БАСКАН ИЗИНДЕ ГҮЛ ӨСКӨН ИНСАН
- 20.10.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Бакиров Абдимиталиптин жаркын элесине арналат.
«Адамдын улуулугу ээлеген кызматы менен эмес, артында калган изи, элдин жүрөгүндө сакталган орду менен өлчөнөт».
2026-жылдын 9-октябрында биз өмүрүбүздүн тиреги, үй-бүлөбүздүн сыймыгы, миңдеген адамдардын урмат-сыйына ээ болгон асыл атабыз — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Бакиров Абдимиталип менен кош айтыштык.

(1945-2026)
Атакемдин дүйнөдөн кайтышы — биздин үй-бүлө үчүн орду толгус жоготуу. Бирок аны акыркы сапарга узатууга келген миңдеген адамдардын көз жашын, жүрөктөн чыккан сөздөрүн, ак тилектерин көрүп, бир чындыкты терең сездик: атакемдин өмүрү бир үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй бир муундун тарыхына айланган экен.
Миңдеген адамдар келип: «Жакшы адам эле…» — деп көз жашын төгүштү. Ар биринин жүрөгүндө атакемдин өзгөчө изи калыптыр. Бирөө анын акыл-насаатын эстеди, бирөө жылуу мамилесин, дагы бири өзүнө кылган жакшылыгын айтып, ыраазычылыгын билдирип жатты.
Ошол учурда мен атакемдин чыныгы байлыгы эмнеде экенин дагы бир жолу түшүндүм. Анын байлыгы — топтогон дүнүйөсүндө эмес, адамдардын жүрөгүнө сепкен жакшылыгында, берген билиминде, калтырган өрнөгүндө экен.

Атакем баскан ар бир кадамында билим берип, ар бир сөзүндө акыл-насаатын айтып, ар бир мамилесинде мээримин төгүп, жакшылык кылуунун үлгүсүн көрсөткөн инсан эле.
Ал жакшы сөздүн устаты, жылуу мамиленин чебери, адамгерчиликтин бийик үлгүсү болду. Адамдын көңүлүн оорутпай сүйлөө, кичүүнү ызааттоо, улууну урматтоо, колунан келген жакшылыгын аябастан бөлүшүү — анын жашоо маданияты эле.
Кээ бир адамдар дүйнөдөн өткөндө алардын орду бош калат. Ал эми кээ бир адамдар кеткенде бүтүндөй бир доордун эшиги жабылгандай болот. Атакем — ошондой инсандардын бири эле.
Ал 1945-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында жарык дүйнөгө келген. 1963-жылы М. В. Ломоносов атындагы орто мектепти аяктап, Ош педагогикалык институтунун физика-математика факультетине тапшырган. 1968-жылы жогорку билим алып, мугалимдик кесипке кадам таштаган.
Ошондон тартып анын өмүрү билим берүү тармагы менен ажырагыс байланышта болду.
Ал мугалим болуп иштеп, кийин окуу бөлүмүнүн башчысы, бир катар мектептердин директору катары үзүрлүү эмгектенди. 1971-жылдан тартып жооптуу жетекчилик кызматтарды аркалап, мектептердин өнүгүшүнө, мугалимдердин кесиптик дараметинин жогорулашына жана жаш муундардын билим алуусуна салым кошту.
Анын эмгеги Кыргыз ССРинин Агартуу министрлигинин «Элге билим берүүнүн отличниги» төш белгиси, «Эмгек ветераны» медалы жана «Методист мугалим» ардактуу наамы менен бааланган. Ал Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Ош облусунун жана Өзгөн районунун ардактуу атуулу деген ардактуу наамдарга татыган. Кыргыз Мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына “ Эгемендик каарманы “ төш белгиси жана диплому менен сыйланган.
Бирок атакемдин эмгегине берилген эң жогорку баа — бул сыйлыктар гана эмес. Аны акыркы сапарга узатканда айтылган миңдеген адамдардын чын жүрөктөн чыккан сөздөрү, төгүлгөн көз жашы жана ак батасы болду.
Наам адамдын эмгегин даңазалайт, ал эми элдин көз жашы анын адамдык бийиктигин айгинелейт.
Атакемдин өмүр жолу бизге адамдын чыныгы улуулугу кызматта эмес, адамгерчиликте экенин үйрөттү. Ал көп жылдар бою мектептерди жетектеди, бирок адамдардын жүрөгүн ээлөө үчүн эч качан өзүнүн наамына таянган жок. Анын кадыр-баркы жөнөкөйлүгүнөн, акылмандыгынан, боорукерлигинен жана ар бир адамга көрсөткөн жылуу мамилесинен жаралды.
Баскан изинде гүл өскөн адам болот. Атакем дал ошондой инсан эле. Ал кайсы жерде жүрбөсүн, артынан жакшы сөз, ыраазы болгон адам, жарык эскерүү калтырды. Анын изи мектептерде, шакирттеринин жетишкендиктеринде, кесиптештеринин эсинде, тарбиялаган балдарынын тагдырында жана миңдеген адамдардын жүрөгүндө калды.
Кылымда бир жаралган инсандар болот дешет. Алардын өзгөчөлүгү — өздөрүн даңазалоого умтулбаганында, бирок өмүрү менен элдин эсинде түбөлүккө калышында.
Атакем биз үчүн кылымда бир жаралган инсан эле. Ал сегиз баланы тарбиялап өстүргөн мээримдүү ата, үй-бүлөсүнүн тиреги, акыл-насаатын аябай бөлүшкөн устат жана элдин сыймыгы болду.

