БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕ САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН ЖАНА САЛТТЫК МЕТОДДОРДУН ИНТЕГРАЦИЯСЫ
- 08.04.2025
- 0
И.Арабаев атындагы КМУда «Билим берүүдөгү инновациялык мамиле: башталгыч мектепте санариптик технологиялардын жана салттык методдордун интеграциясы» деген аталышта өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда 12 жылдык мектеп трансформациясына өзгөчө басым жасалды.
Конференцияны уюштурган окуу жайдын Гуманитардык-педагогикалык колледжинин директору Токтобүбү Ашымбаеванын айтымында, иш-чаранын негизги максаты – башталгыч билим берүү системасында заманбап педагогикалык ыкмаларды, санариптик технологияларды, инклюзивдүү билим берүүнү, илимий изилдөөлөрдү жана инновацияларды жайылтуу аркылуу билим берүү процесстеринин сапатын жогорулатуу.
— Улуу Британия, Польша, Казакстан, Өзбекстан, Татарстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары, докторанттары, PhD докторлору, магистранттар, мектептердин директорлору, мугалимдер жана билим берүү эксперттери болуп, 130дан ашуун катышуучу катышты. Конференцияда 86 илимий макала жана 7 доклад 5 секцияда талкууланды. Бул конференция билим берүү тармагындагы изилдөөчүлөрдү, педагогдорду жана адистерди бири-бири менен тааныштырууга, өз ара билим алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Конференциянын натыйжасында алдыңкы билим берүү ыкмаларынын иштелип чыгуусу жана билим берүүдө санариптик чөйрөнү жогорулатуу боюнча практикалык сунуштар берилди. Педагогдордун санариптик технологиялар жаатындагы квалификациясын жогорулатуу зарылчылыгы белгиленип, бул окутууда инновациялык ыкмаларды ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги шарты экендиги көрсөтүлдү. Мындан тышкары, эффективдүү билим берүү платформаларын түзүү жана оюн методдорун киргизүү, айрыкча, 12 жылдык билим берүү системасын ишке ашырууда башталгыч класстардын окуучулары үчүн окутууну кызыктуу, жеткиликтүү жана коопсуз кылуу зарылдыгы белгиленди, — дейт директор.
Конференцияга түшкөн 86 илимий эмгектер И.Арабаев атындагы университеттин абройлуу, “Жарчысы” илимий журналына басылып чыгарын жетекчи баса белгиледи. Иш-чарага онлайн катышып, доклад окугандар да болду.
— 12 жылдык билим берүү системасында башталгыч класста өтө таасирдүү өзгөрүү болгону жатат. Айтмакчы, 1-6-класстар башталгыч класстардын категориясына киргендиктен, санариптик технологиялар менен салттуу методдор айкалыштырып окутуу керек. Дагы бир маанилүү — геймификация. Бул оюн технологиясы аркылуу, айрыкча, 1-2-класста окутулат, себеби алар 5-6 жаштагы балдар. Ушул технологияны колдонуу бул мугалимдердин балдарга билим берүүнү жеткиликтүү, кызыктуу кылууга өтө маанилүү жана таасирдүү. Салттуу ыкмаларды жоюп коюуга болбойт. Бирок азыркы муун санарип мууну болгондуктан, аларга санарип технологиялары өтө жакын. Андыктан интеграцияланып окутулат. Трансформациянын эң башкы рычагы — бул мугалим. Мугалим – өзөктүү фигура. Себеби ал билимди жеткиликтүү бербесе, бала билимди өздөштүрө албайт. Бирок ошол эле учурда мугалим дагы мезгилдин талабына жараша мугалим да өзгөрүп, билимин өркүндөтүп турушу керек. Альфа муунга сабакты жеткиликтүү кылуу үчүн мугалим сабагында өзгөчөлүктөрдү киргизүүсү зарыл. Ошондо гана билим берүүнүн сапаты жогорулайт, — дейт Т.Ашымбаева.
