. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинин психология кафедрасынын башчысы, практик психолог Акчач Жолдошева билдирди. Учурда Ош шаарына жайгашкан баткендиктерге Ош мамлекеттик университетинин психология кафедрасынын окутуучулары жана волонтёрлору, Кызыл жарым ай коому жана Кызыл крест уюму психологиялык жактан жардам көрсөтүшүүдө.

БАТКЕНДЕН ОШ ШААРЫНА КЕЛГЕН БАЛДАРДЫН ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫ ТУРУКТАШУУДА

Баткенден келгендер Ош шаарынын тургундарынын үйлөрүнө,  «Адеп башаты» борборуна жана Ош мамлекеттик университетинин жатаканаларына жайгаштырылган. Алар жергиликтүү эл, маданият кызматкерлери, бейөкмөт жана коомдук уюмдар тарабынан чогултулган акча каражаты жана тамак-аш, кийим-кече менен камсыз болушууда. Учурда чек арага чукул жайгашкан, бирок кол салуу болбогон айылдардан  өз өмүрү үчүн кооптонуп качып келген үй-бүлөлөр акырындык менен үйлөрүнө кайтышууда.   Ал эми үйлөрү өрттөлүп, турак-жайсыз калгандар азырынча убактылуу жайгашкан жерлеринде күн кечиришүүдө.

  • Жаңы эле 26 бала, 12 ата-эне менен иштеп, балдарга арт терапия жүргүзүп, алардын психикалык абалына баа берип келдик. Кечээ төрт жерде иштегенбиз. Оштон сырткары Кадамжайга, Кызыл-Кыяга качып келгендер бар. Күнүгө саат 10.00дон баштап иштеп жатабыз. Саат бешке чейин, кээде бештен кийин да балдар менен иштегенге туура келүүдө. Себеби балдарды кыймылдуу оюндар менен алаксытып, арт терапия менен оюндагысын, ичиндеги сезимдерин билишибиз керек. Балдардын көбү коркуп калган. Окуяга күбө болгон балдарда көбүрөөк коркунуч бар. Ал эми окуяга күбө болбой, бирок ата-энелеринен угуп, алар менен чогуу качып келген балдардын эмоциясы турукташып калды. Бирок арасында айрыкча, өспүрүм курактагыларда дагы деле тынч ала албай жаткандар бар. Бүгүн шаардагы куурчак театры балдарга оюн коюп беришет. Зоопаркка да алып баралык деп жатышат. Эртеңден баштап турак-жайы жабыр тартпагандар кетип башташат. Бүгүн үч үй-бүлө кетти, — дейт ОшМУнун психология кафедрасынын башчысы, практик психолог Акчач Жолдошева.

БАТКЕНДЕН ОШ ШААРЫНА КЕЛГЕН БАЛДАРДЫН ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫ ТУРУКТАШУУДА

Бул адистин айтымында, учурдагы орчундуу маселе Максат айылында болууда. Себеби бул айыл бүтүндөй күйүп кеткен. Эртең психологдордун бир тобу ошол жакка барышат. Ал эми азыркы психологдор баштаган иш баштапкы гана болушу керек. Балдардын психикалык абалын калыбына келтирүү үчүн узакка созулган реабилитациялык иш талап кылынат.

  • Мүмкүн болсо реабилитацияны сентябрга чейин жүргүзүп, балдарды мектепке толук кандуу даярдашыбыз керек. Азыр балдар окуй алышпайт. Анткени аларда азыр ишеним жок. Эмне үчүн? Себеби алардын үйү жок. Балдар үчүн да, чоң адам үчүн да турак-жай коргонуунун негизги механизми болуп саналат. Ошондуктан азыр буларды психикалык абалын мүмкүн болушунча турукташтырып алышыбыз керек. Стресс: тынчсыздануу,  турукташуу, күчөп кетүү деген үч фазада жүрөт. Биз балдардын абалын күчөп кеткен абалга жеткирбешибиз керек. Ал үчүн аларга жайкы лагерди уюштурууну сунуштайт элем. Себеби балдарды ошол аймактан убактылуу болсо да алып чыгып кетүү өтө зарыл жана пайдалуу. Бул дагы терапиянын бир түрү болуп саналат. Балдарды Ысык-Көлгө алып барып, азыркы жасалып жаткан иштерди улантуу зарыл. Анткени биз азыр баштапкы эле  диагнозду коюп жатабыз. Балдар лагерден келгенче үйү канчалык деңгээлде курулуп калат? Балдардын абалы ошого да жараша болот. Реабилитациянын үчүнчү кадамы менен мектепке даярдап беришибиз керек. Болбосо азырынча окуу жөнүндө айтыш кыйын, — дейт психолог.

БАТКЕНДЕН ОШ ШААРЫНА КЕЛГЕН БАЛДАРДЫН ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫ ТУРУКТАШУУДА

Акчач Жолдошеванын айтымында, Ош шаарында баш калкалап жаткан тогузунчу жана он биринчи класстардын окуучуларын кабатырланткан маселе Жалпы республикалык тесттен өтүү жана кесиптик окуу жайларга тапшыруу болууда.  Коомчулук агрессиядан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарын жогорку окуу жайларга ЖРТсыз, баштапкы жана орто кесиптик окуу жайларга экзаменсиз кабыл алуу керектигин да сунуштап жатышат.

  • Бул маселе боюнча азыр эле бир топ апалар кайрылышты. Балдарыбызды окууга кантип тапшыртабыз, кантип окутабыз деп кабатырланып жатышат. Биз эми жок дегенде 9-11-класстын окуучуларына онлайн болсо да кесиптик багыт беришибиз керек. Өзгөчө Максат айылынын сезимдери жабыркаган балдарга жардам берүү жагын министрлик тез арада ойлонуп, бир чечим чыгарышы керек. Бул дагы кандайдыр бир деңгээлде балдардын калыбына келишине жардам берет, — дейт психолог.

 

Өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан баштапкы, орто кесиптик окуу жайлар  балдар жайгашкан жерлерге келип, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн  сунушташса да жакшы натыйжасын бермек деп эсептешет психологдор. Себеби  психологияда баарлашуу, жагымдуу маанай түзүү, жылуу мамиле кылуу, балдардын керектөөсүн камсыздоо эң негизги курал болуп эсептелет. Мындай кадам кабатыр болуп жаткан балдардын чыңалган нерв системалары бошоңдоп, психикалык абалынын калыбына келишине өбөлгө болот.

БАТКЕНДЕН ОШ ШААРЫНА КЕЛГЕН БАЛДАРДЫН ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫ ТУРУКТАШУУДА

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер