БАЛДАРДЫН ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ МЭЭРИМДҮҮ МАЙРАМКҮЛ ЭЖЕЙ

  • 15.04.2025
  • 0

2019-жылдан бери Күнчубак мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы болуп эмгектенип келаткан Майрамкүл Апешова өзүнүн жумушунда балага болгон сүйүү, жылуу мамиле, түшүнүү менен иш алып барат. Ар бир бөбөктү өз баласындай көрүп, алардын өнүгүүсүнө, тарбиясына жана билим алуусуна чоң салым кошуп келет. Бала бакчада өткөргөн ар кандай иш-чаралар жана ар бир сабагы кызыктуу, өзгөчө жана балдардын кыял дүйнөсүнө шайкеш өткөрүлөт.

БАЛДАРДЫН ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ МЭЭРИМДҮҮ МАЙРАМКҮЛ ЭЖЕЙ

Майрамкүл Апешова 1978-жылы Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында жарык дүйнөгө келген. 1985-1995-жылдар аралыгында ошол эле айылда Казарман орто мектебинде билим алып, мектепти ийгиликтүү аяктаган.

БАЛДАРДЫН ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ МЭЭРИМДҮҮ МАЙРАМКҮЛ ЭЖЕЙ

2018-жылы К. Мамбетакунов атындагы Нарын мамлекеттик педагогикалык колледжинин “Башталгыч класстын мугалими” боюнча билимине ээ болгон. 2022-жылы билимин жогорулатуу үчүн С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин “Мектепке чейинки билим берүүнүн методикасы жана педагогикасы” багытына  тапшырган.

БАЛДАРДЫН ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ МЭЭРИМДҮҮ МАЙРАМКҮЛ ЭЖЕЙ

Ал  көптөгөн мекеме-уюмдардын алкышына арзып, сыйлыктарына татыктуу болуп келатат. Алсак, ал Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтүнүн билим-тарбия берүүдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн билим берүүгө кошкон салымы, окутуу тарбиялоо ишинде жетишкен ийгиликтери үчүн, Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ошондой эле 2023-жылы “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын райондук турунда баш байгени жеңип, облустук турда III орунга ээ болуп, УТРК телеканалы тарабынан “Манас” тетрынын дипломун, ыраазычыл катын, ардак грамотасын алган.

БАЛДАРДЫН ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ МЭЭРИМДҮҮ МАЙРАМКҮЛ ЭЖЕЙ

БАЛДАРДЫН ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ МЭЭРИМДҮҮ МАЙРАМКҮЛ ЭЖЕЙ

БАЛДАРДЫН ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ МЭЭРИМДҮҮ МАЙРАМКҮЛ ЭЖЕЙ

Ал дайыма сапаттуу билим берүү үчүн изденип,  чыгармачылык жөндөмүн өркүндөтүп, жаңычыл ыкмаларды пайдаланып, сабак өтөт. Өзүнүн билимин өркүндөтүп, ар кандай билимин жогорулатуу курстарынан өтүп турат. Майрамкүл эжей чыныгы педагог, чыныгы тарбиячы. Балдарга болгон сүйүүсү, ишине болгон берилгендиги жана чыгармачыл мамилеси менен ал “Мыкты тарбиячы” наамына татыктуу!

Ал  үлгүлүү, аракетчил жана мээримдүү тарбиячы. Өз ишине жоопкерчиликтүү, тырышчаак, ар дайым жаңы ыкмаларды колдонууга умтулган, кесибине берилип иштеген педагогдордун бири.

Ата-энелер менен тыгыз байланышта болуп, алардын ишенимине толук ээ болгон. Коллектив арасында ар дайым сылык, жардамчыл жана дем берип турган кесиптеш катары белгилүү.

Сүйүктүү жар, үч уул, бир кыздын мээримдүү апасы.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

КОСМОСКО САЯКАТ

(Кеп өстүрүү)

Сабактын максаты: Балдардын космос жөнүндө түшүнүктөрүн калыптандыруу.

Билим берүүчүлүк: Балдардын планеталар жөнүндөгү түшүнүктөрүн тактоо жана алдардын космонавт кесиби жөнүндө көз карашын кеңейтүү.

Өнүктүрүүчүлүк: Балдардын мейкиндикти изилдөөгө жана изилдөөгө болгон каалоосун пайда кылуу, чыгармачыл ой жүгүртүүнү, фантазияны, командада иштөө жөндөмүн өнүктүрүү

Тарбиялык: Кызыгууну, космос жөнүндө көбүрөөк билүүгө умтулууну, бакчада туура жүрүм-турум көндүмдөрүн тарбиялоо.

Алдын ала иш:

  1. Космос, космонавттар, космос кубулуштары жөнүндө балдар китептерин окуу.
  2. Космос темасындагы предметтик сүрөттөрдү кароо.
  3. Биринчи космонавт Ю.А.Гагарин жана анын космоско учушу жөнүндөгү аңгемелешүүлөр, «Биздин күн системасы».
  4. Күн системасынын картасы менен таанышуу.