“Алтын Казык” программасы жана 12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү
Алмазбек ТОКТОМАМЕТОВ, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору:
— Эл аралык “PISA” изилдөөсүнүн негиздөөчүсү Андреас Шляйхердин айтымында, кандай гана мектеп болбосун анын сапаты анда иштеген мугалимдердин сапатынан жогору болушу мүмкүн эмес. Тодд Уайтакердин айтуусунда, мектептерди жакшыртуунун эки реалдуу жолу бар: жакшы мугалимдерди жумушка алуу жана алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу. Биз мугалимдер арасында сурамжылоо өткөрдүк. Карап көрөлү.
- 12 жылдык билим берүү керекпи? Жалпы 470 адам жооп берген.
Зарылдык – 391 (83%)
Модага айланды – 13 (2,7%)
Шоу болуп жатат – 66 (16,8%)
- Эмне өзгөрөт?
Класстардын саны өзгөрөт – 15 (3,1%) Жалпы 475 адам
Кесипке багыттап билим берүү болот – 109 (22,9%)
Билим берүүнүн мазмуну өзгөрөт – 110 (23,1%)
Билим берүүнүн сапаты өзгөрөт – 237 (53,2%)
- Мугалимдерден эмне талап кылынат? 580 (2 жооп тандоого болот)
Кайрадан диплом алуу – 4 (0,6%)
Жаңы билимдерди алуу – 122 (21,0%)
Өзүн өзгөртүү – 28 (4,8%)
12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн билүү – 426 (73,4%)
Мугалимдик кесиптин байкалбаган артыкчылык жактары: Балдар менен жакшы мамиледе болуу, балдардын таза энергетикасы; бирөөгө жакшылык кылуу аракети; чыгыш философиясы: Бакыт деген эмне? Ал эми мугалимдик кесиптин байкалбаган артка тарткан жактары: Окшош сабактарды өтүү, кайталоо; бир түрдүүлүк; комфорттон чыкпоо; консервативдүүлүк. Бул жагдайда эмне кылуу керек? Ириде соцтармактарды чектөө, өзүн таануу, алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүү, жайылтуу, өз алдынча чечим кабыл алуу жана жоопкерчилик алуу, көйгөйлөрдү чече билүү жана ката кетирүүдөн коркпоо, андан сабак алуу керек экени мугалим билиши зарыл.
Башталгыч билим берүү программаларына билим берүү чөйрөсүн трансформациялоонун таасири
Гулзат КАЗИЕВА, И.Арабаев атындагы КМУнун, Педагогика жана психология институтунун директору, доцент:
— Мектептерди сапаттуу мугалимдер менен камсыздоого комплекстүү мамиле кылуу керек. Алар: студенттерди кесипке багыттап окутуу, ЖОЖдо болочок мугалимдерди предмет жана педагогика боюнча теориялык даярдыгына көңүл буруу, окуу планынын мазмунуна кесипке багытталган дисциплиналардын гана болушу, мугалимдик кесипке тандоодо бүтүрүүчүнүн билим, билгичтигине кароо, мектепте практика өтүүнү узартуу, мугалимдин статусун жогорулатуу жана стимулдаштыруу, мугалимдердин чыгармачылык эмгектенүүсү үчүн окутуунун заманбап шарттарын түзүү. Мамлекет ыкчам кийлигишпесе, бул көйгөйлөр чечилбейт жана өлкөнүн билим берүү тармагында олуттуу өсүштүн күтүлүшү мүмкүн эмес. 12 жылдык билим берүүнү ийгиликтүү ишке ашыруу мугалимден көз каранды. Андыктан мугалимдерди 12 жылдык билим берүүнүн талаптарына ылайык, сапаттуу даярдоо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу бул ЖОЖдордун негизги милдети болуп саналат. Ал үчүн ЖОЖдордун билим берүү программаларын трансформациялоо. Билим берүү стандартын, окуу пландарын кайра карап чыгуу, окуу пландагы 1-2-курстун программаларындагы “Мектеп” компонентин кыскартуу, адистикке багытталган дисциплиналардын сааттарын көбөйтүү, жаңы дисциплиналар аралык курстарды киргизүү керек. Өтүлүп жаткан дисциплиналар практикага негизделген, интерактивдүү жана өз ара тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк бергендей форматта болуусу зарыл.
XXI кылымдын мугалими жөн гана билим берүүчү эмес, класстын модераторуна же фасилитаторуна айланууга жана балдар өз алдынча критикалык ой жүгүртүүгө, чыгармачылыкта долбоорлорду аткарууга жөндөмдүү “жумшак” (социалдык/негизги) көндүмдөрүн калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулуусу зарыл. Учурда ЖОЖдо билим берүүнүн абалы кандай?
Жалпы республикалык тестирлөөдөгү жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр педагогикалык тармакты тандабайт же мугалим болууну каалабайт. Мисалы, биз биринчи курстун студенттеринин көрсөткүчтөрүн анализдегенде, төмөнкүдөй жыйынтыктарды ала алдык: сурамжылоого катышкан 96 студенттин ичинен 13 студент математика предметин жактырса, 83 студент жактырбаганын, башталгыч класстын мугалимине арифметикалык төрт амалдарды билүү жетиштүү деген ойдо бул адистикти тандаганын билдирген.
ЖОЖдо билим берүү кандай ишке ашат? Мисалы, ЖОЖдо башталгыч класстын мугалимин даярдоодо окуу пландагы 240 кредиттин 108 кредити адиске даярдоого багытталган дисциплиналарга, 28 кредит педагогикалык практикага, 10 кредит Мамлекеттик аттестацияга бөлүнсө, калган 96 кредит базалык бөлүктөгү дисциплиналар. Ал кайсы дисциплиналар: кыргыз, орус жана чет тилдери, математика, информатика, дене тарбия, Кыргызстан тарыхы, Кыргызстан географиясы, экология, Манас таануу, жаш курак анатомиясы жана гигиенасы ж.б. Бул дисциплиналардын мазмуну эмнелерди камтыйт? Азыр студенттердин ичинен прогрессивдүү, өзүнө эмне керек экенин аныктай ала алганда студенттер жок эмес, башталгыч билим берүү профилинин 3-курстун студенти кайрылып, бизде окутулган дисциплиналар биздин келечектеги профессиябызга багытталбайт, мисалы, “Жаш курак анатомиясы жана гигиенасы” дисциплинасында кош бойлуу аялдын физиологиясынын баарын окуйбуз. Аны окуткандан көрө башталгыч мектепте окуган баланын жаш курагына жараша физиологиялык өзгөчөлүгүн окутса бизге пайдалуу болот эле” — дешет. Бүтүрүүчүлөр мугалим болгусу келеби?
2023-2024- окуу жылында эле башталгыч билим берүү профилин сырттан окууну кошпогондо 86 студент бүтүргөн алардын 25и гана мектепке өз кесиби менен орношкон . Демек бүтүрүүчүлөрдүн 29 пайызы кана мектепке барган.
Чындыгында мугалимдик кесипти эңсеп келгендердин саны өтө эле аз. Жалпы республикалык тестирлөөдөн төмөн балл алгандар айласы жок мугалимдик кесипке келгени жашыруун эмес. Ал эми кесипкөй адис болуш үчүн келген абитуриент мугалимдик кесипти өзүнүн каалоосу менен тандап келүүсү зарыл.
Учурда мектепте абал кандай?
Мен, акыркы жылдары Улуттук тестирлөө борборунда эксперт катары башталгыч класстын бүтүрүүчүлөрүнүн окуучулардын жетишкендиктерин баалоо жүргүзгөндө жөнөкөй эсептөө көндүмгө ээ болуучу тапшырмаларды гана аткарып, турмуштук кырдаалга байланыштуу тапшырмаларды аткаруудан дээрлик кыйналышарын көрүп келем. Үчүнчү деңгээлдеги тапшырмаларды биздин окуучулар чыгара албайт экен. Албетте, окуучулардын жыйынтыктарынан кийин, Кыргыз Республикасында жайылтылган окуу программаларын, окуу китептерин жана окуу методикалык колдонмолорун анализдөөгө алган учурда окуу китептеги тапшырмалардын мазмуну нөлдүк (нулевой), биринчи деңгээлдеги эле тапшырмаларды, азыраак санда экинчи денгээлдеги тапшырмалар кездешти.
12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү Кыргызстандагы бардык жогорку билим берүү системасын модернизациялоо үчүн жогорку окуу жайларда дагы дүйнөлүк тенденциядагы тажрыйбалар эске алынышы керек.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер