БАЛДАРДЫ СҮЙГӨН МУГАЛИМ-ЖАЗУУЧУ

  • 14.01.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, жазуучу Вахаб-Бостон (Умаров) 80 жашта

– Мугалимдик оңой кесип эмес. Бул кесипке ээ болуп иштебей жүргөндөр канча? Кайран гана ыйык мугалимдик кесиптин ээси деген ардактуу наам! Мугалимдик кесипке кедергисин, кесепетин тийгизгендер да бар. Мугалимдик кесип чымырканган эмгекти, жоопкерчиликти, ар-намыс, уятты талап кылары белгилүү. Кыйынчылыктарды кабагым-кашым дебей кажыбас кайрат менен жеңсең, албетте эмгегиңдин үзүрүн көрбөй койбойсуң. “Кыргызда эмгегиң катуу болсо, тапканың таттуу болот” деп бекеринен айтылган эместир, — дейт белгилүү мугалим Вахаб-Бостон агайыбыз биз менен болгон маегинде агынан жарыла. Эмесе агайдын таржымалынан азыноолак кеп салалы.

Вахаб-Бостон агай бала кезинен мугалим болсом, мотураңдаган бөбөктөрдү маңдайынан сылап таалим-тарбия берсем деп кыялданчу. Ал Араван районундагы А.С.Пушкин атындагы окуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, кыргыз тили, адабияты мугалими болом деген максатта Оштогу педагогикалык институтка келсе, тилекке каршы (1961-жылы кыргыз филологиясы жоюлуптур), документтерин орус филологиясы факультетине тапшырууга туура келет. Кирүү экзамендерин тапшырганда, биринчи экзамен кыргыз адабиятынан дил баян экен. Доскада “Аалы Токомбаевдин “Мезгил учат”, “Алыкул Осмоновдун лирикалары”, эркин тема “Гүлдөгөн Кыргызстан” (Кыргыз Республикасынын 40 жылдыгына карата) деген темалар жазылып турат. Өзбек мектебин бүтүргөн абитуриент не кылар айласын таппай, эркин теманы тандады. Анткени абитуриент кыргыз тилиндеги газета-журналдарга макала, такмаза-шакабаларды, репортаж-сүрөттөмөлөрдү жазып турчу. Натыйжа жаман эмес. Баасы төрт болуптур. Эми кийинки экзамен кыргыз тили, адабиятынан оозеки экен. Билет боюнча “Төл жана бөтөн” сүйлөмгө талдоо, Тоголок Молдонун балдарга арналган чыгармалары” суроолор келиптир. Биринчи, экинчи суроолору өзбек тилинде кандай болсо, ошондой эле экен. Ал эми үчүнчү суроосу абитуриенттин кайрадан башын катырды. Акырында агайына акырын айтты: – Мен өзбек мектебин бүтүргөм, Тоголок Молдонун бир гана “Балдарга насыятын” жатка билем, — десе, мугалим да кызыгып кайсы райондон келгенин сурайт. Араван районунан экенин айтса, ал жакта бир эле кыргыз мектеби бар экенин эске алып, жатка билген ырын айта бер дейт. Абитуриент манасчылардай эргүү менен “Балдарга насыятты” айтып, бул экзаменден да “төрт” деген баага татыйт. Ушинтип зээндүү улан калган экзамендерин да канааттандырарлык бааларга тапшырып, үч жыл өндүрүштө иштегендиги эске алынып, студент болуп кабыл алынат.

Студенттик кездеринде да адабий кружокторго катышып, тажрыйбалуу окутуучулардын жардамы менен гезит-журналдарга чакан аңгемелерди, такмаза-шакабаларды, макалаларды жазып, аларды орус тилине да которуп, идиректүү студент экендигин көрсөтө алды. Жазган чыгармалары алгач “Жашыл жалбырактар” деген аталышта чыккан альманахка жарыяланат. Анан “Бакыт жолунда” деген очерки областтык “Ленин жолу” гезитинде жарыяланып, сынакта экинчи орунга татыйт.

Каарманыбыз окууну 1966-жылы ийгиликтүү аяктап, алдыга койгон максатына жеткенине ыраазы болгонун жылуу эскерет. Мектепте “Развитие устной разговорной речи” деген проблеманын үстүндө иштеп, 2000-жылы “Развитие речи учащихся 5-9 классов с кыргызским языком обучения” (Министрликтин грифи менен) деген китеби чыгып, мугалимдердин республикалык биринчи курултайында чыгармачыл мугалимдердин эмгектеринин катарында көргөзмөгө коюлган. Ушул эмгеги чыгармачыл мугалимге “Билим берүүнүн отличниги” деген төш белгини алып келди.

Агайдын орус тилиндеги “Работа над ошибками”, “Индивидуальная работа: её плюсы”, “Воспитать рачительных хозяев страны”, “Патриотическое воспитание младших школьников”, “Интернациональное воспитание учащихся на уроках русского языка и литературы”, “Главное – говорить и писать по-русски” ж.б.у.с. илимий методикалык, коомдук-саясий макалаларынын саны 200дөн ашат.

Вахаб агай окуучулардын “Русский язык – язык мира и дружбы” фестивалында райондо 1-орунга татыктуу болуп, миң китеп менен (китепчелер) сыйланып, аны мектептин китеп фондусуна өткөрүп бергенин мугалимдер сыймыктануу менен аңыз кылып айтып келишет.

Вахаб-Бостон агайыбыз балдар жазуучусу катары да кичинекей досторго арнап ондогон чыгармаларды жаратты. Алар: “Ай менен Күндүн чатагы”, “Айбандар кантип өздөрүнө дос табышты?”, “Бакыт кушу”, “ Күдөр”, “Цветики степные”, “Веселая карусель”, “Шаардык кыз, Мый жана Жөжө”, “Ой бермети – акыл шербети”, “Теңир сөз – түрк акылы”, “Акылмандан акыл кеп”, “Акылман ойлор – акылга азык”, “Баарынан кымбат дос”, “Теңир сөз – көчмөндөр акылы”.

Чымырканган чыгармачылык эмгектин үзүрү кайтып, Вахаб-Бостон агай 2000-жылы мугалимдердин биринчи курултайына делегат болуп катышкан. Агай 1980-жылы Кыргыз ССРинин агартуу министрлигинин, 2007-жылы КР Президентинин, 2012-жылы Араван райондук мамлекеттик администрациясынын, Ош шаардык мэриясынын, 2014-жылы Ош областтык мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун Ардак грамоталарын алган. “КР маданиятынын мыкты кызматкери”, КР Президентинин алдындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгисинин да ээси. Агай «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» ардактуу наамына да татыган.

Вахаб-Бостон агай чыгармачылык эмгек менен алпурушуп жүрүп 80 жашка чыгып, кутман курагын белгилеп турган чагы. Ал 52 жыл мектепте иштеди. Үч жылдан бери Ош технологиялык университетинде окутуучу болуп эмгектенип келет. Кутман курак кут болсун, агай! Арыбаңыз, карыбаңыз, ар дайым бар болуңуз!

Төмөндө агайдын калемине таандык “Ой берметтеринен” сунуш кылабыз.

М.Токторов, “Кут Билим”

ОЙ БЕРМЕТТЕРИ

▶          Окусам – оңуп калам,

Окубасам – аязда адашып калгандай тоңуп калам.

▶          Эмгек менен алган билимиң карытпайт,

Эптеп алган билимиң жарытпайт.

▶          Билимиң терең болсо – сыйланасың.

Тайкы болсо – кыйналасың.

▶          Китеп аккумуляторго окшош; алсызданып калган адам акылын күчтөнтүп турат.

▶          Нан – бардык тамак-аштардын падышасы.

▶          Тазалык – жашообуздун мыйзамы.

▶          Жашоо – бул жакшылык жасоо.

▶          Тазалыкты сактаганың –

Адам өмүрүн барктаганың.

▶          Нандын ушагы да нан, күкүмү да нан.

Сак бол, убалы уктатпайт.

▶          Алкыш алсаң – токсуң,

Каргышка калсаң – жоксуң.

▶          Таза адам – такыба.

▶          Таза адам – Жараткандын сүйгөн пендеси.

▶          Жолдо абайлап жүргөнүң —

Узак өмүр сүргөнүң.

▶          Жаштык кайтып келбейт,

Кырсык айтып келбейт.

▶          Аял жасалгасы седепсиз болбойт,

Жол кырсыгы себепсиз болбойт.

▶          Таза суу ден соолукка дарман болот,

Булганса суу – ат башындай арман болот.

▶          Алысты ойлосоң – ой бак,

Курсакты ойлосоң – кой бак.

▶          Тазалыкты сактаганың мектебиңдин ишеничин актаганың.

▶          Китеп менен ой болбой, акыл болбойт,

Акыл болбой орошон ой болбойт.

▶          Акыл – китеп менен ойдон азык алганы айныгыс чындык.

▶          Жан дүйнөсү жарды адам – жарты адам.

▶          Генийлер менен чогуу-чаран иштеп, а тургай, табакташ болсоң деле гений боло албасың анык.

▶          Сабырдуулук сатылбайт,

Кызыл китепке кирген айбан-куштар атылбайт.

▶          Жакшылыкты жашырбай айтыш керек,

Жамандыктан жаа бою качыш керек.

▶       Көккө эгер жетсе башың көппөгүн,

Эсиң кетип, энеңди деп сөкпөгүн.

▶          Кенди казган билет,

Илимди жазган билет.

▶          Бут кийимди жерге кой,

Калыс сөздү элге кой.

▶          Өзүңө сак бол,

Эрежеге так бол.

▶          Руль башкарып уктаганың –

Ата акылын укпаганын.

▶          Эски дос – алпейим, айкөл атаңдай,

Жаңы дос жалтактаган жалкоо балаңдай.

▶          “Оку, оку!” десең эч ким укпайт. Окугандын үлгүсүн өзүң көрсөт!

 

ЫЙМАН

– Мейли баба, айтканыңа көнөйүн,

Кечириңиз, тентек кылсам –

Сөзүңүздү бөлөйүн.

– Айтыңызчы, ыйман деген не өзү?

…Тунжурап Бакай ата ойго батты.

Ойлуу карап балакайга

Муну айтты:

– Ыйман деген ыйык тоо

Бийигине чыга бил.

Ыймансыздар – кыргын жоо,

Жоого каршы тура бил.

Ыйман жашайт дилиңде,

Жүрөгүңдүн түбүндө.

Азык кошуп дем берет,

Жашаган ар күнүңдө.

Жашаган өмүрүңдө.

Вахаб-Бостон,
Балдар жазуучусу,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими. Ош шаары, ОшТУнун окутуучусу.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер