Айнура ЭМИРКАНОВА: “Биздин максат – балдарга карата зомбулукту азайтуу”

  • 24.01.2025
  • 0

«Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси ата-энелерге, мугалимдерге жана мектеп жетекчилерине балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана аны таануу боюнча толук нускаманы иштеп чыгууга аракет жасап келет. Ушундан улам биз «Балдарды коргоо борборунун» долбоорлор боюнча координатору Айнура ЭМИРКАНОВА менен мектептеги зомбулук (буллинг) тууралуу жана анын алдын алуу боюнча ой бөлүштүк.

Айнура ЭМИРКАНОВА:  “Биздин максат –  балдарга карата зомбулукту азайтуу”

Маалымат үчүн: “Балдарды коргоо борбору” 1998-жылы негизделген коомдук бирикме. Аталган борбор оор турмуштук кырдаалда калган балдар жана ата-энелер менен иш алып барып, зомбулуктун курмандыгы болгондорго түздөн-түз жардам берет. “Балдарды коргоо борбору” бул багытта мектептер менен кызматташып, балдарга карата зомбулуктун алдын алууга жана ага жооп кайтарууга көмөктөшөт.

– Айнура Канатовна, сиз иштеген коомдук бирикме балдардын коопсуздугуна байланышкан маселелерди изилдеп, иш алып барып келет. Республикабыздагы мектептерде буллингдин деңгээли канчалык деп ойлойсуз?

– Биз сөз кыла турган мектептеги буллинг – өспүрүмдөр арасында зомбулуктун эң кеңири тараган формаларынын бири. 2022-жылы ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы «Мектеп курагындагы балдардын ден соолугуна болгон мамилеси» боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнүн натыйжаларын карап көрсөк, Кыргызстанда сурамжыланган мектеп окуучуларынын 31,8%ы буллингге дуушар болгон, ал эми 27,7%ы башка балдарды мажбурлап же жаман мамиле көрсөтүп зомбулукка катышкан.

Ушундан улам 2024-жылдын 30-октябрында Билим берүү жана илим министрлигинин Буллинг жана кибербуллингдин алдын алуу жөнүндө буйругу чыккан. Анын негизги максаты — мектеп окуучуларынын саламаттыгын, алардын социалдык жана психологиялык бакубаттуулугун коргоо, мобилдик түзүмдөрдөн келип чыгуучу көйгөйлөрдүн, манипуляциялардын алдын алуу, интернет чөйрөсүндө санариптик технологиялар аркылуу алгылыксыз маалымат менен кордоолордун жана коркутуулардын бардык түрлөрү менен күрөшүү, бейпил жана коопсуз окуу процессин камсыздоо. Ата-энелер учурда, алардын балдары мектепте зомбулуктун курманы болушу мүмкүн деген ойдон алысыраак, бирок, турмуш чындыгы андай болбой жаткансыйт. «Балдарды коргоо борборунун» мугалимдер жана ата-энелер менен өткөргөн көп жылдык иш тажрыйбасы мектепте окуучулар үчүн коопсуз жана достук чөйрөнү түзүүгө жардам берет деген ишенимдебиз.

– «Мектептеги буллинг» деген эмне? Муну өзгөчө бөлүп кароо керекпи?

– «Буллинг» – бул бир адамдын же бир нече адамдын башка бир коомдун мүчөсүнө карата атайын, узак убакытка созулган, системалуу түрдө кайталанган зомбулук көргөзүүнүн өзгөчө формасы. «Мектептеги буллингди» өзүнчө бөлүп кароонун кажети жок, анткени буллингдин табияты ар дайым бирдей – ал алсыз адамга карата агрессия.

– Буллинг турмушта кандай ролдо турат. Кененирээк токтоло кетсеңиз?

– Буллингде үч ролду бөлүп караса болот: Агрессорлор. Алар кайсы бир жерде мындай жүрүм-турумдан үлгү алышып, алсыздарга зомбулук көрсөтүүнү адаттагы эле нерсе катары кабыл алышат. Мындай жүрүм-турум үй-бүлөдөгү дайыма болуп турган чыр-чатактар жана ата-эненин дайыма балага кысым көрсөтүүсү менен байланыштуу болушу мүмкүн. Эгерде тереңирээк талдасак, агрессор, башка бир кырдаалда өзү да зомбулуктун курмандыгы болгон. Ал дагы өзүнөн алдуу-күчтүү адамдын басымы астында болуп, өзүн башкалардан кем сезген, зарыл учурда көңүлгө алынбай калган бала болушу мүмкүн. Демек, мектептеги буллингдин алдын алууда агрессордун өзү дагы чоңдордун жардамына муктаж. Дагы бир ролдогулар булар – көзөмөлчүлөр. Бул агрессорду колдогон же үнсүз күбөлөр катары, курмандыкты коргоп калууга ниеттенген, бирок кандайдыр бир себептерден улам жардам бере албаган потенциалдуу коргоочулар. Бирок алар буллингге катышкан жок же буллинг аларга таасир этпейт деген факт, алардын буллингден зыян тартпаганын билдирбейт. Бул балдар дагы өздөрүн күнөөлүү катары сезишип, психологиялык жактан жаракат алышат, бул алардын ички ишенимине терс таасирин тийгизип, келечекте өзүн-өзү сыйлоосуна тоскоол болот. Курмандык – бул агрессияга дуушар болгон адам. Ал биринчи кезекте зордук-зомбулукка каршы чыга албай, запкы тарткан адам болуп саналат. Буллингге материалдык абалына, окуусуна, ден соолугуна, жүрүм -турумуна карабастан бардык балдар дуушар болушу мүмкүн.