Мен үчүн атакемдин кызы болуу — өмүрүмдөгү эң чоң бакыттардын бири. Анын кызы катары сыймыктанам. Анын акыл-насааты, адамгерчилиги жана эмгекчилдиги мен үчүн өмүрлүк сабак болуп калды.
Бүгүн атакемдин жоктугу жүрөгүбүздү сыздатат. Анын үнүн уккубуз, акылын сурагыбыз, маңдайында отуруп, мээримин сезгибиз келет. Бирок эми бизге анын жаркын элеси, айткан сөздөрү жана калтырган өрнөгү калды.
Ошентсе да, миңдеген адамдардын «Жакшы адам эле…» деген сөздөрүн уккан сайын, атакемдин өмүрү текке кетпегенин сезебиз. Анын жакшылыктары адамдардын жүрөгүндө жашап, аты урмат менен эскериле берет.
Адамдын өмүрү жылдар менен аяктайт, бирок анын жакшылыгынын өмүрү аяктабайт.
Атакем, сиз бул дүйнөдөн кеттиңиз, бирок сиз үйрөткөн билим, көрсөткөн мээрим, айткан акыл-насаат жана адамдардын жүрөгүнө калтырган изиңиз калды.
Сиздин баскан изиңизде гүл өстү, атакем! Ал гүлдөр — сиз тарбиялаган муундар, сизге ыраазы болгон адамдар, сизди унутпай эскерген жүрөктөр.
Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко, кабырыңыз нурлуу болсун!
Сиздин кызыңыз болуу — мен үчүн бакыт. Сиздей атанын тарбиясын алуу — сыймык. Ал эми сиз калтырган адамдык бийиктикке татыктуу болуу — өмүрлүк парзым.
Атакем, сиз элдин жүрөгүндө жашай бересиз!
Миргүл БАКИРОВА, атасынын жаркын элесине таазим кылган кызы.
ТЕРЕҢ КАЙГЫ МЕНЕН ЭСКЕРЕБИЗ…
Өмүрүн билим берүүгө, жаш муундарды тарбиялоого жана келечек ээлерине туура багыт көрсөтүүгө арнаган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Бакиров Абдимиталип агайдын дүйнөдөн мезгилсиз кайтканы биз үчүн орду толгус жоготуу болду.
Абдимиталип агай ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда насаатчы, өндүрүштүк практиканын жетекчиси катары үзүрлүү эмгектенип, студенттердин кесиптик жактан калыптанышына, жаш адистердин тажрыйба топтоосуна жана инсан катары өсүп-жетилишине зор салым кошуп келди. Ал өзүнүн терең билими, бай тажрыйбасы, жоопкерчилиги жана адамгерчилиги менен кесиптештеринин урмат-сыйына ээ болгон, жамааттын арасында өзгөчө орду бар инсан эле.
Агайдын эмгек жолундагы жетишкендиктери, шакирттерине берген таалим-тарбиясы, акыл-насааты жана адамдарга жасаган мамилеси анын бийик адамдык сапаттарын айгинелеп турат. Ал үчүн мугалимдик кесип жөн гана жумуш эмес, жашоосунун маңызы, коом алдындагы ыйык милдети болгон. Өзүнүн өрнөктүү эмгеги менен ал көптөгөн жаштардын келечегине жол ачып, артында өчпөс из калтырды.
Адамдын бул дүйнөдөгү өмүрү чектелүү болгону менен, анын жасаган жакшылыгы, төккөн мээнети жана эл жүрөгүнө калтырган изи түбөлүк жашайт. Абдимиталип агайдын жаркын элеси биздин институттун эмгек жамаатынын, анын шакирттеринин жана аны таанып-билген ар бир адамдын жүрөгүндө дайыма сакталат.
Окуу жайдын жетекчиси жана эмгек жамаатынын атынан маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, туугандарына жана шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул оор жоготууну тең бөлүшүп, кайгысын тең тартабыз.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко, акырети абат болсун! Артында калган үй-бүлөсүнө бекем сабыр, кайрат жана күч-кубат тилейм.
Жакшы адамдын өмүрү үзүлсө да, анын өрнөгү үзүлбөйт. Абдимиталип агайдын жаркын элеси жана эмгеги биздин эсибизде түбөлүк жашайт.
Г.МУРАТБАЕВА, ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун директору