Жабдылышы: Картон ракетанын макети, Күн системасынын макети, жеңил музыка, «Космос» темасындагы сүрөттөр, дидактикалык оюндар үчүн материалдар.

Усулдук ыкмалар:

1. Түшүндүрүү

2. Табышмактар

3. Көрүү

4. Дидактикалык оюн

5. Суроо-жооп

Сабактын жүрүшү:

Тарбиячы:  — Саламатсыңарбы, балдар! Бүгүнкү кеп өстүрүү сабагыбыздын темасы: “Космоско саякат”. Сабакты баштаар алдында бири-бирибизди карап, жылмайып, жагымдуу маанай тартуулап алалы.

  • Балдар, азыр бизде кайсыл мезгил?
  • Бүгүн аба-ырайы кандай?
  • Бүгүн жуманын кайсы күнү?

Тарбиячы:  Кол кармашып баарыбыз,                                                                                          Бирге билим алабыз.                                                                                                   Жайдарыңкы дайыма,                                                                                                   Биз көңүлдүү балдарбыз, — демекчи, келгиле баарыбыз чогуу билим алууга аракеттенебиз.  Балдар, азыр мен силерге табышмак айтам. Силер мени кунт коюп уккула.

Таш үстүнө таруу жайдым,

Таң атпай жыйып алдым.

Балдар: Жылдыз

Тарбиячы:  — “Таң атпай жыйып алдым” деген сөздөн жылдыз экенин билип алдыңар окшойт. Кийинки табышмакты уккула.

Өзү тегерек,

Жарыгы эң керек,

Күндүз көрөм,

Түнкүсүн көрбөйм.

Балдар:  — Күн

Тарбиячы:  “Өзү тегерек, жарыгы эң керек” деген сөздөн күн экенин таап алдыңарбы? Азаматсыңар, бул табышмактын жандырмагы күн.

Кичине баатыр,

Ааламга татыр.

Бизге бул кичинекей көрүнөт,

Бирок, бул нерсени бүт аалам көрөт.

Балдар: — Ай

Тарбиячы: Ооба, бул ай. Силер түшүндүңөр да ээ, бүгүн биз космос тууралуу кеп кылабыз. Балдар, силер дагы космоско учкуңар келеби?

Балдар: Ооба.

Тарбиячы: — Анда, менин суроолорума туура, так жооп беришиңер керек. Силер билесиңерби, космоско биринчи жолу ким учкан?

Балдар:  Юрий Гагарин.

Тарбиячы: Туура, космоско биринчи Юрий Алексеевич Гагарин учкан. Юрий Гагаринден мурун кайсы жаныбарды учуруп көрүштү эле?

Балдар:  Иттерди

Тарбиячы:  Туура, эң биринчи иттерди учуруп көрүшкөн. Ал иттердин аты Белка жана Стрелка болгон. Балдар, биздин кыргыздардын арасынан биринчи жолу космоско  Салижан Шарипов учкан. Ал Ош жергесинде туулган. Биз Салижан Шарипов менен сыймыктанышыбыз керек. Ким билет космонавттар күнүн кайсы мезгилде белгилейбиз?

Балдар: Жаз.

Тарбиячы: — Азаматсыңар! Космонавттар күнүн жаз мезгилинде 12-апрелде белгилейбиз. Себеби, ушул күнү биринчи жолу космоско учушкан.

Тарбиячы: Космонавттар кандай болушу керек?

Балдар: — Эр жүрөк, кайраттуу, күчтүү, дени сак, чыдамкай.

Тарбиячы:  Эң туура, космонавт тайманбас, эч нерседен коркпогон, күчтүү адам болуусу зарыл. Күчтүү болуу үчүн ал эмне кылышы керек?

Балдар: — Көнүгүүлөрдү жасоо керек.

Тарбиячы: Азаматсыңар!    Келгиле, биз дагы көнүгүүлөрдү жасайбыз. Ордуңардан туруп, мен айткан көнүгүүлөрдү жасагыла.

Тыныгуу көнүгүүсү:

Тур! Түзөл! Баштадык,

Бирдей ыргак сактадык.

Көтөр! Түзөл! Алга сун,

Манжаларды ачып жум!

Алга! Артка! Бүгүлгүн,

Бир ордуңда жүгүргүн.

Оңго! Солго! Башты бур!

Үч кайталап түзөл, тур!

Эс акылды толтурдук,

Ордубузга отурдук.

Тарбиячы:  Азаматсыңар, балдар. Космоско учаардын алдында биздин жаныбызда ашыкча эч нерсе болбош керек. Себеби, ракета аябай көп жүктү көтөрө албайт. Ошондуктан “эмне ашыкча” оюнун ойнойбуз. (Сүрөттөн ашык нерсени табышат).

Жер, ай, үй, күн. Бул сүрөттөрдүн ичинен эмне ашыкча?

Балдар:   — Үй ашыкча.

Тарбиячы:  — Жер, ай, күн булар космос темасына тиешелүү сөздөр. Кийинки сүрөткө көңүл бургула.

Марс, Жер, Юпитер, ракета. Бул сүрөтөрдүн ичинен эмне ашыкча?

Балдар:  — Ракета ашыкча.

Тарбиячы:  — Себеби, Марс, Жер, Юпитер бул планеталар. Ракета болсо космоско учуучу техника. Балдар, силер космоско учуу үчүн даярсыңар дейм ойлойм. Себеби, мен берген суроолорго туура, так жооп бердиңер. Биринчи жолу космоско Юрий Гагарин учканын айттыңар. Кыргыздардан ичинен биринчи жолу космоско Салижан Шарипов учканын билип алдыңар. Космонавттар тайманбас, күчтүү болуш керектигин билип алдыңар. Азыр силер космоско учасыңар,

Тарбиячы:  — Эми биздин космоско уча турган учурубуз. Орундарыңарды алгыла. Биздин милдет — космосто эмне бар экенин билүү. Балдар космонавттардын кийимин кантип атайбыз?

Балдар: — Скафандр

Тарбиячы: Туура, космонавттардын кийими скафандр деп аталат. Скафандр – бул атайын космоско кийе турган кийим. Ал жер аябай суук жана дем алууга аба жетпейт. Ошондуктан космонавттар скафандрды кийишет. Силер дагы скафандр кийгендей болуп кыялдангыла.

Эми космоско учуу үчүн мен айткан ырды кайталагыла.

Билимге дайым умтулган,

Саякатчы, шайыр балдарбыз.

Суктанабыз биз дүйнө сырына,

Кол кармашып бирге барабыз.

Ракета учаардын алдында баарыбыз чогуу бештен артка санайбыз. Кана кеттик, беш, төрт, үч, эки, бир, учтууук!

Тарбиячы: — Балдар, биз космосто учуп бара жатабыз, биздин ракетанын иллюминатору бар, иллюминатор деген терезеси. Терезеден карагылачы, биз эмнени көрүп жатабыз?

Балдар: — Жылдыздар жана күндү.

Тарбиячы: — Күн башка планеталарга салыштырмалуу кандай?

Балдар: — Чоң, ысык, жарык. Бардык планеталар анын айланасында айланат.

Тарбиячы: — Туура, бардык планеталар бир чоң жылдыздын айланасында айланат, ал күн деп аталат. Силер кандай планеталарды билесиңер? Келгиле, аларды чогуу эстеп, иретке келтирели

Биринчиси — Меркурий,

Экинчиси — Венера

Үчүнчү — Жер

Төртүнчү — Марс.

Бешинчи — Юпитер

Алтынчы — Сатурн

Жетинчи — Уран

Сегизинчи — Нептун турат

Тогузунчу планета — Плутон деп аталат.

Тарбиячы: — Балдар, биз жашап жаткан планетанын аты кандай экенин билесиңерби?

Балдар: Жер

Тарбиячы:  -Туура, ал шар формасында, көк жана жашыл түскө боёлгон, көк — деңиздер, дарыялар, океандар, ал эми жашылдар — кургактыктар.

Тарбиячы: — Балдар, муну карагылачы жердин жанында эмне жүрөт, ал эмне деп аталат билесиңерби?

Балдар: — Ай

Тарбиячы: — Азаматсыңар!    Туура таптыңар — бул Ай, жердин спутниги деп айтылат. Балдар, биздин Жерге кайта турган убактыбыз келди. Кана, бардыгыбыз орундарга отурабыз, коопсуздук курун тагынабыз. (Балдар отургучтарга отурушат.)

Бышыктоо:

Тарбиячы: — Мына балдар, космоско болгон саякатыбыз аяктап, өзүбүздүн жер планетасына учуп келдик. Сабагыбызды жыйынтыктап бүгүнкү саякат жөнүндө суроолорду берем, силер кунт коюп угуп, туура жооп бергиле.

  1. Космоско биринчи болуп ким учкан? (иттер)
  2. 2. Биринчи болуп космоско учкан космонавтын аты ким? (Ю. Гагарин)
  3. Күн системасындагы канча планетаны билесиз? (тогуз)
  4. Жердин спутнигин атагыла?         (Ай)
  5. Эң чоң кызыл-ысык жылдыз кайсы?  (Күн)
  6. Космонавттын костюму кандай аталат? (скафандр)

Баалоо:

Тарбиячы: — Азаматсыңар, суроолорго туура жооп бердиңер. Биздин саякат силерге жактыбы? Бүгүнкү сабакка абдан жакшы катыштыңар, бардыгыңарды мыкты деп баалап жылдызчаларды берем.

Майрамкүл АПЕШОВА, Күнчубак мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы, Казарман айылы,  Тогуз-Торо району

Бөлүшүү

Комментарийлер