– Мектептеги буллингди кантип таанып, аныктай алабыз. Ошого токтоло кетсеңиз?

– Буллингдеги агрессордун максаты — курмандыктан бир нерсе өндүрүп алуу эмес, негизги максаты – башкалардын алдында өзүн көргөзүү, көтөрүү. Ошондуктан бул зомбулук көп учурда күбөлөрдүн көзөмөлүндө болот. Эгерде бир чоң бала сабактан кийин алсыз окуучулардын акчаларын тартып алса, бул буллинг эмес, анткени анын бул учурдагы максаты акча тоноп алуу болуп саналат. Эгерде балдар бири-бирин сабаса, бул дагы буллинг эмес, ал жаман мамиледен же кандайдыр бир пикир келишпестиктен улам келип чыккан зомбулук болуп эсептелет. Бирок эгер бул агрессия системалуу негизде, узак убакыт бою кайталанып, психологиялык зомбулук менен коштолсо, анда бул учурду буллинг катары кароого
болот.

Айнура ЭМИРКАНОВА:  “Биздин максат –  балдарга карата зомбулукту азайтуу”

Мугалим буллингди балдардын класстагы жүрүм-турумуна жана бири-бири менен мамилесине терең байкоо жүргүзүү аркылуу аныктап алууга мүмкүнчүлүгү бар. Классташтардын ким бирөөгө жаман ысым коюшу, балдардын айрымдары менен отурууга же топто иштөөгө каршы болушу, кайсы бир баланын дайыма зөөкүр шылдыңдарга жана тамашаларга кабылышы, балдардын башка классташына бойкот жарыялап, ага ашыкча сын айтышы, – булардын бардыгы ошол класста буллинг болуп жатканын билдирген белгилер.

Ошондуктан мугалимдер бул маселени эске алуу менен өз сабактарында ар бир окуучу өзүнүн проблемасын ачык айтып, ачылыш жасай ала турган коопсуз жана ыңгайлуу чөйрөнү түзүүлөрү зарыл.

– Демек мугалим менен окуучу бири-бирине сырдаш, дос болууга тийиш экен да.

– Ооба, туура айтасыз. Мектепте «Класс жетекчилер курсун» уюштуруу да бүгүнкү күндүн талабы. Мугалимдердин көпчүлүгү зомбулук, буллинг темаcында балдар менен сүйлөшүүнүн ыкмаларына маани беришпейт. Тек гана кургак айтылган лекциялар жана нускамалар окуучуларга жетпей калат. Эмпатияны, «жок» деп айтууну, каршылык көрсөтүүнү жана башка адаттарды өнүктүрүүчү кызыктуу психологиялык көнүгүүлөр, оюндар, насааттар бар, аларды колдонуу жакшы натыйжа берет.

Мектептеги зордук-зомбулук, буллинг көйгөйлөрүн чечүүдө мугалимдердин жана администрациянын балдар менен «тең – теңи менен» принциби боюнча жолугушуулары жакшы натыйжа берүүдө. Бул учурда эң негизгиси – балдардын пикирин «угуунун» мааниси чоң.

– Балдардын мектептеги коопсуздугун камсыздоо шарттары кандай болууга тийиш? Мектепте коопсуздук чөйрөсүн кантип түзүү керек?

– Мектептеги коопсуздукту камсыздоо үчүн бир нече шарттар болушу керек. Көп учурда чоңдор бардык жоопкерчиликти конкреттүү кырдаалга же инсанга жүктөшөт: «бул бала агрессор, анткени ал тарбиясыз же курмандык өзүнүн сырткы келбетине, жүрүм-турумуна көбүрөөк көңүл буруусу зарыл» — деп ойлойбуз. Анын ордуна мугалим балдар негизги эрежелерди так аткаруусу зарыл экендигин түшүндүргөн эрежелерди түзүшү керек. Ал эрежелер төмөнкүлөрдү камтуусу зарыл: Эгерде дос жардамга муктаж болсо, жардам берүү; жаман ысымдарды коюуга жол бербөө; классташтарды мажбурлоого жол бербөө; агрессия жана шылдыңдоо боюнча окуучулардын маалымат берүүсү.

Сый-урматтын маданияты. Балдар менен класста сый-урмат жана эмпатиянын маанисин, ошондой эле бири-бирине жардам көрсөтүү тууралуу үзгүлтүксүз талкуулоо керек, андан сырткары, эмоциялар жөнүндө да сөз кылуу маанилүү. Жакшы мамиле көрсөтүү. Мугалимдер балдарды бири-бирине жардам көрсөтүүгө шыктандырып, жакшы иш-аракеттери жана классташтарына көрсөткөн колдоосу үчүн аларды мактап, колдоого алышы керек. Окуучуларды окутуу. Буллинг жана анын кесепеттери боюнча класстык сааттарды өткөрүү зарыл. Балдарга бул маселе тууралуу маалымат берүү керек. Балдар менен сүйлөшүү. Ишенимдүү диалогду куруу маанилүү, анда балдар буллинг тууралуу өз пикирлерин айтууга мүмкүнчүлүк алуусу зарыл. Көп учурда буллингдин курмандыгы корккондуктан, өз кырдаалы тууралуу айта албай калат, бирок анын көйгөйүн башка балдар айтып бериши мүмкүн. Ошондуктан балдарды буга шыктандыруу керек: эгер кимдир бирөө кыйынчылыкта болсо, ага жардам берүү зарыл, анткени ушундай жол менен гана жардам бере алабыз. Бул чакырыктар бардык балдарга арналышы керек, анткени чоңдордун көзөмөлүндө болгон бала өз коопсуздугун сезип, көйгөйү тууралуу айтып берүүгө чечим кабыл алат.

– Мектеп буллингден алыс болуу үчүн дагы кандай натыйжа бере турган аракеттерди көрүүсү парз?

– Эгерде системалуу өзгөртүүлөр жөнүндө сөз кылсак, мектептерде буллингдин алдын алуу жана коопсуз чөйрө түзүүнүн натыйжалуу жолу мектептин антибуллинг саясаты болуп саналат, ал төмөнкүлөрдү камтыйт: Мугалимдерди, биринчи кезекте класс жетекчилерин, класстарда буллинг окуялары менен иштөө программаларына окутуу; мектептерде социалдык педагогдун активдүү иш алып баруусу; класстарда анонимдүү сурамжылоо аркылуу буллинг деңгээлин аныктоо; нааразычылыктар үчүн анонимдүү кутуча түзүү жана нааразычылыктарды карап чыгууда анонимдүүлүктү сактоо; Буллинг учурларында окуучулардын жүрүм-турум эрежелерин түзүү: эмне кылуу керек, кимге кайрылуу керек (балдарга анонимдүү түрдө кайрылуу мүмкүнчүлүгүн берүү маанилүү); балдардын ички ишенимдерине, башкаларга карата толеранттуулугуна жана эмпатиясына арналган класстык сааттарды жана сабактан тышкаркы иш-чараларды өткөрүү. Биз бул кеңештер мугалимге ар бир бала үчүн ыңгайлуу жана достук чөйрө түзүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз.

Айнура ЭМИРКАНОВА:  “Биздин максат –  балдарга карата зомбулукту азайтуу”Ольга БИДЕНКО, “Балдарды коргоо борборунун” психологу:

– «Биринчиден, педагогикалык жамааттын мындай учурлар бар экенин мойнуна алуусу маанилүү! Мектептин деңгээлинде бул маселени чечүүнүн бардык жолдорун конструктивдүү түрдө талкуулап, аны да билим берүү максаты сыяктуу эле биринчи кезектеги милдет катары кароо керек. Анткени эмоционалдык чыңалуу, жогорку деңгээлдеги тынчсыздануу, буллингдин курмандыктарынан башка бардык окуучуларды бирдей камтыйт. Көп учурда балдар мектептеги кырдаалды жакшы билишет жана өзүлөрү каалабаса да булингге күбө болушат. Алар мындай учурда төмөнкү кырдаалдарды башынан өткөрүшөт: өздөрүн кем сезишип, ыза болууну, ичтеги ачууну сезишет, айрымдары өзгөчө коркуу сезимине дуушар болушат. ж.б. Терс эмоциялар балдарды каптап, окууга болгон умтулууну төмөндөтөт. Эгерде жан дүйнөдө коркуу, ыза болуу, өзүн кем сезүү орун алса, сабакка көңүл буруу, өздөштүрүү өтө кыйын».

Аңгемелешкен М.ТОКТОРОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер