ИЗДЕНҮҮДӨ ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ТАРБИЯЧЫ

  • 07.04.2025
  • 0

Казарман айылындагы «Жаңылмырза» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Гүлбара Салташова 2018-жылдан бери аталган бала бакчада үзүрлүү эмгектенип келатат.

 ИЗДЕНҮҮДӨ ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ТАРБИЯЧЫ

Гүлбара эжей 1995-жылы М.Жаңыбаева орто мектебине 1-класска кирип, 2006-жылы орто мектепти аяктаган. 2021-жылы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин «Педагогика жана мектепке чейинки билим берүү методикасы» боюнча билимин жогорулатып, 2018-жылдан тарта «Жаңылмырза» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы болуп эмгектенет.

—  Келечектин дарбазасы болгон бөбөктөрдү, ааламга жарык чачуу үчүн Ала-Тоодой бийиктикке, Ысык-Көлдөй ыйыктыкка тарбия шооратын талыкпай берип келатам. Күнүгө оттуу жүрөгүм менен таң эрте үйдөн чыгып, керемет ойлорум менен кыялданып, тарбиячы катары билим гана бербестен, балдардын сергек жашоосу үчүн балдар гигиенасына, тамактануу жана ден соолук режимине, оюнга, машыгууларга өзгөчө көңүл бурган, өз кесибин сүйгөн тарбиячы экенимди жакшы билем.  Балдар менен бирге иштөө — баарлашуунун, биргелешкен чыгармачылыктын, өзүн көрсөтүүнүн жана өз ара баюунун кубанычы. Нурдан бүткөн улуу журтумдун балдарына замандын талабына, шартына ылайык татыктуу билим-тарбия берип келем. Окутуунун интерактивдүү усулдарын колдонуу менен балдардын инсандык сапаттарынын, көз караштарынын, ой-жүгүртүүсүнүн өнүгүүсүнө шарт түзөм, — дейт тарбиячы.

Анын негизги принциби –«Балалык» программасынын негизинде санарип тарбиячы болуу. Технологиянын өнүккөн учурунда заман талабына ылайык ал балдарга инновациялык интерактивдүү методдорду колдонуу менен, куурчак театрын,  ТРИС системасын,  ошондой эле учурда эң актуалдуу болуп жаткан STEM-технологиялары менен билим-тарбия берип келатканын белгилеп кетүү парз.

— «Өткөндү билсең, келечекке жолуң ачылат»  дегендей,  ата-бабаларыбыздын салтын улап, каада-салт, үрп-адат, улуттук оюндар, элдик музыканы оозеки чыгармаларыбыздын негизинде балдарга билим берүү учурдун талабы. Күн сайын балдардын өнүгүүсүн, инсандыгын шыктандырууда ата-энелер менен ар дайым тыгыз байланышта иштейм.

      Бакча жамаат дем-күч берип турушат,

     Алды жакка дайым үндөп, кубаттап.

     Мен турамын мээнеттерин актайм деп,

     Бакча үчүн бүткүл күчүм арналат.

Мен алты жылдык иш тажрыйбамда көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Бирок бул мага чек эмес. Ар дайым өзүмдүн үстүмдөн иштеп,  билимимди өркүндөтүп, күн сайын балдарга жаңы ыкмада жугумдуу жана кызыктуу сабак өткөнгө аракет жасайм.

        Наристелер жазылбаган ак барак,

        Эмне үйрөтсөн так ошону аткарат.

        Мүнүшкөрү, саяпкери келишсе,

        Шумкар болуп, тулпар болуп тапталат, — дейт Гүлбайра Салташова.

Курчап турган дүйнөнү балдардын бүтүн кабыл алуусу үчүн жаңы  “KG Mozaik”,  “Gynzy”, “LearningApps”, “Baamboozle”, “Educaplay” программаларын колдонуу — билим берүү процессинде балдарга логикалык ой жүгүртүүнү, чыгармачылыкты, турмуш менен болгон байланышты жана социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берерин тарбиячы белгилеп өттү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

ГЕОМЕТРИЯЛЫК ФИГУРАЛАР

Максаты: Геометриялык фигуралар жөнүндө билимдерин бекемдешет жана

заттардын арасынан геометриялык фигураларга окшош фигураларды табышат.

Сабактын жабдылышы: ноутбук, проектор, магниттик такта, интерактивдүү панелдик такта, STEM-билим берүүнүн техкаражаттары.

 ИЗДЕНҮҮДӨ ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ТАРБИЯЧЫ

Тарбиячы: Балдар, маанайыӊар жакшыбы? Маанайыбызды көтөрүп, бири-бирибизди карап, жылмайып алалычы.

Азаматтар!

Бизде математика сабагы. Кана, балдар, математика сабагынан буга чейин эмнелерди үйрөндүк?

Балдар: Санаганды, геометриялык фигуралар, чоң-кичине, көп-аз, узун-кыска деген түшүнүктөрдү  үйрөнгөнбүз.

Сырттан дабыш чыгат.

Тарбиячы: Балдар, бизге ким келди?

Сулууке: Саламатсынарбы, балдар? Силерди аябай акылдуу, күчтүү балдар деп угуп, силерден жардам сурап келдим, мага жардам бересиӊерби?

Балдар: Ооба, жардам беребиз.

Сулууке: Азаматтар, мен вагон толо тапшырма менен келдим. Силер менин тапшырмаларымды аткарууга жардам берсеӊер, силерди  менден таттуу белек күтүп турат. Кана, балдар,  жардам берүүгө даярсыӊарбы?

Тарбиячы: Жардам беребизби? Азаматтар!

  1. Геометриялык фигуралар

Кана, балдар, биринчи вагондогу тапшырманы чогуу көрөлүчү. Бул жакта силерге тааныш болгон геометриялык фигуралар бар турбайбы.

Анда, бүгүнкү тапшырмаларды STEM-билим берүү ыкмасы жана STEM-билим берүүнүн техникалык каражаттарын колдонуу менен аткарабыз.

— Бул кайсыл фигура? (Балдар менен чогуу фигураларды карап атоо)

— Үч бурчтук.

Балдар, Сулуукенин башындагы топусу кайсы формага окшош экен?   Экранды карайлычы. Бул үч бурчтук, үч бурчтуктун үч жагы бар. Мен үч бурчтукту  боёюн, ал эми оӊ колумдагы кайсыл фигура? Төрт бурчтуктун төрт жагы бар, көк түс менен боёдум. Сол колумдагы тегерек фигураны мен кызыл түс менен боёдум.

Мына, балдар, биз Сулуукенин да биринчи тапшырмасын аткардык.

  1. Геометриялык окшош фигураларды тапкыла жана курап чыккыла.

Эми 2-вагондогу  тапшырмага өтөлү. Геометриялык окшош фигураларды тапкыла жана курап чыккыла. Балдар, менин колумдагы түстүү фигуралар китепчеси мунун ичинде көп деген геометриялык фигуралар бар. Мен азыр силерге ушул фигуралар менен силердин жакшы көргөн оюнчугуңарды курап берем. (оюнчук курайт) Эми бул оюнчукту өзүңөр китепченин бетине фигуралар менен курап көргүлө.

 ИЗДЕНҮҮДӨ ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ТАРБИЯЧЫ

Азаматсынар, балдар! Мына биз геометриялык фигуралардан оюнчук курадык. Эми, геометриялык фигураларга окшош фигураларды доскадан табабыз. Бизди курчап турган чөйрөбүздөгү заттардын көбү геометриялык фигураларга окшош экен. Кана, балдар, экрандан көрөлүчү, бул үч бурчтук, бул үч бурчтукка окшош зат дарбыздын кесиндиси. Азаматсыңар!

Кийинки окшош затты табууга ким чыгат? (балдар эки топтон бирден чыгып иштешет)

Тарбиячы: Биздин 3-вагонубуздагы тапшырмага көңүл бөлөлү.

  1. Эс алуу убактысы

Келгиле, ордубуздан туруп, колубузга кармаган фигураларга окшош фигура менен басып өтүп, Сулууке менен балатыны курайбыз.

 ИЗДЕНҮҮДӨ ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ТАРБИЯЧЫ

Балдар, эс алып алдык, эми 4-вагондогу тапшырманы аткарууга киришебиз.

  1. Фигураларды жайгаштыруу менен канаттууларга уя жасоо

Тарбиячы: Азаматсыӊар, силер кандай тапкыч балдарсыӊар.  өзүңөрдүн тапкычтыгыңар менен канаттууларга да уя жасап бердиңер.

Сабакты жыйынтыктоо: Бүгүнкү сабакта Сулуукенин берген тапшырмаларын толугу менен аткарып, жардам бердик. Эмесе, силерге таттуу белектери бар. Карагылачы, балдар, 4-вагон толо таттуу белектер экен. Азыр мен таттуу белектерди таратып берейин.

Гүлбара САЛТАШОВА, «Жаңылмырза» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы, Казарман айылы,  Тогуз-Торо району                    

Бөлүшүү

Комментарийлер