БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕГИ ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОР
- 26.06.2026
- 0
Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасы 2024–2025-окуу жылынан тартып киргизиле баштады. Анын негизги максаты – билимдин сапатын жогорулатуу, окуучуларды заманбап көндүмдөргө үйрөтүү жана эл аралык стандарттарга шайкеш келген билим берүү системасын түзүү. 12 жылдык система дүйнөлүк практикадан алынган жана бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган.
Башталгыч мектеп: мамлекеттик стандарттардан интерактивдүү сабакка чейин (1–6-класстар).
- 6 жаштан баштап окутуу: Балдар мектепке эрте келип, билим алууга стрессиз, оюн аркылуу адаптацияланышат. Жаш балдар үчүн мектепке адаптация болуу абдан маанилүү.
- Жаңы чөйрөгө көнүү: Бул куракта балдар жаңы чөйрөгө аралашып, билим ала башташат. Үйдөн жаңы гана келип, мугалимдин көрсөтмөлөрүнө баш ийип калыптана башташат. Жаңы достор менен таанышып, топто иштөө көндүмдөрүнө ээ болушат. Айрым балдарда коркуу, таарынуу, мектептен качып, ыйлоо учурлары да болот.
- Ата-энелердин колдоосу: Мындай учурда ата-энелердин колдоосу чоң мааниге ээ. Окуучу узак убакыт отуруп жазууга, акырындап отуруп окууга көнө баштайт. Баланын тамактануусу, уйкусу жана ойноо убактысы калыптанышы керек. Мындай учурларда мугалим окуучуну мактап, жетишкендигин айтып туруусу зарыл.
- Сабактардын мазмуну: Ата-энелер менен иштөө абдан маанилүү. Балага жакшы мамиле жасоо керек, убакыттын өтүшү менен бала акырындык менен калыптана баштайт. Балдар 1–2-класстарда кыргыз тили, математика, табият таануу, сүрөт жана музыка сабактары аркылуу өз дүйнөсүн кеңейте башташат. Сүрөт сабактарында балдар маанайы менен отуруп, аз болсо да иштөөгө аракет жасашат. 12 жылдык системада жандуу жаратылышка чыгып иштөө абдан жакшы натыйжа берди. Практика көрсөткөндөй, балдар ой жүгүртүү менен бирге колдо иштөө көндүмдөрүнө да ээ боло алышат.
Математика: «КГА» интерактивдүү ыкмасы
Заманбап математика абстракттуу сандардан эмес, реалдуу дүйнөдөн башталат. Математикалык түшүнүк калыптангандан кийин гана балдар менен сандар жана математикалык белгилер аркылуу иштөө башталат.

Сабак учурунда балага жөн эле абстракттуу түшүндүрүү натыйжасыз болорун практика көрсөтүп турат. Ой жүгүртүүсү акырындап калыптанып, предметтерден берилген көнүгүүлөрдү схемаларга айландыруу, кол менен жасап көрүү, ошондой эле «2D» моделинен «3D» моделине өтүү математикалык көндүмдөрдү өтө тез калыптандырары сабак учурунда
байкалды.
Табият таануу: «5E модели» менен жандуу изилдөө
Жаттап алуунун ордуна – практикалык тажрыйба жана ачылыштар колдонулат.
- Кызыктыруу: Алиппе сабагы, тема: «Кирпи менен ташбака» (С. Рысбаев). Окуучунун көңүлүн буруп, темага карата суроо жаратуу. Мисалы: «Сен кирпини, ташбаканы көргөн белең? Ташбаканын, кирпинин сырткы түзүлүшү кандай?» деген так суроолорду берип кызыктырат.
- Маалымат чогултуу: Балдар өздөрү тажрыйба жасап, кирпинин жана ташбаканын жашоосу, сырткы келбети боюнча маалымат чогултат (ата-энелеринин айткандарын да айтышы мүмкүн).
- Түшүндүрүү: Мугалимдин жардамы менен табылган маалыматты илимий тилде түшүнүү. Мисалы, кирпинин ийнедей октору бар экенин, ал эми ташбака сырткы күчтөн коргонуу үчүн калканыч ташын көтөрүп жүрөрүн түшүндүрөт (мында жаңы сөздүктөр – калканыч ж.б. өздөштүрүлөт).
- Практикада колдонуу: Алган билимди жаңы, реалдуу кырдаалда практикада сыноо. Балдар токойдо же зоопаркта жашаган кирпи менен ташбаканы көргөндүгүн айтышат.
- Жыйынтыктоо: Окуучунун түшүнүгүн жана жетишкендиктерин жыйынтыктайт.
Мамлекет бардык
шарттарды түздү
- Стандарттар жана окуу куралдары: Мамлекеттик жана предметтик стандарттар заман талабына ылайык толук кайра иштелип чыкты. Жаңы окуу китептери, жумушчу дептерлер жана методикалык колдонмолордун электрондук базасы мектептерге берилди. Практика көрсөткөндөй, математика, табият таануу, англис тили жана алиппе китептери интерактивдүү тапшырмалар менен толуктал-
ган. - Материалдык база: Мектептердин инфраструктурасын жаңылоо жана заманбап техникалар менен камсыздоо үчүн атайын мамлекеттик каражат бөлүнүп, мектептерге компьютерлер, ноутбуктар берилди. Башталгыч класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо үчүн ВППООН жана МЕРСИКО уюмдары менен иштешип, ашкана эмеректери жаңыланып, ички жана тышкы инфраструктуралар оңдолду.
- Квалификацияны жогорулатуу: Мугалимдер үчүн үзгүлтүксүз окутуу курстары жана семинарлар уюштурулду. Мастер-тренерлер даярдалып, мугалимдер окутулду. Ата-энелердин жана мугалимдердин катышуусунда форумдар өткөрүлдү. Жаңы китептерди окутуу боюнча семинарлар уюштурулуп, адаптацияланган китептин ордуна нукура китеп пайдаланууга берилери түшүндүрүлдү. Педагогдор арасында мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү үчүн бирдиктүү кесиптик чөйрө түзүлүп, тажрыйба алмашуу жыл бою
жүргүзүлдү.
Ишенимдүү мугалим: Мамлекеттик колдоого ээ болгон, «КГА» жана «5E» моделдерин эркин колдонгон кесипкөй насаатчы.
12 жылдык билим берүү – бул ар бир баланын ийгиликтүү келечеги үчүн жасалган биргелешкен
кадам.
Муниса Женалиева,
Лейлек районуна караштуу билим берүү бөлүмүнүн
окуу усулдук каананын Башталгыч класстар усулчусу,
Билим берүүнүн мыктысы Кыргыз Республикасынын
мастер тренери
Комментарийлер